КСДП: бийлик “күзгү төңкөрүш” жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан имиштерге жана ушак-айыңдар тууралуу түшүндүрмө бербей жатат

11:05, 28 Августа 2018

«Бийлик “күзгү төңкөрүш” жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан имиштерге жана ушак-айыңдар тууралуу түшүндүрмө бербей  жатат жана муну менен айрым мамлекеттик органдар чагымчыларга кырдаалды курчутуп, экс-президент А. Атамбаевдин атын жаманатты кылууга жол беришүүдө,- деп билдирди КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Өкүлдүн айтымында: «Абалдын чоо жайына түшүндүрмө сурап бизге кайрылган адамдар көп болууда. Анткени Атамбаев тарабынан даярдалып, алтургай, каржыланып аткан коомдук башаламандыктар жана мамлекеттик төңкөрүш туурасындагы карандай калп имиштер акыркы айлар ичинде максаттуу түрдө жарыяланып жатат. ЖМКнын жана интернет-сайттардын аталыштарына, ошондой эле социалдык тармактардагы аккаунттардын ысымдарына назар салсак, мындай имиштерди таратуу кимдер үчүн пайдалуу болуп жатканын түшүнүү кыйын эмес. Тийиштүү мамлекеттик органдардын мындай чагымчылыкка таптакыр ак же көк дебей турганынан улам, мында бийлик башында отурган айрым адамдардын кай бир даражада кызыктарлыгы бардай таасир калтырат.

Мунун баарына бийлик түзүмдөрүнүн унчукпай турганы бизди ушу кайрылууну жасоого аргасыз кылууда. Аталган имиштер менен ушак-айыңдар логикадан да, кадыресе акыл-эстүүлүктөн да таптакыр куржалак экени ачык көрүнүп турат. Өткөн жылы бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү дал Атамбаев камсыз кылбады беле. Кыргызстандагы туруктуулук да так Атамбаев президенттик кылып турган учурда орногон. Атамбаев өзүнүн 6 жылдык президенттигин так ошол элдин митингдерге чыгуусуна эч кандай себеп жагдайлар болбосу үчүн арнаган.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 31-мартындагы КСДПнын съездинде Алмазбек Шаршенович мурдакы өлкө башчысы жана дос катары Сооронбай Жээнбековго өз кеңештерин айткан эле. Андан кийин өткөн беш айдын ичинде экс-Президент ЖМКга бир да жолу маек курган эмес, ошондой эле жарандардын өтүнүчүнө карабай, ар кандай ушак-айың кептерге жана имиштерге себеп жаратпаш үчүн эл менен жолугушуудан жана аймактарды кыдыруудан принципиалдуу түрдө баш тарткан.

Өткөн ушул беш айдан бери бийликке жакын ЖМКлар жана блоггерлер А. Атамбаевге жана анын санаалаштарына “тонналаган” ыпыластыкты аянбай куюп жатышат.

Акыл-эске сыйбаган имиштер менен ушактардын авторлору өлкөдө А.Атамбаевдин эч кандай катышуусу жок эле бийликтин өзүнүн алысты көрө албаган саясатынан, саясий оппоненттерди куугунтуктоосунан, шектүү кадрлык чечимдерден, экономикалык чабал саясатынан улам эл ичинде нараазычылык маанайы жаралып жатканын көрбөй турушат.

Бул адамдар баарын оору баштан соо башка оодара салганга умтулбай, имиштерди таратуунун ордуна элдин биримдигин чындоо жана экономиканы көтөрүү сыяктуу реалдуу иштер менен алектенсе болмок. Анүстүнө, акыркы айларда аталган эки багытта тең кооптуу белгилер байкалууда. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги ыңкылаптарга оппозиция эмес, адилетсиз, ачкөз жана кайрымы жок бийлик, өлкөдө үй-бүлөлүк кландык башкарууну орнотуу себепкер болгон», - деп белгиледи К.Жолдубаева.

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын Басма сөз кызматы

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине