Гүлбара БАРЫКТАБАСОВА, “Байтур” корпорациясынын иш башкаруучусу: “Эне, үй-бүлө, бала көйгөйлөрүн чечүү үчүн өз салымымды аябайм”

15:55, 11 Сентября 2015

Үй-бүлөнүн да, иштин да түмөн түйшүгүнө түтүп бардык нерсенин көзүн таап, иш алып барган айымдар саналуу гана. Ошондой эле өз кызматын гана аркалап олтура бербестен, өзгөчө зордук-зомбулукка кабылып жаткан балдардын таламын талашкан айымдардын калк арасынан чыгып жатканы көңүл сүйүнтөт. Жогорудагыдай көйгөйлөрдү көтөрүп чаап балдар үчүн жан үрөгөн Гүлбара Барктабасова менен кызыктуу маек курдук.
“Ректор “Ой бай, 8000 студенттен бир кыргызды алып келдикпи?” деп...”
- Мен Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынан болом. Каракол шаарындагы Киров атындагы кыргыз орто мектебин медаль менен аяктап, Алматы шаарындагы технологиялык университетке тапшыргам. Ал окуу жайды жалаң беш деген баа менен бүтүрүп убагында казак бир туугандарды таң калтыргам. Бул мен үчүн сыймык. 1992-жылы Нурсултан Назарбаев Казакстандын президенти болуп шайланып, Алматынын белгилүү чоң-чоң ЖОЖдорундагы жакшы окуган лидер студенттер менен жолугуп баарлашканда технологиялык университеттин 8000 студентинин арасынан мен баргам. Ошондо Казакстандын ЖОЖдорунан келген мыкты студенттери орус тилинде гана сүйлөшүп, мага сөз келгенде мен казак тилинде сүйлөп абдан колдоого ээ болгом. Ректорум сүйүнүп: “Азаматсың, бүт Казакстанга үлгү болдуң. Ата-энең сүйүнүп жатса керек”, - дегенде “агай, менин ата-энем муну көрбөйт. Мен кыргыздын кызымын. Кыргызстандан келген студентмин”, - десем, ректор: “Ой бай, 8000 казак студенттеринин арасынан бир кыргызды алып келдикпи?” - деп абдан таң калган. Бул окуу жайды аяктагандан соң илимий иш менен алектенип казак тилинде илимий диссертациямды жазып чыккам. Бирок 1993-жылдары СССР ыдырап, бардык мамлекеттер эгемендүүлүккө ээ болуп, тилекке каршы, илимий ишимди жактай албай калгам.
“Ата-энем - менин асылым”
- Атам да, апам да математика сабагынан сабак беришчү. Мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбиялангам. Эки кыз, эки уул, төрт бир тууганбыз. Мен үчүнчүсүмүн. Улуу агам үй-бүлөсү менен Караколдо турат. Эжем Балыкчыда Соцфонддун жетекчиси болуп эмгектенет. Менден кичүү иним Орусияда мигрант болуп өз үй-бүлөсүн багып жатат. Ата-энебиз бизге болушунча китеп алып берип билимге сугаруу аракетин көрүшкөн. Дайыма китеп колубуздан түшчү эмес. Мектептен да, үйдөн да көз салып турушчу. Атам “Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат”, “Билим алуу - ийне менен кудук казуу” деген макалдарды көп айтчу. Ошондой эле кичинемден чоң энемдин колунда чоңоюп, андан кыргыздын көптөгөн тарбиялык мааниси терең жомокторду, санжыраларды угуп, энемдин тарбиясы менен курак курап, сайма сайганды, шырдак, ала кийиз жасап, уй сааганды үйрөнгөм. Чоң энем, ата-энемдин насааты мени чыдамкайлыкка, сабырдуулукка, ишти аягына чыгара билүүгө үндөдү. Ата-энем - менин асылым. Алардын тарбияларынын жемишин учурда көрүп жатам.
“Адамды адам кылган - асыл эмгек”
- 1993-жылы Каракол шаарына келип нан заводго ишке кирип, лаборанттан баштап бир жылда инженер, технолог, мастер, цехтин башчысы, жыл аягында 23 жашымда директордун орун басары кызматына жетип 700 адамдын ишине көз салып иштеп, күнүнө 25 тонна нан чыгарчубуз. Облустун калкын убагында сапаттуу нан менен камсыз кылуу жана башка ушундай бир топ иштерди алып барып ал жерде алты жыл иштеп такшалгам. Кийин ири ишканалардын иштери токтоп, аны менен катар жолдошумдун ишине байланыштуу Бишкекке көчүп келгенбиз. Борборго келгенде бардык кыргыз жараны сыяктуу эле кыйынчылыктарга туш болдук. Тогуз жыл ар бир кичи райондо балдарыбызды көтөрүп алып батирден-батирге көчүп конуп жүрдүк. Ош базарында соода кылып, көчөдө гезит саткан күндөрүм да болгон. Ошол күндөрдү эстегенде “Адамды адам кылган - асыл эмгек” деген кыргыздын сөзүнө ынанам. Себеби “иштейм, максатыма жетем” деп аракеттенген адам максатына жетет. Удаа-удаа балалуу болдук. Эч убакта балдарды ачка койгон жокпуз. 2000-жылы Өкмөттүн алдындагы ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, анда маалыматтык аналитика бөлүмүндө алып баруучу кызматкер болуп иштедим. Ал жерден мамлекеттик кызматта иштөө боюнча тажрыйба топтодум. Кийин ишкерлер өз укуктарын коргоо максатында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдарды түзө баштады. Көп өтпөй Кыргызстан ишкерлер уюму деген мамлекеттик эмес уюмда аткаруучу директор болдум. Көптөгөн ишкерлер менен таанышып, ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыкмаларды билип, ишкерлердин көйгөйлөрүн чечкенге аракеттендим. 2003-жылы ЕврАзЭСдин ишкерлер кеңеши түздүлдү. Анын башкаруучусунун орун басары болуп да иштедим. 2008-жылы “Байтур” корпорациясына иш башкаруучу болуп келип, бул тармакта иштегениме сегиз жылга жакындап бара жатат. “Байтур” ар кандай 12 ишкананын башын бириктирип турат. 1500дөн ашуун адам эмгектенет. Бул жерде ар бир ишкананын киреше табуу жолун көргөзүү үчүн болгон эмгегимди жумшайм. “Байтурда” курулуш, эмерек фабрикасы, туризм боюнча өзүнчө сектор, андан сырткары “Аполлон”, “Афродита” деген сулуулук салондорубуз бар.
“Үй-бүлө - кичи мекен”
- Жолдошум Акматов Рысбек Мусаевич экөөбүз классташпыз. Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Темирязев атындагы Айыл чарба академиясын бүтүргөн. Армияда да кызмат өтөгөн. Ал Москвадан, мен Алматыдан окууну бүтүп келип 25 жашыбызда Каракол шаарында баш кошконбуз. Жолдошум көп жылдар бою ишкердик менен алектенип, кийин 10 жылдай Каржы полициясында эмгектенди. Учурда банк системасында филиалдын башкаруучусу болуп иштеп жатат. Кудайга шүгүр, бактылуу өмүр сүрүп эки уул, эки кыздын ата-энеси болдук. Бир кыз, бир балабыз №61 физика-математика багытындагы мектепти алтын сертификат менен аякташкан. Учурда студенттер, кичүү балабыз да №61 мектепте окуп жатат. Ата-энем кичинемден билимиме басым жасап чоңойткондуктанбы, айтор, мен да балдарымдын мыкты билим алуусу үчүн катуу талап коём. Себеби билимдүү адам көп нерсеге жетет. Бул талабыма балдарым да көнгөн.
“Мен сүйгөн баалуулуктар”
- Мен сүйгөн баалуулуктар. Эне тилимдин баалуулугун, байлыгын эч кимге бергим келбейт. “Кыргыз тили баалуулук жагынан орус тилинен кем” деген маңкурттардын оюна кошулбайм. Бул нерсени кыргыз тилдин баркын билбеген адамдар айтат. Кыргыз тилинин баалуулугу, эпостордогу сөздүктөр боюнча кыргыз эли Гиннесс китебине киргенбиз. Биздин эл - күчтүү, эрктүү жана кулчулукка моюн бербеген эл. Аны тарых өзү тастыктап, акыркы эгемендүү 24 жылда эки жолу революция жасаганыбыздан билсек болот. Дүйнөдө 160тан ашык өзүнүн мамлекети жок улуттар бар. Биз беш млн калк болсок дагы өзүбүздүн мамлекетибиз бар. Мына ушул нерселерди мен балдарыма тарбия иретинде айтып, эне сүтүм менен бергим келет.
“Эй, наадан, колуңду баладан тарт!”
- Кыргызстанда өгөй, бөтөн балдар жок. Акыркы жылдары коомчулукта алсыз балдарга болгон зордук-зомбулуктар көбөйүп кетти. Мен эч убакта курсагым ток деп олтура албайм. Көчөдөгү бала деле биздин кыргыздын баласы, менин балам элдин баласы. Бала деген - улуттун келечеги. Эне болсо улут ден соолугу. Ошондуктан жүрөгүмдө, көкүрөгүмдө турган маселе - аял, бала, үй-бүлө, кары-картаңдардын көйгөйү. Мен ишимден тышкары ММКларга балдар маселеси боюнча көп чыгып жүрөм. 2015-жылдын апрель айына чейин эле кичинекей балдардын зордук-зомбулукка кабылган 20дан ашык фактысы катталган. Ошондон улам апрелдин аягында Ала-Тоо аянтында “Эй, наадан, колуңду баладан тарт!” деген аталыштагы митингди өткөргөм. Себеби эне катары кыргыз элине, бийликтегилерге жана депутаттарга зомбулукка кабылган балдардын үнүн жеткиргим келген. Биздин маданиятыбызда кыргыз кыргыздын баласын зордоп, зомбулук көрсөткөн эмес. Бул каныбызда жок нерсе. Андыктан буга каршымын. Ушул маселени, кай жерде болбосун, көтөрүп чыккым келет. Эмне болгон күндө да үй-бүлө, бала, эне, кары-картаңдар биз үчүн ыйык. Бул маселелерди чечүү үчүн өз салымымды аябайм. Буга кайдыгерлик кыла албайм. “Ата уул тарбиялайт, эне улут тарбиялайт” деген накыл сөз бар. Ушуну эсибизден чыгарбасак. с Гульбара Барыктабасова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине