Биз жоготкон Темир Жумакадыров…

13:10, 11 Августа 2018

2017-жылдын 3-апрелинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жетекчилигинин алдында Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жаткан. Мамлекеттик резиденцияда жакында гана курулуп бүткөн, көздүн жоосун алган “Энесай” залында акимдерден, мэрлерден жана министрлерден баштап спикер, премьер жана президентке чейинки Кыргызстандын каймактары отурган эле.

Атамбаевдин командасы ал убакта алтын доорду башынан өткөрүп жаткан. Бир гана жакында өтө турган президенттик шайлоо жыйынтыгынын белгисиздиги бир аз тынчсыздандырат эле.

Биз, журналисттер, саясий элитанын бет мандайында отуруп, ар-бирине тигиле карап, азыркы мамлекет башчынын командасынын арасынан кимиси анын татыктуу мураскери боло алат эле деп өз ара шыбырашып талкуулап жаттык. Софиттердин жарыгында чыкыйып кийинген жаш балдар өзгөчө жарашыктуу көрүнөт эле. Журналисттердин көбү Сапар Исаковдун кандидатурасын жактырып жатышты – жигердүү, күчкө толуп турган маалы, эл аралык аренада өзүн жакшы көрсөтө алды. Улуттук коопсуздук комитеттин жетекчиси Абдиль Сегизбаевдин да ысымы аталып жатты.

Бир маалда орусиялык журналисттердин бири мындай деп калды: “Исаков менен Сегизбаев – татыктуу балдар. Бирок мен силердин назарыңарды Темир Жумакадыровго бурат элем. Жаштыгына карабай анда келечектеги президентке керек сапаттардын бардыгы бар”. Баарыбыз Коргоо кеңешинин келишимдүү катчысына карап калдык, анын бүт турган турпатынан өз күчүнө ишенгендик жана туруктуулук байкалып турду. Негедир бала кездеги жаныңдагы акылдуу жана алдуу чоңдор бардык маселелерди чечип, сени коргой алат деген сезимдер козголду...

Көлдүк жигит

Темир Жумакадыров Чолпон-Атадан болот. Анын атасы, Курмангазы Жумакадырович Шамшитдинов, баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алып жатканда тун уулунун “фамилиясы” деген жерге атасынын аты – Жумакадырды жазып бергиле деп загс кызматкерлерин көндүрөт. ССРС заманында 1979-жылдары мындай нерсени кылдыруу өтө оор болоор эле. Бирок тарыхчы, профсоюздук уюмда иштеген Жумакадыр Шамшитдиновду бардыгы жакшы таанып, урматташат болчу. Балким, ошону үчүн жаңы төрөлгөн балага ушундай уккулуктуу фамилияны берүүгө жетише алды. Баласы да атына жараша, зээндүү, жаңы бир нерсени билгенге умтулган, жумшак мүнөз жана тил алчаак болуп өстү.

Алтынчы класстан кийин Темир ата-энесинин макулдугун алып, чоң атасы Жумакадырдыкында жашап калат, Чолпон-Атадагы Киров атындагы мектепке которулат. Бул мектеп тээ алыскы 1935-жылы негизделип, ошондон бери балдарга билим берүүдөгү мыкты салттарды бекем карманып келген областтагы алдыңкы мектептердин бири болчу. Эки тилде билим берген мектепте мыкты педагогдор иштейт эле. Бирок 90-жылдардын башында Союз урап, мектеп чоң кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан. Мына ошол жылдары бул мектепке Темир Жумкадаров которулуп жатат.

Ошол кезде билим берүү иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген Людмила Николаевна Ворочева буларды эскерет: “Темир тарбия көргөн, адептүү, тартиптүү бала болчу. Чоңойгон сайын анда лидерлик сапаттар да байкала баштады. Советтер Союзунун урашы менен кошо биздеги октябряттар, пионерия, комсомол сыяктуу мектептик-идеологиялык тутум да жок болду. Биз идеологиялык боштукта калгандай болуп, тарбия берүү жараянын кантип уюштуруп, балдар кыймылын кантип бир тутумга келтирсе болоорун билбей жаттык. Мына ошондо өзүн өзү башкарууну киргизүү тууралуу ой пайда болду. Окуучулар өзүлөрү мектеп активин шайлоону, ошол кездеги жаш мамлекетибиздегидей парламенттик башкаруу формасын киргизүүнү сунушташты. Менимче, биздин мектеп республикабызда биринчилерден болуп мектептик өзүн өзүн башкарууну түзгөн болушу керек. Темир ушул мектеп уюмунун түптөлүшүнүн башында турган. Ал жаш Кыргызстандын саясатын жакшы билгендиктен, классташтарынын арасында саясий маалымдоорлорду уюштуруп тураар эле”.

Балдар өз уюмун “Ай-көл” деп аташып, анын желегин, гербин тартып, гимнин жазып чыгышат. Мектеп парламентин шайлашты, ал эми Темир Жумакадыров мектептин биринчи президенти болду. Ушул күнгө чейин бул мектептик уюм “Ай-көл” мектеп республикасы” деп аталат.

Классташтарынын эскерүүсү боюнча, Темир жигердүү гана бала болбостон, бардык сабактардан жалаң бешке окуйт эле, баскетбол, волейбор жана футбол боюнча мектеп командаларынын капитаны болчу.

Америкалык Тынчтык корпусу деген уюмдун биринчи ыктыярчылары Киров атындагы мектепке жиберилген. Жаш ыктыярчы Даглас Хаммер жогорку класстагы балдардын сый-урматына бат эле жетип, англис тилинин кабинетин керектүү жабдыктар менен жабдыганга жардам беришип, компьютер менен иштегенге үйрөтүп, дегеле балдарды зериктирбей жатты. Кыргызстандын башка мектептеринде окуган балдар рэкетчиликке аралашып, арак ичип, тамеки чегип жатышканда Киров атындагы мектепттин жогорку классындагылар ошол кезде модага айланган ар түрдүү темадагы дебаттарда ким кыйын экендигин аныктап жатышты. Даглас өз акчасына спорттук форма, топторду сатып алып, стадионду короолотуп, накта баскетболдук аянтчаны жасатты. Ушул ыктыярчынын жардамы менен Темир өзүнүн англис тилин жакшыртып, ички саясаттан сырткары сырткы саясат, демократиянын өнүгүүсү менен кызыга баштаган.

Темир мектепти жакшы баалар менен аяктап Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин алдында жаңы гана ачылган Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун эл аралык мамилелер факультетине тапшырат.

Факультеттин негиздөөчүсү, деканы Ырыс Бейбутова буларды эскерет: “Бул дымагы чоң долбоор болчу, биз өз күчүбүз менен өзүбүздүн МГИМОбузду түзөлү деген максат койгонбуз. Мугалимдери күчтүү болчу, Темир Жумакадыровго окшош күчтүү студенттер да келишти. Ар бир студентке биз көңүл бурганга аракет кылат элек. Темир алардын арасында өзгөчөлөнүп турчу, ал эң жигердүү, тырышчаак, эрте жетилген студент эле. Ал испан тилин жакшы өздөштүрүп алды, кийин ал Испанияга стажировкага барып келгени жетишти”.

БУУӨПтүн ыктыярчысы

Акыркы курстун студенти болуп турган кезинде Темир БУУӨПтүн (ПРООН) “Децентрализация” программасынын улуттук ыктыярчысына сынакты жеңип алат. Алыскы аймакта иштеп, жергиликтүү калкка уюштуруу иштерин жүргүзүүгө, жаштардын жана аялдардын бир-бирине жардамдашуу топторун ачууга жардам бериши керек болчу.

23 жаштагы Темирдин улуттук ыктыярчы катары алгачкы иштеген жери Нарын областындагы Кочкор айылы болду. 2001-2004-жылдары ал бир катар ийгиликтерге жетип, жергиликтүү эл аны азыркыга чейин жылуу сөз менен эскеришет.

Ошол жылдары жаштар уюмунун жетекчиси болуп иштеген Бакыт Эгембердиев буларды айтып берди: “Ал убакта айылдыктар катуу кыйналып жаткан болчу. Жумуш жок, мал уурдоо катуу күч алып, жаштар аракка берилип, келечектен үмүт кылбай калышкан. Бир нече бала чогулуп, айылыбызды жакшырталы, долбоор менен иштешели деп уюм түздүк. Райондун акими партиянын чоң мектебинен өткөн, жаштар менен сүйлөшө албаган өзүн кыйын сезген байке болчу. Темир болгону жарым сааттын ичинде аны көндүргөнү жетише алды, аким биздин бардык долбоорлорубузду колдоп, биз менен ысык ымала мамиледе болуп кетти. Жапжаш Темир керек болсо түнкү убакытта аны ойготуп, биздин маселебизди чечип берүүсүн суранып чала алчу. Биз үчүн бул таңгалычтуу нерсе эле. Ал жылдыздүү жигит болчу, бардык партократтар, байкелер менен тил табыша алчу. Бирок ошого карабай ал адамдарды бөлбөйт эле. Айдоочусу менен тең катар сүйлөшчү. Орус тилин жакшы билбеген айылдык балдар менен кыргызча жалпак тилде, макал-лакаптарды колдонуп сүйлөшчү, ал эми донорлор менен таптаза англис тилинде сүйлөшөт эле”.

БУУӨПтүн ошол программасынын максаты мамлекеттик башкарууну децентрализация кылуу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүү болчу. Биринчи баскычы жергиликтүү активисттерди окутуудан башталды, анткени алар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тууралуу жакшы түшүнүктөрү жок эле. Экинчи баскычта жергиликтүү активисттерди долбоор жазып, грант алганга үйрөтүштү. Темир Жумакадыров Кочкор районунда иштеген жылдары 5,5 млн сомго 54 долбоор ишке ашырылган. Бул ичкенге суу түтүктөрүн киргизүү, мектептерди оңдоо, маалыматтык борборду түзүүнү камтыйт эле. Кийинчирээк, Жумакадыров Нарын областы боюнча ыктырчы болгондо, бардык көрсөткүчтөр боюнча так ушул област алдыңкы саптарда болду.

“14 жыл өтүп кетти, бирок Темир Жумакадыровду жергиликтүү калк азыркыга чейин жылуу сөз менен эскерет. Учурда райондун активи Кочкордо Темир Жумакадыровдун атындагы Жаштар үчүн маданий-спорттук клубду ачууну кыялданып жатканы. Сооронбай Жээнбековдун атына кат жөнөттүк. Анын уруксатын күтүп жатабыз”, - дейт Бакыт Эгембердиев.

Эксперт-талдоочу

БУУӨП, ТASIC, Азия Өнүктүрүү банкынын бир канча долбоорлорунда иштегенден кийин 28 жаштагы Темир Жумакадыровду өзү бир кезде аяктаган университетке мугалимдикке чакырышат. Бул Бакиев тактыда отурган учур болчу, Темир достору менен болгондо ошол кездеги бийликтин саясатын катуу сынга алат эле.

Темирдин жакын досу Илим Карыпбеков буларды эскерет: “Мен президенттин басма сөз кызматында болуп, ЖМКлар менен тыгыз иштешет элем. Ошол кезде бардыгына өз көз карашы бар, эч кимге көз каранды эмес эксперт-талдоочулар жетишпейт эле, ошондуктан мен Темирдин айткандарын кунт коюп угат болчумун. Мага анын ойлорун кантип айтканы, логикасы жагат эле, ошондуктан мен аны теледе талдоочу катары чыгып көрүүсүн сунуштадым. Анын биринчи жолу “Майдан” берүүсүндө эфирге чыкканы азыр да эсимде: ал катуу сын айтты, бирок өзүн сый кармап, ар бир айтканы жүйөлүү жана орундуу эле. Ушундан кийин журналисттер ага көп кайрыла башташты”.

Оксана Малеваная ошол кезде президент Бакиевдин Катчылыгын түптөп жаткан, күчтүү аналитикалык борборду түзүш үчүн ар кайсы тармакта эмгектенген келечеги бар жаштарды чогултуп жатты. Илим Карыпбеков Темирге өз талапкерлигин Катчылыкка берип көрүүсүн сунуштайт. “Ал мамлекеттик кызматка баргысы келбей жатты, анткени ал жактын айлыгы аз эмеспи, а Темир болсо ал кезде үй-бүлөлүү болуп калган болчу. Бирок мен болбой жатып аны мамлекеттик түзүмдө да өзүн сынап, өлкөдөгү абалды өзгөрткөнгө аракет кылып көрүсүүнө көндүрдүм”, - деп эскерет Илим Карыпбеков.

Темир Жумакадыров талдоо бөлүмүндө иштеп, бейөкмөт уюмдар тармагындагы абалга көз салчы. Анын Катчылыкта иштегенине достору ар башка көз карашта. Айрымдары ал жакка барбай эле койсо болмок деген пикирде болушса, башкалары, тескерисинче, ал жакка барып, тажрыйба топтоп, талдоо иши кандай жүргүзүлөөрүн ичинен таанышып, байкап көрүшү керек болчу дешет. Не болгон күндө да Темир адис катары Катчылыкта бир жылдай иштеди. Бирок өлкөдөгү абалга таасир эткенге Жумакыдровдо мүмкүнчүлүк болбоду. 2010-жылы Оксана Малеванаянын атына жазган кызмат катында абал курчуп баратканына байланыштуу уюлдук байланыш үчүн 60 тыйындык салыкты жокко чыгаруу керек деген сунушуна “Көбүртүп-жабыртпагыла!” деген жооп алган.

2010-жылдагы апрель окуялары учурунда ал Нарында болчу. Абал олку-солку болуп калганын сезген Бакиевдин айланасындагылар аны элди тынчтытыш үчүн Нарын областына жиберишет, анын бул аймакта кадыр-баркы бар экенин жакшы билишет эле. Бирок Бакиев башында турган бийликке эл ушунчалык катуу кыжырланып тургандыктан, Жумакадыровдун кадыр-баркы анын бул областтан аман-эсен кетишине гана жарады. Талас областындагы эл ал жакка жиберилген башка аткаминерди эмне кылгандарын баарыбыз жакшы билебиз.

Апрель ыңкылабынан кийин Темир жана Катчылыкта иштеген эки досу мындан ары эч качан мамлекеттик кызматка барбаганга өз ара чечим чыгарышат. Достордун бир гаражында кечинде чогулуп, өлкөдөгү абалды талкуулап турушаар эле, ал эмес Кыргызстанды каатчылыктан чыгаруу боюнча аналитикалык документтерди иштеп чыгышат. Кийинчирээк “Кеменгер” деген коомдук фондду негиздешип, чечим чыгаруучу адамдар үчүн аналитикалык каттарды даярдай башташат.

Ыңкылаптан кийинки Кыргызстан эсиңердеби? Коомду карама-каршылыктар эзип, кыргызстандыктардын көбү Бакиев кеткенден кийин жашоо эми такыр башка болуп өзгөрөт деп күтүп жатышкан. Бирок көп жылдан бери топтолуп келген маселелердин бардыгы бир учурда бардык жактан жарылды. Бардык областтарда митингдер уюштурлуп, айрым жерлерде объектилер басып алынып жатты, аймактык бөлүнүү күч алып, кошуналар чек араларын жаап, газды өчүрүп, жаштар эч кимге, эч нерсеге ишенбей калган эле. Мына так ошондо “Кеменгердеги” үч талдоочу жаштарды мамлекеттик башкарууга тартуу боюнча коцепцияны жана дагы бир катар аналитикалык долбоорлорду иштеп чыгышат. Аналитикалык фонд бат эле эл оозуна алынып, ал тууралуу ошол кезде Коргоо кеңешин жетектеп турган генерал Жунусов да угат. Ал Темир Жумакадаров менен байланышып, аны менен жолугуп, ага Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун концепциясын жазып берүүнү сунуштайт. Эки айдан кийин “Өлкө” деп аталган бул көлөмдүү документ президент Атамбаевдин столунда жаткан болот.

Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Шаршенович мындай деп эскерет: “Бул документ мени өзүнүн жаңычылдыгы менен кызыктырды. Ал, сөзсүз, ийине жеткире иштелбеген, романтикалуу кыялдарга толтура болчу, бирок ошол эле кезде жаңычыл, жөнөкөй тил менен жазылган, өлкөнүн коопсуздугуна өзүнчө көз карашы бар эле. Аны мекени үчүн күйүп-бышкан балдар жазганы байкалып турду. Бул документти даярдаган балдарды мага чакыргыла дедим. Ошентип Тамир Жумакадыров жана анын командасы менен таанышып калдым. Темир сыяктуу балдарды кыргыздар “жылдыздуу жигит” деп коюшат. Ал өзүнүн адептүүлүгү жана акылкөйлүгү менен мага дароо жагып калды, мен андан мага жакын адамды сездим. Ортобузда дароо жакындык пайда болду, ал дагы аны байкады”.

35 жаштагы Коргоо кеңешинин катчысы

Бир да күн күч органдарында иштеп көрбөгөн, ал эмес аскерге да барбаган адамды, Темир Жумакадыровду Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары кылып дайындоо тууралуу жарлыкка Атамбаев экинчи жолу жолугушканында, айрым уламыштарга ишенсек, ал эмес анын көзүнчө кол коюптур. Алмазбек Шаршеновичтин өзү бул жарлыкка кол кандай шартта коюлганын жакшы эстей албады, анткени бул учурда өлкөдөгү абал оор болуп, түнү менен иштегенге туура келген күндөр эле, катуу чарчашат болчу. Бирок ал өзүнүн чечимин мындайча түшүндүрөт: “Мен башынан эле Коргоо кеңешинде башкача ойлонгон адистерди топтоону чечкем. Бул жагынан алганда Темир бардык талаптарга жооп берет эле – башкача ойлонгон жаңы адам. Ал аз келгенсип өзүнө окшош дагы бир топ баланы мага алып келди. Мен алардын бардыгын Коргоо кеңешинин Катчылыгына алдым. Мына так ошол жаңыча мамиленин, жаңы көз караштардын аркасында өлкөбүздүн коопсуздук тутумунда кескин өзгөртүүлөрдү жасай алдык, алардын жыйынтыктарын жакында сезе баштайбыз”.

Башында аскерлер менен милиция генералдары жана да башка күч түзүмдөрдүн жетекчилери жаңы жетекчини кабыл албады десек, жумшарта айтканыбыз болуп калат.

Темир Жумакадыров менен бирге “Кеменгер” фондунан Коргоо кеңешине келген Марат Каратаев ал кезди мынтип эскерет: “Коргоо кеңешине келип, ал жактагы жамаат өлкөдөгү абалды жакшы билбегенин жана да эч нерсе өзгөрткүсү келбегенин көргөнүбүздө баарын таштап, бурулуп кетип калгыбыз келди. Анан да, аскер маселесин билбеген кайсы бир гражданскийлер келип алып, болгондо да бакиевчилер, бизди иштетип, бир нерсе өзгөрткүсү келет деп биз менен эсептешкилери келбей жатты. Бирок да бир нерсе кылганга аракет кылбай туруп, бурулуп кетип калганыбыз адамгерчиликке жатпайт эле. Биз күн-түн дебей иштеп, жакшы аракеттендик, ошондой күндөрдүн биринде менин аргам түгөнүп туруп калдым. Жасаганыбыздан эч майнап чыкпай жатты, биз тутумду өзгөртөлү деп канчалык урунбайлы, ал кебелип да койбоду. Темир болсо: “Кел, дагы бир жолу аракеттенип көрөлүчү. Эгер бул жолу да эч нерсе чыкпаса, чогуу кетели”, - деп жатты”.

Алмазбек Курманалиев бир кезде Жумакадыров менен бирге Малеванаянын Катчылыгында иштеген болчу, аны Темир жеке өзү Коргоо кеңешине 2013-жылдын октябрында чакырган. “Биз 2010-жылдан бери көрүшө элек болчубуз, Темирдин өскөнү, анда мамлекеттик адамга мүнөздүү ички өзөк пайда болгону байкалып турду. Ал мамлекет эмне экенин, коом эмне экенин, алар бир-бирине жана геосаясатка эмне болоорун жакшы билет эле. Анын дүйнөгө көз карашы өсүптүр, ал кайсы бир ортозаар маселелер тууралуу эмес, мамлекеттик деңгээлдеги маселелер тууралуу сөз кылып жатты. Бул кызыктуу эле. Келип иштебейсиңби дегенде мен ага: “Темир, сен мени билесиң да, мен скептикмин, мен көп нерсеге шектенүү менен карайм”, - дедим. Ошондо ал мага мындай деп жооп берди: “А мен оптимистмин да, эң сонун тандем болобуз. Сен пессимист, мен оптимист, ортодо чындык болот”.

- Биз кол алышып иштей баштадык, - деп эскерет Курманалиев. – Анын башкы максаты – улуттук аналитикалык мектепти түзүү болчу. Сырттан келип, бизди окуткан эмес. Биздин өзүбүздүн коом тууралуу түшүнүгүбүзгө, менталитетибизге, тарыхыбызга таянган улуттук аналитикалык мектебибиз керек эле. Анткени буларды бизден артык эч ким билбейт да. Ал мамлекеттик кызматтагы адамдар чечимди талдоого гана таянып кабыл алышын каалайт эле. Аналитика – бул эмне? Менин пикиримде аналитика – бул чындык. Башка адистер бул нерселер менен кантип иштей тургандыгын билбейм, бирок биз үчүн ал чындык болчу. Ал канчалык ачуу болбосун, аны айтканыбыз туура болот. Анан чечүү жолдорун сунуштайбыз, же кеңештерди беребиз. Кайсы бир процесстерди оптималдаштыруу максатында биз чечим чыгаруучу адамдарга өз кеңештерибизди берип турат элек. Менимче, Коргоо кеңешинде бул аналитикалык мектептин башаты калыптанып калды. Мен мынтип айткандан тартынбайм. Бул биздин командабыздын ичинде пайда болду. Кадыресе аналитикалык борбор сыяктуу окутуп, кадрларды тандаган убакыт да келди”.

Марат Каратаев айтылгандарды улантты: “Коопсуздук кеңеш президентке текшерилген аналитикалык материалды сунуштай турган аналитикалык аянтча болушу керек. Мындай кеңештин кызматкерлеринде сөзсүз эле аскердик тажрыйбанын болушу шарт эмес. Атайык кызматтар жана укук коргоо органдары жер-жерлерде эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалыматты берип турушат. Бул маалыматтардын негизинде биз аналитиканы даярдап, аны Алмазбек Шаршеновичке берип жаттык. Биринчи кезекте, бул кандай маселелер бар экендиги тууралуу талдоо эле. Абалдын өзгөрүшүнүн прогноздору, аргументтер менен. Андан кийин – бардык тобокелдиктерди, кесепеттерди, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен сунуштала турган аракеттердин жана маселени чечүүнүн жолдору”.

Ал кезде Коргоо кеңешин жетектеп турган генерал Жунусов Жумакадыровго иштин баарын тапшыра баштады. Ал Темирдин командасына толук ишенет эле. Бир жарым жыл  аралыгында Жумакадыровду Коргоо кеңешинин катчы кызматына даярдап койду.

2015-жылдын 21-февалында 35 жаштагы Темир Жумакадыров Кыргызстандын Коргоо кеңешин жетектей баштады.

Жемкорлук менен күрөшүү

Темир Жумакадыров жетектеп турган кезинде Коргоо кеңешинде болгон эң маанилүү өзгөрүүлөрдү жана кабыл алынган чечимдерди толугу менен бир макаланын алкагында айтып берүү мүмкүн эмес. Аны менен иштегендерге сөз берели.

“Эң маанилүүсү деп “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкты атайт элем, - дейт Алмазбек Курманалиев. – Бул жарлык жана Коопсуздук кеңешинин чечими жемкорлук менен толук масштабда күрөшүүгө негиз түздү. Буга чейин жемкорлук менен күрөшүү – бул бир аткаминерди башка аткаминер менен алмаштырып, уурулук кылганды камакка алуу деп ойлойт элек. Чындыгында андай эмес. Биздин максатыбыз мамлекеттик башкаруу тутумуна жемкорлукка каршы моделди киргизүү эле. Бул терс көрүнүштүн тутумдук себептери менен күрөшүш керек. Иликтөө – көп убакытты талап кылат. Биз ар бир маморганды иликтеп чыктык, эксперттик коомдун, коомдук уюмдардын жардамын колдондук, ар бирине (маморгандарга, ред.) барып, мыйзам чыгаруучу, башкаруучу, кадрдык маселер сыяктуу негизги процесстерге аудит жүргүздүк. Бул нерселер бардык маморгандарда бар. Иликтөөнүн жыйынтыгына таянып, жемкорлук тобокелдиктерин жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыктык. Ар бир мекемеге 40тан ашык сунуш берилди”.

Айрым жемкорлук схемаларга көнүп калган кыргыз аткаминерлери бул сунуштарды кабыл алды деп ойлойсуңарбы? Албетте, жок!

“Сөзсүз, аткаминерлер катуу каршылык көрсөтүштү. 2014-жылдан 2015-жылга чейинки убакыт биз үчүн эң оор мезгил болду, биз жемкорлукка каршы туруу тутумун киргизип жаттык, бизди коом да, мамлекеттик кызмат да, кызматкерлер да түшүнбөй жатты. Ушул эки жылдын аралыгында кандай чоң өзгөрүүлөр болгонун билесиңерби? Аткаминерлер менен коом түшүнө башташты, а биздин механизм иштей баштады. Мени бул катуу таңгалтырды. Бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң жылыш эле”, - деп эскерет Алмазбек Курманалиев.

2016-жылы июлда Темир Жумакадыров биздин “Жаңы жүздөр” гезитибизге интервью берген эле. Ошондо эле аткаминерлердин аң-сезими өзгөрө баштаганы, жемкорлук менен тутумдук күрөшүү өз жемиштерин бере баштаганы байкалган.

Жемкорлук менен күрөшүүнүн ыкмалары тууралуу Жумакадыров интервьюда буларды айтып берген эле: “Жемкорлук менен күрөшүүнүн биринчи жана экинчи баскычы – биздин президентибиздин саясий эркинин көрсөткүчү (ал кезде Атамбаев – ред.). Бул саясий эрктин деңгээли өтө жогору. Эми биздин максат – жемкорлук менен күрөшүүнүн бул деңгээлге туура келген механизмин иштеп чыгуу. Биздин негизги ишибиз ушул механизмди калыптандыруу экенин такай эскертип келем, бул тутум ким жетекчи болооруна карабай иштеп турушу керек. Менимче, бул механизмдин басымдуу бөлүгүн биз иштеп чыктык, эми өзүбүздүн антижемкорлук тутумубузду түзүшүбүз керек болот. Бул ишти жаңыдан гана баштаган кезибизде, көп адамдар башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбаларын колдонууну сунушташкан болчу. Бирок бирөөнүн тажрыйбасын көчүрүү деген белгилүү бир иштин натыйжасын көчүрүү экенин эстен чыгарып жатабыз. Башка өлкөлөр кайсы бир процесстин жыйынтыгында ийгиликке жетишкен. Ал процесстен өтпөй туруп кайсы бир жыйынтыкка жетүү мүмкүн эмес. Бул натыйжасын бербейт. Ошондуктан биз жемкорлук менен күрөшүү боюнча өз жолубузду басып өтүшүбүз керек, биз керектүү механизмди түзүп жатып көп нерсени баштап өткөрүп, эмне иштей тургандыгын, ошондой эле эмне иштебей тургандыгын аныкташыбыз керек. Мына ошентип аз-аздан өзүбүздүн тутумубузду түзөбүз, ал такай иштеп, анын иштеп турушуна маморгандардын жетекчилери да, коом да, бизнес да кызыкдар болушу абзел. Көз менен көрүп, кол менен кармап көрүүгө мүмкүн болгон жыйынтыктарды берген тутум керек бизге”.

Профессор Жумакадыр Акенеев Темир Жумакадыровдун карьерасынын өсүшүнө дайыма назар салып турар эле: “Так ошо Темир келгенде Сот, Кылмыш-жаза, Административдик-процессуалдык кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү иштелип чыга баштады. Жаңы нормалар 2019-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилет. Мисалы, эми м ындан ары майда нормаларды бузгандыгы үчүн, анчалык оор эмес кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралбайт, алардын ордуна айып пулдар колдонулат. Бул жалпы соттук тутумга оң таасирин тийгизиши керек”.

Темир Жумакадыров жана анын командасы иштеген 3-4 жыл ичинде Аскердик күчтөр тутумунда, дин жаатында, мамлекеттик чек-аранын коопсуздугу маселесинде жана дагы бир катар башка жактарда кескин өзгөрүүлөр болду. Журналисттер Темир Курмангазиевичти урматташат эле, анткени ал чоң кызматта иштегенине карабай каалаган убакта телефондук чалууга же СМС билдирүүгө жооп берип, өлкөдөгү абалга байланыштуу эң татаал маселелер боюнча өз пикирин айтып бергенге макул эле.

КМШ өлкөлөрүндөгү Коопсуздук кеңештин (Коргоо кеңеши 2017-жылдын мартынан баштап ушинтип атала баштады) эң жаш жетекчиси КККУ (ОДКБ) жана ШКУ өлкөлөрүндөгү кесиптештеринин арасында кадыр баркка ээ болчу.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Жумакадыров тууралуу эскерүүсү менен бөлүштү: “Темир Курмангазиевич экөөбүз биринчи жолу 2013-жылы коопсуздук маселесине байланыштуу эл аралык иш-чарада жолуктук. Анда бетме-бет отуруп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбоду, бирок анын бул иш-чарада жасаган доклады мага абдан жакты. Постсоветтик өлкөлөрдүн өңүтүнөң алганда да кыйла жаш жетекчи айтып жаткан маселесин терең билээрин, жакшы түшүнөөрүн көрсөтүп, негизги маселелерди жиликтеп-талдап, аларды чечүү боюнча жөнөкөй, конкреттүү чараларды сунуштады.

Кийин, Москвада жана башка шаарларда иш боюнча жолугуп, аны менен сүйлөшүп калганымда ал көптү билген, кызыктуу адам экенине ынандым. Өзүнүн шайдоот мүнөзү, энергиясы жана оптимизми менен сүйлөшкөн адамын “арбап” алат эле. Ошол эле кезде анда ийгиликтүү жетекчи менен жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердин сапаттары байкалып турат болчу. Улуттук жана аймактык коопсуздук боюнча кандай гана маселе болбосун Темир Курмангазиевич аны чечкенге шымаланып киришип, кесипкөйлүгүн жана көктүгүн көрсөтүп, ал маселени чечүүнүн эффективдүү жолдорун таап чыгар эле. Мисал катары ийгиликтүү аяктаган укук коргоо органдарынын реформасын гана алып көрөлү.

Бул жаңы муундагы саясатчы болчу, өлкөсү үчүн жанын берүүгө даяр мекенчил эле, жана да ал иш жүзүндө бай-кубат, өнүккөн Кыргызстанды курууга өзүнүн чоң салымын сала алды.

Жоготуу

2018-жылдын 4-августунда Темир Жумакадыров 39 жашка чыкмак. Бул адам баралына келип, чоң жеңиштерге жете турган курак. А мындай жеңиштер анын жашоосунда көп болду. Бирок анын эң чоң байлыгы анын үй-бүлөсү эле – анын ата-энеси, жубайы Нора жана Дария, Эрика, Нарие деген үч кызы. Кыздарына кандай ата, аялына кандай күйөө болгонуна эң жакшы мисал: Темир Жумакадыров ар бир кызынын төрөлүшүн көргөн. Башкача айтканда партнерлук төрөттөргө катышкан. Андан сырткары, ишинин көптүгүнө карабай ар бир базар күндү үй-бүлөсү менен гана өткөрчү...

2017-жылдын 7-октябрында Темир Жумакадыров жол кырсыгында каза болду. Кыргыз Республикасынын президентине шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп туруп, ал инспекция менен Талас областына бараткан эле. Кокустан маңдайынан чыга калган КАМАЗ үч жаш жигиттин жанын кыйды: Темир Жумакадыровдун, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиевдин жана айдоочу Нурбек Мукановдун.

“Тумир Жумакадыровдун каза болушу – бул анын үй-бүлөсү, туугандары жана достору үчүн гана жоготуу эмес. Бул жалпы өлкө үчүн чоң жоготуу. Биз өлкөбүздү алга карай жылдыра ала турган адамдан айрылдык. Көз карашы, даярдыгы, мүмкүнчүлүктөрү боюнча ал келечекте Кыргызстандын мыкты Президенти боло алмак”, - деп эсептейт профессор Акенеев.

P.S.

Акыркы жарым жылда мен пазл сыяктуу бул жаш мамлекеттик ишмердин жашоосу тууралуу болгон маалыматтарды чогултуп жүрөм. Бардык болуп жаткан нерселерге анын көзү менен карагандай болом. Темир Жумакадыровдун жашоосу, ишмердүүлүгү менен жакшы тааныш болгондон кийин, Кыргызстанда чыныгы мекенчилдер бар экенине толук ынандым. Алар анчалык деле көп эмес, алар уюган алтын сымал өлкөбүздүн ар башка аймактарында пайда болуп, ар түрдүү тармактарда иштеп келишет, балким да, алардын башкы максаты – өлкөсүн гүлдөгөн бакчага айлантуу экенин өзүлөрү да аңдабай жүрүшкөндүр. Бирок алар сөзсүз Темир Жумакадыровдон калган мурас менен таанышышы керек. Мекенибиз жалгыз экенин билиши керек. Жаш, таза жана эрктүү кыргызстандыктар гана коомду тазалап, өлкөбүздү өнүгүү жолуна сала алат.

Даярдаган Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине