Коронавирус доорундагы адам укуктары

11:13, 9 Июня

Кыргызстанда пандемия шарттарында адамдын укуктары сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан бузулган учурларынын саны өсүүдө. Бул тууралуу эксперттер менен укук коргоочулары айтышууда.

Ким эң аярлуу болууда?

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытовдун айтымында, бул көйгөйгө бүткүл дүйнөнүн өкмөттөрү менен укук коргоо органдары кабылган.

«Ааламдашуу доорунда Америкада дагы, Европада дагы, Азияда дагы, Латын Америкасындагы дагы эл кандайдыр бир мыйзамдарга ылайык укуктарынан чектелүүсү мүмкүн деген көйгөйгө кабылды. Азыр дүйнөлүк коомчулук тандоо алдында турат: бир жагынан вирусту жеңүү үчүн мыйзам менен тартипти катуу сактоо керек,  ал эми экинчи жагынан адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө керек. Баардык өлкөлөр менен өкмөттөр адамдын укуктарын бузбай туруп вирусту жеңүүгө максималдуу аракет кылып жатты.  Бирок тилекке каршы, бул баардыгынын колунан келген жок, анткени көпчүлүк даяр эмес болгон.  Биздин Акыйкатчы институту комендатура, республикалык штаб, МЖАК жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте бийликти адамдын укуктарын аз бузууга көндүрө алдык.  Биз укуктарды канчалык аз бузсак, вируска ошончолук катуу сокку жөнөтө алабыз»,-дейт Токон Мамытов.

Сүрөттө: Токон Мамытов

Оштогу жарандык активист Акылбек Ташбулатов айтат: «Карантин учурунда көзөмөл өткөрүү пунктарында укук коргоо органдары тарабынан укук бузуулар болгондугун көрүп жаттык.  Андан сырткары, жактоочулар жабык мекемелердеги кардарлары менен жолугушууга мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно албай жатышты».

Караколдук укук коргоочу Камил Рузиевдин айтымында мамлекет эмне болгон күндө да адам укуктарын сактоого милдеттүү.

«Гуманитардык жардам кантип таратылып жаткандыгын көрдүк, ал баардыгына жеткен жок.  Азыр Караколдо санитардык эпидемиялогиялык станция өз кызматкерлерине коргонуу каражаттарын бербегендиги үчүн кылмыш иштери козголду.  Башка каражаттар дагы туура эмес таратылып жатты, ал эми дарыгерлерге атайын коргоо каражаттары жетпей жатты. Бул адамдардын, дарыгерлердин деги эле адамдын ден-соолукка болгон укугу бузулуп жаткандыгынан кабар берет»,-дейт Рузиев.

«Бир дүйнө» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, Республикалык штабдын коронавируска каршы чара көрүү тууралуу кабыл алуу тууралуу токтомдору менен жарлыктары башынан эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келген эмес.

«Албетте, биздин өкмөттө көп адамга вирус жугуп, кырдаал ыкчам иш-аракеттерди талап кылып турган учурларда тез кабыл алуу тажрыйбасы жок болгон, ошондуктан дагы кээ бир чаралар бири-бирине каршы келип калган. Тагыраак айтканда, токтом же мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө керектүү эксперттик пикир жок болгон.  Кыргызстан БУУга Өзгөчө кырдаалдан улам адамдын кээ бир укуктары чектеле тургандыгын билдирди, бирок алар укук коргоого эмес, башаламан жана легитимдүү эмес мүнөздө негизделген. Ошол үчүн адамдарда эмне мыйзамдуу ал эми эмне жок деген суроолор пайда болду. Мисалы бет капсыз жүрсө айып салынабы же жокбу деген. Тагыраак айтканда, чечим чыгаруу жараянында бир нече борбор болгондуктан улам аларды борборлоштуруп, юридикалык коштоо менен багыттай турган бирдиктүү негиз болгон жок.  Менин оюмча бул дал ошол чечимдер кабыл алынып жаткан жерлерде гендердик теңдик жок болгондугунан улам болду. Тагыраак айтканда аялдар аз болду. Ал эми кырдаалга болгон көз караш бир гана эркектер тарабынан болгон.

Төлөкан Исмаилованын айтымында, социалдык институттарынын өкүлдөрү, дарыгерлер, милиция кызматкерлери жана мугалимдер эң аярлуу кырдаалда калышкан.

Сүрөттө: Толекан Исмаилова

«Пандемия учурунда система туруктуу иш алып баруусу үчүн дал ушулар биринчи кезекте эң керектүү муктаждыктар менен камсыз болушу керек болчу.  Ал эми бизде болсо тескеринче, адамгерчилик арткы планга кетип, тыюууларга көп көңүл бурулуп жатты. Эң коркунучтуусу, жабык мекемелердеги адамдарга мониторинг жүргүзүлбөй калды, жана бул кырдаал бизди дагы деле санаага салып келет, анткени ал жерде болуп жаткан нерсенин масштабын биз билбейбиз. Жана ал жерлердеги дарыгер фельдшерлер дагы коркунуч алдында. Мен мамлекеттин ички жана сырткы мигранттар менен алып барган иши үчүн тынчсызданам.  Кээ бир учурда ал согуштагы кырдаалдай эле мүнөзгө ээ болуп жатты.  Ал эми соттор иштебей жаткандыгы жада калса согуш учурунда дагы үзгүлтүксүз иштөөгө милдеттүү институттар эс алууга кетип калгандыгынан кабар берет. Жана бул дагы адам укуктары менен болгон кырдаалга таасирин тийгизди»,-дейт Төлөкан Исмаилова.

Парламенттеги регламенттин жана коммерциялык эмес уюмдарынын укуктарынын бузулушу

Парламенттин дубалдарыда дагы Жогорку Кеңеш тарабынан укуктардын бузулгандыгы байкалган, анда коомдук угуулар регламенттин бузулушу менен өткөн.

Мисалы, коммерциялык эмес уюмдар тармагындагы башка жүздөгөн активисттер сыяктуу эле, Акылбек Ташбулатов дагы 22-майда өткөн коомдук угууларга Оштон келе албай калып катыша албай калган.

Сүрөттө: Акылбек Ташбулатов

«Бул биринчи кезекте биздин, аймактык өкмөттүк эмес уюмдардын коомдук угууларга катышуу укуктарыбыздын бузулушу. Биз мыйзамга оңдоо киргизүүнү демилгелеп жаткан депутаттарга жана башка эл өкүлдөрүнө коомдук угууларды кечирээк мөөнөткө жылдыруу өтүнүчү менен кайрылганбыз, анткени биз мыйзамды сактап, карантиндин талаптардын аткарып жаттык.  Жана 22-майда биз коомдук угууларга катышуу үчүн Бишкекке чыга албай калдык.  Биз бул оңдоолорду кабыл алуу ушунчалык эле ыкчам керекпи деген суроону койгонубуз менен баары бир кайрылуубуз көңүлсүз калды. Бирок бул долбоордун жылдырылышы дагы кызыктай көрүнөт.  Аны кароого өкмөт тез эле уруксат берди, ага 3-4 эле күн жумшалды. Регламент бузулгандыгына карабастан.  Аталган мыйзам долбоору Конституциялык мыйзам чыгаруу комитети карашы керек эле, бирок эмнегедир аны Социалдык укуктар боюнча комитети алган.  Бул тууралуу биринчи угууларда депутат Дстан Бекешев билирген, бирок төрага ага көңүл бурган эмес».

Камил Рузиев адамдар коомдук транспорт жүрбөй калгандыгына байланыштуу коомдук угууларга катыша албай калгандыгын укук бузуу деп эсептейт.

«Аймактын бейөкмөттүк уюмдардын талкууга катыша албай калгандыгы адам укуктарынын бузулушу болуп саналат.  Жана бул мыйзам долбоорунун шашалыш кабыл алынышы биздин демократия менен мыйзамдын чыныгы жүзүн көрсөтүүдө»,-дейт Камил Рузиев.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов: «Демилгечи-депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогондорду жана колдобогондорду угууга милдеттүү. Диалог болушу зарыл. Мен демилгечилер, ага каршылар жана ага кошулгандар деп үч бурчтук болушу керек деп сунуштайт элем.  Алар бирге отуруп, бири-бирин угуп, пикир бөлүшүүсү керек. Менин оюмча, сен каршылашыңды укканда чындыкты таба аласың».

Төлөкан Исмаилова дагы өткөрүлгөн угууларда пандемия учурундагы адамдын конституциялык укуктары бузулгандыгын айтат.

Укук коргоочулардын айтымында, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамына оңдоолорду киргизүү тууралуу чечимдин кабыл алынышы Кыргызстандын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрүнө, мисалы адам укуктары, сөз эркиндиги же демократия тармагында  терс таасир тийгизет. 

УКМК укук коргоо тармагын кантип дискриминациялап жатат?

Эксперттер укук коргоочулар Калича Умуралиева менен Камил Рузиевдин УКМК тарабынан кармалышы бир иштин чынжырчалары менен байланышкан деп айтышууда. Жана бул иш-аракеттер Кыргызстандагы адам укуктарын коргоону ишке ашырган жалпы тармакты дискредитациялоонун аракети.

Сүрөттө: Калича Умуралиева

29-майда алдамчылык жана документтерди жасалмалоо айыбы боюнча УКМК тарабынан кармалган Камил Рузиев ага коюлуп жаткан дооматтар жалган экендигин соттон далилдеп берүүгө даяр.

«Бул бейөкмөттүк уюмдарды, анын ичинде укук коргоочу уюмдарды каралоого багытталган Укук коргоо кызматын алсыздатып, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдын илгерилешин тездетип, укук коргоочулардын имиджи эң төмөнкү  деңгээлге түшүүрүү үчүн алар коркутулуп-үркүтүлүп, басымга алынууда. ММК булактарында алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат атайлап таратылган, андай болбосо дагы, коомчулукту адаштыруу аракеттери жүрүүдө. Бул бейөкмөттүк, укук коргоо органдары дискредитацияланып жаткандыгынан кабар берет. Бул туура эмес жана буга жол берилбеши керек». 

Сүрөттө: Камиль Рузиев

Бирок акыйкатчы Токон Мамытов коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам менен укук коргоочуларга басым көрсөтүүнүн ортосунда байланыш бар экендигин көрбөгөндүгүн айтат.

«Бул жерде укук коргоочуларга басым көрсөтүлүп жатат деп ойлобойм.  Менимче, бул жерде УКМК органдары жарандардын арыздарын кароо менен жөн гана өз ишин кылып жатат. Укук коргоо- бул ыйык иш. Буга асылып кереги жок, бул ыйык иш. Болбосо сен бүткүл укук коргоочу кыймылды жаман жагынан көрсөтүп коесуң! Ошондуктан, эсте сактоо керек, сен бул жерге келе жатканда Мамытов же Рузиев эмес, аткаминер эмес, укук коргоочу катары келесиң.  Ал эми укуктары тебеленип, жардамга муктаж жарандар укук коргоочуларга Жаратканга баргандай эле барышат. Ал эми бул нерсе менен сен Рузиевден үчөө болуп турсаң дагы аша чаппашың керек.  Жана бүгүн укук коргоочу сокку алдына биринчи тууруга, укук коргоо органдарынын көзү алдында болууга даяр турушу керек»,-дейт Токон Мамытов.

Жарандык активист Акылбек Ташбулатов башка ойду айтат: «Калича Умуралиевага карата иш жасоо аракети менен Камил Рузиев менен болгон кырдаал- бир максатты көздөгөн иштин бөлүктөрү. Эгемендүүлүк алганыбыздан бери 28 жылдын ичинде бир дагы коммерциялык эмес уюмдун өкүлү кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Ал эми азыр жарандык коомдун эки өкүлүн кылмыш жазасына тартуу аракети көрүлүүдө.  Бул ишти эмне үчүн ИИМ эмес, УКМК алып барып жаткандыгы шек жаратат.  Бул кызык көрүнүш. Кесиптештерим аларга каршы жасалган иш же атайын буйрутма болгондугу тууралуу айтып жатышат, бул Кыргызстандагы бүтүндөй жарандык коомду жаман көрсөтүү максатында жасалып жаткан аракеттер».

Укук коргоочулар күч жана сот системасын реформалоо керек экендиги тууралуу айтып келишет.

«ИИМ, УКМК, соттор, прокуратура баардыгы илгерки совет доорундагы эрежелер менен иштеп келишет. Бул түзүмдөрдө сабаттуу, жаш адамдар жок. Жана бул кырдаалда УКМК өз ыйгарым укуктарын менен аша чаап жатат.  Биздин чек аралар күйүп жатса алар же Калича же Камил деп улам биринин артынан чуркап жүрүшөт. Бул уят.  Алар эмне муну бизди коркуткусу келип жатабы?  Биз иштин ал жайын билебиз, ал системанын чыныгы жүзүн ачыктап жатат жана азыр көпчүлүк чекисттер деген ким экендигин түшүнүп калышыты.  Алар өздөрү пара алып кармалган фактылар бар. Менин оюмча, УКМК сырткы коопсуздукту камсыздашы керек.  Ал эми азыр Тажикстан же Өзекстан менен чек арадагы болуп жаткан кырдаал алар өз милдеттерин аткарбай жаткандыгын көрсөтүүдө»,- дейт Төлөкан Исмаилова.

Муну менен, коронавирус менен болгон кырдаал Кыргызстандагы адам укуктарынын көйөгөүн мурункудан да анык ачыктады. Өзгөчө кырдаал учурунда адам укуктары күн сайын бузулуп жатты, бирок ММК менен укук коргоочуларынын иши чектелгендиктен, алар изилденбей калды.

20 жылдан бери адам укуктарын коргоп келген Камил Рузиев пандемия учурунда өзү кылмыш ишине катышып калды. Жана ал айтат: «Мага, укук коргоочуга каршы иш жасап жатышат, ал эми эмне кылып, кайда кайрылууну билбеген жөнөкөй жарандар тууралуу айтып да кереги жок.  Ошондуктан эл системадан коркот, ошондуктан жабык мекемелерде кыйноолор, зомбулук көп.  Бирок эл адилеттик болооруна ишенбей, эч кандай мамлекеттик органдарга кайрылбай, эч кимге эч нерсе айтапайт.  Бул фактылар жазасыз кала берет. Бул өтө жаман».

Лейла Саралаева

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну "Жаны жуздор" жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт. 

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине