Жалган - маалыматтык согуштун күзгүсү катары

14:24, 29 Апреля 2015

Бекеринен, маалыматык согушта чындыкты айткан адам утулат деп айтылбаса керек. Анткени ал чындык менен гана чектелген, ал эми калпычы каалаганынын баарын айта берет. 

Акыркы мезгилде ЖМК ларда мамлекет башчысы, Алмазбек Атамбаевди ачыктан ачык жамандоо күч ала баштады.  Бул эмне үчүн ушундай болуп жатат, калп кайда да чындык кайда, бул кимге пайдалуу? Териштирүүгө аракет кылып көрөлү.

«Компромат»

  «Компромат» эмнеден турат? Негизги пункттар бир нече. Баарынан көп тараган маалымат – сөз эркиндигинин артынан сая түшүп жатат жана башкача ойлонгондорду куугунтуктады деген кыйкырыктар.

Ушунун баарын жок кылууга бир гана суроо жетмек: Эгер сөз эркиндиги жок болгондо, президенттин атына жалгыз гана сын эмес, кордоо сөздөрү да басма сөз беттеринде жана социалдык тармактарда кантип чыгып жатат? Б.а. акылдуу адамдын көз карашынан алып караганда, эгер бийликтин дарегине ЖМКда сын камтыган маалымат жарык көрсө, демек, сөз эркиндиги бар.  Бирок маалыматтык согуштун убагында ойлонуу менен логикага орун жок калат. Ошондуктан, коомдун бир бөлүгү кыйкырып жүргөн журналисттер менен коомдук ишмерлерди чын эле кысымга алып жаткан экен деп, ишенип башташат. Келгиле, кандай кысып жатканын карап көрөлү. Көрсө, бул кысым мамлекет башчысынын эл алдында кыргызстандык журналисттердин сапаттуу эмес ишине нааразы болгондугу менен берилип жатыптыр. Дагы, бул кысым бийликти колдогон журналисттердин бар экендигинде, ал гана эмес ооз ачып сүйлөй алгандыгында экен. Дагы, куугунтуктоо бийликтин айрым басылмалардагы  чырмалышкан сот иштерине ( коммерциялык) кийлигишпей койгону менен да билинип жатыптыр.  Анда кандай, кийлигишип, басылмаларга болушушу керек беле? Айтор, жөн гана сандырактык, бирок бул басылма ээсинин жон терисин байкап көргөндө, ишти акыл менен алып баруусунда кимдин кандай иши бар?

Куугунтуктоолор, кээде сабоолор менен өлтүрүп салуулар чын эле болуп келген бакиевдик режим убагында  азыркы сөз эркиндиги үчүн жаны ачып, кыйкырып чыккандар шыпыргынын алдындагы чычкандарга окшоп, тынч эле отурушкан. Же тынч европа өлкөлөрүнүн диломаттык ыңгайлуу отургучтарында чалкалап, болбосо Бакиевдердин үй-бүлөсүнө иштеп жатышкан. Ишенбейсиңерби?  «Сөз эркиндиги үчүн күрөшүүчүлөрдүн» фамилиясын алгыла да, алардын беш жыл мурдагы чыгармачылыгы туурасында Интернеттен издеп көргүлөчү. 

Кара пиардын экинчи маалыматтык шылтоосу – президенттин алкоголдук көз карандылыгы туурасындагы уламыш. Бир белгилүү журналист, президент ага өзүнүн  аракечтиги  туурасында мойнуна алгандыгына чейин айтып берген, «2005-жылы Аскар Акаевдин качып кеткенин майлашкан» деп тамашалаган.  Мындай корутундунун өзүнө комментарий берүү да күлкүлүү, бирок, кимдир  бирөө муну таптаза чындык катары кабыл алып жатышат, эмнеге? Анткени, макаланын эң башында мен маалыматтык согуштун эрежелери туурасында жазган элем.  Тезис канчалык акылсыз сандырак болсо, ага ошончолук бат ишенишет.  Эгер сен таптакыр ичпеген киши же оорулуу эмес болсоң, анда аракечсиң. Далилденген. Бирок мындай ойлонуп отурсак, анда өлкөдө,деги эле дүйнөдө аракеч эместер таптакыр жок го. Бирок, бул кимдин башын оорутмак эле? 

Башка далилдер: сүрөттөр, көргөндөрдүн айткандары жана дагы башкалар буларда жок, анын кереги да болбосо керек.  Маалыматтык согуш чыныгы далилдерди алып, эл алдына көргөзүү үчүн эмес.

Атамбаевдин дарегине айыптоолор топтолгон үчүнчү пункт – калктын жашоо деңгээли жана чечилбеген маселелердин көптүгү. Өлкөдөгү стабилдүүлүк жетишкендик катары эсептелбейт ( кебетеси, көп журналисттер өлкөдөгү толкунду күтүп жатышса керек, бир нерсе болсо так ошолор жашынып жата калышат да), дипломатиялык ийгиликтерди шылдыңдап жатышат, бүт мамлекеттерди каптап, миллиондогон элдин байлыгынан кол жуудуруп жаткан жалпы дүйнөлүк кризис эске алынган да жок.  Чындык үчүн күрөшкөндөр, ал таптакыр жок сыяктуу түр көргөзүшүүдө, ал эми Кыргызстандыктар үчүн жалгыз Атамбаев жоопкерчиликте. Бул бөлүгүндө болгону фактыларды бурмалоо орун алууда, бул да маалыматтык согуштун кеңири жайылган шайманы. 

Эч ким президентти идеалдуу, баары укмуш жана биз сонун жашап жатабыз  деген жок. Болгону сын бар, анан маалыматтык согуш бар. Биздин учурда бардык белгилер акыркысына туш келип жатат.

Кимге пайдалуу?

«Чындык үчүн күрөшкөндөрдүн»  тобу ар кылдуу. Элдин мотивдери бир нече. 

Биринчи топ – бул реваншчылардын коммерциялык өнөктөштөрү. Б.а. бардыгы өтө эле жөнөкөй. Өлкөнүн мурдагы «кожоюндары»  менен алардын жакындары төлөп жатышат, журналисттер жазып жатышат, редакторлор аларды жайгаштырып жатат, эч кандай сыйкыр жок, болгону колдордун эпчилдиги. Ушул жерден бийликти сындап,жамандап (кээде кордоп) жаткан, акчаларды кампайта чөнтөккө салган авторлорду бирден санап чыккым келип,  бул азгырыктан араң кармалып турган кез.  Буларды аныктоочу мотивдер өтө көп.

Аз сандагы экинчи топ өзүн оппозияция деп эсептеген  лидерлери тарабынан акча алгандар. Так ушундай, анткени, президенттин кайсы бир чечими менен макул эмес белгилүү, көрүнүктүү саясатчылар өздөрүн мындай алып жүрүшпөйт. Мисалга, белгилүү саясатчылардын катарында кыйыр иш алып барып жүрүп, алардын арсеналында мындай бузукулук кылчулар жок экендигине өзүм ынандым. Мындай  кыйшак  «чаптамаларды» шыбоо өз беделин куруп алгандардын адаты эмес. Жада калса, оозу кыйшыктын баары шылдыңдап күлгөн Өмүрбек Абдрахманов да өзүнүн билдирүүлөрүн, башка бир журналистти жалдап отурбай өзү айтууну артык көрөт.  Башка сөз менен айтканда, маалыматтык планда өзүнүн туура эместиги менен жабыркабаган саясатчылар бизде көп. Ал эми жаштар – тилекке каршы, андай эмес. Айрымдарында  ушундай да бар. 

Үчүнчү,  саны көп топ – жергилиткүү журналисттик Олимптин жазмакер жаштары менен мэтрлери, алар чыныгы журналист бийликти «тытып»  турушу керек деп эсептешет, болбосо ал журналист эмес. Мурунку убактарда  бул топ унчукпай турган, анткени «профессионалдык милдетин» аткарып жатып,  чекесине ок жеши мүмкүн болчу,  эми  болсо өзүнүн   «чынчылдыгын» көргөзүп жатат, анткени аны аткаруу менен ага жаман эч нерсе болбосун даана билет. Айрымдары ушундай жол менен өздөрүнүн атын чыгаргысы келет, өзүн эч нерседен коркпогон катары көргөзгүсү келет, ал эми айрымдары батыш укук коргоочуларынын алдында мактаныч менен ачыктан ачык мактанып жатышат. Айрымдары алыстан, океандын ары жагынан саясий качкын макамын алуу максатын жашырып да коюшкан жок. Алар туурасында эмне айтмаксың?  Айта турган сөз да жок....

Журналисттердин дагы бир тобу – бул  «редакциялык саясатка» ылайык иш алып барган кызматкерлер, анткени ЖМК ларда өз көйгөйлөрүн маалыматтык ресурсун толугу менен пайдалануу аркылуу чечүүгө көнүп калышкан. Б.а. юридикалык кырсыктарга туш болгондон кийин, ЖМКнын кожоюндары өзүнө коомдук пикирди тартуу үчүн бардык ыкмаларды колдоно башташат. Алардын мотиви ачык эле көрүнүп тургандай, бирок аудитория бардык жамандоолорго жан дили менен ишенет да, эч кандай далил талап кылбайт.

Айтылгандардан  чыгарылган жыйынтык, тилекке каршы, көңүл жубатарлык эмес. Биз жамандоого дароо ишенебиз, ал маалыматтарды талдап көрүүгө аракет да кылбайбыз, далилдерди күтүп отурбайбыз, анткени биз  келип түшкөн маалыматты талдаганга көнгөн эмеспиз. Бул адатыбызды пайдаланышып, бизди бир нече жолу колдонуп да кетишти, бирок ал тажрыйба эч кимди эч нерсеге үйрөткөн жок. Өкүнүчтүү. Бирок, кандай гана кайгылуу болбосун, ушундай... 

Анара Юсупова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине