Садыр Жапаровдун феномени, же Максим Бакиев ишин кантип аягына чыгарууда

09:07, 13 Ноября 2020

Сиз кыргыз саясатынын майданына күтүүсүздөн эле кирип келген Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүүсүн чындап каалап жатат деп ишенесизби? Эгерде анын тажрыйбалуу адистер тарабынан жазылган жана камера алдында дыкат окулган эмес, өз сөзү менен сүйлөп жаткан сөздөрүнө кулак сала турган болсоңуз, сизде күмөн туулат. Көпчүлүк учурда алар жөн гана жалпыланып алынган декларативдик сөздөр жана убадалар менен популисттик ураандар. Бирок эң башкысы, Жапаров Кыргызстандын Конституциясын жана мамлекеттик түзүлүшүн өзгөртүү тууралуу сүйлөп жатканда оюн өтө тез өзгөртүп турабы, же мурда айткан сөздөрүн унутта калтырып жибереби, айтоор, анын сөздөрү бирине-бири карама-каршы келип турат.

Эмнеге ушундай болуп жаткандыгын билесизби? Ал саясий күрөшкө мушташка киргендей эле кирип келип, кийинки кадамы кандай болоорун түшүнгөн жери жок. Анын иш-аракеттери башка кураторлор тарабынан көзөмөлдөнүп тургандай.

Жана күндөн-күнгө Садыр Жапаровду Максим Бакиев манипуляциялап жаткандыгына түз же кыйыр көрсөткөн фактылар жарыкка чыгып жатат. Акыркысы, мындай жол менен өзүнүн акыркы гештальтын жаап жатат.

Гештатльтты жабуу – баштаган нерсени бүтүрүү, тынчтык бербей келген ишти аягына чыгаруу.

Эмнеге Бакиевдер?

Бул суроого жооп алуу үчүн 2010-жылы апрель революциясынан кийин бир нече апта өткөн соң коңшу өлкөлөрдүн биринин атайын кызматтары тарабынан жазылып алынган Максим менен Жаныш Бакиевдердин телефондук сүйлөшүүсүн угуу жетиштүү.

Билбегендер жана унутуп калгандар үчүн эскертем: Максим – Кыргызстандын качып кеткен экинчи президенти Курманбек Бакиевдин уулу. Бул жаш жигит Кыргызстанды дүң жана чекене баага сатып келген. Ал ишин аз да болсо кирешелүү ишканаларды рейдерлик басып алуулардан баштап, андан кийин стратегиялык объектилерди менчиктештирүүгө өтүп, каржылык каражаттарды «Азияуниверсалбанк» аркылуу уурдап келген. Айта кетсек, анын кеңешчиси, эл аралык деңгээлдеги алдамчы Евгений Гуревич болгон. Жада калса, Максим Бакиев үчүн инвестицияларды тартуу боюнча уюм - ӨИИБА ачылган. Анын башкы милдети- ар бир инвестор иш алып барууну баштоонун алдында ажонун уулу менен кеңешүүсүн уюштурууда эле. Албетте, бекерге эмес. Ошондой эле ал атасынын Орусия жана АКШ менен аскердик базаларды жайгаштыруу жана узартуу боюнча сүйлөшүүлөрүнө кийлигишкендиги менен белгилүү. Бул тууралуу көптөгөн материалдар «Викиликсте» жарыяланган. Азыркы учурда Улуу Британияда баасы бир нече миллион долларга бааланган хан сарайда жашап келет.

Жаныш Бакиев – Курманбек Салиевичтин кичүү иниси адегенде УККнын төрагасынын кызматын ээлеп келсе, кийин агасы президенттин мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Кыргызстандын тарыхында бир нече мамлекеттик ишмерлердин, саясатчылардын жана журналисттердин жалданма өлтүрүлүшүнө буйрутма берүүчүсү жана катышуучусу катары белгилүү болуп калган. Ошондой эле ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги көтөрүлүштүн катышуучуларына ок атууга буйрук берген күч органдарынын башчысы катары айыпталып, соттолгон. Окуялардын натыйжасында 85 адам курман болуп, 400дөн ашуун жаран ар кандай жаракаттарды алган. Сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Агасы жана үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү менен биргеликте Беларуста Лукашенконун коргоосу алдында жашап келет.

Мына, Интернетте Бакиевдер кланынын эки өкүлүнүн телефондук сүйлөшүүсүнүн жазуусу дагы деле бар, анда алар реванш алуу аракети жана Курманбек Бакиевди кайра Кыргызстанга кайтарып келүүнү талкуулап жаткандыгын угууга болот.

Арадан 10 жыл өттү. Биз бул каармандар тууралуу унутуп калдык, анда-санда гана алар тууралуу жаңылыктарды угуп калабыз. Ал эми алар бизди унуткан жок жана реванш алуу идеясынан баш тартышкан жок. Келгиле, ошол сүйлөшүүнү дыкат тыңшап, анда кайсы ысымдар айтылып жаткандыгына сереп жүргүзөлү.

“...Нариман – конкретный парень, договороспособный. На него вышли Ахмат с Камчи, просят поддержки деньгами, аналитиками и СМИ. Они встречались. Но я при встрече хочу сказать, что они полные пидо..сы. Потому что не поддержали нас тогда на юге, когда ситуацию можно было повернуть”, - дейт Максим Жанышка. Анан улантат: “Для того чтобы взять ситуацию под контроль, достаточно одного лидера нормального и человек 500 хорошо обученных и экипированных отморозков. МВД и СНБ за них (Убактылуу өкмөт– ред.) мочиться не пойдут”.

Жаныш ага кошулат:“Достаточно даже 300, остальные за “бабки”, тысячи человек достаточно”.

Нужен человек, которого мы приведем. И идельным был бы “шеф”, потому что он легитимный. (Сөз Курманбеке Бакиев тууралуу болуп жатат). Я сказал ему, что людей там будет больше, чем в тот день (2010-жылдын 7-апрели), потому что придется очень жестко работать. Он говорит: “Я не хочу!” Я ему объяснил, что мирно заход не получится. Тогда, если это делать, то под кого это делать? Кто будет тот человек, который скажет “Я”, - деп сурайт Максим.

И Камчи, и Ахмат, у них хватит ума для этого”, - дейт Жаныш.

Ну, Камчи, достаточно еба..тый для этого”, - деп шаңдуу жооп берет Максим.

Надо ему сказать, ты из нашего района, - деп ой жүгүртөт Жаныш. – Ты должен поднять флаг и продолжить дело. Благословение он получит. На этот период надо его поставить. Потом будет каша-маша, старые, новые кадры. А потом “шеф” должен его легализовать, кого-то сделать премьером. Портфели надо поделить. Это же болезнь кыргызов”.

“Что плохо, Камчи – регональный фактор. Север поднимется, что южане пришли нас всех ху...рят”, - деп тактайт Максим.

Да, это есть, это есть... Тогда ему надо обещать дать премьера. А Наримана - президентом. Время надо выбрать и ситуацию удобную,” – деп улантат Жаныш.

Поэтому надо прикинуть силы, и эти 300-500 человек должны быть не с камнями, а очень хорошо экипированы. Надо делать в такой же форме, как они: жестко, внезапно и быстро... По деньгам, по 2-3 тысячи на каждого, сделаете - ещё столько же получите. Х..й с ними, деньгами, но это должны быть люди, которые заднюю не включат. Милиция не будет ничего делать... Это должен быть человек, который не вызовет ещё большего отвращения. Нариман - более-менее подходящая фигура. Потому что его в городе любят. А если придет Камчи или Ахмат, то к ним отношение такое же, как и к нам. У Ахмата погоняло Хапуга, у Камчи то же самое”, - деп өз ою менен бөлүшөт Максим.

Көп убакыт өтпөй бул сүйлөшүү коомчулуктун көңүл майданына түшөт. Аны кайсы өлкөнүн атайын кызматтары жаздырып алып, жайылтып жибергендиги белгисиз. Кийин бул планды эч ким ишке ашырган жок, ал эми аталган ысымдар менен маектешкендер элдин жек көрүүсүнүн объектичине айланышкан.

Бир айдан кийин, 10-июнда Ошто этностор аралык кан төгүү жанган. Конфликттин уюштуруучусу ким болгон жана анын себеби эмнеде болгон деген суроого так жооп азыркыга чейин жок. Бирок конфликтте Камчыбек Ташиев өзүн өтө эр жүрөк жигит катары көрсөттү. Ал райондордун биринде кыжырланган адамдардын тобун токтотуп, кан төгүүгө жол берген эмес. Андан соң анын имиджи бекемдей баштаган.

Паркурщик-саясатчылар

Эске сала кетсем, 2010-жылы парламенттик шайлоо өтүп, анда Бакиевдердин тарапташтарынан турган жана Убактылуу өкмөткө карата оппозицияда экендигин жашырбаган “Ата-Журт” партиясы көпчүлүктү таң калтырып, добуштардын көпчүлүгүн ала алган. Жеңишке жеткен партиянын катарында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдор да болгон.

Үчөө тең, Бакиевдин доорунда “майда чабак уруп” турган. Ташиев ӨКМ генералынын наамына жеткен.Садыр Жапаров 2007-2009-жылдары президент Бакиевдин кеңешчиси болгон. 2009-жылы ал Коррупцияны алдына алуу боюнча улуттук агенттигин жетектеген. Жана Бакиевсиз деле алар Жогорку Кеңештин депутаттары болуп, эл ичинде сыйлуу орундарга ээ болушкан.

Бир карасаң, бул үчтүккө эмне жетпейт эле? Алар бийликте, саясатта иш алып барып, кыргызстандыктардын жашоосун жакшырта алат эле да. Бирок Максим менен Жаныштын баягы эсте калган телефондук сүйлөшүүсүнөн эки жыл өткөн соң Жапаров, Ташиев менен Мамытов алардын планын ишке ашыруунун аракетин көрүшөт.

2012-жылдын 3-октябры Кыргызстандын тарыхына Өкмөт үйүнүн кашасына болгон эң кыска чабуул катары жазылып калды. Баардыгы Бишкектин борборунда “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча өтүп жаткан тынчтык митингинен башталган. Үч депутат үстүнө кызыл материал жабылган жүк ташуучу унаанын үстүндө сөз сүйлөп жатышкан. Митингге 500дөй киши келген, негизинен, алар жакшы кийинген, мыкты физикалык формадагы жаш балдар болгон, жана алар айтылып жаткан сөздөргө деле көп көңүл бурбастан, негизинен айланада болуп жаткан нерсеге өтө дыкат көңүл буруу менен көз салып жатышкан. Ал жерде “Кумтөр” маселесин чечүү үчүн келген адамдар болгон эмес. Эң башында митингдин уюштуруучусу Садыр Жапаров иш-чара тынчтык форматында гана өтө тургандыгын белгилеп өткөн. Жалпысынан, Жапаровдун сөзү кызыктуу, “Кумтөр” боюнча фактыларга жана сандарга бай болгон, арасында Кыргызстан алтын ишканасынан бир да тыйын ала албай калып жаткандыгы тууралуу эмоционалдуу сөздөр болуп жатты. “Кумтөр” боюнча ондогон документтер айтылып, ал документтерге кол койгон ар кандай мамлекеттик аткаминерлердин фамилиялары окулуп жатты. Жапаров капалуу үн менен экологияга келитирилип жаткан зыян тууралуу дагы айтып жатты. “Кумтөр” Кыргызстанга өтүшү керек, биз ошондо гана өнүгө алабыз!”-деп аяктады сөзүн Жапаров. Митинг башталгандан кийин журналисттердин көпчүлүгү тарап кетти, анткени ораторлор негизинен окшош эле сөздөрдү айтып жатышты.

Ташиев сүйлөп жаткан учурда ал бийликти басып алуу өтө деле оор эместиги жөнүндө чындап же тамашалап айтып жаткандыгы түшүнүксүз болуп жатты. “Чынгызханга жүрөгү от 18 эле жигит жетиштүү болгон. Жүрүгүлө, парламентке барып, бийликти “Кумтөр” менен болгон маселени чечүүгө мажбур кылалы. Эгерде бийлик чече албаса, өзүбүз чечебиз!”-деп колу менен чакырган Ташиев. Ошол учурда ал өзү дагы мыйзам чыгаруу органынын өкүлү экендигин унутуп же калган, же баардык мыйзамдарга түкүргөн. (Азыр дагы аны ийгиликтүү кылып келет).

Күтүүсүз жерден адамдар жылып, алардын саны заматта көбөйдү. Агымга ар тараптан жаш балдар кошулуп, Ак Үйдүн кашасынын жанына келгенде миңден ашуун адам чогулуп калды. Алар ышкырып, кыйкырып, биринин артынан бири кашаны аттап өтүп жатышты. Биринчи болуп кашага Ташиев чыкты, ал шымын айрытып, жаракат алды, анын артынан ондогон жан сакчылары жөнөдү.

Бирок баары коргоо кызматы тарабынан токтотулган. Кийин ошол кездеги ИИМ министринин орун басары Бактыбек Алымбеков айтып бергендей, Ташиев жулкунуп, унаасына отуруп алып кетип калган. Ал эми милиция кызматкерлери болсо чогулгандарды таратуу үчүн абага от чыгарып, көздү жашылдандыруучу гранаталарды колдонушат. Адамдарды таратууга карай жасалган алгачкы аракеттен кийин алардын кээ бири кайра келүүгө аракет кылган. Сахна катары уюштурулган жүк ташуучу унаа менен Ташиев жана анын тарапташтары кайрадан парламенттин имаратына келип, кайрадан милиция жана дружинниктер тарабынан кубаланат. Эки бөлүктөн турган ызы-чуу 30 мүнөттөн узакка созулган жок.

Ал кезде өздөрү бийликтин өкүлдөрү болгон үч депутат эмне кылгысы келгендигин түшүнүү оор болгон. Кийин Ташиев ошондой жол менен өзүнүн иш ордуна баргысы келгендигин түшүндүргөн.  Бирок, эгерде тамашаны коюп карай турган болсок, ошол учурда Бакиевдердин планын ишке ашыруунун биринчи аракети болгон.

Кийин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге КР Кылмыш жаза кодексинин 297-беренесинин 2 бөлүгү («Бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүлүштү күч колдонуу менен өзгөртүүгө чакыруу; ошол эле иштерди ММКларды колдонуу менен ишке ашыруу») жана 28-295-беренси («Бийликти күч менен басып алуу аракети же бийликти күч колдонуу менен кармоо») боюнча айыптар тагылган. Талант Мамытовго дагы ошол берене боюнча айып тагылган. Кийин прокурорлор аларды 10 жылга эркинен ажыратууну талап кылгандыгына карабастан, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров 1.5, ал эми мурунку вице-спикер Талант Мамытов бир жылга кесилген. Жарым жылдан кийин алапдын баардыгы эркиндикке чыгышкан.

Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетип, бир нече жыл Польшада жүргөн. Ал «Саясатта 10 жыл» аттуу китебин чыгарып, анда 2017-жылы президенттик шайлоого катышууну кыялданаарын айткан. Анын Бакиевдер менен болгон байланышы ошол жерден күчөгөн сымал. Курманбек менен Жаныш Польша менен чектеш Беларуста жашагандыгы белгилүү.

Аны менен тажрыйбалуу саясий технологдор иш алып барышкан деп айтууга дагы болот-китептин чыгышы, мекенге кайтып келүүнүн анонсу, мунун баары стратегиялык жактан караганда ординардык эмес кадамдар болуп саналат. Бирок Кыргызстанда аны дагы бир кылмыш иш күтүп турган, ал 2013-жылы баягы эле Кумтөр маселеси боюнча башаламандыктарды уюштуруу эле. Митинг учурунда анын катышуучулары ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди туткунга алышкан. Кийинчерээк Каптагаев жаштар ал отурган унааны жардырып жиберүүгө даяр болушкан деп айтып берет. Тергөө Садыр Жапаровду аталган митингдин уюштуруучусу деп табат. Жыйынтыгында, ал митинг үчүн бир нече жаш бала соттолгон.

Ал эми 2017-жылы болсо Жапаров мекенине кайтып келе жаткандыгын жарыялайт. План жөнөкөй эле; ал кезде Садыр социалдык тармактардын жардамы менен эл арасына баатырга (анткени ал «Кумтөрдү» кайтарып берүү үчүн күрөшкөн) жана курмандыкка (анткени күнөөсүз соттолгон) айланып калат. Анын ою боюнча, Каптагаев баардык айыптарынан баш тартат, Жапаровдон баардык айыптар алынат жана ал президенттик шайлоого катышат. Бирок ал 2017-жылдын 25-мартында кайтып келгенде, УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалат. Анын жүзгө жакын тарапташы УКМКнын имаратына чабуул жасап кирүүгө аракет кылат, (Жапаровдун тарапташтарынын салттуу кол жазмасы) бирок милиция тарабынан токтотулат. Садыр Жапаров «адамды туткунга алгандыгы» үчүн 11 жылга эркинен ажыратылат. Албетте, ал эч кандай шайлоодо катыша албай калган. Ал абакта отурганда, уулу мотоцикл менен бара жатып жол апаатына учурап, каза болуп калат. Кийинчерээк атасы менен апасы дагы каза болушкан.

Калган эки саясатчы жөнүндө айта турган болсок, Камчыбек Ташиев ийгиликсиз паркур үчүн абактан чыккандан соң кайра саясатка кайтып келүүнүн аракетин көрүп, 2015-жылы парламенттик шайлоого катышуу үчүн Бабанов менен биригет. Бирок бирөө менен мушташа кетип, жарыштан четтетилген. Биздин гезитке берген маектеринин биринде ал айткан: «Мен кашага чыкканыма өкүнбөйм. Анткени мен «Кумтөр» маслесени көтөрүп чыккам. Мен коррупция же өлкөнүн кызыкчылыктарын сатып кеткендигим үчүн соттолгон жокмун. Мен мени эл уксун деп аракет кылгандыгым үчүн соттолдум. Бирок кашага кайра чыкпайм. Анткени акылга келдим».

Талант Мамытов болсо, өзүнүн кесиптештери сымал эле 2015-жылы бошотулуп, Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Республика-Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген.

Күрөш менен текшерүү

Президенттер алмашкандан кийин Жапаровдо ырайымдуулук алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ал бир нече жолу Сооронбай Жээнбековго кайрылган, бирок ал чуулгандуу саясатчынын өтүнүчтөрүнө кулак салбай келген.

2019-жылдын декабрында Жапаровдун тарапташтары Горькийдин эстелигинин жанында чоң митинг уюштурушкан. Митингге  бир жарым миңден ашуун адам, негизинен ар кайсы региондордон келген бекем жаш балдар катышкан. Мтинг жакшы уюштурулуп, анда патетикалык ураандар айтылып жатты. Анда Ак Үйдү басып алуунун эч кандай аракети көрүлгөн эмес. Негизинен ал митинг Жээнбековго Жапаров эл ичинде али популярдуулукка ээ экендигин жана ага ырайым көрсөтүү жакшы болоорун көрсөтүү үчүн уюштурулгандай болгон. Бирок андан кийин дагы Жээнбеков Жапаровду бошоткон эмес.

2020-жылдын 3-мартында Жапаровдун тарапташтары кайра митингге чыгышкан. Сиз Максим менен Жаныштын сүйлөшүүсүн унутуп калган жоксузбу? Мына, 3-мартта дагы баардыгы баягы эле сценарий менен болгон. Адегенде Ала-Тоо аянтндагы митинг тынч мүнүздө өтүп, акындардын патриоттук ырлары жаңырып жатты. Бирок күндүн экинчи бөлүгүндө жаштар ультиматум коюшту – эгерде бийлик бир сааттын ичинде Жапаровду бошотпосо – ал кулатылат. Белгиленген убакта адамдар Ак Үйдү көздөй жүгүрүп жөнөштү. Жада калса милицияны таштар менен ургулай баштады. Укук коргоо органдары дагы жөн турбай, жашылдандыруучу газ, кулак тундуруучу гранаталарды менен дубинкаларды колдонду. Бир нече сааттын ичинде Жапаровдун агрессивдүү тарапташтары таратылды. Митингдин жыйынтыгында 166 адам кармалып, алардын 162си бошотулуп, 22 адам жаракат алган.

Айта кетсек, ошондо митингчилер биринчи жолу таштанды салынуучу бактарды өрттөп, унаалардын айнектерин чага баштаган. Бул вандализм- Жапаровдун тарапташтарынын визиттик картасы.

Ал эми марттын аягында Кыргызстан дүйнө жүзү менен бирге пандемияга туш болуп, эч кандай митингдер уюштурулбай калган.

Режиссеру, албетте, гений экен

Ошентип, биз акырындан 2020-жылдын октябрында болгон окуяларга келип жеттик.

Эгерде Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда шайлоо өткөрбөй койгондо ордунда калат беле деген суроого жооп берүү кыйын. Бир нерсе гана айдан ачык, кыргыз бийлиги адилеттүү шайлоо өткөргөндү билбегендигин элдин баары билет. Жана, салттагыдай эле, ар бир шайлоодон кийин анын жыйынтыктарына нааразы болгон адамдар митингге чыгышат.

Миитингдерге аралашып, алардын сценарийин өзгөртүп, алсыз бийликти түшүрүп, өзүнүн адамын коюуу. Бакиевдер ушуну каалаган эмес беле? Өч алуу- бул муздак бойдон бериле турган тамак, жана аны 10 жыл күтүүгө туура келген эч нерсе эмес. Тескеринче алар мыкты даярдана алышкан, жана эл дагы аларды эбак унутуп калган.

Ооба, биз, кыргызстандыктардын эс тутумубуз кыска. Балким, бул биздеги окуялар өтө тез алмашып, биз бирин сиңире электе экинчиси андан да кызыктуу болуп жаткандыгына байланыштуу болсо керек.

Калктын бир бөлүгү Жээнбековдун саткынчылыгына нааразы болуп, экинчи бөлүгү Атамбаевге бүт кылган нерселери кайра айланып келип өзүнө тийгендигине күлүп жатканда элдин дагы бир бөлүгү башка баатырды тапты. Ал Садыр Жапаров болду. Али жаш, келбети келишкен, сүйлөйт десе сөзү бар, жана эң башкысы, имиджи коңшу айылдан чыккан «элдин баласыныкындай». Мына, кыргыздын  кыялындагы адам. Ооба, мыйзамды бузган, бирок эми ким эле жаңылбасын. Ал адам өлтүргөндүгү же коррупция үчүн отурган жок да. Биздин соттук системанын кимге баш ийерин эске алуу менен ар бир адамды эки берене тең жөн гана буйрутма болгондугуна ишендирип коюуга болот.

Ошентип, Икс маалы келди. 5-октябрда, баардыгыбыз эле билгендей, аянтта адам толтура болчу. Шаардыктардан баштап, улутчул-патриотторго чейин чыгышты. Башында баардыгы кооз жана жакшы болуп жаткан. Мирбек Атабековдун ырлары, жалыңдуу сөздөр, уюлдук телефондордун шамдары. Кооздук, биримдик, жалпы дем. Эске сала кетсем, Ак Үйдү басып алуу же Жээнбековду түшүрүү тууралуу ой эч кимде жок болчу. Жалгыз талап, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурс арклыуу бийликчил үч партия жеңишке жеткен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу.

Караңгынын кириши менен эл эч жакка тараган эмес, тескеринче ар кайсы региондордон келген жарандар кошулуп жатышты. Калың эл башкаруусуз болуп, бир убакта жаш балдардын тобу Ак Үйдүн кашасынан өтүп (Ташиевдин ыкмасынан дагы бир элес), кашаны жулкулдата баштады. Биринчисинде митингчилер ал балдарды тынчтандырып, алып кетишти, ал эми ошондой эле дагы бир аракеттен кийин милиция элге кулак тундуруучу жана жаш агызуучу гранаталарды ыргытып, элди аянттан сүрүп чыга баштады.

Эми болсо келгиле, провакация кимге пайдалуу эле жана эмне үчүн милиция ал жаш балдардын иш-аракеттерине даяр тургандай болгондугуна сереп жүргүзөлү. Рация аркылуу буйруктарды берип жүргөн Кашкар Жунушалиев жоголуп кеткенден кийин, ал мунун баарын атайын кылгандыгы тууралуу шектенүүлөр жаралат. Элди күчкө салып таратуу балдардын тобу каршылык көрсөтүүнү улантып, аягында баардыгы Ак Үйдүн алынышы менен аякташы үчүн атайын жасалмаланган.

Региондордон келген балдар менен биргеликте милициянын чабуулуна каршылык көрсөткөн шаардыктардын айтымында, ошол балдардын тобу башынан эле Садыр Жапаровдун бошотулушун жана тактыга отургузулушун көздөгөндүгүн айтышат. Муну менен, андан кийин орун алган окуялар: Жапаровдун бошотулушу, Жогорку сот тарабынан ага карата чыккан өкүмүнүн чагылгандай тез жокко чыгарылышы, Жогорку Кеңештин «Достукта» чогулуп, басым алдында Жапаровду премьер кылып шайлаганы, шаар тургундарын бир жумалык митингдер менен коркутулушу, Жээнбековдун кызматтан кетүүгө аргасыз болушу – мунун баардыгы майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп, иштелип чыккан план деп айтууга болот.

Биз баардыгыбыз режиссер ким деп башыбыз катып жатты. Ал гений ким? Жана бир аптадан кийин бул Бакиевдердин кызыкчылыгы экендигине адегенде кыйыр, кийин түз көрсөткөн далилдер пайда боло баштады.

Биринчи учур. Жаныш менен Максим Нариман тууралуу айтып жаткан сөздөрү эсиңиздеби? Ал заматта мэрияда пайда болду. Бакиевдин тегерегиндеги өтө маанилүү саясатчы болуп жүргөн Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалды. Ар бир жаңы кызматка дайындалган адам – Бакиевдин адамдары.

Экинчи учур. Атамбаев жана анын тарапташтары – Бакиевдердин жеке душмандары. 6-октябрда түрмөдөн жалгыз эле Жапаров бошотулган эмес. Атамбаев жана анын тарапташтары дагы чыгарылган. Бирок Атамбаев Жапаровдун пландарына өтө чоң тоскоолдук кылып жатты. 9-октябрда Атамбаев, Бабанов, Сариев жана башка саясатчылар катышкан митингди Жапаровдун тарапташтары кандай катуу тараткандыгы эсиңиздеби? Аларга таштар ыргытылып, ал эми Атамбаевдин унаасына ок атылган. Ал эми кийинки күнү болсо Атамбаев менен анын тарапташтары кармалган. Анын мурунку айыптарына 9-октябрда уюштурулган башаламандыктар дагы кошулду. Тагыраак айтканда, кырдаал түп тамыры менен өзгөртүлгөн.

Үчүнчү учур. Бийликти басып алгандарга алардын планына кирбеген адамдардын кереги жок болчу. Ошондуктан, ИИМди жетекген Курсан Асанов менен УКМКны жетектеген Өмүрбек Суванадиевди чыгарып коюшкан.  Бул кызматтарга Жапаров өзүнүн адамдарын койгон. Өзгөчө УКМКнын башчысы катары Жапаровду ошол күндөрү жетелеп жүргөн анын жакын досу Камчыбек Ташиевдин дайындалышы өтө уятсыз болду. Бирок андан бир күн мурда эле Жапаров жогорку кызматтарга досторун дайындабаарын билдирген. Ушундан кийин ага кантип ишене алабыз?

Төртүнчү учур. Жапаров бийликти алгандан кийин төрт күн өтпөй, коркутулуп-үркүтүлгөн депутаттардын макулдуулугу менен Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбековду бошотот. Ал адам 2010-жылдын 7-апрелинде Жаныш менен бирге өз элине ок чыгарууга буйрук берип жүргөн.

(Уландысы болот...)

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине