Эмне үчүн Борбордук Азияда Кытайдын “Бир алкак, бир жол” долбоору менен иш дурус эмес?

12:38, 14 Декабря 2018

Бул жөнөкөй суроого Бишкекте “Байланыштыруучу Евразия: Борбордук Азия үчүн ролу?” аттуу эл аралык форумга  Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Орусия, Германия жана Кытайдан келген  эксперттер жооп берүүго аракет кылышты. Иш чара Бишкекте Жибек жолунун экономикалык программаларын жана долбоорлорун колдоо боюнча аналитикалык жана эксперттик борбору менен Фридрих Эберт атындагы немис фондунун биргелешүүсүндө уюштурулган.

Германия ЕБ - Борбор Азия - Кытай багытында “Бир алкак, бир жол” долбооруна кызыгуу арттырууда. Ар бир тараптын Кытай менен кызматташуудан күткөнү бар, бирок ал күтүүлөр дайыма эле актала бербейт, ачуу көңүл калуулар дагы болот. Ошондуктан сүйлөшүүлөр ачык айкын, кээ бир жерлеринде провакациялуу дагы болду. Докладчылардын көбүнчөсү бир нерсеге чогу токтолушту: КЭР төрагасы Си Цзинпин Боробор Азияда реализациялап жаткан персоналдык долбоор ачыгын айтканда, аксап жатат.

Кытай боюнча кадыр-барктуу эксперттеринин бири, Казакстандын саясий илимдеринин доктору Константин Сыроежкин аталган региондо кытайлык долбоорлордун аткарылышына таасир берген факторлорду атап өттү. Биринчиден, бул Кытайдан көз каранды болуп калуудан коркуу. Азыркы учурда, “реанимацияда” мамлекеттик сырткы карызынын 56% Кытайга туура келген Тажикстан жана 44,7% карызы бар Кыргызстан жатат. Шарттуу түрдө айтсак, корридордо казактар менен түркмөндөр турат. Бул көйгөй менен байланышкан дилемма оңой - эгерде өлкө карызын төлөп бере албаса, Кытай кантип жооп берет? Ал карызды ресурстар менен төлөөгө же андан жаманы, эгемендүүлүктөн баш тартууну талап кылбайбы? Кандай болгондо да, акыркы күндөрү, эксперттер арасында бул суроо дал ушундай коюлууда” – деп билдирди Сыроежкин.  Кыргызстан мындай кырдаалга бир нече жолу туш болгон. Анда Кытай кендердин ордуна инвестиция сунуштаган. Эске салсак, Акаевдин бийликтен алуу кыймылынын козголушуна Нарындагы жердин Кытайга өткөрүлүшү түрткү болгон.

Сүрөттө: Константин Сыроежкин 

Ушундай эле ойду конференциянын башка катышуучусу, “Перспектива” аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев билдирди. Анын айтымында, жогорку карыздык көз карандылык, “аймак менен төлөө” коркунучу, өлкөгө эч пайдасыз кен байлыктын чыгарулуусу, экологиялык көйгөйлөр жана демографиялык экспансия -  бул нерселердин баары Кыргызстандагы Кытайдын долбоорлорунун аткарулуусуна таасир берүүдө.

“Акыркы он жылда Кыргызстандын Кытай алдындагы карызы 2008-жылкы 9 миллион доллардан 1,7 миллиард долларга чейин, башкача айтканда 190 эсеге көбөйгөн! Азыр болсо Кыргызстандын сырткы карызынын жалпы көлөмүнүн 40% ашууну кытайларга таандык. Мындан улам Кыргызстандын өкмөтү өзүнө чектөө коюуга аргасыз болгон. Ага ылайык, бир кредитордун алдындагы карыз жалпы мамлекеттик карыздын 50% ашпашы керек,” – деп белгиледи Валентин Богатырев.

Сүрөттө: Валентин Богатырев

Экинчиден, Кытай өкмөтү кандай бир белгилүү өлкөлөргө гана кызматташууну сунуштайт, анын ордуна улуттук көз карашта өтө күмөндүү көрүнгһн макулдашууларга кол коюлат. Өзүбүздүн ызы-чууларыбызды кантип унутабыз? Кытайдын кредити менен байланышкан чатак, ЖЭБдин реконструкциясы, кытайлык тоо кен иштетүүчү ишканалар менен болгон уруштар, облусттар арасында салынуучу жолдор боюнча бүтпөс чатак жана “Джунда” нефти иштетүүчү ишканасынын тегерегиндеги түшүнүксүз кырдаал.

Кытайдан келчү темир жол эмне болду?

Ошондой эле эксперт Кытай менен бекитилип жаткан макулдашуулардын таза эместигине дагы көңүл бурду. Анын айтымында, коммерциялык купуяга шилтемеленген ар бир сырдын эч кандай негизи жок, анткени кредиттин баары кытай өкмөтүнүн мамлекеттик кепилдиги алдында берилет. Ачык булактарда кытай тарап менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан долбоор жөнүндө эч кандай конкреттүү маалымат табуу мүмкүн эмес.

Биздин өлкө тууралуу айтсак, Кыргызстан аркылуу өтүүчү Кытайдан Өзбекстанга кеткен темир жолу жөнүндө маалыматты таап көргүлө. Жыл башынан бери Ташкентте, Пекинде жана балким, Бишкекте бир нече эксперттик жолугушуулар болгон, бирок такталган эч кандай маалымат жок, бир гана бир жыл мурун 27-декабрда чыккан кабар бар. Мисалы, былтыр Ташкентте өткөн жолугушууда тараптар апрелде маршрутту аныктап,августта  долбоордун техникалык-экономикалык негизин тандап, ал эми жылдын акырына чейин каржы маселесин чечүүнү сүйлөшкөн. Азыр декабрь айы, ал эми аталган долбоор боюнча эч кандай маалымат али жок. Эксперттер эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн, алар кандай деңгээлде өткөрүлгөнүн биз билбейбиз,  бирок сөз Кытайдан Фергана аркылуу Борбор Азияга кетчү жолдун курулушу жөнүндө болуп жатпайбы.

Башка себертер катары доктор Сыроежкин  идустриялык тармакта аткарылчу долбоолордун тизмесиндеги туруктуулуктун жоктугун жана аткарылып жаткан кээ бир долбоорлордун өтө бийик бааларын атады. “Бул көйгөйлөр эмне жөнүндө айтып жатат? Бир жагынан, аткарылчу кытай долбоорлорунун ичиндеги коррупция өтө чоң экендигин, экинчи жагынан аталган долбоорлордун техникалык-экономикалык жагынан жетиштүү деңгээлде даярдыгы жоктугун” – деп билдирди казак эксперти.

Жибек жолунун кытайча PRы

Форумда эксперттер “Бир алкак, бир жол” идеясынын алкагында аткарылчу долбоорлордун PR коштоосуна дагы көңүл бурушту. Казакстандык эксперттин айтымында, Кытайда жана Борбор Азияда аталган долбоорду изилдөөчү жана анализдөөчү борборлор бар болгону менен, кандайдыр бир тобокелдер жана коркунучтар алардын кызматынан тышкары жакта калууда.

Эгерде Кыргызстанды алып карай турган болсок, абал анча жакшы эмес. Аталган кытай борборлору, анын ичинде ЖОЖдордогу, ишмердүүлүгүн өз алдынча жүргүзүп, эч кандай маалыматык иш алып барбайт. Мисалы, “Синьхуа” агенттиги тарабынан негиздилген жума сайын 20 миң экземплярда басылып чыгуучу “Жибек Жолу” гезитин басып чыгаруу боюнча түшүнүксүз долбоорду алсак. Аталган басылма жалаң “кытай борборлорунда” гана тараган, кээ бир учурларда аны мейманканалардан жана аэропорттордон көрүүгө болот. Маселе башкада: бул гезит эмне жөнүндө жазат, ал кандай максат менен пайда болду эле? Кытай – кыргыз кызматташтыгын бекемдеп, “Бир алкак, бир жол” долбоорун түшүндүрүү үчүн болсо керек. Аталган медиа-долбоордун потенциалы анын жетекчилигинин кесипкөйлүгү жоктугунан колдонулбай калганын биз көрүп жатпайбызбы. Эгерде редакторлор же орус, же кыргыз тилин билишпесе, бул ишти кантип жургузушот? Жана буга окшогон медиа-долбоорлор коңшу өлкөлөрдө дагы азы эмес.

Эмне үчүн кытай компанияларына негативдүү мамиле болууда?

“Перспектива” аналитикалык конорциумунун жетекчиси Валентин Богатыревдун баамында, өкөдө кен байлыктарын изилдөө жана ишетүү менен алектенген чет элдик, алардын көбүн кытай  ишканаларын эл  өлкөнү тоноп жаткан уурулардай эле көрүшөт.

Кыргызстанда тоо кен иштетүүчү ишканалардын 80% кытайлыктар түзөт. Ошондуктан алар жергиликтүү калк нааразычылыгын көрсөткөндө, чыр-чатактын чородонуна эң көп туш болушат. Бул жерде Тогуз-Тородо, Чоң-Алайда, Чаткалда, Кеминде болгон окуяларды атабай кетсек болбойт.

“Кытай ишканалары бизнести башкача эрежелер менен жүргүзөт, алар экономикалык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын эсептөөчү эч кандай отчетторду беришпейт. Бул нерсе аларга болгон шектенүүнү пайда кылат, бул кадамы менен алар өлкөдөн салык төлөбөй, жалган көрсөткүчтөр менен көбүрөөк кен алып чыгып жаткандай көрүнөт” – дейт Валентин Богатырев.

Эксперттердин ою боюнча, жалгыз гана кен иштетүү эмес, жөн гана кытай компанияларынын жерди ээлеши дагы нааразычылык туудурат. Бирок эксперттер конфликттин башка себептерин дагы бар экенин айтышкан. Мисалы, жергиликтүү калк иштеп жаткан ишканадан болушунча көп дивидент алууну көздөйт, атыгүл алар мыйзамда каралбаса дагы.

“Кытай ишканалары, жумушчулардын 90% жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн алынат деген сөзүнө турган жок. Муну алар кыргызстандыктардын арасында квалификацияланган жумушчу күчтүн жоктугу менен түшүндүрүштү. Албетте, кээ бир учурларда бул аргументтин негизи бар деп айта алабыз. Бирок, көбүнчө, себеп таыр башка нерседе жатат. Кытай жумушчулары жергиликтүүлөргө караганда бир топ арзан жана чыдамкай. Алар менен тартип тууралуу маселелер бат чеилет, анткени алардын мыйзам боюнча чектөөлөрү бар,” – деп белгилейт Валентин Богатырев. 

Бул кырдаалдан чыгуу үчүн “Бир алкак, бир жол” программасынын алкагындагы жогорку технологиялык ситемалар менен иштөө үчүн адистердин улуттук корпусун түзүү керек. “Балким, ошондо биз ЖЭБдин реконструкциясына окшогон кырдаалдарга туш болбойбуз. Айта кетсек, ал жерде эксплуатациялоо боюнча билимдүү адистерди даярдоо маселеси али курч турат, кийин дагы авария болсо биз Кытай менен биздин коррупционерлерди эле көнөөлөй бербейбизда” – дейт Богатырев.

Эксперттердин байкоолоруна ылайык, “Бир алкак, бир жол” долбоору негизинен жолдордун курулушу менен байланыштуу, жөнөкөй инфраструктуралык долбоор катары кабыл алынууда. “Жибек жолу- жөн гана жолдор эмес, ал маданияттар аралык, цивилизациялар арасындагы коммуникация. Аталган программа берип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү биз өлкөнү жөн гана регионалдык-аймактык эмес, глобалдык, трансулуттук  жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн колдонушубуз керек” – деп чакырат эксперт Валентин Богатырев.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине