«Акылдуу шаар»: иштей баштады!

17:33, 13 Апреля 2018

12-апрелде «Акылдуу шаар» долбоорунун бир компоненти Кыргызстандын борбор калаасында иштей баштады. Ага карата айтылган бардык сындарга, иш оңунан чыкпайт деген божомолдорго карабай, долбоордун куратору болгон өкмөт башчы Сапар Исаков тутумду ишке киргизе алды, аны өнүктүрө баштады.

Долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычында видеокамералар Фрунзе – Ибраимов, Байтик Баатыр – Горький, Байтик Баатыр – Ахунбаев жана Байтик Баатыр – Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулду. Азырынча алар тесттик режимде иштешет, аны бир ай жөндөп, тууралашат.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин айтымында, Фрунзе – Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги камера беш күн мурда иштей баштаган. “Беш күн ичинде ошол жерден 31 миң авто өттү. 7 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактылары катталды. Жакында биз жол эрежелерин бузган автоунаалардын сүрөттөрүн ала баштайбыз. Азырынча биз эч кимди айып пул төлөтө элекпиз”, - деди ал.

Бир айдан кийин жол эрежелерин бузгандарга айып пул тууралуу дүмүрчөктөр келе баштайт деди премьер Сапар Исаков. “Жол эрежесин бузгандардын бардыгы өз жазасын алышат. Долбоор аягына чейин чыгарылат, бул биринчи гана баскычы, биздин алыбыз жетет”, - деди өкмөт башчы.

“Кандай артыкчылыктары, кандай кемчиликтери бар экендигин аныктап, дагы кандай кошумча технологияларды колдонушубуз керек экендигин аныкташыбыз зарыл”, - деп, долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү өзгөрбөгөнүн белгиледи ал. Кыргызстандын шаарлары жана стратегиялык маанидеги жолдору үч жылдан кийин толугу менен “акылдуу” болушат.

“Акылдуу шаардын” мүмкүнчүлүктөрү өтө кенен. Мисалы, видеотартуу аркылуу машинанын маркасы менен номерин гана эмес, рулда ким отурганын да аныктай алабыз. Издөөлөр – мисалы, террористтерди же башка кылмышкерлерди – жыйынтыктуураак жана ыкчамыраак болот”, - деди Дайыр Кенекеев.

Эскерте кетсек, бизге туура келбеген шарттарда инвесторлор менен кызматташуудан баш тартып, бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашыруу чечимин өкмөт бир ай мурун чыгарган болчу. Мындай чечимге барууга инвесторлордун өзүлөрүнө тиешелүү жана документацияларды даярдоо мөөнөтүнө байланыштуу маселелерден сырткары дагы башка себептер бар болчу.

Коопсуздук жагынан алганда, “Акылдуу шаар” долбоорун өкмөт өзү ишке ашырганы туура болот. Бул тууралуу “Кыйноолорго жана зордук-зомбулукка дуушар болгондордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” деген аталыштагы эл аралык конференция учурунда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов айтты.

“Коопсуздук жагынан алганда, менимче, бул туура болду, анткени биздеги маалыматтарга чоочун башкалар жете албай калат”, - деп түшүндүрдү Асанов.

Биринчи жылы долбоор Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Бишкек – Ош, Бишкек – Чолпон-Ата жана Бишкек – «Манас» аэропорту жолдорунда ишке ашырылат. Андан кийин камералар жана дагы башка техникалык жабдыктар башка шаарларда жана трассаларда орнотулат. Жыйынтыгында өлкөдөгү коопсуздук жогорулайт.

Сөзсүз, долбоор камераларды орнотуу жана жол эрежелерин бузгандарга айып пул салуу менен гана чектелбейт. XXI кылымда шаардык чөйрөнү керектүү инфратүзүм гана аныктабайт. Акылдуу шаарга сапаттык жаңы өнүгүүнү камсыздаган акылдуу чечимдер керек болот.

Акылдуу шаар – бул инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу жашоо сапатын жогорулатуу болуп саналат, анда шаардык жашоо-тиричилик тутумдар үнөмдүү жана да табигатка зыян келтирбегендей колдонулат.

Акылдуу шаар – бул акыл менен башкаруу, акыл менен жашоо, акылдуу адамдар, акылдуу чөйрө, акылдуу экономика, акылдуу ыкчамдык. “Технологиялардын өзүн эле колдонуу менен шаарды “акылдуу” кыла албайбыз, аны үчүн канткенде азыркы технологиялар шаар тургундарынын жашоосун жакшырта алат деген суроого жоопторду билишибиз керек”, - деген эле бир кезде Массачусетс технологиялык институтунун социалдык инженери Агнис Стибе. Бул долбоор өзүнө экологияны да, башкарууну да, муниципадык бийлик органдары менен элдин ортосундагы диалогду камсыздоону да, ден соолугу начар адамдарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү маселесин да камтыйт. Бул багыттардагы эл аралык тажрыйбалар толугу менен эске алынмакчы.

Долбоорду ишке ашырып жаткандар эмнени эске алганы жатышат? Бул иш процессинин максаты эмне экенин билиш үчүн, дүйнөдөгү мыкты делген “акылдуу шаарларга” көңүл бурсак. Ар-бири бир-бирине окшобойт, ар-башка жолдор тандап алынган, бирок Кыргыз өкмөтү да шаарларыбызда бардык схемаларды колдонууну максат кылбайт. Бирок ар-бир баскычта эл аралык тажрыйбадан алынган жаңы бир нерсе колдонулушу мүмкүн. Ал эми ар-бирибиз бул идеяларга баа бере алабыз.

Мисалы, 2015-жылы Juniper Research компаниясынын мобилдик жана санариптик технологиялар боюнча талдоочулары Барселона шаарын “2015-жылдын Акылдуу шаары” деп, анын өнүгүүсүн Нью-Йорк, Лондон, Ницца жана Сингапур деген шаарлардан жогору коюшкан. Барселонадагы жол агымын жана автоунаалар токтоочу жайларды башкаруу тутуму, ошондой эле шаарды жарыктандыруунун акылдуу тутуму өзгөчө мактоого татыган. Juniper Research команиясынын адистеринин пикири боюнча, шаарда колдонула баштаган энергонатыйжалуулукту башкаруунун акылдуу тутуму же smartgrid 2019-жылга чейин жылына 9,5 миллиард еврону үнөмдөп турганга мүмкүнчүлүк берет.

Ошол эле кезде шаардагы коомдук жана социалдык кызматтардын ачыктыгына катуу көңүл бурулат – мисалы, өзүн өзү башкаруу органдарынын жыйындарын тургундар он-лайн түрүндө көрүп, суроолорун бере алышат.

Швеция калыбына келүүчү ресурстарды кайра колдонуу жаатында дүйнөдөгү алдыңкы өлкө болуп эсептелет, анын борбору Стокгольм дагы ресурстарды мүмкүн болушунча көбүрөөк үнөмдөгөнгө аракеттенет. Мисалы, бул шаарда кир сууларды жылуулук берүү тутумунда колдонуу жана алардан коомдук траспопорт колдоно алгандай отунду бөлүп чыгаруу боюнча долбоорлорду өнүктүрүп келет. Стокгольм – коомдук транспорт тармагы жакшы өнүккөн, оптикалык интернет кеңири колдонулган жашыл оазистин эле өзү. Учурда бул жерде кызматтагы адамдар менен бетме-бет жолугушууларды виртуалдык жолугушуулар менен алмаштыруу демилгеси караштырылып жатат.

Нидерланддардын борбору Амстердамды “акылдуу кылуу” иштери да катуу жүргүзүлүүдо. Маселен, колдонуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шаардын жашоосун иреттештирүү максатында Amsterdam Smart City деген платформа иштелип чыккан. Платформа ачык маалыматтардын негизинде иш алып барат, жергиликтүү ишканалардын, өзүн өзү башкаруу органдардын жана шаар тургундарынын ортосундагы байланышты камсыздаганга шарт түзөт. Мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шаар ичинде жүргөнгө жардам берген тиркеме иштелип чыккан. Эгер жолдо кайсы бир маселе жаралса колл-борбордун адистери ал маселени чечкенге жардам беришет. Ошондой эле City Alerts тиркемеси өрт болгондо кайсы имаратта мүмкүнчүлү чектелген кандай адамдар бар экенин өрт өчүрүүчүлөргө маалымдап турат.

Вена – Европадагы эң жашыл шаарлардын бири. Ээлеген аймагы чакан Австриянын борборунда жашоо деңгээлинин сапаты да эң жогоркулардан болуп саналат. Шаар керектеген электр энергиянын 15%ы калыбына келүүчү ресурстардан өндүрүлгөн, мисалы бул жерде биокалдыктарда иштеген Европадагы эң ири электростанция жайгашкан. Жаңы курулган үйлөр көмүртекти аз бөлүп чыгаруу боюнча катуу шарттарга жооп бериши керек. Тургундардын 90% коомдук траснпортторду колдонушат.

Копенгаген 2025-жылы зыяндуу калдыктарды такыр чыгарбаган шаар болууну көздөйт. Копенгаген көмүртекти эң аз чыгарган шаарлардын бири болуп эсептелет – бир адамга эки тонна комүртек туура келет, бирок Копенгагенге бу да аздык кылат – 2025-жылы зыяндуу заттарьул шаарда такыр чыгарылбай калышы керек. Ага жетүү үчүн энергонатыйжалуулуктун стандарттарын сактоо, “жашыл” курулуш иштери жана “жашыл” энергияны колдонуу боюнча катуу талаптар коюлган. Ар-бир велосипедке абанын тазалыгы жана транспорттук тыгындар тууралуу маалыматтарды берип турган датчиктерди коюу чечими чыгарылган.

Ушул нерселердин айрымдары бизде да үч жылдын аралыгында пайда болушу мүмкүн. Сапар Исаковдун командасына ийгилик гана каалайбыз. Ал эми депутаттардан жана коомчулуктан өкмөткө иштегенге мүмкүнчүлүк берүүнү суранат элек.

Даярдаган Апас Зарипов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине