Рыбачье – Ысык-Көл – Балыкчыны кайтарып...

19:22, 1 Июня

Балыкчынын калкы – 40000 адам. Алардын 16 миңи – жашы жете электер жана жаш балдар. Бул курорттук шаардагы 8555 окуучунун ар-бирин билсе болобу? Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын (ЖӨИИ) ага инспектору, милициянын подполковниги Элмира Камсалиева алардын бардыгын тааныйт. Ички иштер органдарында иштегенине 26 жыл болуп калды, анын көз алдында жаш балыкчылыктардын үч мууну өсүп чоңойду. Акыркы жылдарда коом жана балдарга мамиле кандай өзгөргөнүн, кылмыштуулукта кандай өзгөрүүлөр болгонун шаарда андан артык билген киши жок болушу керек. Бирок бардыгын тартиби менен баштайлы.

Жашоодогу тандоо

Милицияда иштесем деп Элмира Абдыжапаровна бала кезинен бери кыялданчу, бирок бул тууралуу ата-энесине айткандан айбыгат эле. “Бизде эч качан милиционерлер болгон эмес”, - деп айтышмак ата-энем”, - деди подполковник, ошондуктан улуулардын кеңеши боюнча ал Бишкектеги финансылык техникумду аяктаган. 1983-жылы жаш бухгалтер же РЭСте, же ИИБде иштөөнүн бирин тандаш керек болду. Нарындагы милицияны тандады. 5 жылдан кийин Нарын менен Ысык-Көл областтары бириктирилип, Рыбачье шаарынын аталышын Ысык-Көл кылып өзгөртүшүп, аны областтык борбор кылышты. Ошондо Элмира Касмалиева Ысык-Көл областынын башкы бухгалтери болуп иштеп калды. Кийин областты кайра экиге бөлүнүп, Ысык-Көл шаары эми Балыкчы деп атала баштады.

“1992-жылы элдин көп санда кеткендигине байланыштуу шаардык ички иштер бөлүмүндө кадрдык таңсыздык байкала баштады. Мага милицияда офицердик кызматты сунушташты, мен ал кезде КМУУнун юридикалык факультетинде сырттан окуп жаткамболчумун. Ошентип мен Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында эмгектене баштадым. Ал кезде ЖӨИИге көп көңүл бурулбайт эле, күчтүн бардыгы 90-жылдардын башында күчөп кеткен кылмыштуулук жана рэкет менен күрөшкө жумшалат эле. Менин бактыма, мага жакшы устат туш болду – Ысык-Көл областынын Ички иштер башкармалыгынын ЖӨИИнин тажрыйбалуу ага инспектору Елена Борисовна Тишакова. Ал мага көп жардам берди, балдар менен иштөөнүн, ата-энелер менен сүйлөшүүнүн сырларын, эмнени айтса болот, а эмне жөнүндө унчукпаш керек, маалымат алыш үчүн өспүрүмдөр менен кантип баарлашуу керек экендигин бүт айтып берип, жакшы үйрөттү. Елена Борисовна көрүнүктүү адам, накта кесипкөй адис болчу. Пенсияга чыккандан кийин Орусияга кетип калды. Аны билгендердин көбү мени Борисовна деп тергеп чакырышат”, - деп Элмира Абдыжапарова жылмайып койду.

Милициянын иши тууралуу

Балыкчыдагы кылмыштуулук жөнүндө статистиканы ШИИБдин ыкчам иштер боюнча жетекчинин орун басары Улан Толугулович Кыдыргычев айтып берди.

“Балыкчыдагы кылмыштуулуктун басымдуу бөлүгү жеке менчикке кол салууга байланыштуу. Алардын 80% - бул уурдоо жана үйлөрдү тоноо. Былтыркы төрт айда кылмыш иштердин ачылышы 79,1%ы түздү. Быйыл бул сан 84% болчу. Бул жылы кылмыштуулуктун санынын өсүшү байкалууда. Эгер өткөн жылы 80 кылмыш иши козголсо, былтыр – 121. Башкача айтканда 40 кылмыш ишке көп катталды”, - деди ал. Анын айтымында, мындай өсүштүн себеби жумушсуздукта, ал курорттук сезон бүткөндөн кийинки күзгү-кышкы убакытта күчөйт. Жайынды кылмыштардын саны азаят, анткени бардыгы кыска жайкы мезгилде иштеп, акча таап калганга шашылат.

Балыкчы – чакан шаар, кыбыр эткендин бардыгы дароо маалым болуп калат. Ошондуктан, өз убагында чара көрүлгөн эки фактыны эске албаганда, бул аймакта диний экстремизм жок жана да болгон эмес.

Милиция диний абалга көз салып турат. Шаарда 20 мечит бар, имамдардын бардыгы аттестациядан өткөндөр, дипломдору барлар. Туура насыяттар айтылып, кандайдыр бир радикалдуу идеяларга үгүттөө болбоосуна көңүл бурабыз. Балыкчынын тургундары негизинен мусулмандар, алардын 15% башка диндегилер: салттуу христиандар жана евангелисттер. Алардын эки чиркөөсү бар”, - дейт Улан Толугулович.

Анын байкоосунда, Балыкчыдагы эл дүйнөлүк өзгөрүүлөргө жараша бат өзгөрүп жатат. “Адамдар ачыгыраак, сабырдуурак болуп, өз укуктарын жакшы билип, аны коргой башташты. Кылмыштуулук да өзгөрдү. Эгер мурда кол жеткендин бардыгын уурдашса, ошо эле кийилген, эски кийимдерди, азыр негизинен акча менен алтын буюмдарды уурдай башташты. Кылмышкерлер азыр билип калышты, уурдалган жаңы заманбап телефондор же башка буюмдар аркылуу аларды бат эле таап алышаарын. Ошондуктан алар кимдикине ууруга кире тургандарын көпкө ойлонуштуруп, кылмыш ишин жакшыраак даярдай башташты”, - дейт Балыкчынын башкы ыкчам кызматкери.

Шаардык милицияда эркектер менен кошо 8 аял эмгектенет, алардын 4ү – жөнөкөй жарандар, 4ү – милиционерлер.

“Аял-милиционерлер биздин өзгөчө камкордугубузда. Алардын үчөөсү ЖӨИИде иштесе, бирөөсү кылмыштарды тергөө иштеринин (КТИ) ага инспектору. Менимче, аялдар эркектерге караганда тагыраак жүрүшөт жана иштерине тыкыр мамиле кылышат. Аялдардын ийгиликтерине кызганбайбыз, - дейт Улан Толугулович. – Мисалы, ЖӨИИнин ага инспектору Элмира Абдыжапаровна – тажрыйбалуу кызматкер, жашоодо көп нерсени көргөн, ошондуктан биз жаш кадрларды ага берип турабыз. Үйрөнүшсүн деп”.

Өспүрүмдөр менен кантип иштеш керек?

Элмира Касмалиеванын өспүрүмдөр менен иштөө боюнча, чын эле, чоң тажрыйбасы бар. Анын эч кандай деле сыры жок. Башкысы – өспүрүмдөр менен такай жолугуп, сүйлөшүп туруу керек. Белгиленген күнү Балыкчыдагы 10 мектептин жана бир кесиптик-техникалык училищанын биринде жолугушуулар уюштурулуп турат. Ар-бир окуу жайында усулдук кабинет бар, анда инспектор тентектик кылган балдар менен маектешет. Ошондой эле мектептердин арасында мыйзамды билүү боюнча сынак-мелдештер өткөрүлүп турат. Шаардын жетекчилери жюринин курамына кирет.

Биз Элмира Абдыжапаровнанын Лев Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиянын тогузунча класста окуган окуучулар менен жолугушуусуна катыштык. Жолугушуунун темасы – “Жаш өспүрүмдөрдүн кылмыш-жаза жоопкерчиликтери”. ЖӨИИнин инспектору балдарга КР кылмыш-жаза кодексинде 376 берене бар экендигин айтып берди. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине жарандар 14 жаштан баштап тартыларын эскертти. Мисал катары, 2017-жылы сегизинчи класстагы бала хулигандык максатта машинаны уурдап качканын, аны үчүн ал кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганын айтып берди.

Өз кезегинде балдар суроолорго такалбастан жооп берип, уурдоо карактоодон эмнеси менен айырмаланарын, мажбурлоо жана мектеп рэкети деп эмнелер аталаарын айтып беришип, Кылмыш-жаза кодексин жакшы билгендерин көрсөтүп жатышты. Ар-бир мыйзамсыз иштери үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын бардык өспүрүмдөр билсе жакшы болоор эле.

“Ушинтип биз укук бузуулардын алдын алууга аракет кылып жатабыз. Жыйынтыгында бул жылы өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун азайганын байкадык. Эгер быйыл балдар 14 кылмыш ишине аралашып, алардын 12си уурулук болсо, былтыр балдардын эки эле кылмышы катталган. Бирок да жыл аяктай элек, ошондуктан кайсы бир жыйынтыктарды чыгаруу азырынча эрте, - дейт Подполковник Касмалиева. – Биз мэриянын, социалдык жардам көрсөтүүнүн, мектеп администрацияларынын өкүлдөрү менен, өспүрүмдөр арасындагы кылымыштуулукту азайтууга кызыкдар тараптар менен тыгыз иштешип келебиз. Абалды тыкыр иликтеп, окуу жылынын башында балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча темаларды тактап, иш-чараларды белгилейбиз, ата-энелер менен иштешебиз. Балдар кылмыштуулукка негизинен сабактан кийин, ата-энелери жумушта болуп, өзүлөрү жалгыз калганда барышат, ошондуктан балдарды спорттук иш-чараларга, ар-түрдүү ийримдерге тартканга аракет кылабыз. Негизги басымды ата-энелер менен тыгыз иштешүүгө кылып жатабыз. Балдар негизги тарбияны ата-энесинен, үй-бүлөдө алышат эмеспи. Баланын келечегинин кандай болушу үй-бүлөдөгү бакубатчылыкка көз каранды. Биз кайсы бир темага арналган ата-энелердин чогулуштарын жана тегерек столдорду уюштуруп турабыз”.

Азыркы күндүн башкы маселелеринин бири балдардын смартфондорго байланганы болууда.

“Мугалимдер менен кезиккен сайын смарфтондордун мектепте колдонушунда кандай терс жайгдайлар бар экенин эскертип турабыз. Балдар сабак учурунда кулакка таккычтарды тагынып алып, коомдук тармактарда баарлашып отургандарын көп көрсө болот, мунун баары сөзсүз сабактагы жетишүүсүнө кедергисин тийгизет. Дагы бир терс көрүнүш – балдар “көк жаян (кит)” сыяктуу оюндарга кызыккандарында. Алдын алуу чараларынын бири катары ата-энелер менен акыркы чогулушта мектепте смартфондорду колдонууга тыюу салыш керек деп чечтик. Жөнөкөй телефондорду колдонсо болот, бирок смартфонду эмес. Бул маселени шаардык кеңеш депутаттарынын кароосуна коюп жатабыз, алар биздин чечимди колдоп беришет деп үмүт кылып жатабыз”, - деди ЖӨИИнин ага инспектору.

Элмира Абдыжапаровна шаардык кеңеште эмгек мигранттарынын балдарына байланыштуу дагы бир маселени чечип алууну максат кылууда.

“Балыкчыда ата-энеси эмгек миграциясында жүргөн 674 бала бар, алардын 283үнүн ата-энеси Кыргызстандын сыртында жүрөт. Бул балдардын бардыгы бизде катталган, алардын жашоо шарттары тууралуу актылар түзүлгөн. Жашоо көрсөткөндөй, бардык эле ата-энеси балдары жөнүндө ойлонуп, юридикалык камкордук (опекунство) тууралуу кагаздарды жасай беришпейт. Балдарды негизинен туугандарына калтырып коюп кете беришет. Ошондуктан биз юридикалык камкордук тууралуу кагаздарды толтуруп жасамайынча ата-энелерине алыска кетүүсүнө тыюу салууну суранып жатабыз. Бул демилгебиздин максаты – балдар үчүн конкреттүү жоопкерчиликтүү адамдар болушу керек”, - деп түшүндүрдү милициянын подполковниги Э.Касмалиева.

ЖӨИИнин каттоосунда Балыкчыда жашаган 66 жаш өспүрүм турат. Алар негизинен майда укук бузууларды кылган балдар. Бирөө менен мушташкандар, же сөккөндөр жана ушуга окшоштор. Жакында бир окуя болду, 10 жаштагы кыз апасы смартфонду колдонгонго тыюу салгандыгы үчүн үйдөн кетип калган. Кийинчирээк белгилүү болгондой, ал сиңдисин алып Бишкекке таянесине кетип калган.

Элмира Абдыжапаровнанын байкоосунда, азыркы өспүрүмдөр мындан 20 жыл мурдакылардан айырмаланып турат.

“Мындан 20 жыл мурун тентектик кылган өспүрүмдөр көп болот эле, мисалы, көчөдөгү шам чырактарды сындырышат эле, азыркы балдар болсо жаман мыкаачы, катуу сабап, өлтүрүп да коюшу мүмкүн. Мыкаачылык Интернетте көргөн тасмалардын, видеолордун жана виртуалдык оюндардын таасиринен пайда болду деген ойдомун. Ал эмес мультфильмдерден мыкаачылыкты кезиктиресиң, бирөөнүн колун, бутун үзүп жатышат -  мунун баары сөзсүз писхикага таасир берет. Бир жагынан Интернеттен окууга пайдалуу толтура пайдалуу маалыматты тапсаң болот, бирок да башка жагынан анда көп терс нерселер бар, маалыматтарды эч ким көзөмөлдөбөйт, тескебейт. Ошондуктан ата-энелери балдары эмне кылып жатканына назар салып турушу керек”, - дейт ЖӨИИнин инспектору.

Ата-энелер менен кантип иштеш керек?

Подполковник Касмалиева ата-энелер менен иштешкенге көп көңүл бураарын айтты. Окуу жылынын башында кокус бир кырсык болуп калса чалып турушсун деп Балыкчы шаарынын бардык окуучуларынын күндөлүктөрүнө ЖӨИИ инспекторлорунун телефондорун жаздырышат. Балдар чалып турушат, ата-энелерине же мугалимдерине айта албагандарды айтып, кеңеш сурашат.

“Негизинен мен өзүп барып маселени жеринен чечишкенге жардам беришем. Чалгандар көп. Балдар бир нерселерин жоготуп алышканда көп чалышат. Айрым учурда окуучулар мушташканы жатышат деп эскертип чалгандар да болот. Бул билдирүүлөр боюнча биз тыкыр иштейбиз. Бала кармалып калса, үйгө өз убагында келбесе жана да телефондук чалууларга жооп бербесе тынчсызданган ата-энелер дагы чалышат. Биз дароо издөөгө чыгып баланы тапышабыз. Ата-энелер менен мына ушундай тыгыз байланышта болгонубуз үчүн алар биздин бардык алдын алуу аракеттерибизге көмөктөшүп турушат. Мисалы, рейдге чыгып жардамдашып бергиле десек керектүү 20 ата-энеден көп киши келип алышат, ал эмес рейдге машина менен чыгалы деп да сунуштай башташат”, - дейт ага инспектор.

Мыйзам бузган балдардын ата-энелери менен өзүнчө иштешет. “Бул оор жумуш, анткени көп учурда ата-энелердин жүрүм-турумдарын түздөп, эмне үчүн алардын кылгандары туура эмес экенин, каякта туура эмес кылгандарын түшүндүрүп берүүгө туура келет. Бирок бала туура эмес кылганын аңдап, түз жолго түшкөндө ата-энелери бизге ыраазычылыктарын айтканда катуу толкунданып, кубанасың”, - деди Касмалиева.

Балдарды кылмыш жолунан сактап калуу боюнча ата-энелерге айта турган кеңеши бар. “Балдардын жан дүйнөсү назик, жүрөгү кең болот. Эгер ата-энеси баланын жүрөгүнөн орун табалбай калса, анын ордун көз караштары, ой-тилектери таптакыр башка бирөө ээлеп алат, анын кесепети жаман болушу мүмкүн. Ошондуктан ата-энеси күнүмдүк иштерге, чарчагандарына карабай алардан балдарынын көңүлү калып калбашы үчүн бардык аракеттерди кылышы зарыл. Шашпай баарлашып сырдашканга убакыт табыш керек. Эгер балаңар эмне менен жашап жатканын жакшы билсеңер көп маселелерден кутуласыңар. Негизгиси – балдарыңарга жакын дос болушуңур керек”.

Насаатчылык

Элмира Абдыжапаровна өзү да жаңы усулдарга такай үйрөнүп, милициянын эки жаш кызматкерине да насаатчы болуп эсептелет. Ал үч жылдан бери КРдеги Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын Программалык Офисинин (БУУ БКБ) “Насаатчылык” долбооруна активдүү катышып келет.

“Аял-милиционерлер ассоциациясы жана БУУ БКБ мени тренингге чакырышып, ал тренингден мен өзүмө көп пайдалуу нерсе алалдым. Мисалы, мен үчүн кантип лидер болсо болот деген нерсе маанилүү болду. Милицияда, өзгөчө ЖӨИИде иштеп жатканыңда кесиптик чеберчилигиңди дайым арттырып, билимиңди терендетип туруу зарыл. Эл аралык деңгээлдеги адистер окуткан бул тренингдер ишибизге башкача көз караш менен караганга жардам беришти. Долбоордун алкагында мен дүйнө жүзүндөгү аял-полиция кызмактерлеринин Грузияда өткөн эл аралык конференциясына катышканга да жетиштим. Конференция англис тилинде өтүп, ага Бангладеш, Пакистан, Украина, Молдова, Грузия сыяктуу 16 өлкөдөн келген 100дөн ашык аял катышты. Биз бир-бирибизди жакшы түшүнүп, тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүп жаттык, кызматташып туралы деп телефон номурларыбыз менен алмаштык”, - деди Элмира Касмалиева.

“Насаатчылык” долбоорунун алкагындагы анын бир шакирти – милицияда эки жыл иштеген, ЖӨИИнин жаш испектору.

“Жаш кесиптешимдин жашоосунда көп маслелер жаралып турат, анын айлыгы болгону 10-11 миң сомду түзөт. Күйөөсү дагы жаш милиционер. Мен ага: “Чыда, эч нерсеге карабай иште. Башкысы, ушул айлыкка жашаганга үйрөн”, - деп такай айтып турам. Кээде ишке байланыштуу маселелер боюнча гана эмес, башка маселелер боюнча да кеп-кеңешим айтып, жардам берип турууга туура келет. Экинчи шакиртим – кайгуул-күзөт кызматынын жаш кызматкери. Бул кызматтагылар эл менен тыгыз иштешип турушат, оройлугу, ишти жакшы билбегендиги үчүн бул алардын дарегине көп нааразычылыктар айтылып турат. Ошондуктан шакиртимди сылык болууга, өз ишин мыкты билүүгө үйрөтөм. Жума күнү түштөн кийин шакирттерим менен такай жолугуп, жума ичинде болгондорду угуп, керек учурда кеп-кеңештеримди берип турам. Алардын келечектери үчүн жоопкерчилигимди жакшы түшүнөм, өз ишине мамилелери кандай болот, ошого жараша алардын тагдыры да, карьерасы да калыптанат. Устат катары менин башкы милдетим – милиция кесиби эң ардактуу, жоопкерчиликтүү кесип экенине ишендирип, алар кесиби менен дайыма сыймыктана тургандай кылуу. Мен бул кесиптеги бардык кыйынчылыктарды жашырбай айтып берем, бирок да анын сонун, жакшы жактары да бар экенин эскертип турам. Биздин кесип адамдарга пайда алып келет, алардын жашоосун жеңил жана коопсуз кылат, буга кантип кубанып, сыймыктанбайсын”, - деп жыйынтыктады Элмира Абдыжапаровна.

Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине