Гүлайым Момунова: «Аларды аяганга көнүп калган аялдар милицияда иштей алышпайт»

11:07, 8 Сентября 2018

Баткен областынын ички иштер бөлүмүнүн кадрлар жана кесиптик даярдоо тобунун ага инспектору, милициянын подполковниги Гүлайым Момунова органдарда 17 жылдан бери кызмат кылат. Ал – өз бөлүмүнүн сыймыгы, аскердик жолдош, эже-карындаш, жаштар үчүн акылкөй кеңешчи жана насаатчы.

Кесиби, жеке турмушу, аял-милиционердин жашоосундагы маселелер жана көндүм көз караштар тууралуу ал “Жаңы жүздөр” гезитине айтып берди.

- Гүлайым, эмне үчүн бул кесипти тандап алдыңар?

- Бизге жаштар көп келет, мен да аларга ушул суроону дайыма берем. Алар, адатынча, “Мага бул кызмат жагат, формасы жагат” деп кыска гана жооп беришет. Балким мен дагы жаш кезимде бул кесипке ушул нерселерге байланыштуу кызыкандырмын. Атам аэропортто иштейт эле, формачан жүрчү, мен анын формачан жүргөнүн жакшы көрөт элем. Укук коргоо органдарында бир да тууганым жок болчу. Бирок уюшкандыкты, тартипты дайыма жактырат элем.

Милицияга келгиче мен ар түрдүү кызматтарда иштедим, экономикалык бухгалтерия тармагында 8 жыл эмгектендим. Менин экономикалык да, юридикалык да билимдерим бар. Анан эле бир нерсе болуп бул кесипти тандап калдым.

- Аялга милицияда карьера кылуу оорбу?

- Оор. Эң оору – көндүм көз караштарды, мамилелерди өзгөртүү. Бул жашоодо, адатынча, кандай болот? Аял милицияга орношоору менен дароо үч жылга чейин декретке чыгып кетет. Кайтып келет да, кайра экинчи декретке кетет. Ага кошумча, аялдар иштен көп суранышат, өзгөчө үй-бүлөлүк маселелер боюнча, милициянын катарында көпкө иштешпейт. Жыйынтыгында эркектер мындай кызматкерлерге тийиштүү мамиле кылышат. Ушунун айынан, сен андай эмес экениңди далилдөөгө туура келди. Буга көп күчүң кетет, бирок жыйынтыгы, менин пикиримде, бардыгын актады. Мен карьера кылууга көп деле кызыкпайм, бирок ишимди майын чыгарып, сапаттуу жасагым келет, ошону үчүн көп эмгектенем.

- Кесибиңизден көңүлүңүз калган учурлар болдубу?

- Жок, боло элек. Бирок да аларды аяганга көнүп калган аялдар милицияда иштей алышпайт. Биздин жетекчибиз айткандай, милицияда эркектер менен аялдар жок, кызматкерлер гана бар. Мына ушинтип иштеп жатабыз.

Аял – назик болот, анан да ага кошумча гендердик-ролдук нюанстар бар: үй-бүлө, балдар, ж.б.д.у.с. Ушуга карабай, биз күнү-түнү иштейбиз. Нарядда суткалап турабыз, үйдө болбойбуз, жаныбызда чек ара тилкеси бар эмеспи. Так ушул биздин аймакта кошуна өлкөнүн жарандары менен такай улут аралык чатактар болуп турат. Жеке курам толугу менен мобилизацияланат.

- Чатактар көп болгон жерлер так силердин участкадабы?

- Область боюнча эң көп чатактар Баткен районунда катталат, а бул биздин аймак. Биз Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чектешебиз. Экиге бөлүнгөн айылдар, каналдар маселеси... Сууга, жерге байланыштуу бардык түйүндүү маселелер жана да чагымчылдык аспектилер бардыгы биздин аймакта бириккен, кайнап турат. Бир нерсе болсо эле – биз нарядга чыгабыз. Ал качан бүтөөрүн, эч качан так айта албайбыз.

Билдирме: Кыргызстандын Чек ара кызматынын малыматы боюнча, быйыл кыргыз-тажик чек арасында ар түрдүү маанайдагы 6 жаңжал катталган. Былтыр үч жаңжал катталды. Ал эми 2016-жылда алардын саны 18ге жеткен. Статистика өзгөрүп турат. Эки өлкөнүн чек ара кызматтары бир-бири менен байланышып, бул маселе боюнча кеңешип турушат.

- Бул жаңжалдарга эмне себеп болууда?

- Тилекке каршы, чек араны делимитация жана демаркация кылуу маселеси чечилмейин, бул жаңжалдар боло берет. Кыргызстандан келген суу талаштуу жер боюнча өтөт, жер үлүштөрү аныкталган эмес, “жылма миграция” деген неме басып келүүдө. Биздеги эң опурталдуу айылдардын катарына Таш-Тумшук жана Көк-Таш кирет. Кошуна өлкөлөрдүн жарандары чек арага жакын жайгашкан үйлөрдү сатып алып, ал жакка көчүп келип жатышат. Чек аранын делимитациясы бүтө электе ал аймак, бир карасаң, тажиктердики болуп калгандай сезилет. Жергиликтүү тургундар, албетте, нааразылыгын билдиришет. Жыйынтыгында эмне болот? Жаңжал.

- Бийлик кырдаалга жетиштүү түрдө көңүл бурбай жатабы?

- Көңүл бурат. Бирок ал тээ алыста, Бишкекте. А биз бул жердебиз. Мисалы, үйлөрдү чет эдик жарандарга сатканга тыюу салышты. А бирок бизде эч ким жашабаган, сынып талкаланган үйлөр бар, документтери да жок. Айылдарга жетүү кыйын, социалдык инфраструктурасы начар, жаштар дээрлик калбай калган, алар жакшы жашоону издеп Баткенге, Ошко, Бишкекке, кээ бирлери чет өлкөгө да кетишүүдө. Карган чалдар гана калган. Эч ким жашабаган үй үчүн аларга акча беришсе, эмне кылышат деп ойлойсуң? Албетте, макул болушат. А үйлөр болбогон баага сатылып кетүүдө. Биздикиер ал үйлөрдү сатып алышпайт. Биздикилер тажик же өзбек жеринде да үй сатып алышпайт, бардыгы Бишкекке кеткени умтулушат.

- Бул жаман тенденциябы?

- Анын эмнеси жакшы? Ал жаңжалдар үчүн кыртышты даярдап жатпайбы. Айрым айылдарда үйлөр шахматтык иретте жайгашкан: бирөөсүндө кыргыз үй-бүлө жашаса, эмкисинде – тажик үй-бүлө. Мунун баарын кантип иретке салса болот? Мен билбейм. Анан да түшүнсөңөр: биз дагы, Тажикстандын жарандары да бир жол менен жүрөбүз, анткени башка жол жок.

- А бул жаңжалдар кантип жаралат, аларды жараткан ким, эмне?

- Башаламандык жана чек аранын так аныкталбагандыгы. Мисалы, биздикилер көчөттөрдү отургузса, тажиктер аларды түнү менен жулуп салышат. Же тескерисинче. Мен бул жерде интернационалист болуп калдым, анткени жакшы же жаман улут болбостугун көрдүм, бардыгы бирдей.

- Жаңжалдардын чыгышы сезонго байланыштуубу? Алар эмнеге байланыштуу?

- Жаңжалдар көбүнчө жазгы талаачылык иштер башталышы менен кошо чыга баштайт. Эң кызуу маал. Суу боюнча да ошондой эле, бирок мында жай айы да камтылып кетет. Бирөө бир нерсени бөгөп, сууну башка жака буруп койду дейли, мына жаңжалга себеп даяр. Канал Тажикстандын аймагы боюнча же ага жакын өтө турган болсо, ал жерде маселелерди күтө берсең болот.

- Сүйлөшүп чечишип алса болбойбу?

- Сүйлөшүп, иштеп жатабыз. Бардык деңгээлде. Райондук бийликтер иштешет, жергиликтүү тургундар да өз ара сүйлөшүшүп чечишет, биз дагы иштейбиз. Бирок баары бир маал-маал менен жаңжалдар болуп калат, бул адамдык факторго байланыштуу. А кээде чагымчылар да чыгат. Биз алар менен иштейбиз, аларды тапканга аракет кылабыз. Кээде жаңжалдын себебин териштирип жатып, чагымчы адам кошуна өлкөнүн жараны экенин аныктайбыз. Аларды кантип алып келебиз? Бул процедуралык жактан алганда өтө татал маселе. Бирок да тажик кесиптештер менен биз жакшы мамиледебиз. Алар менен жемиштүү кызматташып, бир нече оор кылмыштын бетин ачкан учурлар бар.

- Кандай дейсиз, тажик милиционерлери тартипти орноткусу келеби, аларда чек ара жаңжалдарынын санын азайтып, аларды такыр эле жоюуга каалоо барбы?

- Албетте, бар. Бирок ошол эле кезде ар башка менталитет деген нерсе бар. Мисалы тажик милициясынын эл арасында кадыр баркы бизге караганда жогорураак. Аларда органдын кызматкерлерин сыйлашат, алардан коркушат. Жаңжал болгондо бул даана байкалып турат. Тажик милиционерлери бир-эки сөз айтып эле элди тынчытып коё алышат. А бизде болсо, өзүңөр билесиңер, тескерисинче. Бизде милициянын кадыр-баркы такыр эле жок деп айтууга болбойт, акыркы жылдарда ал өсүп баратат. Маселе жаралса эле бизге кайрылышат, бизден жардам сурашат. Бирок да темперамент, менталитет деген нерселер да бар...

- Эл менен иштешүү кыйынбы сизге?

- Жеңил эмес, бирок бул биздин калк. Эң активдүү жана одоно чагымчыларды аныктайбыз. Алар менен маектешип, профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Муну биз жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип жасайбыз. Жаштарды достукка чакырабыз, аны үчүн биздин жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлорубуз тажик жана кыргыз жаштары катышкан спорттук иш-чараларды уюштуруп турат. Улуурактары жергиликтүү бийликтер уюштурган иш-чараларга катышышат. Бирок мунун баары жетишсиз. Анткени жерге, сууга байланыштуу жаңжалдар бул жерде тээ илгертиден бери болуп жатат. Бир эле убакытта таптакыр бул маселени чечип коюу мүмкүн эмес. Бул жерде кырдаалга жараша такай иш жүргүзүп туруш керек. Анан да акыры демаркация менен делимитацияны бүтүрүш керек болот. Кээде бардыгы тынчып калгансыйт, кээде жаңжалдар күчөйт.

- Сиз бул жерден болосузбу? Үй-бүлөңүз да бул жерде турабы?

- Ооба, мен озүм Баткенден болом. Менин үч балам бар, улуу кызым 24 жашта. Ал окуусун бүтүп, Баткендеги юридикалык колледжде сабак берет. Уулум мектепти аяктап жатат, кичүү кызым экинчи класста. Жолдошум жарандык кесиптин ээси.

- Ал ишиңизге кандай мамиле кылат?

- Биринчи жылдары, жалпак тил менен айтсам, жаман дендирөө болду: жалаң эркектердин курчоосунда, иште түнгө чейин жүрөм... Азыр бир аз көнүп, түшүнгөнсүп калды.

- Үйдө кожоюн сизби?

- Үйдө мен квартирантмын. Кечинде даяр оокатка келем, тамактанам да, уйкуга кетем, эртең менен эрте туруп алып жумушка жөнөйм. Кээде балдарымды аяп да кетем, энелик мээримди дээрлик көрүшпөйт. Кичүү кызым менен башкача болоюн дедим, сабактарды чогуу жасайбыз, ар кайсыны сүйлөшөбүз, абалды бир аз өзгөртөйүн деп жатам. Ал эми улууларына мен жакшы көңүл бура албадым, алар энелик мээримди көрбөй калышты деп ойлойм. Мен анда өзүмдү толугу менен жумушка арнап койгон элем. Алар жакшы адам болуп чоңойгондору – бул зор бакыт.

- Жумуштун мынчалык көп болгондугу эмнеге байланыштуу, чек ара маселелери үчүн эмеспи?

- 2012-жылы мен ички иштер бөлүмүнөн Баткен районуна кадрлар боюнча жетекчинин орун басары болуп которулдум. Түштүк жергесинде жетекчиик кызматка дайындалган биринчи аял милиционер болуп калдым. Элестетип көрсөңөр, 75 эркек: “Эмне, бул аял бизди башкарабы?” деп ойлоп сени карап турушат. Мага эч ким ишенбей, теңге албай жатышты. Бирок мен бул абалды өзгөртө алдым, эми алар бардык маселеси менен мага кайрылышат.

Ошондуктан канчалык жумуш болбосун – алардын бардыгы меники. Биздин бөлүмдөгү эркектер жаңжал чыккан жерге кетишсе жана мен нарядда болбосом, бардыгы менен резервде калам. Кээде тогуз күн казармадан чыкпай отурган күндөр болду. Үйгө түнөгөнгө келбеген күндөр да болуп жатты. Өзгөчө абал болбосо, жумуштагы майда барат нерселер толугу менен ээлеп алат. Азыр орун басарлык кызматты алып салышты, бирок баягы иштер дагы эле менин моюнумда.

- Ички маселелерден кайсынысына токтолгуңуз келет эле?

- Кылмыштуулук бардык жерде бар. Бизде эң көп болгондору – үй-бүлөлүк чатактар, уурулук жана жол кырсыктары. Чек ара тилкесине жакын аймактарда мал уурулук да күч.

- Мен мындан төрт жыл мурун Баткенге келгенимде жергиликтүү эркектердин дээрлик бардыгы Орусияда же Казакстанда иштеп жүргөндөрүн байкадым эле. Абал азыр өзгөрдүбү?

- Эркектер көп кайта баштады деп айталбайм. Айрым райондордо жаш аялдарды, кыз-келиндерди да сейрек кезиктиресиң, жалаң гана карылар менен жаш балдар калган. Анткени бул жерде жакшы иш табуу өтө кыйын. Мигранттар акчаларын жөнөтүп, туугандары жакшы үйлөрдү салып жатышат. Менимче, эртеби-кечпи көбү кайтып келишет болушу керек. Аймак мигранттардын эсебинен гана жашап жатат. Башкача айтканда, Орусиянын эсебинен. Так ал биздин аймакты багып жатат.

- Сиз КРдеги Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык Офисинин аял-милиционерлер менен иштешүү боюнча долбооруна катышып калдыңыз. “Насаатчылык” долбоорунун ишине кандай баа бере аласыз?

- Менимче, бул өтө маанилүү иш. Биздин кызматкерлерге насаатчы болуу – бул биздин күнүмдүк ишибиз. Мен кадр кызматкери катары бул ишти такай алып барам. Бул, мындай караганда, психологдун иши. Мен кайсы адамга кандай мамиле кылуу керек, кантип, эмне айтуу керек экенин, кимдин кандай маселеси бар экенин, башкача айтканда, бизде иштегендер тууралуу бардыгын билем. Кадр кызматкери катары ар бири менен өзүнчө сүйлөшөм. Албетте, насаатчылык боюнча жаңы билимдер, пайдалуу нерселер – бизге өтө зарыл. Ар бир тренинг мен үчүн пайдалуу болду, тренерлер мыкты болуп, бардыгын түшүнүктүү айтып берип жатышты. Эң маанилүүсү – алган билимдерибизди иш жүзүндө колдонууга болот эле. Буга кошумча, мындай тренингдер адам катары өсүүгө жакшы өбөлгө түздү. Аял-милиционерлер ассоциациясынан бардыгыбыз чоң колдоону сезип жаттык. Кыздар менен сегиз жылдан бери таанышпыз. Калаган убакта, каалаган аймакка чалып, кайсы бир маселелер боюнча кеңеш алалам. Баарыбыз байланыш кармап, кеңешип турабыз. Бул долбоорго катышуу менен биз ынтымагыбызды дагы бир топ бекемдеп алдык.

Лейла Саралаева, Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине