Казак дипломатиясы: борбор азиялык интеграция, борбор калаанын атын өзгөртүү жана Дарига Назарбаеванын президентикке болгон перспективасы жөнүндө

14:29, 9 Апреля 2019

Казакстанга тарыхый окуялардын жана борбор калааснын атынын өзгөрүлүшү алдында баруу- чоң ийгилик. Ал эми биз, Борбор Азиянын журналисттери үчүн бул ийгилик жылмайды.

Медиа-турдун уюштуруучулары, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги биз келгенде биринчи кезекте эле жетекчилик менен жоолугушуу уюштурду.

Президенттер эмне жөнүндө сүйлөшөт

Уалихан Амирханович Тореханов, КМШ департаментинин жетекчиси, биздин регион ичиндеги өз ара мамилелерди расмий Нур-Султан кандай көз караш менен көрөт деген суроого кеңири пикир берди.

«Биздин ушул убакытка чейин болуп келген мамилелерибиз көзгө көрүнөрлүк болгон эмес.Өзбекстандын президенти иш сапары менен Казакстанга келип же Кыргызстанга барат деп ойлогон да эмеспиз.  Азыр болсо, биздин элдерибиз тыгыз байланышып,  кызматташтык өнүгүп жаткандыгына биз абдан кубанып жатабз.  Мисал катары сандарды айта кетейин: 2018-жылдын ичинде биздин байланыштар жана өз ара иш сапарлардын арты менен товар айлануу 18% көбөйдү. Бул активдүү өз арар иштешүү болуп жаткандыгынан кабар берет. Ал эми эгерде биз иштеше турган болсок, демек соода болот, эгерде соода болсо, биздин жарандарыбыздын жашоосу жакшырат.  Бул процесстердин башатын Өзбекстандын жаңы президенти урматтуу Шавкат Мирзиёевдин ачыктыгы, анын Борбор Азияда жүргүзө баштаган саясаты салды»,-деп баштады Уалихан Амирханович.

Ал ошондой эле 15-мартта Астанада Борбор Азия мамлекет башчыларынын Саммити өткөндүгүн жана ага Түркмөнстандын президентинен башка баардык өлкө башчылар катышкандыгын кошумчалады.

«Бүгүн мен көшөгөнү ачып, өлкө башчылар эң биринчи кезекте биздин мамлекеттер арасындагы өз ара иштетүүнү жакшыртып, кызматташуунун бекемдеп, бири-бирибизге жолдорду ачып, көзөмөл өткөрүүчү пункттар үстүндө иш алып баруу керектиги тууралуу сөз кылышты деп айта алам. Борбордук Азия- колунда бар регион.  Жана ойлоно турган болсок, бизге товарларды чет жактан сатып алуунун кереги жок, анткени аларды 150 чакырым гана алыстыкта жайгашкан коңшуларыбыз чыгарыт. Мамлекет башчылар ортосундагы сөз ушул тууралуу болду»-деди Тореханов мырза.

Анын айтымында, биздин регион бекеринен Борбор Азия деп аталбайт, анткени биз чындыгында эле баардык транзиттик маршруттардын чок ортосунда жайгашканбыз.  Жана өлкө башчылардын жоолугушуусунун алкагында батыш менен чыгышты, түндүк менен түштүктү бириктире турган  ыңгайлуу инфраструктуралык байланышты түзүү абзелдиги тууралуу дагы сөз болду.

«Бул инфраструктуралык долбоорлорго түрткү берүү тууралуу сөз болу,- деп белгиледи мамлекеттик аткаминер. Нечен кылымдан бери жол болсо ачка калбайсың деп эсептелинген. Ошон үчүн, эгерде өлкөлөрдү бириктирген чоң жолдор, транзит болсо, андан бизнес өнүктүрүп, транспорттон баштап тейлөө тармагын, мейманкаларды же кафелерди салып, ар дайым пайда тапса болот. Биргелешкен күчтөр менен биз жарандарыбызга жакшы жашоо камсыздап беришибиз керек,  анткени кыйын жагдайлар пайда болгон чек ара аймактардагылар ар дайым азап тартып келишкен. Тууганы каза болгондо чек ара тоскоолдуктарынын айынан коңшу мамлекетке келип, маркумду акыркы сапарга узата албай калаган жарандар канча.  Бул жакынкы убакытка чейин өтө кайгылуу көрүнүш болуп келген. Ал эми бүгүнкү күндө болсо биздин кызматташтык активдүү өнүгүп жатат.

Мүлк-акча-мүлк

Уалихан Амирхановичтин айтымы боюнча, Казакстандын Өзбекстан менен кызматташуусу жакшы өнүгүп жатат. Былтыркы жылы товар алмашуу үч миллиард доллардан ашкан. Тажикстан менен болгон товар алмашуу дагы бир топ жогорулаган- дээрлик 860 миллион долларга чейин. Кыргызстан менен Казакстандын товар алмашуусу 865 миллион долларды түзгөн.

«Алдыбызга коюлган маселе так аныкталган: 2020-жылга Кыргызстан жана Тажикстан менен товар алмашууну бир миллиардга, ал эми Өзбекстан менен товар алмашууну беш миллиардга жеткирүү. Өзбекстан менен болгон товар алмашуунун санынын көптүгү рыноктун чоңдугу жана калкты көптүгү менен аныкталган»,-деп түшүндүрдү Тореханов мырза.

Аймактык көйгөйлөр жөнүндө

Борбор Азиядагы кызматташтык тууралуу айтып жатып, Тореханов бул биримдикте улуусу да, кичүү да жок экендигин билдирип, баардык мамлекеттер тең экендигин белгиледи. Жана бул нерсе өз ара иштешүүгө негиз болушу керек.

«Борбор Азияда бир катар көйгөйлөр бар- бул өйдө жана төмөн жактагы өлкөлөрдүн алакалары.  Бүгүнкү күндө Тажикстан менен Түркмөнстанда суу колдонуу тармагында кандай чыңалган алакалар түзүлгөндүгүн көрүп жатабыз. Жана Казакстан Кыргызстан менен дагы тил табышып, жалпы кызыкчылыктарды издеп жатат»,-деп белгиледи Уалихан Амирханович. – Казакстан үчүн бир нерсе гана анык:  биздин баардык алакаларыбызды түздөй турган бирдиктүү документ кабыл алынмайынча, биз бул маселеден жыла албайбыз. Биздин суу боюнча мекемелерибиз бизге кандай жолдор аркылуу иш жүргүзүүнү көрсөткөн, кандайдыр бир жалпы бирдиктүү документти иштеп чыгышы абзел. Төмөн жактагы өлкөлөр турган ГЭСтерди оңдоп-түзөөгө каражат жумшап, бизге керек суунун көлөмүн алышы керек экендиги көрүнүп турат. Буга чейин бизде Кыргызстан менен жакшы кызматташуу болуп келген, кышында алар бизден электр энергиясын алып, ал эми жайында болсо биз алардан суу алып. Биз Аллах берген табигый байлыктарды сыйлап, бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, жардам беришибиз керек».

Бир сөз менен айтканда, биздин өлкөлөр арасындагы сүйлөшүүдөрдө эң оор жагы суу кодонуу жана энергетика маселелери боло тургандыгы түшүнүктүү.

-Борбор Азияда Евро Биримдиги сыяктуу интеграция мүмкүнбү?- деп кызыгышты журналисттер.

-Бул абдан көп ойлонууну талап кылган маселе, анткени Европада негизинен бирдиктүү өкмөт, бирдиктүү валюта, баардык Европаны экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамиле кылуу орногон. Ошондуктан, биз Евро Биримдиги тууралуу айтып жаткан түшүнүк ЕАЭБде да жок. Анткени биз евразиялык интеграцияга жалаң гана экономикалык пайда жактан гана карайбыз, анда эч кандай саясат жана гуманитардык мселелер каралбайт. Борбордук Азия тууралуу айта турган болсок,  бул нерсенин үстүндө иш алып баруу керек,  биз канча убакыттан кийин өз ара иштетүүнүн жаңы форматтарына жете аларыбызды айтуу оор. Бирок биз бар нерсеге ыраазыбыз деп айта алам. Бирок интеграцияга мамлекеттердин өздүк даярдыгы болушу керек. Билишимче, бүгүнкү күндө Өзбекстан интеграциянын тереңдешин алгылыктуу деп эсептебейт. Тажикстандын дагы өз көз караштары бар. Түркмөнстанда болсо нейтралитет тууралуу Конституциялык мыйзамда жазылаган. Тагыраак айтканда, мындай нерселерге ар бир өлкөнүн өз көз караштары бар. Биз Кыргызстан менен гана Евразиялык экономикалык биримдикте турабыз. Жана ал эртеңки күнү биздин аймактык коңшуларыбыздын экономикалык өз ара иштетүүсү менен канчалык деңгээлде байланышаарын айтуу өтө оор.

-Сиз борбор калаанын атынын өзгөрүшүнө кандай карайсыз?

-Бул маселе эки жумадан бери казак коомунун баардык катмарларында кызуу талкууланууда. Менин оюмча, бул туура, анткени биздин биринчи ажобуздун ролу абдан зор.  Иштин маңызына карасак,  бул шаарды ал куруп, өз убагында Астана деп атаган. Жана жооп катары шаарга анын ысымын берсек эмне болмок эле? Аны айта турган болсок, Джордж Вашингтондун атынын Вашингтон шаары жана башкалар коюлган да. Биз үчүн бул сыймык жана кубаныч. Биз борброр калаабыз менен абдан сыймыктанабыз, кээ бирлер казактар мактанганды жакшы көрүшөт деп айтып коюшат го.  Кээде тигини жасадык, муну жасадык деп айтып мактанганды жакшы көрөбүз. (Күлүп- ред.). Ошондуктан бизге меймандар келгенде биз ар дайым кубанычтабыз. Биз ата-энебиз даамдуу тамак-ашты, таттууларды коноктор үчүн сактап койгон муундун балдарыбыз. Бул биздин каныбызда бар. Азыркыга чейин меймандарга жакшы жерлерди гана көрсөтүп, жакшы даамдарды гана дасторконго коебуз.

-Казакстанда биринчи жолу бийлик алмашты. Бизде Кыргызстанда жаңы президент келген сайын саясий элита дагы, мамлекеттик аткаминерлердин аппараты дагы өзгөрөт. Казакстанда мамлекет башчынын алмашуусуна байланыштуу кандайдыр бир өзгөрүүлөр болобу?

-Жок, буга байланыштуу эч кандай кыйынчылыктар байкалган жери жок. Бизде  өкмөт дагы, саясий элита дагы түп тамыры менен алмашкан. Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөргө Казакстан ар дайым түшүнүү менен мамиле кылып келген. Кыргызстандын учурдагы дагы, мурунку дагы саясий элитасы бизге жакшы тааныш. Биз кыргыздар менен дагы, өзбектер, тажиктер менен дагы көптөн бери тыгыз байланышта болуп, туугандардай болуп калганбыз. Биз оппозициянын өкүлдөрү менен дагы таанышпыз. Кыргызстанда шайлоо болоору менен биз дароо байланышка чыгып, мамиле курабыз. Чын айтайын, ар бир бийлик сайын биздин мамилелерибиз жакшырып келе жатат.

Атамбаевдин учурунда кээ бир кыйынчылыктар болгон, бирок анда да биз кырдаалды курчутпай, чек араны атайлап жапкандыгыбыз тууралуу айыптарга жооп кайтарбаганга аракет кылганбыз. Чек араны биз эч качан жөн жерден жапкан эмеспиз. Бирок, сиздер билесиздер, эгерде Борбор Азия мамлекеттеринде кандайдыр бир революциялык окуялар болуп жатса, баары бир коңшу мамлекет ал жерге кылмыштуу элементтер кирип кетпеши үчүн чек араларын жабат. 2010-жылы Ошто кайгылуу окуялар болгондо Өзбекстан дагы чек араны жапкан. Ал учурда качкындар да болгон жана Ислам Абдуганиевич Каримов, акылдуулугун көрсөтүп, чек араны ачып, дээрлик 80 миң адамды киргизген.  Алар Андижан жана Намнган облустарында курулган лагерлерде  түнөк таап, ал окуялар аяктаганча ошол жерде болгондорун мен дагы да эстейм. Бирок Өзбекстан менен чек арадагы көзөмөл өтө катуу болчу. Ошондуктан Атамбаевдин ушундай айыптарына карабастан, биз өкмөт менен жакшы иштешкенбиз, жада калса товар алмашуу дагы өскөн. Биздин адамдар Ысык-Көлгө барып турушкан.

-Ар дайым кош келиңиздер! Казакстандагы саясий өзгөрүүлөргө байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига кийинки өлкө башчы болушу мүмкүнбү? Жана сиз аял киши президент болушуна кандай карайсыз?

-Мен биздин Борбор Азиядагы айымдардай сулуулар жок деп эсептейм жана ар дайым эсептеп келгем, баары ушундай ойлошсо дейм. Биздин айымдар кайсы улутта болбосун, ар дайым жөнөкөй, жылдыздуу жана мээримдүү. Бирок мен үчүн ички саясат боюнча прогноз жүргүзүү абдан оор. Баары президенттикке ким таларкер болгонунан көз каранды. Теориялык жактан айтсам, аял киши президент болсо эч нерсе болбойт, анткени биздин айымдар акылдуу. Мисал келтире алам,  биздин ТИМде 40% айымдар эмгектенет.  Жана айымдардын көзүнчө мырзалар ар дайым жакшы жыйынтык көрсөтүп, мыкты иштеп, өзгөрүүгө аракет кылышат. Аял киши ар дайым тартипке салып турат. Анын үстүнө биздин казак жана кыргыз айымдары көчмөнчүлүк шартта жашап, жүзүн жашырбай, эркектер менен тең ат чаптырып жүрүшкөн. Тагыраак айтканда, бизде аял киши ар дайым эркек киши менен тең туруп, сый-урматка ээ болгон. Анын үстүнө, Борбор Азияда президент-айым болгон, бул- Роза Отунбаева.

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине