Бүгүнкү Польша: Евродарбазалардын артында эмне катылган?

16:12, 21 Августа 2014

Бүгүнкү Польша: Евродарбазалардын артында эмне катылган?

Кыргызстан үчүн Польша көп таанымал эмес, алыскы өлкө катары көрүнөт. Польша үчүн деле Кыргызстан дал ушундай. Учурунда социализм доорун чогуу өткөргөнүбүз менен окшоштуктарды табуу кыйын. Биринчиден, кыргыздар үчүн социализм жаңылануу жана өзгөрүү алып келсе, поляктар  ал учурду кайгы-капа,  кемсинтүү менен өткөн деп эскеришет.
Учурдун геосаясатында Германия, Франция , Улуу Британиянын катарында, Евробиримдик алкагында, Польшанын орду көп байкалбайт. Балким ошол үчүн деле биз бул байыркы батыш-славян мамлекети жөнүндө көп түшүнүгүбүз жоктур. Көпчүлүк Кыргызстандыктар  Иоанн Павел II , Рим папасын, коммунизмди ураткан Польшанын биринчи президенти Лех Валенса жана «Ирония судьбы, или с легким паром» тасмасындагы сулуу актрисалардын бири Барбара Брылсканы поляк улутунун өкүлдөрү катары таанышат эмеспи.
Ал эми  искусство чөйрөсүндө Польшаны пианист жана  композитор Фредерик Шопен менен байланыштырышат.

Музыкалык отургучтар.

Варшава көп тараптуу. Заманбап композияциядан тартып, кылым жана цивилизацияны айкалышытырган түрдүү архитектуралык стилдер кездешет. Мисалга, шаардын бир бөлүгү, Белоруссиянын борбору Минск шаарын элестетет.  Бир типтеги көп кабат үйлөр Сталин доорун эске салса, шаардын экинчи бөлүгү Пекин же Дубайдагы айнектен жана бетондон курулган хай-тек  тибиндеги заманбап имараттарга бай. Бирок, сөзссүз эски шаарды кыдыруу зарыл. Ошондо гана Европага тийиштүү эски көчөлөрдө басып, кызыл шыбак төшөлгөн аянттарды көрүүгө болот.
Экскурсия тааныштыруучунун " Варшава Дүйнөлүк экинчи согушта 90% талкаланып, 1 млн 300 миң калктын  болгону 400 миңи калган деген сөзү биз көргөн шаар менен түк  окшошпойт. Немецтердин курчоосунда калып, согуштун кыйынчылыгын тартышса да, эрк, күч-кубат табышып шаарды толугу менен ордуна келтиришкен. Бактыга жараша , согуштун алдында архитекторлор имараттардын көбүн тактап жазууга жетишкен экен, ошол кагаздардын негизинде 50- жылдардын ортосунда шаарды ордуна келтиришкен . Өтө тактык менен тургузулган имараттар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк архитектура эстеликтер тизмесине кирген.
Варшаванын көчөлөрүндө сейилдеп жүрүп аргасыздан совет учурундагы бир тамашаны эстеп кеттим анда кыскасы «Тоок куш эмес, Польша чет өлкө эмес» деген мааниде айтылчу. Кийинчирээк бул тамаша поляктарга катуу тийип, таарынышаарын байкап калдым. Аларды  да толук түшүнсө болот, себеби Варшава чындап эле Европадагы эң бир таза, кооз гүл көчөттөрү, төгөрөгү төп келген ресторандары бар шаар. Бирок баарынан да мени музыкалык отургучтар таң калтырды.  Польшанын Сейми тарабынан 2010-жыл Варшава жакын Желязова-Воля деген жерде туулган улуу композитор жана пианист Фредерик Шопендин жылы деп жаряланган. Композитордун 200 жылдыгына арналган иш чаралар аяктап, ал күндөрдөн инсандын ысымы ыйгарылган Варшава аэропорту жана да музыкалык отургучтар элес калтырат. Айтмакчы, ал отургучтарга отуруп Play деген жазууну басып көрсөңүз Шопендин чыгармаларынан уксаңыз болот.

Эстеликтерде калган тарых

Дагы поляктар эстеликтерди өтө жакшы көрүшөт. Варшавада алардын көптүгүнөн Польшанын тарыхын билүүгө болот. Биринчи монумент- падыша Сигизмунд III коллоналары . 1644-жылы тургузулган. Айтмакчы дал ушул падыша Польшаны Россия менен согушка түртүп, 1610- жылы өзүнүн аскерлери менен Москваны басып алган. Бирок  Пожарский жана Мининдей болгон элдик кошуундун мүчөлөрү тарабынан сүрүлүп чыгарылган. ( Алардын урматына Москвадагы Кызыл аянтта эстелик бар).
Ал эми Варшавадагы эң эле таанымал эстеликтердин бири бул - колунда калкан кылыч кармап турган керемет Сирена айымдын айкели. Эстелик эски шаардагы Базар аянтында турат жана анын элеси көптөгөн сувенир жана каалоо кагаздарына түшүрүлгөн.
Көптөгөн эстеликтер көзү өтүп кеткен акын-жазуучуларга, окумуштууларга жана композиторлордун урматына орнотулган.
Ошондой эле согуш учурунда фашистерге каршы тургандарга, Гетто жашоочуларына жана варшавалык еврейлерге терең урмат көрсөтүлгөн. Гитлерчилердин ырайымсыздыгын сакталып калган сандардан билсе болот: эгерде биринчи Дүйнөлүк согушка чейин Варшавада 400 миң еврей жашап келсе, 1942- жылдын июлунан сентябрына чейин Геттонун 300 миң жашоочусу жок кылынган. 1943- жылдын январында бир нече миңдеген киши биригип, жашыруун уюм түзүп, гитлерчилерге каршылык көрсөтүшкөн. Аргасыздан мындай кадамга баргандарын саналуу эле курал-жарыктары болгон, бирок ага карабай сокку уруп анан качып кетүүгө үлгүрүшкөн. 1945- жылы январда совет аскерлери Варшавага кирип барганда үйлөрдүн жер төлөөлөрүндө жашырынып жүргөн 100гө жакын гана еврейлер аман калган.
1989- жылы Красицк аянтында, Варшавадагы 1944- жылы каршылык көрсөткөндөргө арналган татыктуу эстелик орнотулган. Анда каршылык көрсөткөндөрдүн жарымы фашистер менен согушуп жатса, жарымы жер төлөөрлөргө түшүп бара жаткандыгы көрсөтүлгөн. Дагы бир эстелик 1995- жылдын сентябрында тургузулган. Ал Советтер Союзунун Польшага карата агрессиясынын 56 жылдыгына арналган. (Чынын айтканда, мени бул нерсе өтө таң калтырды. Бирок поляктар менен СССРдин мамилеси жөнүндө өзүнчө айтып берем)
Монумент Сибирдин эмгек лагерлеринде өлтүрүлгөн жана 1940- жылы Катындагы массалык кыргынга арналган. Архивдик материалдарга таянсак, Сталиндин чечимине ылайык 1940-жылдын 5- мартынан тартып 21857 поляк аттырылган. Жөн гана катардагы адамдар эмес, жалаң окумуштуу, даарыгерлер, аскер адамдары, саясатчылар дегеле Польшанын советтештирүү идеясына каршы тургандардын баардыгы жок кылынган.
Польшанын жаңы тарыхына кайрылсак, анда АКШнын президенти Роналд Рейганга арналган үч метрлик эстеликти белгилесек болот. 

2011-жылы Польшанын биринчи президенти Лех Валенса эстеликти ачып жатып " Эгерде президент Рейган болбогондо, Польша Европа дегеле дүйнө жүзү кандай болот эле деп элестетуу кыйын"- деп билдирген. Эстелик Рейгандын 100 жылдыгына карата америка элчилигинин так маңдайына орнотулган.

Эмне себептен поляктар АКШны даңкаташат

Поляктардын АКШны туу тутканы көзгө дароо илинет. Президенттик кан сарайдын так тушунда атагы алыска кеткен «Тилектештик» кыймылынын сүрөтү илинип турат. 1980- жылдардагы Гданскта башталган бул митингдердин лидери Лех Валенска, социалисттик системанын уратылышына себепкер болгон. Ал эми илинип турган сүрөттө поляк лидери эмес, америкалык актер Гарри Купер «Чак түштө» тасмасындагы шерифтин ролунда көрсөтүлгөн.

 Башкача айтканда, америкалык шериф акыйкатуулук үчүн күрөшүп, терс нерселерге каршы экендиги камтылган. Көпчүлүк Европа жана жаңы Польша үчүн терс нерселерди билдирген Россия экендигин айтып деле кереги жокко. Мен үчүн башында мындай мамиле түшүнүксүз болгон.
Бир караганда тең аталаш славян элдери....Орто кылымдагы согуш, жеңиш утулуштарды, социалисттик жашоо деле бирдей оор болгон учурларды эске алган күндө деле... Убакыт өткөн сайын мезгил алмашып жатат да...
Менин баамдашымча, Советтер Союзун андан кийин Россияны жамандыктын имериясы кылып көрсөтүүгө Польшалык Збигнев Бжезинский чоң салым кошкон. 86- жаштагы идеолог Кеннеди, Жонсон, Картердин президенттик админстрацияларында жогорку кызматтарга иштеп, ар дайым Польшанын кызыкчылыгын алдыга түртүп келген. Ал америкалыктардын Россияга каршы аракеттеринде көз карандысыз Польша эки ортодо олутуу ортомчу болоорун АКШга далилдей алган. 1980- жылдарда Збигнев Бжезинский өзү «Солидарность» кыймылын колдоп, соңунда Польшадагы коммунисттик режимдин кулашына түрткү болгон. ( Айта кетчү нерсе, менин бул боюнча суроомо экс- президент Лех Валенса буйтап, так жооп берген жок). Збигнев Бжезинскийдин түрткүсү менен Польша НАТО жана Евросоюздун мүчөсү болгон.
Бирок 25 жыл «ысык достуктан» соң, АКШ европалык бул өнөктөшүнө мамилеси бир аз сууй түшкөнү байкалат. Ошол эле учурда поляктар деле америкалыктардын эки ача кыймылдарына ирээнжий түшкөн. Польшанын «Выборча» газетасынын эл аралык баяндамачысы Бартош Велински: « Иранда химиялык курал жок экендиги далилденип, ал эми Польшада 2002- жылы террористтерди кармоочу түрмө бар экендиги билинип калгандан кийин АКШга мамиле өзгөргөндүгүн жазган. Биздин АКШга кыялданууларыбыз жок. Болгону «Кызыкчылык менен курулган үй бүлөө» катары деп түшүндүрсөк болот. АКШ бизге сунуштаган ар бир маселеде: «Биз андан эмне утабыз?» деп сурайбыз.

Еврооңдоо маселелери

Поляктардын басымдуу бөлүгү Евросоюздун мүчөсү болгонуна абдан кубанычта. Анткени, ушул жылдарда миллиардаган долларлар асмандан төгүлгөн деп айтууга негиз бар. Тийиштүү инфраструктурага жетишип, жолдорду курушуп, жаштары жапырт түрдө чет жака окууга жана көбүнчө иш менен жөнөтүп жатышат. Билимдуу, кесипкөйлөрдүн ордуна Батыш Европадан официанттан баштап карыларды же оорулуу адамдарды караган жумушчулар менен толуктап жатышат. Андыктан, өлкө цивилизацияга чоң кадам таштады деп айтса болот. Бир караганда өлкөдө баары ойдогудай, бирок Евросоюздун мүчөлүгү менен бир катар маселер да жаралды.
Польшалык агенттиктин (ПАП) жаш журналисттеринин айтымында, калк өтө эле саясатташып кеткен. Поляктар Евросоюзда эмне болуп жатканын толук түшүнүшпөйт анын үстүнө журуп жаткан саясаттка деле кийлигише алышпайт.
Каролина Цигандын айтымында: - Европарламентке шайланган депутаттар өлкөгө эч кандай пайда алып келбейт, жакшы кызмат орундарын гана ээлеп отурушат. Ошол үчүн Европарламентке болгон акыркы шайлоодо өтө төмөн көрсөткүч 23 пайыз гана шайлоочулар катышкан. Ошондой эле, жакында өткөрүлгөн изилдөөлөргө ылайык жаштар арасында  мекенчилдер кыйла азайган. Биз колдонуучулардын коомуна айланып, материалык кызыкчылыктар, улуттун сакталышы жана өлкө коопсуздугуна караганда өйдө туруп калган " - деп белгилейт Каролина Циган.
Коопсуздуктун кепилдигине НАТОнун аскерлери жооптуу болушу жаш кабарчыларды кабатырланткан жок. Юлия Потоцканын айтымында:- Аскерлердин чыгыш чек араларында турушу Россиянын агрессиясынан сактайт. Бул маселе Украинадагы акыркы окуялардан кийин көнүл чордонунда болуп калды. Эгерде Россия, кокус Польшага кол салса анда АКШга кол салган менен барабар болуп, ал учурда НАТО бизди  коргошу керек" деп кошумчалады Юлия Потоцка.
Украинаны кайра калыбына келтирүү жана евроинтеграция маселелерине жардам берүүгө поляктар даярбы? деген суроого кадимки европалыктардай: «Украиналыктарга демократия жолу оңой келген жок, ошол үчүн кайра калыбына келтирүүнү өздөрү колго алышы керек. Коңшулук эч кандай жардам болбойт. Польша тарап болгону кеңеш менен жардам беришибиз мүмкүн» деп жооп беришет.
Ошентсе да, поляктар Украина  15 жылдан кийин Евросоюздун мүчөсү болот деп ишенишет.


Кандай жалпы окшоштуктар бар?

Кыргызстан менен Польшанын аралыгы алыс жана тарых менен маданиятта да, айырмачылыктар болгонуна карабастан, эки өлкөнүн окшоштуктары кездешет. Биринчиден Польша Европанын так ортосунан орун алса Кыргызстан Борбор Азиянын ортосундагы өлкө. Социалисттик учурду чогуу өткөргөн доор. Союз ураганы Кыргызстан Польша сыяктуу өз регионунда демократиянын ордосу катары калыптанган. Болгону «тустуу революция» Польшада 1989- жылы өткөн. Бактыга жараша, бул Польшанын тарыхындагы жалгыз революция, себеби андан ары алар капитализмге багыт алып, АКШ дана Батыш Европа менен жакындашууга өткөн.
Биз кыргыздар үч революцияны башынан өткөрсөк да, башка козголуулар кайталанбайт дегенге эч кандай кепилдик жок. Союз доорунан бери биз улам бир улуу державалардан көңүлүбүз калып, көп учурда багытыбызды кескин өзгөрткөн учурлар болгон. Евросоюзга мүчө болгондон бери эки миллион поляктар өнүккөн чет мамалекеттерге иш издеп кетишкен. (Өзгөчө айлык маянасы жакшы Улуу Британияга көп кетишет). Ал эми биздин жарым миллион эмгек мигранттарыбыз Россияга кетишти.
Дагы бир окшоштук- Польшалык армия өз күчү менен чек араларын коргоого алы жетпейт, ошол үчүн НАТО аскерлеринин көбөйүшүн өтүнгөн. Биз дагы керектүү деңгээлде чек араларыбызды коргоого алыбыз жетпейт. Бул маселеде бизге каржылоо тарабынан Евросоюз менен Россия көмөктөшүп келет. Биз Кыргызстан жаңы гана евроазиялык интеграциялык аракеттерге аралаша баштадык.
Бирок Кыргызстанды Польшадан айырмалаган бир учур бар, ал Россияга жана совет дооруна болгон мамиле.
Жашыруун деле сыр эмес, бирок жашы 40тан ашып калган мекендештердин көбү пионер учурундагы бала чагын жана комсомолдук жаштыкты кусалык менен эскеришет. Анын үстүнө, көпчүлүк Кыргызстандын Бажы союзуна  киришин жана жалпысынан Россия менен экономикалык алаканын өнүгүшүнө каршы эмес. Ал эми поляктарга совет доорун эскерүү кыйноо менен барабар.

Поляктар үчүн Россия кайра артынан кетүү, кыйроо ал эми Батыш алдыга чыгуу, өнүгүү. Кыргызстандыктар үчүн бүгүнкү күндө Россиядан башка экономикалык жана саясий келечегибизди кура турган мамлекет жок. Керек болсо кээ бир коңшу өлкөлөр бүкүлүй жутуп, какап да койбойт.

Лейла Саралаева, автордун сүрөтү. 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине