Юрий Громов: «Биз кандай болоорубузду өзүбүз тандайбыз»

18:06, 16 Апреля 2015

  «Утро на 5» жана  (кандай гана парадоксалдуу болсо да) «Вечер» көрсөтүүлөрүнүн алып баруучусу Юрий Громов – жасалмалуулуктун бир тамчысы жок шайыр адам. Жан дүйнөсү жадырап турат. Өзүнөн өзү.  

Анын тамашаларын студенттер кайталап жүрүшсө, көрсөтүүсүнө келип мейман болууга Бишкектеги төбөсү көрүнгөн  адамдардын баары аракет кылышат. Анткени,  Юра мазактоочу реприздерди жана «обу жок тамашаларды» колдонбойт,бирок ошол эле учурда эфирди көңүлсүз кылбай, жеңил, динамикалуу жана көңүлдүү кыла алат. Маектешүү үчүн биз жарыктандыруучу жабдуулардын баары өчүп, аппаратура тынч уйкуга кирген кезде, ал эми көрүүчүгө тааныш отургучтар жаңы  досторун күтүп турган саатта студияга кирип, отурдук.

- Социологдор, телеалыпбаруучунун кесиби – бүгүнкү жаштар үчүн «көңүлдөгүдөй жашоонун» маркерлеринин бири экенин айтышат. Айтчы, теле алып баруучу болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болушу керек?

- Чынын айтканда, мен да билбейм. Мүмкүн, бул суроону продюсерлерге берүү керек, алар жакшы билишет, адистерди ошолор карайт.  Жеке мен – кандай болсом так ошондоймун. Бирок... азыр күтүүсүз бир нерсе айтат окшойм, өзүм да жакында эле түшүндүм: телеалыпбаруучу жоопкерчиликтүү болушу керек. Эрте жашымда бул абдан кызыктуу, сонун, тамашалуу жумуштай сезилчү. Эми болсо, ага канчалык жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек экенин билем. Бул эң башкысы десе да болот.  Жаңылууга, уят кылууга болбойт. Өзгөчө түз эфирде. Жаңылып адашууга, фактылардан жаңылууга, кысылып сүрдөөгө укугуң жок. Өздүк маанай – бул башка иш. Ал эми сенин жаңылууга, башка адамдарды уят кылууга укугуң жок болгон – таптакыр башка иш. 

- Бул кесипти кандайча тандап калдың?

- А мен аны тандаган жокмун. Мындай нерсе оюмда да жок болчу. Ушундай болду. Жок, мен албетте, бала кезимден эле чыгармачылык менен аралашып жүрчүмүн, скрипкада, гитарада ойночумун, хордо ырдачумун. Ыр окучумун. Бала бакчада жүргөнүмдө  16 тыбышты туура эмес айтчу экенмин. Ушуну оңдоо үчүн мен ырларды жаттачумун. Анан, мени менен мыкты логопед иштечү,мен аны менен дагы эле кеңешип турам, мага чоң энемдей эле болуп калды. 

- Анан, мектептеги оюндан эле телеэкранга келип калдыңыз?

- Дээрлик. Клубда ди-джей болуп иштечүмүн. Капысынан, өзүмдү радиодо сынай турган мүмкүнчүлүк бар экенин билдим. Суранып көрдүм, мага окшогон каалоочуларга чоң сынак болду, өтүп кеттим. Бул өтө чоң тажрыйба болду, мен бир нече  радиостанциянын жамаатында иштедим. Анан – дагы капысынан- продакшн-долбоордун алып баруучусу болдум, андан кийин 5-каналга келдим.

- Сен өз оюңду абдан так билдиресиң. Жада калса азыр да интервью «эфирге жазып жаткандагыдай».  Бул тажрыйбаданбы?

- Албетте, тажрыйба. Бирок, башкысы – ойдун сапаты. Өзүңдү окутуу, билим алуу процессинде катып, токтоп калганга болбойт. Сүйлөмдү сабаттуу түзүүгө үйрөнүү татаал эмес, бирок аны мазмун менен да каныктырыш керек. Андан кийин, жакында эле мен өзүм үчүн «сүйлөө жанрынын»  жөнөкөй чындыгын ачтым. Ал мындай айтылат: канчалык кыска жана жөнөкөй болсо, ошончо жакшы. Мен  мааниси бардыгына түшүнүксүз болгон сөздү же түшүндүрмөнү айтуудан кармалганым жакшы. Бул текст эмес, аны кайра окуй албайсың. Эгер көрүүчү айткан сөзүңдүн маанисине түшүнбөй калса, анда бүттү, сен аны жоготосуң. Мүмкүн, түбөлүк. Эгер көрүүчү зеригип кетсе, же экрандан акылсыз адамды көрүп турса да ошол эле кайталанат. Мен азыр татаалдантып,  «өзүмдү көргөзбөй калдым». Аудитория, көрүүчү, угуучунун алдында иштөө – мындай эмес. Өзүңдү кыйын көргөзүүдө эмес. Жеке персонаңды көргөзүү – бул күлкүлүү жана аянычтуу. Мен, теле алып баруучу жаңылууга болбойт деп айттым беле?

- Айткансың. Ага эмне кылса болот?

- Өзүң бойдон калуу керек. Мунун алдында өзүнүн ким экенин тандап алыш керек. Анткени, биз кандай болоорубузду, эмне айтаарыбызды, өзүбүздөн кийин эмне калтыраарыбызды өзүбүз тандайбыз. Өзүбүз.

- Сен жеңил, көңүл ачуучу, көңүл көтөргөн программаларда катышууга артыкчылык бересиң. Олуттуу нерсеге тартпайбы?

- Жакшы маанай менен адамдарга жакшы мамиле жасоодон олуттуу эмне болмок эле? Менин меймандарымды сындап, аларга нааразы болуп, ишиндеги кемчиликтерди көзүнө сайып көргөзүп тургандар менсиз да жетишет. Жетмек тургай ашып да кетет. Мага, алардын балдарына ырдап берген бешик ыры, эртең мененки тамакка эмне жээри, кийимди кайдан сатып алаары, эмне окууру кызык…

- Ал эми окубагандар эмне болот?

- Алар эмне болушу керек? Окубаса мейли. Мен алардын бетин ачкым келбейт, отуруп алып, өз көргөзүүмдө: «мына, мен, Юрий Громов, Жердин киндигимин, укмуш жигитмин, а бул бир чымын, азыр аны жок кылам» дегим келбейт. Өз меймандарым туурасындагы интернеттеги ушактарды карабайм дагы, мен өзүмө кандайдыр бир пикир түзүп алгым келбейт, анын берген жоопторуна кубанып, таң калгым келет. Менин меймандарым мага адам катары кызыктуу.

- Ушундай да болобу

- Болот. Адамдар ар кандай, алар өз социалдык статусуна же ал туурасында интернетке жазгандардын баарына окшош эмес. .

- Өз кесибиңде ишенимдүүлүк менен устатым деп айта турган адамың барбы?

- Албетте. Ирина Тен, Павел Штельмах… Мен иштешкен адамдардын бардыгы мени маанилүү бир нерсеге үйрөтүштү. Мен муну абдан жогору баалайм. Эгер мен бирөөнү атабай унутуп кетсем, алдын ала кечирим сурайм. Тажрыйба менен жардамды абдан баалайм.

- А чет өлкөлүк эфир жылдыздарын карабайсыңбы?

- Андайдан качууга аракет кылам, эмнеге экенин түшүндүрүп берейин. Анткени, мен харизматикалык каармандарды туурай баштайм.  Бэтмен туурасындагы фильмди көрөм – анан эки күн Бэтмен болуп сүйлөп калам. Ошондуктан тууроодон качууга аракет кылам, өзүмдү эч ким менен салыштыргым келбейт, бул болбогон иш, аны менен бирге, зыяндуу да.

- Аудиториянын өз ишиңизге болгон мамилесин кантип мониторинг кыласыңар?

- Бардыгы сыяктуу эле – соцтармактар, тааныштар.

- Бирок,  «тармактык активисттер» бирөөгө жугунду куюп турбаса, баштары оорушат да. Ушундан улам, эгер соц тармактарга бекем ишенип отурсаң  жумушка болгон кызыгууңду да жоготосуң…

- Ансыз болбойт.  Башында мен сынды өзүмө өтө жакын кабыл  алчумун, кадимкидей ооруп калчумун,сексен жолу бул жумуштан кетүүгө камынып, болуп көрбөгөндөй азап чекчүмүн. Азыр биринчи кезекте сындын обьективдүүлүгүн баалайм жана редакторго абдан ишенем. Анткени, менин жумушумду баалоо – анын жумушу. Редактордун айткандарын жөн гана укпастан, анын айткандарынан багыт алам.

- Сиздер, авторлор жана алып баруучулар, өз программаңыздарга меймандарды кантип тандайсыздар?

- Баарынан мурда бүгүнкү күнү кеңири чыгып жаткан маалыматтык түрткүнү карайбыз. Же болбосо, кандайдыр бир кызыкчылык, жеке кызыкчылыкты айтам да. Музыкант жаңы альбом жаза алат, куруучу – жаңы имаратты колдонууга берет – бул шылтоо эмеспи? Мен бардык нерседен жаркын нерсени алып чыгууга аракет кылам.

- Көңүл ачуучу программада иштеп жатып, кантип олуттуу кулк-мүнөздө калуу мүмкүн?

-  Оп-оңой. Адамдарга жана өзүңө болгон сый. Мыкты коктейль, жүз пайыз учурда жардам берет.

- Жаштар менен таланттуу балдардын башын айланткан жылдыз оорусунан качуу үчүн эмне кылдың?

- Өх-ххх… Убакыт  өтө аз. Ал өзүмдү сүйүп, карап отурууга таптакыр жетишпейт. Бул өзүңдү бузуп алуудан башка эч нерсе алып келбейт, мага мындай келечексиз иштин эмне кереги бар?

- Убакытка келсек. Сен бир нече долбоор менен алектенип жүрөсүң, дагы «Record» радиосунда программаң чыгат. Өзүңө артабы?

- Дээрлик артпайт. Дем алыш күндөр гана салыштырмалуу меники. Бирок, досторум бар,бул дем алыштарды кызыктуу өткөрөбүз. Активдүү эс алабыз, кандайдыр бир өзгөчө тамакты жасап, андан кийин аны ырахаттануу менен жейбиз, саякаттайбыз. Жаратылышка чыгабыз. Бир нече жыл мурда дени сак жашоо образы туурасында ойлонгон да эмесмин, бүгүн болсо мунун пайдалуу экенин билем. Чын эле сонун.

Маектешкен  Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине