COVID-19 гендердик теңсиздикти канчалык курчутту?

12:55, 26 Августа

COVID-19 пандемиясынан улам курчуган экономикалык кризис, жол жүрүштүн чектелиши, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо  системасындагы көйгөйлөрдөн улам кыргыз айымдары оор кырдаалга туш болушту. Бул тууралуу Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылат. Гендердик теңсиздиктен тышкары, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун  катталган учурлары дагы көбөйгөн.

Себептер эмнеде?

Кыргызстандын кризистик борборлору карантин күндөрү оор жашоо шарттарына туш болгон жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдардын кайрылуулары көбөйгөндүгүн байкашкан.

«Сүйүү колдору» КФ жана аялдар кризистик борборунун жетекчиси Наталья Даник билдирет: «Ар бир кризистик кырдаал зордук-зомбулукукткн күчөшүнө алып келет жана карантинде дагы ошол көрүнүш болду. Эркектер иштебей, үйдө көп убакыт өткөрүп, анын үстүнө каражаты жок отурушту, анын айынан ачуусун жакындарынан, жубайлары, балдарынан чыгарып жатышты».

Сүрөттө: Наталья Даник.

Калк жайгаштыруу фондунун изилдөөсүнөн: «Айымдар жана кыздар үчүн үйдөн эмгектенүү, үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү жүгү кескин оорлоду. Айымдар үй жыйноого, тамак-аш даярдоого, балдарды ойнотууга, алар менен бирге китеп окууга көп убакыт бөлө башташты.  Мырзалар короо-жайды тазалоого, ар кандай сатып алууларды жүргүзүүгө көп убакыт бөлө баштады. Жолдоштору үй иштерине такыр жардам бербейт деп суралган айымдардын  35.6 пайызы жооп берсе, айымдарга карата ушундай эле жоопту мырзалардын 15 пайызы берген. Сурамжылоонун жыйынтыгында, ага катышкандардын 21 пайызы COVID-19 дартынын айынан стресс, тынчсызданууга учурап, психикалык, менталдык жана эмоционалдык жактан жабыркагандыгын айтышкан».

Гендердик эксперт Анара Ниязова вируска байланыштуу киргизилген карантин көп жылдан бери келе жаткан эркек менен аял кишинин ортосундагы экономикалык, социалдык, саясий статустардагы айрымачылыктарды ого бетер ачыктагандыгын, жана COVID-19 талган көйгөйлөрдү жылаңачтагадыгын билдирет.

«Пандемияга чейинки мезгилди ала турган болсок, аял менен эркек кишинин статусундагы айрымачылыктар ар дайым болуп келген, жана вирус ал айрымачылыкты ого бетер көрсөттү. Бирок локация жана изоляция шарттарында, негизинен айымдар эмгектенген тармактар, мисалы тейлөө көрсөтүү тармагы, бюджеттик тармакта 83 пайыздан ашууну айымдар эмгектенген саламаттыкты  сактоо, билим берүү, социалдык кызматтарды көрсөтүү тармактары эң эле оор кырдаалга кабылган. Ал эми сексуалдык жана репродуктивдик ден-соолук тармагындагы медициналык кызматтарды көрсөтүү жагын карай турган болсок, ал жерде дагы изоляция жана локация шарттарынынан улам кырдаал оорлоп, аталган кызматтарды алуу өтө оорго турган»,-дейт Анара Ниязова.

Сүрөттө: Анара Ниязова.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук күчөгөн

Расмий маалыматтар боюнча, карантин маалында Кыргызстанда зордук-зомбулук фактылары катталган учурлар 65 пайызга көбөйгөн.

Калкты жайгаштыруу фондунун изилдөөсүнөн: «Кимдир бирөө үй бүлөдө зордук зомбулукка туш болгон учурда колдоо жана жардам алуу үчүн каякка кайрылууну билерин эркектердин 54 пайызы жана айымдардын 41 пайызы билдирген, бирок айымдардардын 33 пайызы менен эркектердин 30 пайызы эч жакка кайрылбарын айткан. Карантин учурунда сурамжылоого катышкандардын 9 пайызы гана жардам алуу үчүн байланыш линияларына кайрылган, алардын ичинде кайрылган айымдардын саны 12.5 пайызды түзсө, эркетекер 5.8 пайызды түзгөн».

Гендердик эксперт Анара Ниязова биздин патриархалдык коомдо зомбулук №1 маселе болгон жана ошол бойдон кала берет деп эсептейт. «Узак убакыт бою бир мейкиндикте болуу, начар жашоо шарттары, коопсуздук деңгээлинин төмөндөшү жана башка ушундай факторлор зордук-зомбулук учурларынын көбөйүүсүнө алып келген.Үй бүлөдөгү зордук-зомбулук буга чейин эле латенттүү болгондугуна карабастан, ал ого бетер латенттүү болгон, анткени аялдардын көпчүлүгү ооруканалардан вирус жуктуруп алуудан коркуп, медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан. Андан сырткары, пандемия шарттарында тергөө процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү дагы оорлошкон. Мунун баары зомулук көбөйгөндүгүнөн кабар берет».

Сузак жабырлануучусу

Сузак районундагы аялдын кордолушу кыргызстандыктардын үрөйүн учураткан. Жолдошу анын мойнуна унаа дөңгөлөктөрүн илип, үстүнөн суу куюп, бетке уруп, жасаган иш-аракеттеринин баарын уюлдук телефонго тартып алган. Тасма интернетке тарап, эл ичинде  чоң наарзычылык жараткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бирок кийинчерээк аял күйөөсүнө болгон арызынан баш тарткан.

200дөн ашуун айымга жардам берген кризистик брборунун жетекчиси Наталья Даник тасмада иштин чет бучкагы гана көрсөтүлгөн деп эсептейт.

«Үй бүлөдөгү зомбулуктун масштабдары биз ойлогондон алда канча чоң. Биз жумушубуздун алкагында аялдардын төбө чачыңды тик тургузган окуяларын угабыз, алар жолдоштору аларды жана балдарын сабап, буту менен тепкилеп, ийин денесиндеги көк-ала тактар тарагыча үйдөн чыгарбай кое тургандыгын айтып беришет, мындайды жада калса кээ бир коркунучтуу тасмалардан дагы көрбөйсүң. Кийин жалынып-жалбарып кечирим сурашат, анан кандайдыр бир убакытка алардын мамилелери оңолуп калат.  Бирок андан соң окуя кайрадан кайталанат жана мурункусунан дагы жаман болот. Мындай окуяларга бизге кайрылган айымдардын дээрлик баардыгы кабылат, аларды угуп отурсаң, жүрөгүң түшөт.  Сузактагы аял дооматтарын кайра кайтарып алгандыгын түшүндүрүүгө болот.  Ал бул кырдаалдан жалгыз чыга албайт, колунан келбейт»,- дейт Наталья Даник.

Кризистик борборунун жетекчисинин айтымында, салттуу кыргыз коомчулугунда аял кишинин эркек кишиге карата ачык каршы сүйлөшүнө болбойт.

«Эгерде аял күйөөсүн кечирбесе, ал өз туугандары, кайын журту, кошуналары тарабынан сындоого алынат. Ага: «Биз чыдаганбыз, сен деле чыдасаң болот эле, үй бүлөнү сактап калуу манилүүрөөк» деп айтышат. Тагыраак айтканда, ал айыптоочу чөйрөгө туш болот. Албетте, алсыз аял буга туруштук бере албайт, ошондуктан ал дооматтарынан баш тартканында таң калаарлык эч нерсе жок. Ага бул чечимди кабыл алуу оор болгондур, жүрөгү ооругандыр, бирок айланасы бул чечимин кабыл албай тургандыгын түшүнүү чечимин өзгөртүүгө түрткү берген»,-деп белгилейт Наталья Даник.

Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты Наталья Никитенко тасма интернетте пайда болгон күндөн тарта жабыркаган аялга колунан келишинче жардам берүүгө аракет кылган.  Эл өкүлү аталган факты жазасыз калбашы үчүн укук коргоо органдарына жана прокуратурага кайрылган.

Сүрөттө: Наталья Никитенко 

«Тасма интернетке жарыяланаары менен коомчулук бул айымдын коргоосуна чыкты. Бирок, анын чечимин билсем дагы, аны эч кандай айыптабайм. Ал болгону биздин коомдо түптөлүп калган аялга болгон мамиленин курмандыгы.  Үй бүлөсү жана туугандары алдында уят болуу сезиминин курмандыгы.  Ал эми ал курмандык болгондугу үчүн уят болбойбу? Ушундай концепцияда тарбиялангандыгы же бала кезинен аялга болгон ушундай мамилеге күбө болгондугу үчүнчү? Тагыраак айтканда, аял уялууга мажбур боло турган кырдаалды коом өзү түзгөн. Жана бул айымдар жөн гана туткундар. Бул өтө өкүнүчтүү. Бул аял менен болгон кырдаалда укук коргоо органдары менен соттор өз убагында чара көрүштү, бирок ал күйөөсүнө болгон дооматтарын артка кайтарып алуу чечимин өзү кабыл алса, анда бул кырдаал ага кандайдыр бир коргоо болуп, ага зомбулук көрсөткөн адамга анын мындан кийинки иш-аракеттерине чектөө кое  алат деген нерсеге гана ишенүү калат. Мен буга үмүттөнөм.

Аялдар тарабындагы мыйзамдар

5 жана 6-чакырылышынын депутат-айымдары аялдарын укуктарын коргоого багытталган бир нече мыйзам долбоорун демилгелеген. Бирок гендердик теңсиздик жана үй бүлөдөгү зомбулук менен болгон кырдаал өзгөргөн жери жок.

Сүрөттө: Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы аял депутаттар 

Наталья Даник калк арасында зомбулук деген эмне экендигин, ал жаман экендигин түшүндүрүү боюнча маалыматтык түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүп, зомбулукка учураган аялдар үчүн жардам көрсөтө алган борборлор, байланыш телефондору, психологдор жана кеңешчилер бар экендинин жетктирүүикерек деп эсептейт.  Биринчиден, аялдарга жардам берүү керек, экинчиден, бул кырдаалда агрессорлордун ролун ойногон эркектер менен иш алып барып, аларга бүгүнкү күндө, тилекке каршы бизде иштебей жаткан беренлер тууралуу айтуу керек. Бирок эркек киши жазасыз калбаарын түшүндүрө турган кандайдыр бир жаза чаралар болуусу зарыл».

Наталья Никитенко ошондой эле эске салат: «Эки чакырылыштын тең депутат-айымдарынын форуму айымдардын жана калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргоо багыты боюнча жигердүү иш алып барды. Ар кандай фракциялардан куралган, саясий көз караштары бири-бириникине каршы келген айымдар болсо дагы, алар бир жалпы идея менен биригип, жаңы мыйзамдарды кабыл ала алышты. Алгачкылардан болуп үй бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык биз жабыркагандарды коргоо механизмдерин күчөтүп, ага коргоо ордеринен тышкары башка керектүү чараларды киргизип, жергиликтүү коомчулуктар менен органдарга аялдады коргоодо жигердүү болууну тапшырдык. Борбордук бийликтин милдеттери – баш мааналарды, психологиялык жардам көрсөтүү кызматтарын ачуу жана биз бул чараларды күчөттүк. Эми аткаруу бийлинин милдети- аларды ишке ашыруу гана.  Бул жерден болсо башка көйгөй чыгат: эң сонун мыйзамдар иш жүзүнө келгенде ар кандай шылтоолордон улам ишке ашырылбай калат, анткени, аларды аткарууга каалоо жок, ал эми шылтоо баягы эле «акча жок».

Депутат Никитенконун айтымында, каалоо болсо акчаны табууга болот, мисалы, ошол эле башкаруу аппаратынын же башка беренелердин негизсиз чоң бюджетин кыскартуунун эсебинен.

Анара Ниязова ошондой эле билдирет: «мыйзам чараларынан сырткары, башка чаралар дагы милдеттүү түрдө керек, алар өзүндө идеологиялык, маданий, диний интервенцияларды жана башкаларды камтууга муктаж.  Анткени биздин коомдо негизги кабыл алынган ченемдерди биринчи кезекте саясатчылар жана кээ бир мамлекеттик аткаминерлер көрсөтүүдө, жана калк дагы аларды туурап, жүрүм-турумун ушундай бойдон калтырууда.  Кыргызстандын ченемдик-укуктук база тармагындагы статусу жакшы болгону менен, бизде зордук-зомбулук, гендердик теңсиздик менен байланышкан тенденция өсүүдө, анткени маданий, социалдык, диний интервенциялардын таасири күчтүү. Эгерде биз бул коомчулуктар менен иш алып барбасак, алар жүрүм-турумдун башка моделин жайылтат. Жана бул кырдаалды оңдоого жалгыз гана мыйзам чыгаруучунун алы жетпейт».

Калкты жайгаштыруу фондунун изилдөөсүнөн: «Баамдоо баардык органдардагы бийликтин ыйгарым укуктарында, уюмдарда жана башкаруу процесстериндеги гендердик дисбаланс бар экендигин аныктаган.  Улуттук деңгээлде түзүлгөн жумушчу топртордогу жана муниципалитеттердеги гендердик теңсиздик сакталган эмес.  Аялдардан турган уюмдар менен активисттер алардын курамына киргизилген эмес. Калкты маалымдоо, зомбулук катталган учурларда жардам көрсөтүүдө жана калкка гуманитардык жардам таратууда аял активисттер жана бей өкмөттүк уюмдар жигердүү иш алып барышкан.  Бирок ӨК шарттарында мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуунун инструменттери жана координациясы бышыкталууга муктаж».

Муну менен, пандемия учурунда курчуган гендердик теңсиздик жана үй бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн чечүү Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына мурас катары калууда.  Парламенттин жаңы чакырылышында айымдар көп болуп, алар аларга чкейинки депутат айымдар  демилгелеген мыйзамдарды толуктап, бул көйгөйдү чечүүнү жаңы деңгээлге көтөрүп чыгат деп үмүттөнөбүз.

Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине