Кыргызстанды дендирөө кылган журналисттин өлүмү

00:05, 20 Августа 2018

22-июлда Чыныгы Журналист каза болду. Ал болгону 28 жашта болчу, бирок өлкөдөгү чыгаан журналисттердин бири, иликтөө жанрынын эң мыктысы деп эсептелээр эле. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Ысык-Көлдө, белгилүү депутат, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековго таандык “Акун” пансионатында көлгө чөгүп өлдү.

Коомдук тармактарда биринчи күндөн баштап эле бул жөн гана кырсык эмес экени айтыла баштады. Журналисттин жемкорлук тууралуу видеорепортаждары өтө эле курч болчу. Шекти дагы күчөткөн нерсе – өлүмүнө аз күн мурда почта аркылуу бир да сөз жок актай барак салынган конвертти алган эле. Бул тууралуу өзү “Фейсбуктагы” баракчасына жазган. Мындай нерсени каршылашын коркутуш үчүн мафия кеңири колдонот деген сөздөр айтылууда.

Ал эми Эгизбаевди коркутуш үчүн себептер өтө эле көп болчу. Ал бажыдагы жемкорлук, Бишкектеги жерлердин мыйзамсыз берилиши, көрүстөндөрдө мүрзөгө жерлердин тирүү адамдарга сатылышы, Тарых музейинин чырдуу реконстуркциясы ж.б.д.у.с. нерселер тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзөт эле.

Башында ИИМ бул кадыресе кырсык деп чыкты. Бирок коомдук пикирдин кысымынын астында тергөө жүргүзө баштады.

Өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза созулуп кеткендиктен Ысык-Көл райондук прокуратура тергөөнүн мөөнөтүн бир айга узартты. Журналист эс алып жаткан пансионат коопсуздук чараларын көрбөгөнү менен кылмыш иши азырынча козголо элек.

Бул кайгылуу окуя мындайча болгон. Улан Эгизбаев Ысык-Көлдө кош бойлуу келинчеги Сапаргүл менен эс алып жаткан. Ошол каргашалуу күнү, 22-июлда, жаш үй-бүлө пансионаттан чыгып, үйгө кайталы деп жатышкан. 12:44тө Улан “Фейсбукка” скутерлер тууралуу жазуусун жайгаштырат: Скутердин 5 мүнөттүк ижара акысы 500 сом экен. Бул 15 миң сом айлыкка иштеген адамдын бир күндүк маңдай тери. Кымбат эмеспи?

Түштөн кийин жолго чыгалы дешкен, бирок Улан акыркы жолу көлгө чүмкүп алайын дейт. Караса, ал өлүмүнө шашкан экен да.

Улан бир нерсени сезди беле?

Айрым нерселер адамдын дене боюн дүркүрөтөт.

Өлүмүнө бир күн калганда Уланбек Эгизбаев “Фейсбукка” мындай деп жазып жатат: Кыргыз бирин-бири өлгөндө гана өлөрчө мактайт. Неге тирүүлүктө оозубуздан жылуу сөз чыкпайт?”

Андан эки күн мурда, 19-июлда, “Спутниктин” кабарчысы Исмаил Мамытовдун өлүмү тууралуу мындай деп жазган: “Окуп алып төбө чачым дирилдеп кетти((( Мыкты жигит эле... Баарыбыз эле өлбөчүдөй тытынабыз, бирок ажал улук экен да. Кечээ көргөн, бүгүн жок...

Бул жердеги дагы сырдуу нерсе, анын акыркы журналисттик иликтөөсү көрүстөн тууралуу болуп жатпайбы. Көрүстөн администрациясынын жемкорлугу тууралуу Улан Эгизбаевдин иликтөөсү “Азаттык” радиосунун ар түрдүү тилде ар кайсы өлкөлөрдө чыккан берүүлөрүнүн ичинен “Айдын мыкты программасы” деп таанылган. Комиссия бул сертификатты кыргыз редакциясына 27-июлда, Уландын өлүмүнөн кийин тапшырганы менен, жюри бул чечимди ал тирүү кезинде эле чыгарган болчу.

Уландын эмгекчилдиги адамды таңгалтырбай койбойт. “Улан” деген сөз “шуулдак, жигердүү” деп которулат. Ал так ушундай болчу. Чыныгы репортёр. Анын таланты жана жарандык мамилеси тирүү кезинде эле бааланганы адамды бир аз жубатат. Башында майып бала Нургазы тууралуу видеосюжет үчүн барктуу Webby Award сыйлыгын алды. Андан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин колунан ардак грамота алса, ал эми бул жылы – кыргыз журналистикасынын аксакалдарынын “Алтен калем” премиясына татыган. Анын Кочкордогу айлындагы акыркы жайга узатуу тажыясына мурдагы президент Роза Отунбаева катышты, Улан тууралуу жазган акыркы сөзү анын кандай адам, журналист болгондугун көп сыйлыктардан да артык айгинелеп турат.

Ушинтип жашап келатабыз. Ушинтип эле жашап жатабыз 

Отунбаеванын макаласынан үзүндүлөр.

“28 жаштагы ушул жигит бүтүн өлкөнү селт эттирди. 28 жашыңызда сиз эмнеге жетип, эмнелерди жасаганыңызды эстей аласызбы? Ал жанында ийиндешип келаткан кесиптештери менен кошо жемкорлукка, уурулукка, калпка каршы турган, адилеттик үчүн аянбай күрөшкөн, көжөлүп каршы турган, дили таза жаңы кыргыз журналистикасына жол салышты. Иш дегенде ал өзүн аячу эмес, тыным албай иштечү, жетишип калсам деп шашып турчу, мамлекеттик масштабдагы канча курч маселелерди көтөрдү, ар дайым саясий күндүн анабашында жүрдү...

Биздин күндүн көйгөйлүү көп темаларын тартынбай, коркпой-үркпөй козгоп, сылап-сыйпабай ачык айтып, анан да аны угумдуу тилде унутпас кылып түшүндүрүп берген тайманбас журналистти эстен чыгарбоонун эң мыкты жолу – ал баштаган ишти аягына жеткирүү, козгоп кеткендерин андан ары улап кетүү. Мына ушул темалардын кыйласын журналисттер мурда деле көтөрүшкөн, бир эмес, эки-үч жыл илгери деле жазышкан, бирок да аларга жооп жок болуп атпайбы. Бийлик проблемаларды басып койчу, журналисттер соттук териштирүүлөрдүн төө бастысында калышты, айрымдарын иштен кууп чыгышты, чет өлкөгө баш калкалап кеткендери болду. Коомчулук кыңыр иштердин кыйласын угуп, нааразылыгын айтып, ачуу үшкүрүнүп тим болот, анан бүттү, анан эч нерсе болбогондой тынчып калат. Ушинтип жашап келатабыз. Ушинтип эле жашап жатабыз (цитатанын аягы).

Уландын өлүмү да “Ушинтип жашап келатабыз. Ушинтип эле жашап жатабыз” дегендей эле. Бул жерде: “Ушинтип эле өлүп жатабыз” деп кошумчаласак гана болчудай.

Бышырылган жүгөрү сатып жүргөн балдар пирстен бирөө чөгүп жатканын көрүп, аны куткарганга шашылып, жээкке алып чыгышат. Ал али да тирүү болчу. Бирок куткаруучулар табылбады. Алар кээ бирлеринин айтымында 7 мүнөттөн кийин, бакашалардын билдирүүсүндө 15 мүнөттөн кийин гана жетип келишти, бирок алардын иш жери болгон көл жээгинде жок болгондугу бул факт, ал эми адамдын өмүрүнө байланыштуу кооптуу жагдайда – ар-бир секунд баалуу экенин билебиз.

Улан терең чуңкур бар жерде чөгүп кеткен, ал чуңкур тууралуу жергиликтүү балдар билет эле, куткаруучулар да сөзсүз билиши керек болчу. Бирок пансионаттын администрациясы ал жерди буйлар менен белгилеп коюш үчүн эч нерсе кылган эмес. Анан да куткаруучулар өз ордунда болуп, чөгүп жаткан Уланга өз убагында жардамга келишсе, Улан тирүү калып, коомго пайдалуу дагы канча нерселерди жасайт эле.

Бирок “Акун” пансионатынын жетекчиси, дегеле ушундай аталыштагы бизнес-империянын ээси, белгилүү саясатчы, ал эмес өлкөнүн президенттигине ат салышкысы келген Чыныбай Турсунбеков эч бир жоопкерчиликке, ал эмес моралдык жоопкерчиликке да тартылган жок. Ал аз келгенсип, атайынбы же билбестиктенби, Эгизбаев балдар сууга түшкөн жерде чөгүп кетти деген.

Турсунбековдун: “Биздин куткаруучу ал маалда пансионаттын четиндеги опурталдуу жерге көз салып турган. Улан балдар сууга түшкөн пирстин жанында түшүп жатыптыр”, - деген сөздөрүн “Спутник” агенттиги келтирет.

Уланды куткарыш үчүн сууга секирип, куткаруучулар келгиче ага жардам бергенге аракет кылышкан күбөлөрдүн айткандары Турсунбековдун сөздөрүн төгүндөйт. “Азаттыктын” видеорепортажында балдар сууга түшүп, Улан чөккөн жерди көрсөтүп беришкен. Ошол жерде бала колун көтөрүп сууга толугу менен кирип кеткен, ошондо да буту суунун түбүнө жеткен эмес.

Саясатчылар калп айтышат, жана да эч бир жоопкерчиликке тартылышпайт. Ушинтип жашап келатабыз. Ушинтип эле жашап жатабыз.

Юристтердин жана элдин пикирлери

Биз юристтерге: “Адам сууга чөгүп кеткен пансионаттардын ээлери кандай жоопкерчиликке тартылат?” деген суроону бердик.

Белгилүү адвокат Нурбек Токтакунов мурда прецедент түзүлбөгөндүктөн пансионаттардын жетекчилери жоопкерчиликтен кутулуп кетишүүдө дейт.

“Доо арыз жазып, соттоп ийсе болот, – дейт ал. – Жарандык жана административдик жоопкерчилик тийиштүү кодекстерде көрсөтүлгөн. Андан сырткары суу объектилеринин ээлери коопсуздук маселесине көңүл бурбагандарын тескөөгө албагандары үчүн бийлик өкүлдөрүнө да жоопкерчилик каралган. Суу объектилеринин минималдүү түрдөгү милдеттенмелери бар, анын ичинде куткаруу көзөмөлүн уюштуруу тууралуу”.

Нурбак Токтакуновдун айтканы менен Конституциялык палатанын мурдагы соту Клара Сооронкулова да макул: “Нурбектин прецедент түзүш керек дегени менен макулмун. Эс алып жүргөн адамга коопсуз шарттар түзүлүшү керек. Бул да мамлекеттин милдети да”.

Башка белгилүү юрист Нурлан Садыковдун пикиринде, жоопкерчилик маселеси маанилүү болуп эсептелет: “Бийлик суу жээгин ижарага же жер участогун жеке менчикке берип жатканда коопсуздук шарттарын аткаруу, куткаруу кызматын уюштуруу боюнча талаптарды коюшу керек”.

Мурдагы мыйзам чыгаруучу жана башкы прокурор Кубатек Байболовдун айтымында, бул жерде “Оор кесепеттерди алып келген шалаакылык” беренесин колдонсо болот.

Ошол эле кезде Кыргызстанда суу жээгиндеги администрациянын жоопкерчилиги жана куткаруучулардын милдеттери так аныкталган конкреттүү мыйзам даярдалган эмес. Ал эми учурдагы нормалардын негизинде доо арыздарды берүү прецеденттери да жок.

Бул тема коомдук тармактарда катуу талкууну жаратты. Жалпы маанайды көрсөтө алган айрымдарын сунуштайбыз.

Айсулуу Берикова: «Депутаттар өз кызыкчылыктарын гана коргошот».

Туран Енисеев: «Эгер сууга чөгүп кеткендин үй-бүлөсү көп миллиондуу доо арыз менен пансионаттын ээсин сотко берсе, балким мына ошондо башка пансионаттардын ээлери кыймылдай башташат беле? Эгизбаевдин жубайы адвокат жалдап, Чыныбай Турсунбековду чоооң суммага сотко берип көрбөйбү?»

Айгүл Насирдинова: «Бул жерде “коопсуз чөйрө” деген программа түзүлүп, нормативдик-техникалык талаптар боюнча, мисалы, суунун чеги, тереңдиги боюнча – бардык суу жээгиндеги иш-чаралар долбоорго киргизилип, тийиштүү кызматтар – Мамтехкөзөмөл, санэпидемстанция, өрт өчүргүчтөр ж.б. менен макулдашылышы керек. Ошондон кийин гана сезонду ачканга уруксат берсе болот. Бул суунун сапаты, пансионаттын жарыктандырылышы сыяктуу инфраструктурага да тиешелүү».

Урмат Абылгазиев: «Бул окуяда жоопкерчилик толугу менен пансионат ээсинин моюнунда – алдын ала текшерип, тийиштүү буйларды койбогондугу үчүн».

Баян Жумагулова: «Буй жок, куткаруучулар өз ордунда эмес, чуңкурлар көрсөтүлгөн эмес... Эмне, булар майда кемчиликтерби

Туугандары Улан киши колдуу болгон деген ойдо

Биз “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесинин жетекчиси Венера Жуматаевадан интервью алдык.

- Мен силердин кырсык болгон жерге барып, Уландын чөгүп кетиши тууралуу даярдаган материалыңарды көрдүм. Бул жөн гана кырсык болгон дегенге ишенесизби?

- Эч бир ишенич жок. Биз Уландын акыркы мүнөттөрүн аныктаганга аракет гана кылдык. Биз видеону адистерге көрсөтүп, алардын пикирин угалы деп жатабыз. Ал бир топ көлөмдөгү видео, жалпы жонунан бир саатка жакын. Биз туугандарын аяп, кичинекей гана бөлүгүн көрсөттүк.

- Пансионаттын жетекчилери кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?

- Мыйзамга караш керек. Кечээ бир адис биздин видео жазууларбызды көрүп, бардыгы өз убагында туура жасалганда, аны жээкте аман сактап калса болмок экен деди.

- Чыныбай Турсунбеков акыркы сапарга узатууга катышыптыр, ошондой эле ал прессага Улан анын коногу болгонун айтыптыр. Бул анын пансионаттын жетекчиси катары жоопкерчиликтен кутулуп кетет дегени эмеспи? Балким, ал үй-бүлөсүнө материалдык жардам бергендир, бирок да доо арызын берсе болбойбу?

- Уландын туугандары доо арыз бере алышат. Алар Улан киши колдуу деген ойдо, экспертизанын акыркы жыйынтыгын күтүп жатышат. Мен бир гана нерсени так билем: Улан сууда сүзгөндү билбейт эле, былтыр резиденцияда чөгүп кете жаздаган. Ал суудан коркот болчу, бирок бул коркуу сезимин жеңгенге катуу аракеттенчү. Анда аны менен кошо резиденцияда биздин кесиптешибиз болгон.

- Менин жеке пикиримде, Улан киши колдуу болгон күндө да куткаруучу кузөт мунарасында болбогондугу жана бул кырсыкты болтурбай койгондугу – бул пансионаттын жоопкерчилиги. Эмне болгон күндө да алар жоопкерчиликке тартылышы керек. Же чоң айып пулга, же кылмыш жазасына.

- Мен да ошондой ойдомун.

- Логикага таянсак, эгер Улан киши колдуу болсо, анда аны конверт жибергендер кылышкан. Аны ким жибергени белгилүү болдубу? Анын кайсы иликтөөгө тиешеси бар экен?

- Бул көрүстөн боюнча иликтөөсүнө байланыштуу. Алар Уланды жана “Азаттыкты” сотко беришкен. Эгер алар өлтүрөлү деген ойдо болушса, менимче, алар сотко барышпайт эле.

- Анда эмне үчүн алар ушундай конверт жиберишкен?

- Адвокат дарегин текшериш үчүн жиберген экен. Сотко чакырууну жана бош конвертти бир гана адам жибергенин биз өзүбүз эми гана билдик.

- Алар жаңылып, конвертке актай кагаз салып алыптырбыз деши мүмкүн, бирок бул эскертүү да болушу ыктымал. Улан киши болду деген туугандары, кимди өлтүрүшү мүмкүн деп жатышат?

- Туугандары ушул деп так айта айталышпайт. Көрүстөн боюнча эфирге чыгарбаганга аракет кылгандары болду. Мындай нерселер бизде көп болот. Чалышат, эфирге же сайтка чыгарбагыла деп суранышат, коркутушат.

- Берүү эфирге чыккандан кийин Уландын өлүмү эмнени өзгөртөт эле? Жарыкка чыга элек, дагы кайсы иликтөөлөрдүн үстүндө иштеп жатты эле?

- Жок, андай иликтөө жок болчу.

- Уландын материалдарынан кайсынысын өзгөчө бөлүп карайт элеңиз?

- Бирөөсүн бөлүп кароо кыйын. Чындыгында, анын ар бир экинчи ТВ программасы элдин катуу талкуусун жаратат эле. Ал эми кыска видеосюжеттеринин ар бирин он жолудан карап чыктым окшойт. Анын атасы сүрөтчү, өзү да жакшы тартат эле, менимче, ал бардыгына чыгармачылык менен мамиле кылат эле. Бирок бул жерде кошумчалап кетким келет, Уландын бардык программаларын биздин суперталанттуу операторлорубуз жана продюсерлерибиз тартып, редактор же бюронун шефи түзүмү жана мазмуну боюнча чоң жардам беришээр эле. Улан көрүнүктүү журналист болчу, бирок анын ар бир программасы – көп адамдын эмгегинин натыйжасы. Өзгөчө биздин жаш таланттуу операторубуз Улан Асаналиев анын эл аралык сыйлыктарды алган бардык видеосюжеттерин тарткан эле.

- Сиздер Улан атындагы стипендияны негиздепсиңер. Ким аны каржылайт жана ал кимге берилет?

- Ооба, биз кыргыз тилиндеги эң мыкты дилбаяндын авторуна, Көк-Жар айылынын мектебинин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы 500 доллар өлчөмүндөгү стипендия беребиз. Премия “Азаттык” радиосунун атынан берилип турат.

Кесиби үчүн курмандык

Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаевдин атындагы журналисттик иликтөөлөр боюнча Коомдук фондду ачуу демилгесин көтөрүп чыкты, жана да ал алгачкы төлөм катары өзүнүн президенттик пенсиясынан чогулткан бир миллион сомун кошконго даяр экенин айтып, өлкөнүн башка жарандарын ага кошулууга чакырды. Роза Исаковнага баа беришбиз керек. Анын деңгээлиндеги жок дегенде бир саясатчы өлкөнүн өнүгүүсүндөгү журналисттик иликтөөнүн маанилүүлүгүн жакшы түшүнүүдө.

“Баарыбыз журналисттин коркунучтуу, оор жумушун колдошубуз керек. Домоктун кылычы ар кыл айла-амалдар менен качып кетишти ойлоп турган коррупционерлердин башында салаңдап илинип турушу зарыл. Биздин үй нымдан көгөрүп кетти, баткакка батып калды, акыр-чикири үйүлүп булганып кетти, аны колу туткак адамдар пайдаланууда. Биз бул жакта курулуш менен алектенип атсак, башкалары элдик байлыкты уурдап, кымырып-кымтып кетип жатышат. Жерибиз, үйүбүз жакшылап тазалоону, жууп-чаюуну эңсеп турат”, - деп жазат өлкөнүн экс-президенти.

Мына ушинтип чыгаан адамдардын өлүмү коомдо белгилүү жылыштар болушу үчүн курмандыкка айланат, ишенимди жандантып, өлкөгө өзгөрүү алып келгенге жаңы дем берет. Арабыздан эң мыктыларын жана жаштарын өлүм сууруп кетип жатканда мына ушул ой гана бизди бир аз сооротуп турат. Алар жылдыздай жарк этип, ааламдын түпкүрүнө сиңип кетишет. Балким алар, тээ бийиктикте болушу зарылдыр, адам катары да, кесипкөй адис катары да алардын бийиктигине умтулуп, өсүп турушубуз үчүн?

Бермет Букашева

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине