Ата Мекен Партиясыны Президентке кайрылуусу

19:33, 12 Июля 2019

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

«Ата Мекен» саясий партиясы биздин өлкөдө чыныгы демократиянын бекемделиши, мыйзамдын жана акыйкаттыктын үстөмдүгү үчүн 25 жылдан бери күрөшүп келди.

Биздин партия Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна жана диктатурасына каршы күрөштө сап башында болду, К.Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна, А.Атамбаевдин уюшкан-кылмыштуу диктатурасына каршы күрөштү.

Ушунча жылдан бери партия репрессияларга, куугунтуктоолорго, айыптоолорго чыдап келди. Биз максаттарыбыздын ыйык экенин сезип-туюп, демократияны, укуктук мамлекетти орнотуу үчүн ар кандай курмандыктарга даяр болгонбуз жана ар дайым бул күрөштө калктын колдоосуна ээ болуп келгенбиз, эл азырга чейин колдоп келе жатат.

Бул жылдары ушундай күрөштүн башында биздин лидерибиз – Өмүрбек Чиркешович Текебаев турду. Ал көптөгөн сыноолорду башынан кечирди: «Матрешкагейт», добуштарды эсептөөдөгү бурмалоолор, коркутуп-үркүтүүлөр, мародерлуктагы жана «Белизгейттеги» акылга сыйбаган айыптоолор, шайлоодон мыйзамсыз четтетип коюу, ж.б. Бирок тарых менен мезгил аларды өз ордуна койду.

Тилекке каршы, өз өлкөсүндөгү мыйзамдарды бузуп камалган чет өлкөлүк ыплас шылуунду пайдалануу менен, Атамбаевдин режими «далилдерди» жасалмалап, көптөгөн күбөлөр далилдеген, бекемдеген фактыларын көз жаздымда калтырып, тергөөгө жана сотторго кылмыштуу басым көрсөтүп, биздин жолдошторубуз жана лидерлерибиз Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду түрмөгө отургузду.

Бийлик алмашкандан кийин, Атамбаевдин бардык калптары жана кылмыштары ачыкка чыгып, парламент аны кол тийбестигинен ажыратты. Буга биздин айрым депутаттарыбыз да, ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин мурда-кийин жасаган көптөгөн билдирүүлөрү да салым кошту. Жүйөлөр биздин Фемида кызматкерлеринин бирден-бир акыйкат чечим чыгарышына - Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду толук актоо чечимин кабыл алышына мажбур кылат деп ишенгенбиз.

Бирок соттор Атамбаевдин таасиринен дагы деле чыга алышпай жаткансып, биздин адвокаттардын, туугандардын жана ишке күбө болушкан саясатчылардын жана сиз ишенбей койбой турган жогорку рангдагы чиновниктердин бардык аргументтерине жана жүйөлөрүнө көӊүл бурбай жатышат!

Кыргыз Республикасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө бүтүндөй өмүрүн арнаган, мамлекетти бир нече ирет саясий кризистен сууруп чыккан Текебаев Өмүрбектин иши боюнча 16-июлда кезектеги сот болот.

«Ата Мекен» партиясы укуктук жана адилет мамлекет куруу зарылдыгы, мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу Сиздин бир катар билдирүүлөрүӊүздү эске алуу менен, ушул иштин бардык фактыларын кошуп, акыйкат жана калыс каралышын камсыздап берүүӊүздү Сизден суранабыз.

Мына жакында өзүн адамдын да, кудайдын да мыйзамынан да жогору койгон, өзүн гана мамлекетти өнүктүрүүнүн туура жолун билет деген, эч ким менен, эч нерсе менен эсептешпеген адамдын диктатурасынан арылганыбызга эки жыл болот.

Эми, Атамбаев өзү тергөөдөн коркуп, өз үйүнө камалып, ал эми сот иштерин тескеген адамдары (Арабаев, Жолдубаева, Сегизбаев) же тергөөгө алынып, же жашынып алышты. Анда суроо туулат: эмне үчүн Текебаев менен Чотоновго карата репрессиялар улантылып жатат? Биздин жолдошторубуздун түрмөдө дале Атамбаевдин респрессияларына жана куугунтуктоолоруна дуушар болуп жатканына айран-таӊбыз.

Биздин партиянын мүчөлөрү, тарапташтарыбыз, көптөгөн кыргызстандыктар: Жаӊы бийлик тарабынан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду саясий куугунтуктоо саясаты дагы деле жүрүп жаткан жокпу, эгер андай болсо, демек бүтүндөй биздин партияга жана анын тарапташтарына куугунтуктоо жүрүп жатат? – деп сурашат.

Иштиктүү оппозицияда болгонубузга карабастан, биздин партия жана анын депутаттык фракциясынын мүчөлөрү коомчулукту жаӊыртуу, сот жана укук коргоо системасын реформалоо, мыйзам жана адам укугу башкы негиз болгон заманбап жана алдыӊкы өлкө куруу тууралуу Сиздин багытыӊызды колдоого алышты.

Сиз жеке өзүӊүз бул инсандарды жакшы билесиз, Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык режимине каршы күрөштө, 2010-жылдагы катаал окуяларда чогуу болдуӊуз. Сиз өзүӊүз бул айыптоолордун орунсуз экенине ишенесизби? Биздин өлкөдө эч ким атамбаевдик соттордун чечимине ишенбейт.

Сиз бир нече жолу эл алдында сот процесстерине кийлигишпей турганыӊызды айткансыз, ошондуктан, соттордун кандай чечим чыгарары Сизден көз каранды эмес. Биз Сиздин айтканыӊызга толук кошулабыз, бирок дале көз каранды сотторго көрсөтүлгөн чечимди эмес, акыйкат сот чечимин камсыздап беришиӊизди суранабыз.

«Адамдын жашоосунан баалуу эч нерсе жок, адамдын тагдыры менен ойногондор өздөрү жазасыз калбайт, бул дүйнө - кайтаар дүйнө» - деген элде кеп бар. Айыпсыз түрмөдө отургандардын өз үй-бүлөлөрүнө, балдарына, туугандарына, элине кайтышына жардам бериӊиз!

Урматтоо менен, «Ата Мекен» саясий партиясы

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине