Иш оңунан чыкпаганда…

19:30, 24 Августа 2018

Мухамедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн адистер «Көз карандысыздык жылдарындагы эң чабал өкмөт» деп баалашууда. Мындай баа берүүгө акыркы жылдардын ичиндеги эң начар экономикалык көрсөткүчтөр себеп болду.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, республиканын ИДПсынын өсүшү болгону 0,1%ды түздү. Бул статистикалык катачылыктын деңгээлинде болуп жатат. Башкача айтканда, бул сан эч кандай өсүш болбогонун көрсөтөт. Экономика стагнацияда. Мындай нерсе керек болсо Бакиев башкарган оор жылдарда да болгон эмес. Болгондо да март айында 1,7%дык өсүш байкалган, бирок жаңы өкмөттүн дайындалышы менен өсүш токтогон. Бул убакыттын аралыгында өнөр жай продукциясынын көлөмү 6%га азайган. Бул өлкөнүн экономикасы үчүн чоң сан болуп эсептелет. ЕАЭБден импорттун көлөмү ай сайын 2-5%га төмөндөөдө.

Адистер мындай начар абалды кайсы бир саясий парадокс менен түшүндүрүшүүдө – ката кетирип албайын деп жаңы премьер эч нерсе кылгысы келбейт. “Кадыр-баркы жок” аткаминерлердин арасынан тандап алынган айрым министрлер андан кем калышпайт.

«Бир нерсе болуп кетпесе экен»

Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын кабинети эмнени кылбаганына көңүл буруп көрөлү.

Ансыз да көп болбогон инвесторлорду качырып алдык. Ири долбоорлорго инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик токтоп калды. Туура эмес кадамдарды жасап аламбы деп азыркы премьер бардык сүйлөшүүлөрдү токтотуп коюуда. Инвесторлор келүүдө, бирок “биз бардык сунуштарды жакшылап карап чыгышыбыз керек” деген сыяктуу жоопторду уккандан кийин жоголуп кетишүүдө. Диалог андан ары уланбайт – премьер жоопкерчиликти такыр алгысы келбейт, министрлерге да уруксат бербейт. Жыйынтыгында, өтө өжөр гана инвесторлор бир нерсеге жетише алышы мүмкүн. А мындай инвесторлор, адатынча, ким болоорун биз жакшы билебиз. Эл аралык деңгээлдеги шумпайлар бул “бекем чепти” кантип багындыруунун жолун эртеби кечпи табышат. Же болбосо кескин түрдө калктын жакырланышы, баалардын өсүшү, жумуш орундарынын азайышы жана социалдык жарылуу бизди күтөт. Айтылгандардын кайсы варианты коркунучтуураак экендигин айтуу оор. Экөө тең коркунучтуу.

Ошол эле кезде Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу долбоору боюнча “РусГидронун” алдындагы карызыбыз курч маселе бойдон калууда. Бул карызыбызды кийинки инвестор жаап бере алат эле. Бирок андай табылбады, жана анын мындай шартта табылышы күмөн. Буга кошумча Жогорку Кеңештен өкмөт “Кумтөр” боюнча жаңы келишим даярдап жатат деген кабар келди, бул өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугуна чоң сокку болмокчу. Инвесторлор кошуналарга кетип жатат. Ушул эле учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд төрт айдан бери MegaCom компаниясынын активин баалай турган уюмду аныктай албай жатат. “Эмне болгон күндө да жоопкерчиликти албаш керек” деген сөздөр премьер Абылгазиевдин иш алып баруусунун символу болуп калды окшойт.

Экономикалык туруксуздукту жөнгө салуу боюнча эч бир чаралар көрүлбөй жатат. Ал эмес күйүүчү майлоочу заттарга баалар кескин көтөрүлгөндө да өкмөт эч нерсе кылган жок. Баалар көтөрүлгөнүнө үч ай болгондон кийин гана, июлда, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өткөргөн жыйынды эсепке албасак. Ошол жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине баалардын өзгөрүүсүнө күн сайын байкоо жүргүзүп туруу тапшырылган. Эң бир кызык тапшырма, бул Билим берүү министрлигине мектептерде болуп жаткан нерселерге көз салып туруу тапшырмасын бергендей эле нерсе. Өкмөттүн көргөн чарасы мына ушуну менен аяктады.

Борбор калаанын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча өз пикирин билдирбеди. Мухаммедкалый Абылгазиев шаар жетекчилигине талапкерды көрсөтүү боюнча өзүнүн мыйзамдык укугун колдонбоду. Жыйынтыгында альтернативасы жок шайлоодо жалгыз талапкер Азиз Суракматов өтүп кетти. Ошол эле кезде прессада Суракматовдун ири курулуш бизнес менен тыгыз байланышта экендиги тууралуу маалыматтар бир канча жолу жарыяланган болчу, бул Бишкек тургундарынын кыжырын катуу келтирген эле.

Мамлекеттик ири долбоорлор токтоп калды. Мисалы, санарипке өтүү. Премьер кызматына жаңы келгенде бул тармакты өнүктүрүү тууралуу айтканы менен, 100 күн аралыгында министрлер кабинети бул багытта бир да демилге көтөрүп чыккан жок. “Коопсуз шаар” долбоору да токтоп калуу коркунучу алдында турат, бул дагы өкмөттүн кыймылдап койгусу келбегендигинен болуп жатат.

Өкмөттүн маалыматтык саясатынын жоктугу. Ал эмес президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ишин эл катуу сынга алып жатканын белгиледи (“дүң эткен” демилгелери тууралуу сөз ылдыйда болот). Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушканда премьер-министрге өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуштады. Айтылган сынга премьер “пиар кылганды” жаман көрөөрүн айтты. Бул жерде “пиар кылуу” менен “салык төлөөчүлөрдүн алдында отчет берүүнү” чаташтырып жаткансыйт. Не болгон күндө да салык төлөөчүлөрдөн ал жылуу сөздү күтпөй эле койгону оң. Бирок министрлер кабинетинин ишин бардыгы көрүшү керек. Болбосо, социалдык жарылуу болушу мүмкүн.

Бирок да өкмөттүн айрым демилгелери коомдун назарында болду. Алардын бардыгы катуу сынга алынды.

«Акчаны кайдан алабыз? Элден

Элдин эсебинен сырткы карыздан кутулуу аракети өзгөчө катуу нааразычылыкты жаратты. Премьер элге талаштуу демилгени сунуштады – өлкөнүн сырткы карызынан кутулуш үчүн элден акчаны чогултканга атайын банктык эсеп ачты. Ошону менен катар башкы министр бизнесмендерге – келгиле, акчаңарды салгылай дегендей ишарат кылды. Биздин сырткы карызыбыз 4 млрд доллардын айланасында. Ал эми ИДПнын көлөмү – 3 млрд доллардан бир аз гана көбүрөөк, анан да ал стагнацияда, Абылгазиевдин өкмөтүнүн жүз күндүк ишинин жыйынтыгы мышык ыйлаарлык абалда. Башкача айтканда, бизнес азыр катуу кыйналып турган мезгил. Салыктар да бар, аларды да эч ким жокко чыгара элек. Сырткы карыздан кутулуш үчүн экономиканы көмүскөдөн чыгарыш керек. Аны үчүн чоң жоопкерчиликти талап кылган стратегиялык жактан такталган, көп сандагы чечимдерди кабыл алуу зарыл. Ал эми премьердин жоопкерчиликке мамилеси тууралуу жогору жактан окусаңар болот. Бирок да анын сактыгы жана токтоолугу элдин сынынан жана жаман көрүүсүнөн сактай албады. Премьер болуп турганында тынч иштегени менен экономиканы көтөрө алган азыркы мамлекет башчы шефинан айырмаланып, Абылгазиев “пиар кылбаганды” жакшы үйрөнгөнү менен, жыйынтыктуу иштегенди, тилекке каршы, үйрөнө албады окшойт. Токтоолугуң менен элди тойгуза албайсың, өзгөчө коомчулук катуу сынга алып жаткан учурда.

Абылгазиевди дагы бир жолу жаман көрсөткөн экинчи демилгеси – суунун баасын көтөрүү сунушу болду. Калкынын көбү жакыр, айрым аймактарда таза суу маселеси курч болгон өлкөдө мындай демилгени көтөрүп чыгуу – бул отту кармап алып жардыргыч толтурулган челектердин жанындагы бийлегенге тете. 2010-жылы өлкөнүн жарылышына так ошол тарифтин көтөрүлүшү себепчи болгонун билебиз. Мурдагы каталардан эч ким сабак албайт окшойт. Бул өтө кейичтүү.

Коомдук талкууга алынып чыккан “КР аймагында мобилдик байланыш түзүмдөрүн идентификациялоо кылуунун эрежелерин бекитүү тууралуу” КР өкмөтүнүн токтомунун долбоору элде андан да чоң нааразычылыкты жаратты. Кеп ар бир телефондук аппаратты каттатуу үчүн керек болгон 100 сом тууралуу болуп жатат. “Бул кошумча” же сатып алуучуга, же камсыздоочуга, же телефондорду сатканга жүктөлөт – эл бул маселени жакшы түшүнгүчө, нааразычылык кар көчкүдөй өсүп кетти. “Пиарды жактырбаган” премьер бул демилгени элге түшүндүрүп берүү тапшырмасын басма сөз кызматына бербеди. Өкмөт башчысына “Максим Бакиевдин 60 тыйынын” дароо эскертишип, жаңы жыйымдын өлчөмүнүн чоңдугун баса белгилешти. Ошол эле кезде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар тууралуу” мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр акысыз негизде көрсөтүлөт”. 2-бөлүктө акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн төрт критерий каралган. Мобилдик телефондун IMEI-кодун каттоо бул критерийлердин бирөөсүнө да туура келбейт. Төлөнө турган сумма дагы, кандайча эсептелгени жакшы түшүндүрүлгөн эмес. Башкача айтканда, ал эмес үстүртөн жүргүзүлгөн укуктук экспертиза бул демилге өлкөнүн мыйзамдарына каршы келээрин көрсөтүүдө.

Сатык салыгын 2%дан 5%га чейин көтөрүү демилгеси дагы баарына жага берген жок. Бул маселеде модератордук жана ортомчулук милдетти экономика министри Олег Панкратов өзүнө алды. Баса, акыркы кезде министрлердин арасынан жалгыз гана ал пресса менен дайым байланышта болуп, керектүү түшүндүрмөлөрдү берип турат. Анын айтымында, акыркы демилге накталай төлөмдөр үчүн гана колдонулат жана анын негизги максаты экономиканы көмүскөдөн чыгаруу болуп эсептелет. Бирок кандай болгон күндө да бул демилге элдин нааразычылыгын жаратты. Бул чечимдин маалыматтык колдоосу да аксаганы ачык айкын байкалып турат.

Акыркы сегиз жыл аралыгындагы бийликтин аброюна эң чоң доо кетирген чечим Раимбек Матраимовду кызмат ордуна кайра коюу чечими болду. Соттун бир гана чечими бийликтин коорупцияга каршы аракеттерине элдин ишенимин жокко чыгарды (өзгөчө түштүк жергесинде). Олуттуу иликтөө болуп эсептелбесе да, бирок кандайдыр бир деңгээлде элдин маанайын көрсөтө алган коомдук тармактарда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, бул чечимге чейин сурамжылоого катышкандардын 70% жемкорлук менен күрөшүүгө ишенет эле, Матраимов кызматына кайтып келгенден кийин бул күрөшкө ишенгендердин саны 7%га чейин төмөндөгөн. Абройдун мындай кескин түрдө түшүп кетишин элестетүү кыйын – буга чейин өлкөбүздө бир дагы адам болгону бир гана чечимдин негизинде элдин ишениминен мынчалык чыккан эмес. Эскерте кетсек, эл арасында “Раим-миллион” деп атыккан бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Раимбек Матраимов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кезинде терс мүнөздөмө менен кызматынан кетирилген болчу. Ал Абылгазиев өкмөт башчы болуп дайындалганда кызматына кайтаруу арызы менен сотко кайрылган. Соттон жеңип, кызматына кайтып келип жатат. Өкмөт башчы жогорурак турган соттук инстанцияга аппеляция бербеди.

Эгерде бардыгы ушул таризде уланып кете турган болсо, жок дегенде алгачкы күз айларында, анда мамлекет башчыга бардыгын өз колуна алууга керек болуп калат. Инвесторлорду издөөнү, баалар менен иштөөнү, министрлер кабинетинин кадамдарын элге түшүндүрүүнү. Өзү дайындаган премьердин түшүнүксүз кадамдары үчүн да актанышы керек болуп калаттыр. Премьер өкмөт иштеп жатат, бирок өтө тынч иштеп жатат деп билдирүүдө. Жакында анын ишинин жемиштерин көрө баштайт экенбиз. Бирок азырынча биз байкаган нерсе – экономиканын стагнациясы гана болууда. Сандар менен талаша албайсың. Мамлекет башчы убадаланган өсүштү күтүп жатат окшойт. “Аны күтпөй эле койгула”, - дешет эксперттер бир ооздон. Бирок үмүт оту аягында гана өчөт эмеспи, окуялардын өнүгүүсүн күтө туралы.

Апас Зарипов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине