Европа сапарынын жыйынтыктары

12:25, 9 Апреля 2015

1-апрелде Алмазбек Атамбаевдин Евробиримдигинин  өлкөлөрүнө болгон иш сапары аяктады. 10 күнгө созулган турне биздин өлкө башчыбыздын Австрияга болгон расмий сапарынан башталды. Алмазбек Атамбаев  ошондой эле  Франция, Швейцария, Бельгия жана  Германияга барды.

Иш сапардын абдан каныккан программасы журналисттерди көз ирмемге да жумушсуз калтырган жок. Атамбаевдин  Франсуа Олланд (Франциянын башчысы) менен жолугушуусу болду. Биздин президент о.э. өзүнүн швейцариялык кесиптеши Симонетта Соммаруга жана бул мамлекеттин мурдагы президенти Дидье Бургхальтер менен, Швейцариянын жетекчилиги, Евробиримдигинин ар кайсы мамлекеттеринин иштиктүү алкактары, башка  расмий өкүлчүлүктөрүнүн делегаттары, экономикалык өнөктөштөр менен жолугушту. Бельгияда президент Европа Биримдигинин жетекчилиги менен жолугушту, о.э. ФРГнын канцлери Ангела Меркель менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ал биргелешкен басма сөз жыйыны  менен аяктады.

Бурулуш учуру

Ишенимдүүлүк менен айтып кетүү керек, бул сапар Кыргызстандын Евробиримдиги менен болгон мамилелеринин бурулуш учурунда белгиленген. Бакиевдердин башкаруу учурунда дипломатиялык обочолонуп калган мамлекет азыр эч качан ишенүүгө болбой турган мамлекет деген имиджден азыр кутулуп жатат.

«Атамбаев  бардык жерде биринчи адамдар менен жолугушту. Бул көп нерсе туурасында айтып турат. Талкууланган маселелер сапардын деңгээли туурасында да көп нерсени көргөзүп турду. Еропалык биримдиктин мамлекеттери Кыргызстан менен конструктивдүү мамилелерди колдоого кызыкдар, бул болуп өткөн окуялардан эле көрүнүп турду», - дейт белгилүү кыргыз саясатчысы  Игорь Шестаков.

Кыргызстан узак убакыттан бери Европа мамлекеттеринде туруксуз түзүлүш катары, ал жакка эч качан каражатты инвестиция кылуунун кереги жок, болбосо куру жалак калуу мүмкүн деген маңызда кабыл алынып келген. Мамлекеттин саясий олуттуу салмагы жок болчу. Сапардын жыйынытыгы боюнча  бул абал түп тамырынан бери өзгөрүшү мүмкүн деген үмүт пайда болду.

«Эми Европа Кыргызстанга бери карап бурулат деп ойлойм, биз саясий да, экономикалык да тармактардан мамилелердин башка этабын күтүп жатабыз. Эгер Европа биз бул жолдон бурулбай турганыбызга ишеним артса, анда биз инвестициянын мыкты агымын алышыбыз мүмкүн», - деди журналисттерге Алмазбек Атамбаев.

Берлин аэропортундагы пландаштырылбаган басма сөз жыйынында Кыргызстандык журналисттерге өлкө башчысы сапардын  натыйжалары туурасында айтып берди.

«Биз Еробиримдиктин жетекчилери менен жолугуштук, макулдашууларга кол коюлду жана Кыргызстанга каржылай жардам берүү туурасындагы келишимдерге жетише алдык. Иш сапардын убагында мен биздин өлкөгө болгон таптакыр башка мамилени көрө алдым, тагыраак айтканда, Кыргызстанга жана биздин бара жаткан жолубузга  болгон ишенимди. Сапар оор болду, бирок натыйжалары абдан жакшы. Мактангым келбейт, бирок жыйынтыгы жакшы болгонун айта кетким келет», - деди ал.

Конкреттүү сандар

Азыр эле өз өнүгүүсүнө жетише турган олуттуу долбоорлор туурасында айта берсе болот.

Швейцария Кыргызстанга  бир катар секторлордун өнүгүшү үчүн 74 млн. швейцар  франкын бөлүп бермекчи. Бул туурасында журналисттерге КР Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы  Сапар Исаков айтып берди.

«Швейцария экономикалык өсүштү өнүктүрүү үчүн мындан кийин да орто жана  чакан ишканалардын өнүгүшү үчүн колдоо көргөзүп турмакчы. О.э. экспорттук-багытталган жана кичи ишканалардын соода атаандаштыгына жөндөмдүүлүгүн колдомокчу. Андан сырткары, швейцар тарап жеке секторго жардам берүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде экономиканын өнүгүүсүн колдоп турат. Саламаттыкты сактоону реформалоого 24 млн. багытталган, экономикада жеке секторду өнүктүрүүгө – 17 млн, мамлекеттик тейлөөнү жана инфраструктураны реформалоого  - 30 млн. Андан кийин артыкчылыкта суу ресурстарын башкаруу программасы турат , ал да КР үчүн маанилүү тема болуп саналат, о.э. тынчтыкты жана демократиялаштырууну курууга 3 млн.швейцар франкы бөлүнөт», - деп түшүндүрмө берди Исаков.

Бельгияда Евробиримдиктен Кыргызстанга 30 миллион евро бөлүнөөрү туурасында макулдашууга кол коюлду. Бул каражаттар социалдык коргоону өнүктүрүүгө багытталат, ал, кандай болгон күнү да Кыргызстанда биз каалаган деңгээлден өтө алыс турат.

«Бул ЕБ менен Кыргызстандын ортосунда 2014-жылдан 2020-жылга чейин эки тараптуу кызматташуунун алкагында аткарыла турган документтердин катарында биринчи макулдашуулардан», - деп билдирди европалык өнөктөштөр.  

«Биз бардыгыбыз, Кыргызстандын бюджетинин 54 пайызы социалдык тармакка багытталганын жакшы билебиз, ага карабай болуп жаткан проблемалар менен маселелерди чече  албай келебиз. Жардам мына ушул тармакка багытталат. Артыкчылыкта мектепке чейинки мекемелер, саламаттыкты сактоо  жана билим берүү секторундагы реформалар турат. Мына ушул – мамлекеттин динамикалык өнүгүшүнүн башкы компоненттери», - деди журналисттерге вице-премьер-министр Валерий Диль.

Мындан сырткары, Европа биримдиги Кыргызстандын шайлоо тутумун реформалоого 10 миллион евро өлчөмүндө колдоо көргөзөт. Жалпысынан, жети жылдын ичинде Европа биримдиги Кыргызстанга 184 миллион евро бөлүп берет.

Кыргыз-австрия бизнес форумунун убагында Венада жол инфраструктурасы тармагында кызматташуу маселелери каралган.

«Биз темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдө алга жылдык. Эгер ал курулса, анда Кытайдан Европага барчу жол миңдеген чакырымдарга кыскарат. Бирок, темир жолунун курулушун күтпөстөн биз КЭРден Кыргызстандын түштүгү аркылуу бир жол салдык, азыр болсо экинчи жолду – өлкөнүн түндүгү аркылуу өткөн жолду бүтүрүп жатабыз», - Атамбаев кырдаалга ушундай  комментарий берди.

Парижде өткөрүлгөн кыргыз-француз бизнес –форумунун жүрүшүндө Кыргызстандын Европа жана Евробиримдиги менен бириктирген кызматтары туурасында маселелер талкууланды, анда Кыргызстандын мүчөлүгү үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап күтүлүүдө. Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк Европа рыногу менен кызматташуу мүмкүндүгүн четтете албайт.

«Биз өз өлкөбүздү куруп жатабыз, узак талаштардан кийин мен Орусиянын президентинин да, КЭР төрагасынын да макулдугун таба алдым. Биздин Кытай менен  чек арабыз бир жана жалпы келишимибиз бар, ошондуктан биз Кытай менен мүчө болуп кирүүгө камынып жаткан  Евробиримдигинин ортосунда көпүрө  болуп кызмат кыла алабыз. Кыргызстанда 6 миллион адам жашайт,  биримдикке кирүү менен бизде 200 млн.базар болот, албетте, бул башка кызыктуу базар болот. Жана ушул базарга Кыргызстан аркылуу кирүү керек, анткени биздин мамлекетте демократиялык мыйзамдар, эркин валюталык мыйзам  иштейт», - деп белгиледи өлкө башчысы.

Өлкө башчысынын Европа менен экономикалык өз ара кызматташууну кеңейтүү боюнча позициясын ирээттүү деп эсептесе болот.

«Кыргызстан дайыма ар кайсы державалардын кыйчалышында калып келген, анткени биз –Борборук Азиянын жүрөгүбүз. Болгону биз өз кызыкчылыктарыбызды дайыма коргой билишибиз керек. Кайсы бир маселелерде бизге Кытай жардам берет, кайсы бир жагынан – Орусия. Эгер коопсуздук маселелеринде коңшулар менен бирикпесек, анда аны ким менен кылуу керек? Ал эми  Евробиримдикке келсек, бизге парламентаризмди курууга же чынчыл шайлоолорду өткөрүүгө ким жардам берет?  Ошондуктан, эч нерседен коркуунун кереги жок. Башкысы – бардык мамлекеттерге жакшы мамиле кылып, жалпы чечимдерди кабыл алууга аракет кылуу. Бизде  бир вектор  -  бул Кыргызстан, ошондуктан бардыгы менен достошуу керек.

Мына ушул достук өз ара пайдалуу пайданы алып келиши керек. Мен – бул биздин колубуздан  келет деп ишенем», – деп журналисттерге билдирген эле  президент Атамбаев эки жыл мурда.

«Биздин макулдашуулар экономикалык кызматашууга кызмат кылышы керек. Президент Атамбаев , коррупцияга каршы аракеттер биринчи ийгиликти көргөзүп жатканын айтты, бюджет жана өлкөдөгү абал жакшырып келе жатат. Азыр Кыргызстан Европа экономикалык биримдигине кирүүгө камынып жатат. же Орусия менен, же Еробиримдиги менен кызматташуу – бул маселе эмес. Биз ошондой эле Украина менен Молдовадагы кырдаал туурасында да сүйлөштүк. Минск келишимдеринин пакети – бул тынчтыкта өнүгүү үчүн маанилүү бутак. Бардык тараптар ушул жерден кадамдарын башташкан. Кыргызстанга өз жолунда мыктыларды гана каалагым келет,  ал эми Германия эки тараптуу кызматташууга даяр, Кыргызстан да ушуну каалап жатат. бул максаттуу маек болду деп эсептейм», -деди эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында  Ангела Меркель .

Ортомчулук миссия

Көптөгөн эксперттер Алмазбек Атамбаевдин европа турнесин ортомчулук миссиясы, Орусия менен Европа биримдигинин ортосундагы сүйлөшүүлөргө жаңы түрткү берүүгө болгон аракети  катары кабыл алышты. Сапардын бул бөлүгү кызуу талкууну жаратты, Европалык журналисттердин берген курч суроолорунан улам, Атамбаевди алар Владимир Путиндин түз эмиссары катары көрүп жатышат деп корутунду чыгарса болот.

Бирок, мамлекет башчысы бул диалогдо ага кандайдыр бир чечүүчү ролду ыйгарбашын суранды.  «Чечимди мен кабыл албайм», - деп билдирди ал.

«Бизде болгону Еввропага бир жолу бар – ал Орусия жана Казакстан аркылуу. Биз баарыбыз бул багытта чогуу барабыз деп ойлойм», - деди Кыргызстандын башчысы Евроньюска берген интервьюсунда.

«Мен, келечекте Европа менен Орусиянын ортосундагы жаңжал курчубайт деп ойлойм, тескерисинче анын чечилиши күтүлүүдө. Кантсе да бирдиктүү Европа болушу керек. Качан Афганистанга же Иракка, же Ливияга миллиондогон долларлар коротулуп жатканда... Муну күч менен токтотууга болбойт. Муну жок дегенде бир  мамлекеттин – демократиялык, светтик мусулман  өлкөсүнүн үлгүсү менен токтотууга болот. Мен, мусулман өлкөсүндө светтик мамлекет курууда  Кыргызстанда жардам берүү бир кыйла арзаныраак болмоктугу туурасында айтып жатып чарчадым.  Бирок, силер билесиңер,  биз демократиялык өлкөлөр тарабынан эч кандай жардам күтө алган жокпуз», - деп белгилеп өттү Атамбаев.

Кыргызстандын башчысы өзүнүн ортомчулук миссиясын жокко чыгарган жок. Евробиримдиги менен Орусиянын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр кадр сыртында калды, булар туурасында журналисттер кийинчерээк билишет. Бирок, мамлекет башчысынын айткандарына караганда, бул багытта бир аз да болсо алга жылуу болду деп эсептейт. Албетте, журналисттерди,  бул татаал маселеде эмне үчүн Атамбаевдин ортомчу катары чыккандыгы туурасындагы суроо кызыктырбай койгон жок.

«Кырдаал ушундай түзүлдү, менин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жакшы мамилем эч кимге жашырын эмес. Ошол эле убакта Европа да бизге жакын, ал да бизге ишеним артып турат, ошондуктан биз демократиялык өлкөнү куруп, бул жол менен так бара жатабыз. Кыргызстанга тигилер да, башкалары жа ишенип турушат. Башка түшүндүрмөнү көрө алганым жок. Анан, биз баарыбыз тынчтыкты каалайбыз», - өзүнүн ортомчулук кызматын Алмазбек Атамбаев ушундайча түшүндүрдү.

«Жолугушуулардын жүрүшүндө Орусия менен Европанын ортосундагы өз ара аракеттер маселелери,  о.э. Украина темасы да козголду. Бул Атамбаевдин пикири салмакка ээ экендигин көргөзүп турат. Биз, Орусия менен батыштын ортосунда Украина боюнча бир катар негизги маселелер боюнча конфронтация бар экендигин билебиз, жана Атамбаевдин иш сапары такталган ортомчулук мүнөзгө ээ. Кыргызстан батышта Борбордук Азиядагы демократиялык жактан мыкты өнүккөн мамлекет катары кабыл алынып келген. Иш сапардын жүрүшүндө бул пикир дагы бекемделди. Биз биримдикке кирген кезде,  Атамбаев Орусия менен Европанын ортосундагы талаш маселелерди жөнгө салууда маанилүү ролду ойнойт деп ойлойм. Бул, биздин президентибиздин кадыр баркынын жогору экендигин көргөзүп турат, мисалга Батышта диктатор катары кабыл алынган ошол эле Лукашенкого караганда.  Атамбаевди демократиялык өлкөнүн өкүлү катары кабыл алышат», - деди саясатчы  Игорь Шестаков  vzglyad.kg.ге берген интервьюсунда.

Жарандык коом менен эксперттер Европа турнесинин натыйжаларын толук өлчөмдө дагы далай баалашат.  Бир нерсе шексиз – иш сапар прецедентсиз мүнөзгө ээ болду.

Светлана Бегунова

Султан Досалиевдин сүрөттөрү 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине