7-апрель боюнча Өкүм: мыйзам чегинде чыктыбы же абийир үчүнбү?

10:22, 8 Сентября 2014

Азыр заман өзгөрүп, чындыктан жалган айрымаланбай турган кез. Кээде, жалган да тайманбас чындыкка айланып кетет. Барынан коркунучтуусу, адам өмүрүнүн наркы кетип, саясий процесстердин жасалгасына айланат. Курмандыктар канчалык көп болсо, жасалгалар да ошончолук көзгө илинээрлик...

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстан каргашалуу окуяны баштан кечирди. Чаламандын чак түшүндө өлтүрүлдү. Кийинчирээк, улут толук кандуу эмес дешип, тосмого жулунган соң, Улуттук аң-сезими жапайы делген кем акылдар өлтүрүлдү деп айта башташты. Антип жазгандардын бары бакиев режими кулагандан кийин жеке кызыкчылыктарын жоготкондор экенин билип турсак да барыбыз үн катпастан туруп бердик. Унчукпаганыбыздын себеби, иликтөө органдары ишти акырына чыгарып, профессионалдар ким кимдин буйругу менен элди атканын аныктап берет деген үмүт бар эле. Биз, сот органдары Бакиев режимин кулатуу үчүн жанын аябаган баатырларды борбордук аянтта, сандаган кымбат баалуу дүкөндөрдү айланчыктап, топтолуп жүргөн мародерлердон айрымалап берет деп ишенгенбиз. Мына ушундай трагедия- улуулук жана шермендечилик бир келди ал күнү.
Иликтөө органдары жана сот бийлиги ар бир нерсени өз аты менен атаганга милдеттүү эле.

Жөнөкөй эсеп

7-апрель окуясы боюнча сот Кыргызстандын тарыхында узак, татаал жана чыр-чатактуу катары калды. Ал 2010-жылдын 17-ноябрынан тартып 2014-жылдын июль айына чейин 44 айга созулду. Сот процессинин негизги бөлүгүн сот Дамирбек Оңолбеков алып барды. Анын төрагалыгы астында 2011-жылдын март айынан тартып өкүм чыккыча 200дөн ашуун соттук заседание болуп, анын 5и 7-апрель окуялары тууралуу видеолорду көрүү менен өттү. Процессте 271 жабырлануучу жана 77 каза болгон кишинин өкүлдөрү суралды. Негизги күбөлөр 145 болуп, дагы кошумча 55и кошумча суроолорго жооп беришти. Иш боюнча 28 соттолуучу болгону менен 21инин гана көрсөтмөлөрү угулду. Калган жетинин -алтысы дагы эле издөөдө. Бакиевдер: Курманбек, Жаныш жана Марат, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов, Мамлекеттик Коргоо Кызматынын мурдагы жетекчиси Эсенбай уулу Байыш жана Президенттин Катчылыгын жетектеген Оксана Малеванная. Дагы бир соттолуучу, альфанын жоокери Бабараимов, террористтерди жок кылуу операциясы учурунда баатырча курман болгон. Иликтөө органдары тарабынан кылмышкер аталган кишинин бир эле учурда баатыр болушу- окуя болгон абалдын өзгөчөлүгүн белгилейт.

Иш 88 том болуп, эң көлөмдүү болду. Бир томдо жалаң жашыруун сыр камтылган.

По количеству томов уголовное дело самое объёмное - 88 томов.Дагы 14 том сот процесси учурунда толукталды.

Дагы бир нече сандарга токтолсок. Кылмыш ишинде 465 соттук-медициналык экспертиза, 190 баллистикалык, өлгөн кишилердин 57 соттук-медициналык криминалистикалык, 56 жабырлануучунун кийимдеринин соттук-трассологиялык, 2 курал жарактык жана 3 жардыруучу-техникалык экспертизалар бар. Кошумча баллистикалык экспертиза Акүйдүн чатырында жүргүзүлдү.

Ишке 7 мамлекеттик айыптоочу, жабырлануучулардын 5 өкүлү, 12 адвокат, 5 коомдук жактоочу катышты.

Кылмыш иши боюнча 387 жабырлануучу, алардын ичинен 306 жараат алгандар, 77 курман болгондор, 159 күбө өттү.

Соттун жүрүшүндө 8 котормочу жана 4 катчы алмашты.

Сот кыйынчылктары

Негизги кыйынчылыкты -ошол учурда күч түзүмүн башкарган Азимбек Бекназаровдун жетекчилиги астында көптөгөн процессуалдык каталар менен жүргүзүлгөн сапатсыз иликтөө жаратты. Бул туурасында жактоочулар, мамлекеттик айыптоочулар, соттор бардыгы бир ооздон айтышты.Начар иликтөөнүн мааниси эмнеде экенин так айтуу кыйын, бирок жабырлануучулардын оозун жабуу максатында тергөөчүлөрдү шаштырып, ишти тезинен айыптоого басым жасоо менен сотко өткөрүп берүүнү талап кылган. Сот процесси учурунда кемчиликтер болбошу үчүн, тергөө иштери дыкаттык менен жүргүзүлбөстөн шашылыштык менен 8 айда бүткөрүлгөн. Кемчиликтер болсо байма-бай кездешип турду. Айрым нерсе сот учурунда толукталды, ал эми айрым нерселер болсо «ак» бойдон кала берди.

Маселен, «Митингчилерди ким жана кайсы куралдан өлтүрдү?» деген негизги суроого тергөө эч бир так жоопту айта албады. Жада калса «Атып өлтүрүүгө ким буйрук берген?» деген суроого жарытардык жооп болгон жок. Көпчүлүк, ошол мезгилдеги Мамлекеттик Коргоо Кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев рация аркылуу, колунда куралы менен тосмого секире тургандарды атып таштагыла деген буйрук бергенин айтышат. Бирок, бутка аткыла деген буйрук берилген имиш. Анда эмнеге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери башка жана көкүрөккө атыкылашты? Эмне себептен тергөө ишинде алфачылар, атайы бөлүктүн кызматкерлери гана болуп калышты? Ал күнү Акүйдү милиционерлер, Коргоо Министрлигинин жана Улуттук Гвардиянын жоокерлери да жүрбөдү беле. Атып өлтүргөн курал -жарактар кайда? Баллистикалык адамды өлтүргөн бир да куралды аныктай албай койду.

Экинчи кыйынчылык уюштуруу иштеринде болду: өлкөдө процеске катышып жаткан бардык адамдарды батыра ала турган зал табылбады. Ошондон улам, жыйынды Спорт сарайында өткөрүү чечими кабыл алынган. Сахнанын ортосунда соттор, оң жагында мамлекеттик айыптоочулар, сол жагында адвокаттар жана соттолуучулар жайгаштырылды. Ал эми көрүүчүлөр залында жабырлануучулар жана алардын туугандары отурушту. Ортолорунда журналисттер орун алышты.

Жабырлануучулардын жүрүм-туруму: соттолуучуларды эле эмес, анын жактоочуларына кыйкырмай, аларды каргамай, кемсинтүүлөр жаңжал жаратты. Ал эми экинчи күнү жулмалашуулар орун алып, жабырлануучулар соттолуучуларды жана алардын жактоочуларын бош бөтөлкөлөр менен чапкылашты жана айрым учурда кол салууга аркет кылышты. Жоокерлер кызуу кандуулукка алдыргандарды тынчтандырганча соттолуучулар качып кетүүгө үлгүрдү. Ал кол салуунун эртеси үч соттолуучу процесске келбей коюшту. Оксана Малеванная өз блогунда ал күндү мындайча сүрөттөгөн: «Бир нече адвокат акыры жапа чекти. «Альфачылар» да жабыркады. Алардын бири жыгылып калган аял-адвокатка жардам берейин деп барганда жинденген «баатырлар» тишин сындыра чапты. Албетте, мен акыл кирип, сотту ыңгайлуу жерге көчүрүшөт го деп ойлогом. Бирок, тапткакыр андай болгон жок! Кечинде мага прокуратуранын тергөөчүсү телефон чалып, шоунун уландысы эртең болоорун айтты.
Толук укуксуздук, алсыздык жана айласыздык сезим...»

Ошондон бери Оксана Малеванная сотко келген жок, анын турган жери да белгисиз бойдон калууда. Бирок, журналисттик чөйрөдө Оксана Малеванная Грузияда, Швейцарияда, Жаңы Зеландияда жүргөнү айтылып келет.

Сотту Спорт сарайынан 30-ноябрда кире бериш жерде болгон жардыруудан кийин которушту. Ошол маалда имараттын жанында турган милиционерлерди Кудай өзү сактады. Расмий маалыматка ылайык, жардырууну терроисттер уюшутуршкан.

Ал окуядан кийин сот Бектемировду иштен четтеттүү канаатандырылып, жыйындар Бишкек гранизонунун Аскердик сотунда улантылды.

Үчүнчү кыйынчылык катары жабырлануучулардын жана алардын туугандарынын чатактыгын айтса болот. Соттолуучулуардын ар бир сөзүнө каяшаяк айтышып, «Канга кан!» деген чакырыктарды узатып турушту. Жыйынтыгында соттолуучулардын туугандары так эле ошондой өңүттө жооп кайтарышты. Сот залында бир нече жолу кайым айтышуу менен катар, жулмалашуу орун алды. Айрым учурда сотту көздөй таштар, бош бөтөлкөлөр ыргып: «Сенин башыңды кесип ташташ керек!» деген коркуттулар да болду. Бирок, канчалык кыйынга турбасын, сот Оңолбеков анын бардыгын кулагынын сыртынан өткөрүүгө аракет кылды. Чынында, сот жабырлануучулар менен соттолуучулар туугандарынын ортосунда арачалап туруучуга айланды. Ал бир жыйынга согушка камдангандай барып жүрдү. Анткени, алдыдагы процессте эмне болуп кетээри белгисиз эле. Өкүм чыгаруу тынчтыкты жана кылдаттык ишти талап кылгандыктан жогоруда аталган окуялар, процесстин жүрүшүн бир топ кечеңдетти. Сот өзүн кооптуу абалда экенин сезгенде, заседаниненин сапаты да начар болушу турган иш.

Менимче соттун чыр-чатак менен коштолушу кимдир бирөөгө керек болгондой. Анткени, стресске кабылган маалдагы кишилер менен психолог менен социологдор иштешүүгө милдеттүү эле. Жабырлануучулардын деңгээли ар кандай эле, көпчүлүгүнүн коомчулукка чыгуу тажрыйбасы жок болгон. Ал эми залдагы катышып отурган журналисттер менен бийликтин көп көңүл бөлүүсүн көтөрүү оңой иш эмес. Ошондон улам айрымдары чектен ашып кетти. Антсе да, жабырлануучулар жана алардын туугандарынын көпчүлүгү кайгысын колдонуп, көкүрөк каккылабастан, тынч отуруп өкүмдү адилеттүүлүктү күтүп жатышты. Бирок, бир нече чатак чыгаруучулары ашынып кетип, «апрель баатыры» деген наамды уятка калтыргандай болду.

2010-жылдын 7-апрелинде аянтта жанын аябаган чыныгы баатырлар болгону менен соттогу алдыңкы катарга ушул чоң жана бир өңчөй эмес топтун коюлуп калган. Бул биринчи кезекте кулатылган Бакиевдин тарапташтарына ыңгайлуу болгон...

Төртүнчү кыйынчылык- сырттан соттолуучулар. Негизиги айыпталуучулардын 6сы качып жүргөндүктөн иште алардын көрсөтмөлөрү жок. Окасана Малеванная гана көрсөтмө берип, калган бешөө ал күнү Акүйдө эмне болгонун, кишилерди өлтүрүүгө ким буйрук бергенин айтып беришкен жок.

Бешинчи кыйынчылык-жабырлануучулардын көбү өздөрүнүн биринчи көрсөтмөлөрүн унутуп калышып, адашып жатышты. Ал эми айрымдары төрт жыл мурда берген көрсөтмөлөрүнө карама-каршы маалыматтарды беришти. Эс тутумдары начарбы?

Алтынчысы-кылмыш ишинин көлөмдүүлүгү. Катышуучулардын санынын, экспертизалардын, фото-видео материалдардын көптүгү. Сот 3,5 жыл бою ушул процесс менен гана жашады. Башка эч кандай соттук иштерди караган жок. Бардык жерде аны жансакчылар кайтарып жүрүштү. Азыр деле кайтарып жүрүшөт. Ошол мезгилде сот эч ким менен сүйлөшпөй, Бишкектен да алыс чыккан жок. Ал кыйынчылыктар үй-бүлөсүн да кыя өткөн жок.
Жетинчи маселе-котормочулар менен болду. Процесстин жүрүшүндө 8 котормочу алмашты: котормонун сапаты кээде биринчи тарапка жакпаса, кээде экинчи тарапка жакпай жатты. Андан сырткары процесстин акырында 4 катчынын бирөө гана калды.

Сегизинчи кыйынчылык-моралдык өңүттө жаралды. Иликтөө иштери тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн жана ар бир соттолуучунун күнөөсү так аныкталбагандыктан, сот бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, ар биринин күнөөсүн аныктоого мажбур болду. Оңолбеков жабырлануучулардын да, соттолуучулардын да жан терисинде болуп көрүүгө аракеттенди. Адам өлүмү чоң кайгы. Ал эми адилетсиз кыйылган өмүр- өч алууну эңсөө. 2010-жылдын 7-апрели чынында демонстранттарды массалык түрдө атып жок кылуу болгон. Жабырлануучулардын туугандары: «Буга ким жооп берет?!»- деп кыжырланышты.

Бирок, соттолуучуларды да унутпаш керек. Ал күнү кагылышуунун аркы өйүзүндө болушуп, болуп көрбөгөндөй стресске тушукту. Алар кыжырланган топту көрүшүп, ок атууларды угушуп, ар бир адамды өлтүргөн сайын буктурмадан чыгып кетүү мүмкүн эместигин түшүнүп турушкан. Куралын таштап, митингчилерге кошулуп кетүү керекпи? Анда аскердик намыс деген кайда калат? Чогуу кызмат кылгандарчы?!

Бирок, бирөө атып жатты да. Адамдарды белгилүү бир аралык менен өлтүрүп жатышты.

Тогузунчу кыйынчылыктын маңызы-2010-жылдын 7-апрелинде «Ала-Тоо» аянтында митингчилерди атып өлтүрүү менен катар, Бакиевке байланыштуу башка чоң иштерди кароодо болду. Мисалы, 2002-жылдын 17-мартында Кербен айылында «Тайфун» жана «Буран» операциясын колдонуу боюнча ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев тарабынан чечим кабыл алуусу боюнча. (Сөз Акчы окуялары туурасында болуп жатат) Ошондой эле Ганси базасына авиакүйүүчү май ташуудагы мыйзам бузуулар жана Жаныш Бакиевдин УКМКнын төрага орун басары болуп турган кезде Өмүрбек Текебаевге карата «матрешка-гейт» ишин уюштуруусу да каралды.

Бардык эпизод боюнча кошумча жабыплануучулар эана күбөлөр чакырылып, документтер менен таанышуу иштери жүрдү.

Акысы окуясындагы Бакиевдин ролу

Аксы окуясынан 12 жыл өткөн соң Курманбек Бакиев 305-статьяга ылайык «Кызмат абалын ашыкча пайдалангандыгы» үчүн күнөөлүү деп табылды. Сот Оңолбеков Бакиев 2002-жылы премьер-министр кезинде өткөргөн жыйын учурунда Кербендик 2 кишинин өмүрүн кыйган жана 56 кишини жарадар кылган «Тайфун» жана «Буран» операцияларын колдонуу боюнча чечим кабыл алууга укугу жок болчу деген тыянакка келди.

Таң калычтуу, бирок бул окуянын башкы каармандары- жабырлануучулары, күнөөлүүлөрү дагы илгертен бири-бири менен бекем жип менен байланган. Алардын тарыхы дайыма айкалышып турат. Курманбек Салиевичтин күч колдонуусунун кесепетинен чыккан кайгы да кайрадан экинчи ирэээт кайталанып отурат. Бардыгы тээ 2002-жылы Азимбек Бекназаровдун оппозициялык жылдызы жанган мезгилде башталган (7-апрель окуясы боюнча шашылыш иликтөөнү жетектеген киши). Бекназаров Акаевдин (Кыргызстандын биринчи президенти, бийликте карманып калуу үчүн 7-апрелде демонстранттарды аттырган Бакиев кууп чыккан) бийлигин сындап баштаган. Ал Акаевди кыргыз территориясынын айрым бөлүгүн- Үзөнгү-Куушту Кытайга өткөрүп бергендиги үчүн сындаган. Оппозиционерди тынчтандыруу үчүн акаев бийлиги тергөөчү болуп турган маалындагы мыйзам бузууларды таап, кылмыш ишин козгогон. (Көрсө ошондо эле тергөөчү Бекназаровдун кесиптик деңгээли төмөн тура). Нааразы болгон Бекназаровдун жердештери 2002-жылдын 17-мартында коңшу кербен айылына соттук процесске жөөнөшүп, бирок алардын жолун милиция тозот. Бирөө жарым жергиликтүү калкты дүрбөтүп, алар милиционерлерди таш менен ургулап, мергенчилик мылтык менен аткылап киришет. Күч органдары да өз кезегинде ок менен жооп кайтарат. Найтыжада – төрт киши каза таап, 7 киши жараат алат. Ошондо жакын жердеги бардык айылдардын тургундары Кербендеги райондук милиция имаратын өрттөшүп, Бекназаровду бошотууну талап кылышкан.

17-марттан 18-мартка караган түнү премьер -министр Курманбек Бакиев жыйын өткөрүп, «Тайфун» операциясын ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алат. Ал түнү милиция топтолгон элди кууп, жаш активисттерди аркасынан аткылашат. Кармалгандарын мыкаачылык менен ур-токмокко алып, майып кылышат.

Оңолбековдун жетекчилиги астындагы сот, күбөлөрдү угуп, архивдик материалдар менен таанышып чыгып, Бакиевдин «Тайфун» операциясы тууралуу чечими мыйзамсыз кабыл алынган, анткени премьер-министрдин жыйында андай чечимди жалгыз кабыл алууга укугу жок болчу деген бүтүмгө келди. Мындай чечимди өкмөт толук курамы менен, атайы жыйында гана кабыл алууга тийиш эле.

Бакиев көптөгөн жылдар бою Аксы окуясына тийешеси жок түр көрсөтүп, енрне болсо бул ишке Акаевди күнөөлөп койчу. Бирок, Бекназаров бул фактты жакшы билип туруп жердештери өлтүрүлгөнүнө карабастан 2 жылдан кийин, 2004-жылдын күзүндө бийликтен куулган Бакиевди оппозициялык кыймылга кабыл алып жатпайбы. Акыл калчап көрсөк Бекназаровдун колдоосу менен Бакиев президент болуп, жыйынтыгында бийликти өзүнө энчилеп алып жатпайбы. Анын акыры 7-апрель окуяларына алып келди.

Авиакүйүүчү май менен кантип шугулданышкан

Сотто Ганси базасына авиакүйүүчү майды рэкспорттоодогу коррупциялык схемалар боюнча иш да каралды. Тергөө Курманбек Бакиевди «кызмат абалын кыянаттык менен, элдин, жана мамлекттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, юридикалык жана жеке аламдар га карата «Акцизделүүчү товарларга акциздик салык ставкалары боюнча» мыйзамды бузуу менен 2006-жылы Кыргыз Республикасына киргизиле турган реактивдүү күйүүчү майды салыктан бошоткон.

Жөнөкөй тил менен айтканда 2005-жылга чейин жыл сайын өлкөгө киргизилип жаткан реактивдүү күйүүчү майга 1 тоннасына 2000 сом өлчөмүндөгү акциздик салык киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынып турчу. Ал эми 2005-жылдын 31-декабрында кол коюлган мыйзам юридикалык тараптарды Кыргызстанга реактивдүү күйүүчү майларды киргизүүдө салыктан бошоткон. Анын кесепетинен аталган мыйзамдын негизинде мамлекетке өтө чоң зыян келтирилип, 2007-жылдын 23-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын бюджетине 14 285 200 сом түшпөй калган.

Кызыктуу нерсе: бул мыйзамды парламенттеги кароого чейин Акматбек Келдибековдун жетекчилиги астында Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы иштери боюнча комитети кубаттаган өңүттөгү эксперттик бүтүм чыгарып берген. Кийинчирээк комитеттин мүчөлөрү түшүндүрүп бергендей, «Реактивдүү майды салыктан бошотуу- КРнын ЖКнин депутаттарынын саясий чечими» болгон.

Ал учурда күбө катары суралган Республикалык нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы Президенти Базарбай Мамбетов РФнан мыйзамсыз келип жаткан мунайзаттар туурасында бир нече ирээт маселе көтөрүп, өлкө чоң көлөмдөгү каражаттан кур калып жаткандыгын айткан.

Реэкспорттоонун мыйзамсыз схемасы төмөнкүчө: «Ганси» базасына каралган авиакүйүүчү майды КМШ мамлекеттер аралык келишиминин негизинде бир нече кыргыз компаниялары орусиялык май менен камсыз кылуучу ишканалардан кошумча нарк салыгы жок сатып алвп турган. Андан кийин келген күйүүчү майлар акциздик жана кошумча нарк салыгы төлөнбөстөн Афганистан, Иран жана башка өлкөлөргө жөнөтүлчү. Коррупциялашкан бийликтин макулдугу менен күйүүчү майды санкциясыз реэкспорттогону үчүн 2005-жылдан тарта Россия Кыргыз Республикасына дооматтарын коюп, өлкөгө киргизиле турган күйүүчү майдын бардык түрүнө (бензинге, керсинге, авиакүйүүчү майга) 200 доллар өлчөмүндөгү пошлинаны киргизди. Ошону менен Кыргызстан экономикасына чоң зыян келтирилген. Базарбай Мамбетов Бакиевге жеке кайрылуусу менен кат жолдоп, бардык эсептер менен киргизиле турган авиакүйүүчү майга акциздик салыкты киргизүүнү сунуштаган. Бирок, жооп болгон жок. Ал маселенин чечилишин президент уулу Максимге тапшырган.

Ошол убактагы ЖКтин депутаты М.Мукашев дагы өзү берген көрсөтмөлөрүндө коррупцияны мыйзамдаштыруу орун алып жатканын белгилеп, аталган мыйзамга каршы чыкканын жана каршы добуш бергенин айтат. «Жогорку Кеңеш көп учурда ушундай максаттарга колдонулчу. Депутаттар туура эмес мыйзамдарды сүрөп, андан соң мыйзамга кол коюлчу. Акциздерди азайтуу же алып салууга эч кандай негиз жок болчу. Мунун бардыгы Бакиевдердин үйөбүлөсүнүн байышы үчүн жасалган»-деп билдирди М.Мукашев.

Бирок, сот бул мыйзамсыз чечимди мыйзамдын бардыгы сакталган деп, Бакиевдердин улуусунан бардык кинелерди алып таштаган. Башкача айтканда, мамлекет үчүн пайдасыз мыйзамды парламент көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Демек, ал чечим мыйзамдын сакталышы менен ишке кирген.

Анткени менен сот Курманбек Бакиевди мамлекеттик жаңы структураларды мыйзамсыз түзгөн, тагыраак айтканда уулу Максим жетектегенӨнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордукагенттиктикызмат абалын ашыкча пайдланганына байланыштуу күнөөлүү деп тапты. Бул кызматтан кийин кичүү уулу Максимге Президенттик кызматка жол ачылып калган эле.

Текебаевдин жүгүнө героин толтурулган матрешканы салып коюуу тууралуу

201-жылдын 7-апрель окуясы сот процесси маалында расмий түрдө эч кандай чечим кабыл алынбагандыктан, ушул күнгө чейн табышмак болуп жаткан дагы бир чоң иш каралды. Соттолуучу Жаныш Бакиевге « КРнын Улуттук Коопсуздук Кызматынын төрагасынын орун басары милдетин аткарып жаткан кезинде, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына жана каршы келген, оппозициялык маанайдагы депутат Өмүрбек Текебаевди саясий ишмердүүлүгүнөн четтеттүү максатында «Манас Эл аралык аэропортунун» кызматкерлерине Текебаевдин жүгүнө наркотикалык заттарды салып коюуу буйругун берген деген күнөө коюлган.

Мага журналист катары, кылым жасакерлиги кантип уюшулганы дайыма кызык болгон. Сотто бардык майда-чүйдөлөрү айтылды. 2006-жылдын сентябрь айында Жаныбек Салиевич кабинетине «Манас» аэропортунун коопсуздук боюнча вице-президенти Надыр Мамыровду чакырган. Ал 206-жылдын 5-сентябрында саат 05.30да польшадагы Эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн депутаттык делегациянын катарында бакиевдердин негизги душманы Өмүрбек Текебаев учаарын айтып, дүйнөлүк жана Кыргыз коомчулугу алдыда анын аброюн түшүрүү керектигин билдирген. Ошондуктан Текебаевдин жүгүнө героинди салып коюуу керек болгон. Жаныш Бакиев бул ишке ар биринин ролуна жараша Аба транспортунун Ички Иштер Бөлүмүнүн начальнигинин орун басары У. Токтосунов жана ошол эле бөлүмдүн начальниги А. Каракүчүков көмөктөшөөрүн убада кылган.

Тергөөнүн материалдары боюнча Жаныш Бакиев 2006-жылы, 4нөн 5не караган түнү белгисиз адамдардан наркотикалык заттарды жеке өзү сатып алган. Ал заттар жыгач матрешка сувенирине жашырылган. «Сувенирди» А.Каракүчүковго берип, Н.Маыровго телефон аркылуу операциянын башталышы жөнүндө кабарлаган.
2006-жылы, 5-сентябрда болжол менен саат 5де «Манас» аэропортунун расмий делегациялары боюнча башкы агенти И.Давузов, кызматтык милдетин аткарып жатып, депутат Ө.Текебаевден жеке жүгүн алып, Мамыровдун кабылдамасына жеткирген. Андан соң чемоданынын каптал жагындагы чөнтөгүн ачышып, У. Токтосунов наркотикти салып койгон. Бүткөндөн кийин чемоданды Давузовго кайтарып беришип, ал чемоданды жүк бөлүмүнө тапшырып, Ө. Текебаевдин документтерин каттап коюшкан. Эч нерседен кабары жок Текебаев 6-сентябрда Варшаванын аэропортуна келип, бажы жана чек ара текшерүүсүн өтүп жаткан маалда полшалык күч органдары аны кармашып, чемоданын тинтүү учуруна 595,9 грамм баңги заты табылат.

Текебаевди кармашып, миграциялык кызматтын убактылуу кармоочу жайына бекитишет дагы адвокат жана 2 котормочу беришет. Эксперттер көпкө чейин заттын түзүлүшүн аныктаган аракеттенип отурушуп, героин менен кара тумоо жана безгекке каршы дарылардын аралашмасын аныкташа. Польша соту тез эле провокация экенине көзү жетет. Актоонун дагы бир маанилуу жери, Текебаев өзү физик болгондуктан күмөндүү аралашманы ташыбай тургандыгы болду. Бул иште көп карама-каршылыктар бар болгондуктан, польшалык сот өзүнө жоопкерчилик алып, Текебаевди 8-сентябрда актап, бошоткон.
Парламентте бул маселеге байланышкан кезектеги жыйын өттү. Ал учурдагы УККнын Төрагасы Табалдиев Б.Б өз көрсөтмөлөрүндө видеобайкоочу камералардын жазуусун көрсөткөндөн кийин атайы уюштурулган ыплас провокация экендигин түшүнгөндүгүн айткан. Ал орун басары Жаныш Бакиевди кабинетине чакырып алып, ал уюуштурдубу же жокпу деп сураган. Ж.Бакиев мойнуна алган эмес. Ошондо Табалдиев өздүк кызматтык иликтөө жүргүзүп, Мамыров бул иш болгонун мойнуна алган. Кат жүзүндө моюнга алуудан сырткары Табалдиевде УККнын күзөт бөлүмүнүн, Жаныш Бакиевдин кабинетине Мамыров тез-тез кирип турганы тууралуу кызматтык маалымат болгон. Бир нерсени эске сала кетейин: бул жаңжалдан кийин Табалдиев жана Жаныш Бакиев кызматынан кетишет. Биринчиси Президент бир тууганынын кылыгын жашырып жүргөнү менен макул боло албай, өз каалоосу менен кетсе, экинчисин парламенттин депутаттары кетүүгө мажбурлашкан. Бирок, Жаныштын жумушсуз жүрүүсү көпкө узаган жок. Бир нече убакыттан кийин улуу байкеси аны Мамлекеттик Күзөт Кызматына төрагалыкка дайындаган.

....Оңолбековдун төрагалыгы астында өткөн сот жараяны Жаныш Бакиевди «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды деген 304-статьянын 2-бөлүгүнө ылайык жана КРнын кылмыш Кодексинин 247-ст. 2-б. 2-п. 3-б. 2,4 б.б. «мыйзамсыз түрдө наркотикалык заттарды жасоо, сатып алуу, кармоо, ташуу, стауу максатында жөнөтүү» боюнча күнөөлүү деп тапты.

Бирин соттоду, бирин актады

7-апрелдеги кандуу окуялардан төрт жыл өткөн соң гана өкүм чыгарылды.

Сот Оңолбеков ал өкүмдү туура беш күн окуду.
Мурда белгилүү болгондой, тергөө да, сот дагы ким кайсыл куралдан митингге чыккандарга каршы ок аткандыгын тактай алышкан жок. Бирок ошентсе да окумдун соңунда адамдардын өлтүрүлүшүнө Бакиевдин туугандарынын жакындары кунөөлүү экендиги ачыкталды.  Ошол 2010-жылдын 7-апрелинде Курманбек Бакиев өкмөт үйүндө эртең менен баштап, кечки саат 19.00гө чейин болгон. «Кыргыз республикасынын премьер-министри Данияр Үсөнов, УКМКнын төрагасы М.Суталинов, МККнын төрагасы Ж.Бакиев жана өзүнүн уулу Марат Бакиев менен кылмыштуу келишим түзүп, бийликти кармап калыш максатында тынч жургөн адамдарга жана «Ала-Тоо» аянтындагы митингчилерге каршы ок атуу чечимин чыгарышкан. Күч түзүмдөрүнүн курал жарак колдонушун жана митингчилерге каршы Куралдуу күчтөрдү колдонгондугун актоо жана өздөрүнүн кылмыштарын мыйзамдаштыруу максатында Курманбек Бакиев атайын буйругун чыгара калган. 2010-жылдын 7-апрелинде «Өзгөчө кырдаалды киргизүү» указы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясын бузган деп саналат. Себеби, Кыргыз Републикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген эмес» - деп айтылат өкүмдүн бир бөлүгүндө.
Сот Курманбек Бакиевдин МККнын төрагасы Жаныш Бакиевке «Ала-Тоо» аянтындагы адамдарды жок кылуу үчүн курал-жарак колодонууга буйрук берген күнөөсүн аныктады.
Өз учурунда Жаныш Бакиев мыйзамсыз ок атуу буйругун күч органдарына берген.
Күбөлөрдүн жана соттолгондордун көрсөтмөсүнө ылайык, ал өзү бир нече жолу атып өлтүрүүгө буйрук бар экендигин жана Кыргыз Республикасынын президентинин өзгөчө кырдаалдар Указына ылайык курал колдонууга негиз бар экендигин айткан. Бул буйруктарды Темирбаев менен Дунганов дагы кайталашкан.
Ошентип,СотКурманбек Бакиев,Жаныбек Бакиев жанаДанияр Үсөновду өзгөчө мыкаачылык менен көптөгөн адамдарды өлтүрүүнү алдын ала уюштургандыгы үчүн күнөөлүү деп тапкан. Алардын баардыгын өмүрүнүн аягына чейин эркиндиктеринен ажыратып, мүлкүн конфискациялап жана тийиштуу кызматтарды ээлөө укугунан ажыратты. Жаныш Бакиев «генерал-лейтенант» аскер наамынан ажыратылды.

Бир нече кызматтагы адамдарды сот күнөөсү далилденбегендиги үчүн киши өлтүрүү айыбын алып салды. Алар Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчисиКаныбек Жороев, президенттин коргонуу, коопсуздук жана  мыйзамдуулук маселелери боюнча кеңешчисиЭлмурза Сатыбалдиев, президенттин секретариатынын жетекчиси Оксана Малеванная жана башкы прокурорНурлан Турсункулов.

Бирок сот аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 304- статьясынын 4- бөлүмүнө ылайык - «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы» үчүн күнөөлүү деп тапты. Алардын күнөөсү түзүлгөн кырдаалга карабастан, президент К.Бакиевдин режимине каршы акциясына чыккандарды курал менен басууда жана айрым жерлерде президенттин өзгөчө кырдаал тууралуу указын кабыл алып, иш жүзүнө ашырышкандыгында жатат. Ал телекөрсөтүү  жана массалык-маалымат каражаттары аркылуу жарыяланган. Ага карабастан, жогоруда аты аталып, соттолгондор чырды басып, кан төгүүнү алдын алуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес. Соңунда: 77 адам каза болуп, 306сы турдүү жараатарды алышкан

Бардыгы 10 жылдык эркинен ажыратуу жазасын алып, мүлкүнүн бары мамлекетке өткөрүлүп берилет.

МККнын төрагасыМурат Суталиновду 7-апрелде митингчилерди өлтүрүүгө катыштыгы бар жана башка бир катар кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табышты. Сот аны20 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимдеги абакка кесүү чечимин бекитти. Ошондой эле аны «генерал-лейтенант» наамынан ажыратты.

Өкүм күчүнө киргенге чейин Суталиновго карата жаза чарасы мурдагыдай- үй кармагында калтырылды.

Бакыт Калыевден сот далилденбегендеги үчүн өлтүрүүгө катышы бар деген күнөөнү алып салды. Ал эми «Скорпион» атайы бөлүгүн Өкмөт үйүн кайтарууга мыйзамсыз буйрук бергендиги үчүн күнөөлүү деп таап бирок жазанын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өкүм жазасыз калтырылды.

МККнын төрагасынын орун басарыНурлан Темирбаевди кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы жана киши өлтүрүүгө жардам бергендиги жана андан башка кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялап, баш аягы25 жыл эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги абакта мөөнөтүн өтөө чечилди. Ошондой эле сот андан «полковник» аскер наамын алып салды.

МККнынтөрагасынынорун басарыДанияр Дунгановдусот кызмат абалынанкыянаттык мененпайдалангандыгы, курал жаракты колдонуудамыйзамсыз буйрук бергендиги, митингчилердинөмүрүнөкол салууга катышы болгондугуүчүнкүнөөлүүдеп тапты. Сот анынмүлкүнконфискациялап,күчөтүлгөнрежимдегитүрмөдө25 жылмөөнөтөтөөөкүмүнчыгарды.
Дунгановко каратаөкүмжазасыкүчүнөкиргенче мурдагыдай-үй кармагында калтырылды.

Алмазбек Жолдошалиевди сот кызмат абалынкыянаттык мененпайдаланган деп таап, эркинен6 жылгаажыратып,күчөтүлгөнрежимдеги жазаөтөөколлониясында жазасынөтөөөкүмүнчыгарды. Сот ошондой эле андан мамлекеттикмүлктүжоготкондугу тууралуукүнөөнүалып таштады, башкача айтканда «Форумдун» алдында «Альфанын» кызматкерлеринен митингчилер курал жарактарын, окторун тартып алганучур боюнча. Ошондой элемөөнөттү Эсенбай уулу да алды.

Митингчилерди аткандыгы тууралуукүнөө боюнча сотАлмазбек Жолдошалиевдижана «Альфачыларды»,МККнын кызматкерлерин катышы бардыгы далилденбегенүчүн актады. Баллистикалык экспертизанын бирөө да алфачылар колдонгон куралмененадамдарөлтүрүлгөн дегенбүтүм чыгарган эмес.

Чекит коюла элек

Азыркы күндөгү эң чоң табышмак- 2010 -жылдын 7-апрель күнү кечинде күч органдары УАЗ автоунаасына жүктөп, алып кеткен куралдар кайда кетти? Ал куралдар ушул күнгө чейин табыла элек. Балким, кишилер дал ошол куралдардын өлтүрүлгөндүр.

Белгилүү болгондой угузулган өкүм менен бардык тарап макул эмес. Иштин экинчи инстанциядан каралышы күтүлүүдө. Ошондуктан, 25-июлда угузулган өкүмдү бул иштеги акыркы чекит деп айтуу кыйын. Тескерисинче, бул башталышы гана болсо керек. Улутубуз башынан кечирген кандуу кайгыга коом, бардыгыбыз коюшубуз керек.

Биз, дагы көпкө чейин эмне себептен бул окуя бизде болгондугу жана өлкөбүз менен элибиз экинчи мындай кайгыга батпаш үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө суроолорго жооп издөөгө туура келет.

Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине