Кудайберген Базарбаев: «Бүгүн кедейбиз деп, жөлөк пул алуунун өзү уят!»

18:41, 27 Декабря 2014

Акча жана байлыктарды тартуу боюнча ар кандай психологиялык практикалар  ачык, жүйөөлөнгөн окуялар менен коштолгон, анда бактысыз жана кедей адам, жакшы ойлонуп баштаганы үчүн өз жашоосун түп тамырынан бери өзгөрткөндүгү айтылат. Социалдык өнүктүрүү министри  Кудайберген Базарбаевдин жашоосу бул планда мыкты үлгү боло алмак – атасы жок өсүп, көп балалуу үйдө чоңойгон, ак эмгеги менен көп нерсеге жетишти. Азыр ал  турмуштук кыйын кезеңге дуушар болгондорго мамлекеттин атынан жардам берүү кызматын аткарып келет. 

Биз өтө бай эмес өлкөдө жашаарыбыз туралуу баарыбыз жакшы билебиз. Мамлекеттин калктын жакыр катмарына бөлүп берген  сумма да  арзыбас. Бул кырдаалды ар кандай бааласа болот, бирок куру сындан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Социалдык өнүктүрүү министри менен бирге маселенин маңызына сүңгүп кирип, коомго канткенде пайдалуу боло алаарыбызды түшүнүүгө аракет кылдык.

Жакырчылык тууралуу

- Кудайберген Базарбаевич, сиз маданият министринин орун басарынан социалдык коргоо министрлигине пландуу өткөндөй болдуңуз. Маданият кызматкерлери менен калктын социалдык корголбогон катмарынын  ортосунда окшош көйгөйлөр барбы?

- Максаттуу түзүлүшү боюнча, албетте, ар түрдүү министрликтер. Бирок, чечиле турган маселелери боюнча окшош. Тигил да, бул да министрликте  каржылоонун жетишсиздиги – башкы көйгөй. Биздин министрликтин милдети – калктын убактылуу турмуштук кыйынчылыктарын жеңип чыгуусуна жардам берүү.

- Сиз калктын эң жакыр катмары менен иштейсиз. Сиздин көз карашыңызда, эл эмне себептен жакырданышат?

- Менин кызматыма эч тиешеси жок жеке көз карашым менен бөлүшөйүн. Биз бардыгыбыз  Советтер Союзунан чыкканбыз. Бардыгы үчүн баштапкы шарттар бирдей болгон, бирок психологиялык жактан туруктуу, демилгелүү, эптүүлөр алдыга умтулуп чыгышты, ал эми убагында ойлонбой калгандар артта калып калышты. Биз, элдин мына ушул  тобу менен иштейбиз. Өлкө боюнча мындай 105 миң үй-бүлө бар, алар жакырчылык боюнча жөлөк пул алышат. Улуттук статкомитеттин демилгеси менен изилдөө жүргүзүлүп, биздин мамлекеттин 37% жакыр экендигин аныкташкан. Ал эми өтө жакырлары – калктын 2,8%. 

- Сиз Союздун кулаган кезин сөз кылдыңыз,бирок андан бери 24 жыл өттү. Дээрлик бир муун өсүп чыкты. Жаштардын арасында мамлекеттен жакырчылык боюнча  жөлөкпул алгандар көппү?

- Бир учурда, мамлекеттен биздин жөлөкпул алгандардын санынын азайуу тенденциясы пайда болгондугу мени кубандырбай койбойт. Бизге жөлөк пул алууну каалап, кайрылгандардын саны азайды. Эл бакмалык психологиясынан алыстап, эмгекке үйрөнүп башташты. Бардыгын эле Кыргызстандагы айлык акынын деңгээли канааттандырбайт. Көпчүлүк бөлүгү Орусия менен Казакстанга барып, иштеп келүү үчүн кетип жатышат. Өз тапкандарынын жарымын туугандарына жөнөтүшөт жана ушунусу менен өлкөгө да жардам берип жатышат.

- Сиздерге жардам сурап кайрылгандардын азайгандыгы – элдин  сабаттуулугу начарлап, жөлөк пул алууга документтерди кантип толтуруу керек экенин билбей жатканында эмеспи?

-Жөлөк пулдун бар экендиги туурасында баары билишет. Жакынкы убакка чейин эле аны байлар да, кедейлер да чынчыл да, чынчыл эмес да жолдор менен  алууга умтулуп келишкен.  Ушу жылдан баштап биз корпоративдик-маалымат башкармалыгын - Социалдык коргоонун корпоративдик маалыматтык тутуму – СККМТ киргиздик. Жөлөкпулду дайындаган учурда адам фактору алынып салынат. Чечимди компьютердик программа кабыл алат. Арыз берүүчү келип, өз документтерин берет, ал маалыматтар компьютерге киргизилет, анын баары иштелип чыгат жана корутунду чыгат – адам жөлөк пул алууга укугу барбы же жокпу, ошондо чечилет.  

- Бирок, документтин баарын жасап койсо болот да!

- Бул документтердин тууралыгын кылдаттык менен текшерип чыгышат, мөөрлөрдү,коюлган колдорду, райондор  жана айылдык округдар боюнча маалыматтарды  текшеришет. Жаңы киргизген бул жаңылыктын жардамы менен  1-декабрга карата жөлөк пул алгандардын саны 29 миңге азайды. Натыйжада биз акча үнөмдөп жатабыз, буга ылайык, башка категориялардын акчасын көбөйтүүгө мүмкүндүк бер. Мамлекеттик акчаны майнаптуу колдонуу деген мына ушул. Ошондуктан, баары эле өз маңдай тери менен акча тапкысы келип калды. 

- Жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн бала автоматтык түрдө жакыр болуп калат. Ал бул чөйрөдөн оңой менен суурулуп чыга албайт, ошондуктан ал жакшы билим алууга да жеткиликтүү болбой калат. Мамлекет ал баланын  жашоосун жакшы жагына өзгөртө алууга кудурети жетеби?

- Биздин үй-бүлөдө көп балалуу болчубуз, апам 6 бала төрөгөн. Улуубуз, кийин белгилүү бийчи, балет артисти, СССРдин эл артисти болууга жетише алган Чолпонбек, Фрунзедеги хореографиялык жатак-окуу жайында окуган. Ал эми андан кийинки бешөөбүздү апам жалгыз өстүргөн, биз Токмокто турчубуз. Биздин үй-бүлө да кирешеси аз үй-бүлө катары, мамлекеттен жөлөк пул алчу. Мени мамлекет кийиндирип- ичиндирип турган. Баарыбыз жакшы чоңойуп, ийгиликке жетише алдык.

- Албетте,  Советтер Союзу балдарга таптакыр башкача кам көрчү!

- Бүгүн биздин мамлекет да Союз убагындагы жөлөк пулдарды төлөп жатат. Азыркы балдарда да ошол эле мүмкүндүктөр бар. Алар 18 жашка чейин мамлекеттен жардам  алышат, ал эми мектептен кийин жакшы кесип алуу үчүн, жождун же орто окуу жайынын бюджеттик бөлүмөрүнөн билим алса болот. Бардыгы баланын өзүнөн көз каранды, эгер ал жакшы окуса, көп билим алууга аракет кылып, алга умтула билсе, сөзсүз алга жылат.

Каржы тууралуу

- Сиз өткөн жылы май айынан бери министр болуп иштеп келе жатасыз. 2014-жылдын бюджетин өзүңөр бекиткенсиңер. Азыр, жылдын аягында эмне айтаар элеңиз, ошол акча жеттиби?

- Мындай мисал келтирейин. Бизде өлкө боюнча 15 интернат бар, биз аларды жаңыча  Стационардык-социалдык мекеме (ССМ) деп атайбыз. Эки  психоневрологиялык балдардын  жатагы,  Беловодскидеги жана Жалал-Абаддагы,  балдарды калыбына келтирүү боюнча эки  борбор – Сокулуктагы жана Покровкадагы, улгайган адамдар үчүн 6 жатак, жана чоңдор үчүн психоневрологиялык жатактар. Биз  2014-жылы ушул мекемелердеги тамактануу ченемин эки эсеге көбөйтө алдык. Эгер буга чейин чоңдордун тамактануу ченеми күнүнө 55 сом болсо, бул бул сумманы 100 сомго жеткирдик. Ал эми балдардыкын 65 сомдон 110 сомго көтөрдүк. Бул суммага биз адамды күнүнө үч жолу тамактандырышыбыз керек. Албетте, мунун аз экенин түшүнүп жатабыз. Бирок, 100 сом – мурдагыга караганда эки эсе көп.  

- Бул акчаларды кайдан алдыңар?

- Биз аларды бюджетке киргизип, Каржы министрлигинен алдык.

- Анда, бул көбүрөөк сурасаң дегендикпи…

- Мен негизи эле көп сураганга каршымын. Биздин минстрлик канча керек болсо, ошончо сурайт.  Каржы министрлиги да ушуну түшүнүшү керек. Мисалга, бизде  Кыргызстанда жөлөк пулдардын көп түрү бар. Балага бериле турган жөлөк пул  503 сомду түзөт. Аны убактылуу турмуштук кыйынчылыкка дуушар болгон үй-бүлөлөр алышат. Жөлөк пул минималдык кепилденген киреше катары. 3 жылдын ичинде 2011-жылдан 2014-жылга чейин биз кепилденген минималдык кирешени эки эсеге көбөйтө алдык. 370 сомдон 705 сомго жеткирдик. Ошол эле буатк, аз камсыз болгон үй-бөлөлөргө жөлөк пул 503 сомду түзөт. Бул акча эмнеге жетет? Бул акчага адам жашай албай тургандыгын дароо айтуу керек. Бул болгону кол кабыш, мамлекеттин жардамы.

- Кайсы бир үй-бүлөгө жардам берүүнүн зарылдыгы бар-жогун кантип аныктайсыңар?

- Мурда бизде мындай критерийлер бар болчу: эгер үйүндө эки камералуу муздаткычы, түстүү телевизору, килемдери бар болсо, мындай үй-бүлө жөлөк пул алчу эмес. Биздин кызматкерлер келип, турмуш шартын көрүп кетишчү. Ал эми бүгүнкү күнү таптакыр башка критерийлер. Биз киреше алып келүүчү обьекттер болгондо гана жөлөк пул төлөөдөн баш тартабыз. Тагыраак айтканда, жер тилкеси, автотранспорттук каражаты жана малы, ИМЖ,КМЖ болгондо гана. Ал эми телевизордун жана башканын болушу эсепке кирбейт. Үй-бүлөнүн жалпы кирешеси бир адамга 705 сомдон ашпашы керек.  

- Ал эми силердин кызматкерлердин айлыгы ушундай ашабы?

- Көп эмес. Мындай мисал келтирейин, бизде  980 соцкызматкер иштейт, алар  үйлөрүн кыдырышып 10 миңден ашык улгайган адамдарды, жалгыз бойлорду, мамлекеттин жардамына муктаж жатып калган адамдарды  тейлешет. Биздин кызматкерлер алардын үйлөрүнө барып, жыйнашып, тамак жасашып, азык түлүктөрдү сатып беришет, б.а. аларды  толук тейлешет. Ушул эле учурда бул соцкызматкердин айлыгы 3500 сомду түзөт. Б.а. соцкызматкерлердин өздөрүнө жардам бериш керек. Бул жылы алардын айлык акысын 6500 сомго чейин көбөйтө алдык. Бүгүн, бийик тоолуу шартты, жердин алыстыгын, канча жылдан берки иштегенин  эске алып, 7500 сом алышат. Бул, билинээрлик кошумча деп ойлойм.

- Сиз, министр катары,  бул кырдаалды кандай карайсыз: биздин калк социалдык жактан корголгонбу, жокпу?

-Конституция боюнча биз социалдык мамлекетпиз. Мамлекетибиздин бюджети социалдык багытталган. Биздин казынанын 50% көбү социалдык тармакка кетет, жалгыз гана биздин министрликке эмес, Билим берүү министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Соцфондго ж.б. Биздин министрликке келсек, Мен жоопкерчилик менен айта алам, социалдык жардамга муктаж болгон бардык жарандар аны алып жатышат. Биздин камтуу жакшы. Эми каржылоонун көлөмү – бул башка меселе. Мисалы, биздин мамлекетте 155 миң майып бар. Алардын 76 миңи майыптуулугунун даражасына жараша 1 миңден 3 миң сомго чейин социалдык жөлөк пул алышат. Албетте, мындай суммага майып адам жашай албайт. Ооба, бул акчанын көлөмүн көбөйтүп берүүгө зор каалоо бар. Бирок, азырынча мамлекеттин мүмкүнчүлүгү буга жетпейт. Ошондуктан, биз Каржы министри менен өмүр бою тартышып келебиз.

- Б.а. сиздер Каржы министрлигинен көбүрөөк акча алууга аракет кылат экенсиздер да?

- Ооба, биз дайыма өз жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргойбуз. Колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Бизди жакшы каржылашына жетишип жатабыз.  Бирок, бул татаал сүйлөшүүлөр, макулдашуулар процесси. Мисалга,жакында эле Жогорку Кеңеш өлкөнүн 2015-жылдагы бюджетин кабыл алды. Ал 14, 6 млрд. сомго  жетишсиз. Бюджетте акча жетпей жатат. Бул учурда биздин министрлик Кепилденген минималдык кирешени 10% көбөйтүүгө пландуу киргиздик. Менин оюмча, биздин тармакта акча толук өлчөмдө болушу керек!

- Инфляция көп акчаны жеп жатса керек?

- Ошо да! Элестетсеңиз, эгер биз жогорулатууга жетише албасак, инфляция болсо  да, сумма эки эсе түшүп кетмек. Бардыгына динамикада кароо керек да. Биз ноябрда, Бажы биримдигине кирээрдин алдында  атайын кепилденген минималдык кирешени 640 сомдон 705 сомго көтөрдүк. Биз баалардын жогорулашы болоорун билебиз, ошондуктан Кыргызстандын аз камсыз болгон үй-бөлөлөрү үчүн 10% болсо да көтөрүп койдук. 2015-жылга да дагы 10% жогорулатуу киргиздик. Ооба,бул абдан аз, бирок колдон келишинче абалдан чыгып жатабыз.

Психология тууралуу

- Бирок, жалгыз эле силердин министрлик абалдан чыга бербеши керек да. Эл өзү аракет кылып, жакыркычылыктан чыгууга болушунча аракет жасашы керек го?

- Биздин министрликте – элде бакмалык маанай болбосо экен максат. Муну үчүн биз БУУнун бүт дүйнөлүк азык түлүк программасы менен биргелешип жалпы суммасы  16,9 млн. доллар турган үч жылдын долбоордун программасын баштадык. Алар бизге ун жана май түрүндө гуманитардык жардам берип турат. Бирок, акысыз эмес, жасап берген иши үчүн. Бул программага 24 райондон 42 миң аз камсыз болгон үй-бүлө катышат. Биз эмне кылабыз?  Биз аз камсыз болгон үй-бүлөнү коомдук-маанилүү ишти жасап берүүсүн өтүнөбүз – бакчаларга бак отургузуу, арык тазалоо, арык казуу ж.б. Ошондо, жумуш жок деп айтып калганга көнгөн адам, чыгып, коомдун жыргалчылыгы үчүн өз колу менен аз да болсо пайда келтирет. Мына ушунусу үчүн ага 10 миң сомго ун жана май беришет. Мен, ушул ыкма менен адамдын аң сезимин өзгөртө алабызбы жеп ойлойм, адам коом үчүн пайдалуу боло алаарын, ушунусу үчүн азык алаарын түшүнүшү керек.

- Биздин элдин психологиясын өзгөртүү үчүн чоң иш жүргүзүлүшү керек. Мүмкүн, кыргызстандыктарды эмгекке тарта турган, өз жашоосун жакшыртууга түрткү бере турган фильмдерди тартууга, башка чыгармаларды жаратууга мамлекеттик тапшырык берүүчү мезгил келгендир?

- Ооба, биз социалдык роликтерди жасап  жатабыз, негизинен майыптардын турмушу туурасында, алардын жашоодогу көйгөйлөрүн айтабыз, коомдун аларга болгон мамилесин өзгөртүүгө чакырабыз.  Биз майыптарга карата эки жактуу саясат жүргүзүп жатабыз. Бир жагынан, бул коомду гумандаштыруу, башка жагынан – майыптардын коомго көнүшү. Кептин баардыгы,  биздин коомдо майыптардын өтө көптүгүн элдин билбегенинде. Ошондуктан, алар өзү умтулуп, өзү демилге көтөрүп, майыптар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп бербей жатышат.

- Эмнеге? Менталитеттин айынанбы?

- Менталитеттин бул жерде тиешеси жок.  Бул билбегендиктен.  Союз учурунда бизде майыптуулук жок болчу. Эмнеге? Анткени алардын бардыгы бийик дубалдуу атайын адистешкен жатактарда эл  көзүнөн жашырылып турган. Чынында, алар абдан жакшы жашашчу, камсыз болуу жагынан. Бирок, алар коомдо жок болчу. Ошол кезде, мындай адамдар эл көп чогулган жерге келип калса, бардыгы үчүн күтүүсүздүк боло турган. Буга ылайык, бир дагы советтик  курулуш майыптарга ыңгайлашкан эмес, пандустары бар тепкичтер, көзү көрбөгөндөр үчүн жол чырактар ж.б. жок болчу. Бүгүн гана акырындап коомдун майыптарга болгон мамилеси жакшы жагына өзгөрүп келе жатат. Бүгүн аларды майыптар деп эч ким атабайт, биз аларды «мүмкүнчүлүгү  чектелген адамдар» деп атайбыз. «Народный» дүкөндөрдө, дарыканаларда,ооруканаларда жабдылган пандустар бар. Биз бүгүн аларды турмуштагы кадыресе көрүнүш катары карайбыз. Бул да кандайдыр бир жетишкендик, коомдун гумандуулукка болгон өзгөрүүсү. Биздин министрлик майыптар үчүн ири иш чараларды өткөрүп жатат. Мисалы, өткөн жылы күзүндө Бишкектин борборунда чоң концерт уюштурдук. Ага биздин миңдеген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз келишти. Мен аларга минтип айтты: «Мына, силер атайылап ушул концертке келдиңер. Кыйналып, силерди тепкичтен түшүрүштү, туугандарыңар коляскаларыңарды көтөрүп жүрүштү, кыйынчылык менен  машиналарга  түштүңөр, жолдо келатып да кыйналдыңар, анткени атайын жол  жок. Силер жана туугандарыңар чарчады болушу керек?» Баары бир ооздон: «Ооба!»  деп жооп беришти. Мен ошондо минтип жооп бердим: «Силер бир эки жыл кыйналасыңар. Анан, силер да эл сыяктуу инфраструктурага укугуңар бар экенин түшүнүп, талап кылып баштайсыңар. Мына ошондо, майыптардын жашоосун өзгөртүү боюнча биздин министрлик жалгыз талап кылбай калат. Анткени, пандустарды жасоо, аатйын машиналарды сатып келүү, жол чырактарды орнотуу - министрликтин милдети эмес, бул биздин коомдун бирдиктүү  иши болушу керек. Негизги ишти жергиликтүү бийлик органдары жасашы керек.

- Биздин Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз өз укугу үчүн күрөшүүгө даярбы?

- Алардын өздөрүнүн да психологиясын өзгөртүү керек. Алар үчүн жожго тапшыруу үчүн акысыз квота бар. Бирок, ошол да толук колдонулбайт. Анткени, биздин майыптардын баары өздөрүнө ишенбейт жана дайыма коркуп турушат. Антпестен, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кичине кезинен жожго өтүүгө, ийгиликтүү карьерага, толук кандуу бактылуу жашоого даярдоо керек.  14,6 % балар бүгүн жөлөк пул алып жатышат. Бул балдардын ата-энеси да келечекке ишенимсиз көз караш менен карайт. Балдардын аң сезимин, аны ичинен өзгөртүү керек. Аны эч нерсеге карабай,  руханий жактан күчтүү, максатка умтула билгидей кылыш керек. Адам бир гана бүгүнкү күнү менен жашабашы керек,ал өзүн аяп отура бербей, келечекке план кура билиши керек. Муну үчүн адам жогорку билимдүү, максатка умтула билген, жогорку маданияттуу болушу керек.

ӨЭУ жана коррупция тууралуу

- Биздин коом майыптарга башкача көз менен карап калганына ӨЭУ көп роль ойноду, алардын көбү чет  мамлекеттерден каржыланат. Алар бизге, маданияттуу ком майыптарга кандай мамиле кылышы керек экенин көргөздү. Азыр кеп алардын каржыланышынын тунуктугу туурасында болуп жатат.Бул ӨЭУ бул тармактагы ишинин азайышына түрткү болбойбу?

- Майыптар менен иштеген ӨЭУ лардын басымдуу бөлүгү, бул өзүн өзү каржылаган жергиликтүүлөр. Көпчүлүк ӨЭУ лардын долбоорлору бар, аны жеңип чыгышат да, чет элдик донорлордон каржылоо алышат. Мындай учурда катуу отчеттуулук жүргүзүлөт. Биздин министрлик бул ӨЭУлар менен тыгыз иштешет жана кызматташуунун мындай формасын тапшырык катары колдонот. Эгер 2009-жылы мамлекеттик тапшырыкка  4, 6 млн сом бөлүнсө, бүгүнкү күнү –  22 млн сом бөлүндү. Б.а. биз соц.тапшырыктын көлөмүн 5 жылдын ичинде 5 эсеге көбөйтө алдык.

- Соцтапшырык деген эмне?

- Бүгүнкү күнү биздин министрлик 31 ӨЭУну каржылап жатат,алар министрликтин тармагына кирип, ар кандай кызматтарды көргөзүшөт. Башкача айтканда министрлик кандайдыр бир кызматтарды ӨЭУ га тапшырат. Мисалы, ӨЭУ мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күндүз келип турушу үчүн борборлорду ачат.  Б.а. иштеген ата-энелер майып балдарын ушул борборго алып келип, күндүзү таштап кетишет, бала ал жакта ойноп, башка балдар менен баарлашат, ага тамак беришет, жумуштан кийин ата-энелери алып кетишет. Бизге, анын ошол жакта болуусу гана маанилүү эмес, бала үйүнөн сыртка чыгып, айлана чөйрөнү көргөнү, башка балдар менен баарлашып, бир нерселерге үйрөнгөнү маанилүү. Андан сырткары, улгайган адамдар үчүн да борборлор бар. Алар үчүн да күндүзгү борборлор ачылды. Жакында эле Евробиримдигинин элчисинин катышуусу менен Ош областынын Кара-Суу районунда ушуга окшогон борбор ачылды. Ал жакка аксакалдар келип, чай ичишип, шахмат, шашки ойноп, кайра кечинде үйлөрүнө тарап кетишет. О.э. ата-энеси турмуштук кыйын учурларга туш келгендердин балдары үчүн да ушундай борборлор бар. Ушул долбоорлордун бардыгын 31 ӨЭУ ишке ашырып жатат. Баары эле бизге оңой келе койбойт.  

- Жатак мектептердин жана башка силер тараптан каржыланган социалдык мекемелердин жетекчилери коррупциячыл болушу мүмкүн да. Муну кантип көзөмөлдөйсүңөр?

- Министрлик тармагында  15 социалдык-стационардык мекеме (жатактар) бар. Бул мекемелерде коррупция менен уурулук болбошу үчүн биз Коомдук- байкоочу кеңештерди түздүк, анын курамына жергиликтүү депутаттар, жергиликтүү чынчылдар, ӨЭУ лар жана бул мекеменин ички жашоосун жакшы билген ушул жатактын жашоочулары кирет.Анын майнаптуулугу бир жылдан кийин билинет, бирок алардын иштегенине жылга чукулдап калды жана биз дайыма мониторинг жүргүзүп турабыз. Экинчиден, биздин жатактардын ички аудитин жүргүзүп жатабыз, кандайдыр бир бузуулар болуп калса, аларды кайра калыбына келтирүүгө мажбур кылабыз.  Үчүнчүдөн, жергиликтүү салык органдары, прокуратура жана милицияда да текшерүүлөр жүрүп турат, тартип бузуулар болсо билдирип турушат.

Башка көйгөйлөр тууралуу

- Майып балдардын апалары көпчүлүк учурда өз өмүрүн оорукчан баласына кам көрүүгө арнашат. Мындай энелердин  мамлекеттен алган айлыгы барбы, убагы келгенде алар да пенсия алышы керек да?

- Бизде 18 жашка чейинки МЧЖ 26 миң бала бар, алардын  4 880 бир ата-энесинин туруктуу камкордугуна муктаж. Биздин министрлик,  ишмердүүлүүктүн мындай түрү үчүн ай сайын 1500 сом өлчөмүндө  кошумча жөлөк пул берүү демилгеси менен чыккан. Мына ушул акчадан соцфондго которуп турушат, эмгек стажысы жүрө берет жана кепилденген пенсия болот. Бирок, биздин бул идеябызды өкмөт колдогон жок. Бүгүнкү күнү вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын тапшырмасы менен бул маселе профилдик эмгек, жаштар жана миграция министрлиги тарабынан иштелип жатат. 

- Эми башка энеден дагы бир суроо. Ал майыптардын коляскасы туурасында сурап жаткан.  мындан да заманбап, жакшыртылган үлгүлөрү берилеби?

- Мындан бир аз мурда эле майыптарды коляска менен камсыз кылуу өтө зор көйгөй болчу. Эл кезекке туруп, жылдар бою күтүшчү, бул кырдаалга байланыштуу көп ыңгайсыздыктар жаралчу, анткени ал элдер ансыз да мүмкүнчүлүгү чектелүү да.  Ал эми бүгүнкү күнү медкомиссиянын корутундусу менен, эгер адамдын коляска алууга зарылдыгы такталса, ал адам колясканы дароо алат. Андан сырткары, бир колясканын иштөө мөөнөтү 7 жылга барабар болсо, азыр 5 жыл. 5 жыл бүткөндөн кийин мамлекет аларды жаңысы менен камсыз кылат. Эң башкысы, бул коляскаларды биз акысыз беребиз.

- А силер аларды кайдан аласыңар? Сатып аласыңарбы?

- Коляскаларды биз өзүбүздүн протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоочу заводдон жасайбыз. Коляскаларды ошол жактан алабыз. Тетиктерин кытайлардын фирмалык заводу жеткирип турат. Сапаты мыкты. 4 жылдан бери алар баа саясатын өзгөртпөгөндүгү бизди кубандырып жатат. Жыл сайын заводдо 14 миңге чейин протездик-ортопедиялык  буюмдарды – ботинкаларды, муундук, бут протездерин, таяктарды жасашат. Ар бир  майып үүчүн бардыгы жекече даярдалат. Ошол эле жерде калыбына келтирүү борборлору бар, бул кадимки оорукана сыяктуу, анда биздин майыптар калыбына келтирүү курсунан өтүп турушат.  

Ал эми сиздин сурооңузга келсек, бүгүн, биз ушул деңгээлге жеткенде, биздин адамдар, базалык коляскалары болгондон кийин башка туурасында ойлонуп башташат – батарейкалар аркылуу кол менен  башкарылган коляскалар бар. Б.а. суроо талаптын сапаты өсүп жатат. Биз да ушуга жетебиз деп ойлойм, кызматташуучу фирмаларды издеп жатабыз. Мен жакында эле Орусияга барып келдим, медициналык-санитардык экспертизалар  борборуна бардым, алар ушундай коляскаларды даярдашат экен. Биз алар менен кантип кызматташып, сапаттуу –өзгөрүлгөн коляскаларды даярдоонун жолдорун издейбиз. 

- 2015-жылдагы пландар туурасында эки ооз сөз. 

- Биз калктын алсыз катмарына социалдык тейлөөнүн сапаттарын жакшыртуу боюнча ишти улантуудабыз – аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулун көбөйтөбүз, турмуштук кыйын кырдаалда калган балдардын баарын табабыз, мүмкүн болушунча алардын көйгөйүн чечебиз. Жөлөк пулдардын берилиши да мүмкүн болунуач тунук кылуунун үстүнөн да иштейбиз. Пландар көп жана биз алардын баарын ишке ашырабыз деп турабыз.

Маектешкен Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине