Абдыганы Эркебаев: «Эгерде уруу башчылыгынан баш тартсам, акыл-эссиз маңкурт болуп калмакмын!»

15:23, 23 Декабря 2014

Кыргызстандын  Улуттук илимдер академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору академик Абдыганы Эркебаевдин наамдарына дагы тейит уруу башчылык даражасы кошулду. Өткөн күз бою өлкө коомчулугу бул окуяны  жиликтеп-устукандап, сындап эле жатып калды. Айрымдар улуттун кунары кетти десе, калгандары байыркы уруу-уруучулукка кайтып келүү катары эсептешти. Кыргыздын белгилүү уруусунун жаңы башчысы бул окуяны илимий, академиялык көз караштан чечмелейт. Биздин маек ушул тууралуу.

- Абдыганы Эркебаевич, туулуп-өскөн Тейитиңизге тез каттайсызбы?

- Тилегенимдей болсо кана, жылына бир жолу жайкы эс алуумда гана барамын. Кара-Тейит киндик каным тамган айылым. Анда өсүп-чоңойдум, мектепти бүтүрдүм. Жакындарым калбай да калды – атам эки жашымда, энем – үч жашымда көз жумган. Таекелеримден эки тууганым эле калды. Ошентсе да, жамандык-жакшылыкта, кандайдыр коогалуу иш чыкканда туулган айылыма барууга милдеттүүмүн. Мисалы, 1999-жылы Баткен окуяларында айылымды өзбек авиациясы бомбалап салганда айылдаштарыма дароо бардым. Болбосо, көп  деле каттабаймын.

- Быйылкы жайда, күз башында сизди тектештериңиз тейит уруу башчылыгына көтөргөндө айрымдар абдан катуу сындап ийишти. Уруу башчы болгонуңуз чынбы?

- Чын. Кандай гана окуя болбосун, токтоо, салмактуу карайм. Анын сыңарындай, мындай бийик даражага макул болоордон мурда баарын терең ойлонуп туруп, элдин ишенимин урматтап, жоопкерчилик менен макул болдум. Себеби, эч качан түпкүлүгүмдөн, ата-бабалардан ажыраган эмесмин.

- Ошентсе да, неге макул болдуңуз?

- Кыргыздар кырк уруудан тараганы, алардын ар биринин башында кадырман аксакалдар турганы тарыхтан маалым. Бул жалпыга белгилүү нерсе. Европалыктар бул мезгилден эбак өткөн. А биз болсок, уруу-урук  бойдон туруп эле СССРдин курамына кошулуп калдык. Совет доорунда уруу-урук мамилелерине тыюу салынгандыктан, ал мамилелер көкүрөк тереңинде кала берген. Кайра куруу башталаары менен 1986-жылы Ысык-Көл облусунун айылдарынын биринде алгач жолу санжырачылар жыйыны болуп өткөн. Ошондон баштап, ата-баба каада-салттары калыбына келтириле баштап, кишилер ата-тегин, жети атасына дейре санжыралай баштаган. Муну азыр деле ар бир кыргыз билет. Көптөгөн  саясатчылар, аткаминерлер уруу-тегим менен ишим жок деп калп эле ырыскесерленгени менен өзүлөрү тойлорго, уруу-урук жыйындарына калтырбай барып турушат.

Айырмасы, алар мындай той-жыйындарды чоң шаан-шөкөт менен борбордогу Спорт сарайында, кымбат ресторандарда жана башка белгилүү жерлерде өткөрүшөт. Ал эми менин уруулаштарым болсо, алыскы Лейлек районуна Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулуп, уруу башчысын ашыкча ызы-чуусуз көтөрүштү.

- Дал сизди уруу башчылыгына тандашканы эмнеден деп ойлойсуз?

- Жашырганда эмне, өлкөгө таанылып калган адаммын. Кыязы, тейиттерди алардын уруулашы Курманбек Бакиев аларды уятка калтырып, уруу наамына көө жаап кеткени катуу сындырган окшойт. Ошондуктан, уруу башчылыгына эми татыктуу, аты булганбаган кишини көтөрөлү дешсе керек. Андыктан, эгерде мен баш тартсам, мунун өзү аларга чыккынчылык кылганда барабар болмок.

- Курултай кандай өттү?

- Ал чогулуштай эле болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын кишилери да отурду. Мен чыгып сүйлөп: “Мурдагы мамлекеттик жана учурда аракеттеги коомдук ишмер, илимпоз-академик катары сиздердин сунушту кабыл алууну чечтим. Анткени, кыргыздардын уруучулугу – илимий феномен жана мында эч кандай саясат жок. Биз ата-тегибизди,  уруу санжырасын биле жүрүшүбүз керек. Болгону ошол. Мындан эч кандай саясат жасабаш, ар кандай саясий ураандарды алып чыкпашыбыз керек. Пенде катары  бири-бирибизди колдоп, жөлөк-таяк боло, түпкү тегибизди унутпашыбыз керек”, - дедим. Анан мисал келтирдим: “Курманбек Бакиев да тейит экен. Тилекке каршы, ал терс элес калтырды. Ошондой эле азыркы президент Алмазбек Атамбаев да биздин урууга тиешеси бар, себеби, ата-бабалары түштүктөн”.

- Уруу башчылыгын азыркы учурда кандай түшүнсөк болот?

- Учурдагы шартта мунун өзү аталма, тууганчылык жана ардактуу гана наам. Уруулаштарым салт катары турмуштагы татаал, чийеленишкен учурларда кеңеш сурап кайрылышат. Же ар кандай башаттарда, демилгелерде бата тилешет. Бул кайсы бир деңгээлдеги коомдук иш болсо да, адамдар алдында адептүүлүк жоопкерчилигин артат. Уруулаштарымдын алдында чыгып сүйлөгөндө эле биз мүлдө кыргызды ынтымакташтырууга үлгү болушубуз керектигин баса белгилегем.

- Бирок, сиз Улуттук илимдер академиясынын президенти  болуп туруп, бүтүндөй урууну башкарсаңыз, мунун өзү кыргыздарды кайрадан уруу-урукка бөлүп салбайбы, өнүгүүбүз артка кетпейби?

- Андай  болбойт. Рынок мамилелери жана демократия буга табигый жактан жол бербейт. Бүгүнкү дүйнөдө алдыга кимдир бирөөнүн урук-тууганы эмес,  демилгелүү, билимдүү, зээндүү адамдар чыгат. Ал эми демократия саясий ой-максаттардын эстүү атаандаштыгын билдирет. Андыктан, биз да өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетебиз. Болгону,  Союз убагында уруу-урук мамилелерин жасалма тыюу салынып келгендиктен, азыр баары кайрадан жанданууда. Муну жаап-жашыргандан пайда жок, бирок, ошол эле учурда мындан жапырт саясат жасоого, расмий идеология кылууга да болбойт. Тескерисинче, Кыргызстандын келечеги үчүн башка уруулардын баары менен биригүүбүз керек.

- Сиз уруу башчылыгына көтөрүлөөрүңүз менен дароо Илимдер академиясын кайра түзүү талаптары коюла баштаганы кокустукпу же туш келүүбү?

-  Илимдер академиясын кайра түзүү, ал тургай жоюу тууралуу 9 жылдан ашык айтылып келатат. Алгач бул маселе 2005-жылы көтөрүлгөн. Ошол кездеги мамкатчы Дастан Сарыгулов бизди кичи залга чогултуп, академия ушул кейпинде кереги жок деген эле. Андан бери биз маселени талкуулап келатабыз, аны өркүндөтүү, ылайыкташтыруу жана кайра түзүү концепциясын иштеп чыктык. Маселе көптөн бери козголуп, Өмүрбек Бабанов, Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башында турганда улам кайра көтөрүлгөн. Ал эми басма сөздөгү жаңы толкун мени тейит башчылыгына көтөрүшкөнү үчүн сындай баштаганда көтөрүлдү. Анан, дароо академияны эстешти. Башкача айтканда, туш келип калгандай.

- Дегинкиси, Кыргызстанга Илимдер академиясы керекпи?

- Азыркы Илимдер академиясы Кыргызстанда гана эмес, бүткүл мурдагы советтик мейкиндикте Союздагыдай кудуреттен пайдалана албай калды. Ал кезде башкача, жапырт, көп кырдуу каржылоо бар болчу, илимий экспедицияларды жөнөтүп, жабдуу, сейрек аспаптар сатып алынуучу. Эми болсо, үч гана жактан – эмгек акы, Соцфонд жана имаратты күтүү каржыланат. Биз гана эмес, коңшулардын абалы деле ушундай, баары тең сырткы кыйынчылыктардан кыйналууда. Албетте, акча жок деп академияны жоюп салыш опоңой. Бирок, анда өнөр жайыбыздын жана башка тармактарыбыздын ырысын кесип салган болобуз. Ал тургай Түркөмнстанда деле бир нече жыл мурда Сапармурад Ниязовдун буйругу менен Илимдер академиясын жоюп салышып, эми кайра калыбына келтиришти. Кыргызстандагы абалды айтсам, биздеги илим жарыбаган айлыкка да карабай мээнеттенишкен ынтызарлардын күчү менен кармалып турат.

- Биздин академиктер кандайдыр ачылыштарды жасап жатышабы? Коомго пайда келтиреби?

- Сөзсүз пайда келтиришет. Мисалы, эки жыл мурда Адыгене  көлү жээгинен чыгып, өрөөндү каптап кетүү коркунучу пайда болгондо, биздин илимпоздор иштеп чыккан чаралардын аркасы менен кыйроо болбой, Бишкек менен Чүй өрөөнүн суу каптоодон сактап калдык. Атаганат,  каржынын тартыштыгынан улам, биздин академиктер көп учурларда башка өлкөлөрдүн илимпоздору менен ашарлашып иштегенге мажбур.  Физика институтунан академик Кубанычбек Жумалиев Түштүк Кореядагы кесиптештери менен бирге көмүрдүн таза түрүн иштеп чыккан. Ал көмүр үч жылдан бери сатылууда. Кытай илимпоздору менен  биргелешип борбору түзүп, кытай жандоочторунун (спутниктеринин) аркасы менен аймактагы мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөп турабыз.

Эгемендик жылдарында тоо-кен механикасында ири эки ачылыш болду. Соңку мисалдарды эле алсак,  профессор Кушбакали Тажыбаев тоо-кен механикасында сейрек ыкма таап, ал ыкма “Кушбакали мыйзамы” деп аталып калды. Андан тышкары, биздин Алмаз Алдашев, Алтай Бөрүбаев, Жаныбек Шаршеналиев сыяктуу академиктерибиздин эмгектери абдан кадыр-барктуу илимий журналдарда жарыяланып келет. Бул - табигый илимдер жаатындагылар. Гуманитардык чөйрөнү алсак, Кыргызстанда  кыргыз тилин, адабиятын, тарыхын, улуттук руханий асылдыктарды изилдөө бир гана Илимдер академиясы тарабынан гана ишке ашырылууда. Сөздүктөр, грамматика, эпос-дастандар менен биздин кызматкерлер алектенишет, иштеп чыгышат. Ошондуктан, Илимдер академиясынын кереги жок дегенге болбойт.

- Кыргызстанда бардыгы канча академик бар?

- Алардын санын өкмөт белгилейт. Алсак, 2002-жылдан бери бизге 45 академик жана 70 мүчө-кабарчы чектелген. Ошондон бери акчанын айынан көбөйүү жок. Башка бардык өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да академик наамы илимий эң жогорку жетишкендикти билдирет.

- Демек, биздеги академиктердин баары жашап калгандар экен да?

- Ооба, ошондой болууда. Учурда аракеттенген академиктер – 70-80деги аксакалдар. Жакында эле Ильяс Ботбаев деген академигибиз дүйнөдөн кайтты. Эми 40 академик калды. Дагы 50 мүчө-кабарчы бар. Жаңыларды шайлай албай калдык – мамлекеттин бул жогорку илимий даражаларга кошуп төлөгөнгө акчасы жок.

- Кыргыз академиктери кандай айлык алышат?

- 15 миң сом, ал эми мүчө-кабарчылардыкы 7500 сом. Салыштыра келсек, Россияда академиктер 100 миң рубль алышат. Өткөн жумада  В.Путин бул акчаны дагы көбөйтүүгө убада берди. Кыргызстанда илимдин доктору 5-7 миң, институт директору  9800 сом айлык алат.

-  Албетте, ушундай илимге кайсы жаш барсын. Базарда алда канча көп табышат эмеспи...

-  Соңку учурда  оң жылыштар байкалууда. Студенттердин жана жаш илимпоздор арасында илим менен алектенгенди каалагандар болууда. Биздин Академиянын кызматкерлеринин 30 пайызга жакынын жаш кесипкөйлөр түзсө, айрым институттарда 45 пайызга жетет.

- Жакшы жылыш экен. Сиздин оюңузда Илимдер академиясын кайра түзүү керекпи?

-  Сөзсүз керек, биз ал тургай ылайыкташтыруу планын иштеп чыктык. Алгач, бюрократияны кыскартмакчыбыз, алсак, Илимдер академиясынын президентинен бөлөк дагы 4 вице-президент бар. Алардын баарын жоюп, окумуштуу катчыны гана калтырабыз. Дагы 11 кеңешчинин ордун жоюп, илимий 25 түзүмдү бириктирип ирилештирүү аркылуу болгону 11 түзүм кылабыз. Президиумдун аппаратын да 30 пайызга кыскартмакчыбыз.

- Кыскаргандар эмне кылышат?

- Чиновниктин ишин таштап, илим менен алектенишет. Муну менен 15,5 млн. сом үнөмдөлөт. Ал акчаны иш сапарларына, жабдуу сатып алганга жана илимий адабият чыгарганга жумшайбыз.

- Илимдер академиясы кыргыздардын рухий мурастары менен олуттуу алектенет дедиңиз. Бирок, коомдун руханий деңгээли төмөндөп баратат. Сиздин академик көз карашыңызда мунун алдын алууга болобу же ошол бойдон коом андан ары кунарсыздана береби?

- Бул абдан терең көйгөй. Биздин рухий чөйрөнүн абалына, тагдырына мен да абдан кейип жүрөмүн. Академия катары руханияттын сакталышына шарт түзгүбүз келет, ошондуктан, «Улуттук идея жана тил», «Улуттук идея жана философия», «Улуттук идея жана тарых» аттуу үч китеп чыгардык. Бул иштин андан ары улантып, коомго өзүбүздүн бааны, тыянактарды жана болжоолорду бергибиз келет. Академик Турар Койчуевдин редакторлугу менен биздин экономика менен экологияны чогуу изилдөө тууралуу 6 томдук жыйнак чыгардык. Анда кыргыздардын тектүүлүк, тукум улоо кору изилденген. Андан ары кууш чөйрө менен чектелбес үчүн адам жана табият тиричилигинин ар түркүн чөйрөлөрүн улаштыргыбыз келет. Кыргызстандыктардын  маданий  өнүгүү концепциясын иштеп чыгып кабыл алууга убакты жетти деп ойлоймун. Бул багытта олуттуу иш азырынча жасала элек.

- Сиздин академиктер коомго руханиятты сактап калуу боюнча кандайдыр анык сунуш бергенге даярбы? Анткени, илим дүйнөсү кандайдыр алыс нерсе катары сезилет, а бизге турмуш көйгөйлөрүнө жооп бере алган анык кеңештер, багыттар керек болуп турат.

- Калк менен тыгыз байланыштын жоктугу Академиябыздын кемчиликтеринин бири болууда. Бизге элге ишибиз, жаңы ачылыштарыбыз, багыттарыбыз тууралуу билдириш үчүн ЖМКларда жана телеберүүдө көбүрөөк чыгып туруубуз зарыл. Бул багыттагы ишибизди кайра карап чыгуу менен элге өнүмдөрүбүздү жеткирип туралы деген ойдомун. Рухий чөйрөгө келсек, кимдир бирөөнүн оозун караган болбойт, ар бирбиз өлкөбүздү жана анын маданиятын сактап калууга колдон келген салымыбызды кошууга тийишпиз.

- Жердешчилик темасы Кыргызстанда курч эмеспи?

- Жердешчилик бизде гана эмес, АКШда, Францияда, Англияда, өзгөчө Италияда жана башка өнүккөн өлкөлөрдө деле бар. Ал маселеден баш тартпашыбыз керек. Менимче, акыл-эс, жалпы талкуу аркылуу маселени акырындык менен учурлатып чечүү зарыл.

-  Өзүңүз түштүктүн кулунусуз. Түштүктөгүлөрдү саясатта, илимде, көркөм өнөр чөйрөсүндө бүгүн кандайдыр кысымга алуу бар дей аласызбы?

-  Бийик тоо ашуулары менен бөлүнгөн географиялык абалынан жана  тарыхый шарттардан улам Кыргызстандын түндүгү Россиянын курамына мурда кирип калып, ошондон улам, европалык маданиятка мурдараак аралашкандыктан, анык бир айырмачылыктар бар. Мектептеги тунгуч мугалимдерибиз түндүктөн болчу. Бул абал өткөн кылымдын 70-жылдарына дейре уланды. Союз маалында негизги өнөр-жай өндүрүшү да Фрунзенин тегерегинде жана борбордун өзүндө топтошкон.  Түштүктө болсо  көбүнчө агрардык тармак – пахтачылык жана тамеки өстүрүү өнүккөн. Ошондон улам теңдешсиздик келип чыккан. Бирок, азыр кандайдыр бир кысым бар дебес элем. Түштүктө ЖОЖдор көп, ал тургай абалды теңдеш үчүн  Илимдер академиясынын Түштүк бөлүмү ачылган. Ал эми 90-жылдарда түндүктөн бөлүнгүсү келген  айрым түштүк саясатчыларынын таарынычы болгон. Ал тургай Кыргызстанды түндүк-түштүк федерацияларына бөлүүнү да сунуштап ийишкен. Кудай жалгап, бул ой ишке ашкан жок жана көйгөйлөрдү чечүү аркылуу кырдаалды оңдоп кете алдык. Акыл-эси ордундагы бир дагы адам мындай бөлүнүүнү ойлобойт.

- Мындайча айтканда, өлкөнүн бөлүнүшү мүмкүн деп эсептейт турбайсызбы?

- «Бөлүнгөндү бөрү жейт» деген макал бар. Бөлүнүү өлкөнү жок кылат. Кыргызстан бир өлкө, кыргыздар – бир эл. Аймактарга, уруу-урукка эч качан бөлүнбөшүбүз керек.

- Алдыда 2015-жылы келип калды. Шайлоого барасызбы?

- Мага ишим жагат. Илимдер академиясын сактап калууга бар күчүмдү жумшагым келет.

Маектешкен Лейла Саралаева. Фотосурот Игорь Коваленко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине