Орус тилинин статусу: ал кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатабы?

08:21, 25 Января 2019

Бул жолкусунда бул тема тууралуу сөздү жаны тынбаган Азимбек Бекназаров козгоду. Орус тилин расмий тил статусунан арылтуу демилгеси «курултайдын  коомдук, саясий жана патриоттук күчтөрү» тарабынан негизделген комитетинин долбооруна кирет.

15-январда Бишкекте өткөн аталган уюштуруучу комитетинин жыйынында Бекназаров төмөнкүнү айтты: «Орус тили бизге керек. Бирок эл аралык маанидеги тилдердин бири катары гана. Биз өлкөдөн сырткары чет жерде жүргөнүбүздө колдоно алышыбыз үчүн. Ал бала бакчалардан баштап англис тили сыяктуу эле чет тили катары окутулушу керек. Ал эми анын статусу БУУнун тилиндей эле англис тили менен бир катарда чет тили катары болушу керек. Мамлекеттик болуп кыргыз тили калышы керек. Баардык иш чыгаруулар кыргыз тилинде жүрүп, баардык иш-чаралар кыргыз тилинде болуп, аткаминерлер кыргыз тилинде сүйлөшү керек. Эгерде бул чараны көрбөсөк, кыргыздар жоголуп кетет».

Орус тилинин статусунун тегерегиндеги бул аракеттер эч натыйжа алып келбери баарына эле, жада калса эксперт эместерге да түшүнүктүү. Бул кыргыз тилин өнүктүрүүгө жардам бербейт, ар кандай окуу процесстерин мамлекеттик тилге өткөрүүгө дагы эч кандай таасир тийгизбейт. Жөн гана мамлекеттик тилдин өнүгүүсүн орус тилнин статусу эмес, экономикалык көз карандысыздыктын жоктугу токтотуп жатат (өлкөнүн төрттөн бир бөлүгү акча табуу үчүн чет жакка кеткен, калктын жарымы мигранттардан түшкөн каражаттарга жан багууда), ошондой эле кеп жетишерлик деңгээлдеги каржылоонун жана тилди өнүктүрүү боюнча кубаттуу долбоорлордун жоктугунда.

Башкача айтканда, элдерге кыргыз тилинде билим берүү үчүн биринчиден ал тилге дүйнөлүк адабиятты, (жалгыз гана мектеп китептерин эмес, албетте), методикалык, илимий адабиятты жана түбү көрүнбөгөн техникалык адабиятты которуу керек. Аларды жөн гана которуп койбостон, тиги же бул темага туура келген деңгээлге жеткирүү керек. Бул үчүн көптөгөн акча керектелет (айрым «донорлор» кээ бир провакацияларды кыйын эле каржылап келет, бирок мындай ишке акчасын коротууга шашышпайт), саясий эрк, чыныгы патриоттук. Ал эми коомдо туруксуздук пайда кылуу үчүн провакация жаратуу үчүн эч кандай өзгөчө нерсенин кереги жок. Жөн эле турдуң да, айттың. А эмне экен, бизде сөз эркиндиги деген бар.

Аткаминерлерди кыргыз тилинде сүйлөөгө мажбурлоо болот, бирок мындай популисттик ыкмалар менен ал тилде маданиятты жана илимди сүйлөтүүгө болбойт. Башкача айтканда, белгилүү жазуучу-билингвист Мар Байжиев айткандай, «мырктык – бул баардык». Орус тилинин статусунун өзгөрүлүшү алып келе турчу жалгыз нерсе – бул Орусия менен мамилелердин бузулушу. Сөзсүз эмес, бирок болушу мүмкүн. Жана миллиондогон мигранттарга бул нерсе жагат деп айтууга болбойт.

«Кыргыз Конгресси» жалпыорусиялык коомдук уюмунун жетекчилери курултайдын катышуучуларына ыкчам кайрылуу жасап, төмөнкү саптарды билдирген: «Эми Орусиядагы мигранттар бир эле суроону берип жатышат: «Кыргызстандын саясий элитасында орус тилин расмий статустан ажыратууну талкуулоодон башка көйгөйү калбай калдыбы?»

Мындай популисстик маселелерди көтөрүүдөн мурда экономиканы көтөрүп, жаңы жумуш орундарын пайда кылбайт белеңер, качан жетиштүү каражат пайда болгондо, маданият менен тил маселелери оңой эле чечилет.

Бүгүнкү күндө эконмиканын өсүшүнө орус тили тоскоолдук кылып жатабы? Тескеринче, орус тилинин жардамы менен миллиондогон эмгек мигранттары жегенге нан таап, үй-бүлөөсүн багып, экономикага салым кошуп жатышат. Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнүктөшү жана ЕАЭБдеги мүчөлүк мигранттар үчүн өз жемиштерин берүүдө».

Бирок Азимбек Бекназаровго анын оюндарынын айынан эл эмнеге туш болооруна баары бир болчу. Ал тынч жашоочулар арасындагы курмандыктарга башын оорута бербеген жылдыздуу оюнчу. Анын өз максаттары жана колдоочулары бар. Алар ким экенин табуу- начар иш. Эң башкысы- ага көңүл бурулду. Дал ушул нерсе анын иш-аракеттеринин негизги мотиви экени толук ыктымал болушу мүмкүн. Бирок кырдаалды жөн гана ретроспективдүү баалоо мүмкүн болуп жатканда табып эмне кереги бар.

Мурункусунда, 2015-жылы Конституциядагы орус тилинин расмий статусун тастыктоочу беренени алуу сунушу менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов чыккан.

Анда казакстандык Vласть журналы бул демилгенин тарыхы тууралуу изилдөө жүргүзгөн. Анда өлкөдөгү расмий тилдин бүтүндүүлүгү тууралуу маселени алгачкы жолу 2011-жылы экс-президент Роза Отунбаева көтөрүп чыккандыгы аныкталган. Ал орус тилиндеги билим берүүдөн баш тартып, тил маселесинин тегерегиндеги дискуссияны жандырган. Анда дагы талкуулар коомчулукту экиге бөлгөн.

Роза Исаковна өзү кыргыз тилиндеги адабият бөлүгүндөгү иштин чыныгы кырдаалы менен таанышканда, бул демилгесинен бир топ арттаган. Кээ бир ушакчылардын айтымында, Роза Исаковнанын бул сөзү биринчиден масондор тарабынан айттырылган, ал эми экинчиден анын себеи Орусияга болгон таарынычтан улам болгон, анткени ал учурда 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү жаңжалдын бүтүндөй жүгү Отунбаеванын мойнунда болчу. Аны түшүнүүгө болот, бирок колдоо оор. Бир шилтем менен өлкөнү билим берүүдөн ажыратууга болбойт. Бул Пол Поттун ыкмасы. Мындай кадамдар эч кандай жакшылыкка алып барбайт.

Республиканын мамлекеттик тили – кыргыз тили экендиги Конституцияда жазылган. Расмий катары орус тили колдонулат. Бул маселе боюнча эл референдумда өз эркин билдирди. Андыктан тилдин тегерегиндеги маселе боюнча ашыкча дискуссия жаратуунун кереги жок. Кыргызстандагы эки тилдүүлүк- өлкөнүн теңелгис байлыгы жана биздин элдин жетишкендиги. Тил маселесин саясий максаттарда коолдонууга жол берилбеши керек, бул өтө сезимтал материянын айланасындагы спекуляциялар негативдүү кесепеттерди алып келиши мүмкүн», - деп билдирген анда 2012-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков.

Бүгүн ал бул курч маселе боюнча эч кандай ой билдирбейт, бирок аны агасынын ордуна чечимдерди кабыл алган чыныгы жетекчи деп эсептешет. Ушак ушагы менен, бирок ролдор мындай коюлгандыгы боюнча далилдер жок. Болбойт дагы деп ишенсе болот.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча ал 2017-жылы президент болуп шайлангандан кийин РИА Новости агенттигине берген маегинде көз карашын билдирген: «Орус тили Кыргызстанда расмий тилдин статусуна ээ, жана келечекте да ошондой бойдон калат»,-деп билдирген журналисттерге өлкө башчы.

«Бул Конституция менен бекитилген. Орус тили- достуктун тили, ал БУУнун тилдеринин бири. Мен өзүм мектепте орус тилинде окугам жана орус тили мен үчүн илимге, билимге, искусствого  карай терезе болгон. Тилдерди, анын ичинде орус тилин билүү- инсандын өнүгүүсүнө карай кыска жол. Кыргызстандыктар мыктысында үч, же андан да көп тилдерди билиши керек. Алар үчүн билим алып, саякаттоо үчүн дүйнө анчалык глобалдуу жана оор болбойт. Жана бизге көптөгөн чет элдиктер, туристтер келишет. Андыктан тилдерди билүү адамдын өмүрүн жакшыртат»,-деген Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн ал Бекназаров тарабынан уктурулган демилгелеге эч кандай пикир билдирген эмес. Биздин президент дээрлик эле көп нерсеге пикир бере бербейт.

Демилге токтотулары чоң ыктымал. Ар кандай изилдөөлөргө таянсак, өлкөдө 50 пайыздай калк орус тилинде сүйлөйт. Анын ичинде, өлкөдөгү эне тилинде сүйлөгөн адамдардын саны боюнча орус тили үчүнчү орунда турат. Эгемендүүлүк тарыхында орус тилинен баш тартууну калктын беш пайызынан азы гана колдогон. Азырынча ушундай.

Даярдаган Апас Зарипов

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине