Лада Андреева: “Жол эрежелери – адам каны менен жазылган эрежелер”

18:20, 10 Мая

Акыркы беш жылда жол кырсыктарынын санын өскөндөн өсүп бара жатат, жабыр тарткандардын санын аябай чоң. 2018-жылдын төрт айга жетпеген убакыт аралыгында Кыргызстанда 1046 жол кырсыгы катталып, 126 адам каза болгон, 1539 адам ар-түрдүү жарааттарды алышкан. Бул кырсыктардын 199унда жашы жете элек 12 бала каза болуп, 221и жаракат алган.

“Ким күнөөлүү?” жана “Эмне кылыш керек?” – бул суроого учурда мамлекет башчыдан баштап үй кожейкесине чейин бардык кыргызстандыктар жооп издеп келишет. Милициянын майору, ЖККББнын (Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык) мониторинг борборунун ага инспектору Лада Андреева бул суроолорго жоопту билем дейт. Ал бир кезде өтө эле жөнөкөй жана да өтө татаал – жөн гана жол эрежелерин катуу сакташ керек. Болгондо да аны бардыгы – айдоочулар да, жөө жүргөндөр да сакташы керек.

Жол коопсуздугун бала чактан эле үйрөтүү зарыл

Лада Витальевна Андреева менен №67 мектеп-гимназиянын короосунан жолуктук, ал жетинчи класстын окуучуларынан турган Жол кыймылынын жаш инспекторлорунун отряды менен сабак өтүп жаткан эле.

- Окуучуларга мындай сабактарды өтүүнүн кандай зарылчылыгы бар?

- Балдар оюн аркылуу жол эрежелерин сактаганды үйрөнүп, жол коопсуздугу тууралуу маалыматтарды бекем сиңирип алышат. Ушуга окшош Жол кыймылынын жаш инспекторлорунун отряддары өлкөбүздүн ар-бир мектебинде түзүлгөн. Андагы балдар 5 – 8-класстын окуучулары. Даярдыктар катуу, анткени жыл сайын башында райондук кароолор, андан кийин шаардык жана аягында республикалык кароолор өткөрүлүп турат. Балдардын окууга жана мелдештереге кызыгуусу чоң. Алар дагы мелдеш учурунда чоң кишилер айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн өткөн тесттерден өтүшөт. Андан сырткары алар театралдык оюндарды көрсөтүп, жаңы жол белгилерин ойлоп чыгарышат.

- Балдардын ата-энелери менен да профилактыкалык иштер уюштурулабы?

- Албетте! ЖККББнын инспекторлору борбор калаадагы ар-бир мектепке бекитилген. Инспектор балдарга жол эрежелери боюнча сабак өтөт, эртең менен жана кечинде мектептин жанында болуп, билим алуу мекемелерине жакын жайгашкан жолдордогу жол коопсуздугуна көз салып турушат. Ар-бир класс менен иштөөдөн сырткары, алардын ата-энелери менен да такай негизде профилактикалык маектешүүлөр болуп турат. Балдарды мектепке ата-энелери алып келип турат эмеспи, эгерде алар жол эрежелерин бузуп жатса, анда балдарды жол коопсуздугуна үйрөткөндөн эч майнап чыкпайт, анткени балдары ата-энелерин көрүп өсөт да. Балдардын көзүнчө ата-энелеринин аброюн түшүрүү болбостугун жакшы билебиз, ошондуктан ата-энелерине жол эрежелерин сактоо керек экендигин өзүнчө айтабыз. Тилекке каршы, ата-энелери машинаны коюу эрежелерин такай бузуп келишет. Машиналарын тыюу салынган жерлерге коюп коюшат, ансыз да тар көчөлөр андан беш бетер тарып, тыгындар пайда болуп, элдин баары кыжырлана баштайт. Ошондуктан ата-энелеринин жыйындарына катышып, жол эрежелерин сактоо керек экендигин сабырдуулук менен айтып турабыз. Бара-бара алар үйрөнүшөт болушу керек деп үмүт кылабыз. Айдоочулардын көбү жол эрежелерин сактай баштаганда, жол эрежелерин эч качан сактабагандар да акырындан көпчүлүккө баш ийип, эреже боюнча жүрө башташат.

- Жол коопсуздугу тууралуу балдар менен кантип сүйлөшүш керек?

- Адамга бир гана өмүр бериле тургандыгын жана аны барктап, сактоо керектигин, бул адамдын колунан келе турган иш экенин түшүндүрүү зарыл. Жол эрежелери – адамдын каны менен жазылган эрежелер. Аларды сактоо – узак, бактылуу жашоонун кепилдиги.

Аял-милиционер болуу – чоң сыймык

- Эмне үчүн милиционер болууну чечтиңер?

- Мен кичинемен спортко кызыккан, шамдагай кыз болчумун. Мен Жалал-Абад областындагы Майлуу-Сайда төрөлүп, өскөм. Биринчи кесибим боюнча мен орус тили жана адабияты боюнча мугалим болом. Мектепте да бир нече жыл иштегени жетиштим. Бирок бир жолу мага милиционер болууну сунуштап калышты. Мага бул сунуш жагып калып, бул ишке катуу кызыга баштадым. Кийин түшүнүп жатам, милиция болуу менин мандайыма жазылганын. 2008-жылдын 14-августунда Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында инспекторлордун аялдар взводу түзүлдү, мени анын жетекчиси кылып дайындашты.

- Аял-инспекторлордун командасы кантип чогултулду?

- Тандоо катуу болду. Жыйынтыгында, мурда органдарда кызмат кылган 10 адам тандалып алынды. Бизди атайын даяроо окутуусуна жана автомектепке жөнөтүштү. Бардыгы өз тартиби менен болду: бизде айдоочунун күбөлүгү бар болсо да, автомектепти окуп бүтүрүп, кызматызды аткара баштадык. Башында тажрыйбалуу эркек-инспекторлор менен бирге иштеп жаттык. Өзүбүздү жакшы көрсөттүк окшойт, кийин дагы 10 кишиге көбөйдүк. Бул жерден мен кызматыбызда ар-кандай нерселер көп болоорун жакшы түшүндүм. Жолдо иштөө оңой эмес экенин жон терим менен сездим. Айрым учурда жаман сөздөрдү угуп, адамдын өзүн орой, адепсиз алып жүргөнүн көрөсүң. Бирок биз күчтүү, сабырдуу болушубуз керек. Мына ошондон бери 10 жыл менин ишим жол коопсуздугу менен байланышта болуп келет.

- Сиз милиция кызматында 20 жылдан бери иштеп, чоң тажрыйба топтогон экенсиз. Майор наамына аялзаты кантип жетише алат, ошол боюнча сыр бөлүшсөңүз.

- Чындыгында “майор” анчалык деле чоң наам эмес, баары эңсеген генералдык наамга чейин дагы эки тепкич бар. Негизгиси – жоопкерчиликтүү болуу керек. Өз ишиңди так жана сапаттуу аткарышың зарыл. Максат коюп алып, ага аз-аздан болсо да жеткенге умтулуш керек. Башкача айтканда карьера кылыш үчүн тынбай аракеттенүү абзел.

- Эркектер менен атаандашуу оорбу?

- Туурасында, эркектер менен атаандаштык деле жок. Алар өз иштерин жасашат, биз өзүбүздүн. Эркектердин арасында аял-милиционер болуп калса, алар тартипти катуурак сактай башташат. Алар сөгүнбөгөнгө аракет кылышып, жакшыраак иштеп, өзүлөрүн тыканыраак алып жүрүшөт. Аял анын айланасындагыларды тартипке салаарын, мен таптак айта алам. Ошол эле кезде эркек-кесиптештерим тараптан ишиме бут тоскондорун, же шылдың мамиле кылгандарын эч көрө албадым. Эркектер менен иштешүү мага жеңил экенин айта алам. Мен куулукту жаман көрөм, эмне ойлосом ошону бетке айтып салам.

- А бул кесиптин кандай кыйынчылыктары бар?

- Анын бир гана кыйынчылыгы – сен өзүңө өзүң кожоюн эмессиң. Сен мамлекеттик кишисиң. Ал эмес эс алуу күндөрүнө бир нерсени пландаштырып койсоң, ал орундалбай калышы мүмкүн, анткени сени каалаган убакта жумушка чакырып калышы ыктымал. Милициянын кызматкери дайым жакын жерде, байланышта болушу керек. Каалаган убакта чалып, чакырып калышы мүмкүн. Керек дешсе, макул дейсиң да жөнөйсүң. Мына ушул жагынан гана бир аз кыйналасың. Мындан жакындарыбыз жаман кыйналат. Бирок да бир карасаң ушунча жылдан бери алар көнүп деле калышы керек болчу. Ошол эле кезде менин беш жашаар неберем чоң апам милиционер деп катуу сыймыктанат.

- Айлыгынар жетеби? Аялга үй-бүлөнү гана бакпастан, өзү үчүн да саркеч кийимдерди сатып алып, кээде болсо да салондорго барышы керек эмеспи.

- Албетте, айлыгыбыз аз, көбүрөөк болсо жакшы болмок. Үйгө бир нерсе сатып алыш керек болуп калганда, бардык кыргызстандыктардай эле насыя алабыз да, аны акырындан төлөп, кутулабыз. Анан да бардыгы эле байлык жана акча менен ченеле бербейт да, моралдык канагаттануу деген нерсе да бар. Сенин участкаңда тартип күчөп, сактала баштаганда, ишиңен кадимкидей моралдык канагаттануу аласың. Биздин коом жакшы жакка өзгөрүшү үчүн кызмат кылып келебиз.

Лада – жаштарга устат

- Сиз катышып жаткан КРдеги баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын Программдык Офисинин “Насаатчылык” долбоору тууралуу айтып берсеңиз.

- “Насаатчылык” долбоору эки жылдан бери иштөөдө, менин пикиримде, ал жаш кызматкерге гана эмес, насаатчынын өзүнө да чоң пайда алып келе турган долбоор. Ал жаңыдан гана башталып жатканда, бизди чогултуп, милициянын тажрыйбалуу кызматкерлери жаштарга эмнени, кантип үйрөтө алаарын окутушкан эле. Мен үчүн чоң ачылыш болду – биз билген, көнүп калган нерселерди ушундай жагынан ачып берип көрсөтүштү дейсиң, биз ошондон кийин өз кызматыбызга, ишибизге таптакыр башкача көз менен карай баштадык. Биздин тажрыйбабыз, жакшы мамилебиз жаштар үчүн маанилүү экенин сездик. Бул чынында эле эң керектүү долбоор, анткени бул кесипке жаңы гана келген адам психологиядан баштап субординацияга чейинки бардык майда-барат нерселерди, бул кесиптин кыйынчылыктарын биле бербейт. Мисалы, тандаган кесибин китептерден, кинолордон гана билген жана ошолорго негизделген ой тилектери бар жаш лейтенант келээри менен мыкаачылык, зулумдук, ыпластык орун алган, жашоо кыйынчылыктары кезиккен таптакыр башка чөйрөгө түшүп калат. Мындайда ага колдоо көрсөтүп, кеңешин берип, бардыгын түшүндүрүп бере турган адам сөзсүз болушу керек. Мисалы, жөнөкөй эле нерсени – мыйзам бузгандар менен жана да жабыр тарткандар менен кантип сүйлөшүү керек, протокол кантип толтурулат, ж.б.д.у.с. Бирөө кубаттап, үйрөтүп, кеңеш берип туруусу зарыл.

- Келечектеги карьераңыз тууралуу ой-кыялдарыңыз менен бөлүшсөңүз.

- Мен карьерамды милицияда эле улантсам деп кыялданам, балким, генералдыкка чейин жетээрмин. Эмне болсо да, ИИМге, өлкөмө, элиме пайда алып келсем дейм. Өскөнгө толтура мүмкүнчүктөр бар. Учурда мен аспирантурада окуп жатам. Талапкерлик диссертациямдын темасы жол коопсузудугун камсыздоого байланыштуу. Пенсияга чыксам, мугалимдик кылсамбы деген оюм бар, анан да мени журналистика кызыктырып келет. Балким, жаза баштайттырмын.

- Жолдогу абалды кантип өзгөртсө болот?

- Аны үчүн жол кыймылынын ар-бир катышуучусу – жөө жүргөн адам да, айдоочу да, жүргүнчү да – жол эрежелерин катуу сакташы керек. Көп жыл машина айдаганы менен жол эрежелерин эч сактабаган айдоочуларды кантип тартипке тартса болоорун мен билбейм. Адамдын дене боюн титиреткен коркунучтуу кырсыктар ушунчалык көп болуп жатканына карабай, адамдар каршы тилкеге чыккандарын токтотушпай жатышат. Азыр эрежелерди бузгандарды тарткан видеокамералар орнотула баштады, балким бул нерсе айдоочуларды тартипке салаар, анткени камералар эч кимге жан тартпайт, бардык эреже бузууларды каттап турат. Буздуңбу – мыйзам алкагында жооп бер. Балким, жок дегенде ушул нерсе айдоочуларды тартипке салаар, жол кырсыктарынын санын азайтаар.

Интервью алган Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөтү

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине