Кундуз Жолдубаева: Вертолеттор менен Сомали жөнүндөгү жаңжал фактыларды абийирсиз бурмалоодон жана атайын жашыруудан келип чыккан

17:39, 18 Июня 2018

«Вертолеттор менен Сомали жөнүндөгү жаңжал фактыларды абийирсиз бурмалоодон жана атайын жашыруудан келип чыккан. Маңызында бул «өтө чеберлик» менен жасалчу алдамчылык, - деп билдирди ЖМКдагы кыргыз аскер вертолетторун Сомалиге ишке ашпай калган жөнөтүү боюнча буйрукка ошондогу президент Алмазбек Атамбаев кол койгон деген маалыматтарга түшүндүрмө берген КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева. – Биринчиден, бул Башкы штабдын демилгеси болгон. Экинчиден, ал ошол бойдон ишке ашкан эмес. Вертолеттор Кыргызстанда калган. Мында башкы максат мамлекеттик каражаттарды ири өлчөмдө уурдаганы үчүн кызматынан алынган мурдагы коргоо министрине (Кудайбердиев А.А.) шилтеме жасоо менен кайра эле экс-президенттин беделине көө жабуу экендиги түшүнүктүү.

Адегенде Башкы штабдын ошо кездеги начальниги генерал А.Т. Алымкожоев эмненин негизинде мындай демилге көтөргөнүн такташ керек эле. Мындай сунуш эмнеден улам келип чыккан? Анткени мамлекет Башчысы чечим кабыл алып жатканда дайыма тийиштүү органдардын берген негиздемелерине жана сунуштарына таянат эмеспи.

Мындан тышкары, кабарларда келишимдин ишке ашпай калгандыгы жана жыйынтыгында вертолеттердун Кыргызстандан чыкпаганы туурасында үстүртөн гана айтылган.

Тилекке каршы, биз экс-президентти жана анын айланасындагы адамдарды жаманатты кылууну атайын максат кылган кампания менен биринчи жолу кездешип жаткан жерибиз жок, жана жогорудагы макалалар – экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атына көө жабуунун гана аракети экенин расмий түрдө билдиребиз".  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине