Райкан Байдиева: «Мен милиционердин кесиби кадыр-барктуу болооруна ишенем»

09:22, 27 Июля 2018

Оштогу участкалык милиция кызматкери, милициянын майору Райкан Байдиева – өзү иштген бөлүмдүн сыймыгы болуп эсептелет. Акылкөй, ажарлуу, эне, жубай, мыкты кызматкерлердин бири, укук бузгандар үчүн катуу авторитет, кесиптештери үчүн жардамын аябаган периште.

Райкандын милицияда иштегенине 18 жыл болду. Алардын 10 жылын участкалык милиционер болуп иштейт. Биздин маегибиз – укук коргоо тармагынын эң татаал жана жоопкерчиликтүү бөлүгү тууралуу.

- Райкан, оштук участкалык милиция кызматкери эмне иш алып барат?

- Участкалык милиционердин толтура милдеттери бар. Алардын ичинен негизгилери – эл менен профилактикалык маектешүүлөрдү жүргүзүү, административдик укук бузуулардын бетин ачуу. Убакыттын басымдуу бөлүгү элден түшкөн арыздар менен иштөөгө кетет: кошуналардын музыканы катуу койгондугу, турмуш-тиричиликтеги чатакташуулар, үй-бүлөлүк зомбулук, уурулук, ал эмес автоунаалардын короодо эреже бузуу менен коюлгандары, кошуналардын кабанаак иттерине даттануу тууралуу арыздар түшөт. Айрым учурда адамдын өз жанын кыюуга каршы профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Кароосуз калган кары кишилерге да көмөктөшөбүз. Жумасына эки жолу элди кабыл алып, алардын даттануулары боюнча тыкыр чараларды көрөбүз. Участкалык милиция кызматкери – жаран үчүн мамлекеттин символу, өкүлү. Кеминде мен өзүм ушундай ойдомун. Биз тартип орнотобуз. Элдин милицияга ишеними, мамлекетке колдоо көрсөтүүсү – бардыгы биздин ишибизге байланыштуу болот. Бул көп күчтү талап кылган күн сайын жасалуучу иш.

- Кандай дейсиз, милиционердин ал жоопкерчиликтүү болгон аймакта эл арасында тарбия иштерин жүргүзгөндөгүсү туурабы? Анткени милиционердин максаты – аксымды тынчытып, тил алдыруу эмес, кылмыштардын бетин ачуу да...

- Алдын алуу, эл менен иштешүү – бул участкалык милиционердин Уставда бекитилген милдети. Мен бул ишти эч качан туура эмес деп эсептеген эмесмин, аны аткаруудан качкан эмесмин. Анткени алдын алуу иштеринин жыйынтыктарын көргөнүңдө – кылмыштуулуктун деңгээлинин төмөндөшү – ал маанилүү экенин сезесиң. Жер-жерлерде иштегендер иш алып барууда бул жакшы жыйынтык берген иш экенин билишет. Кылмыштуулуктун деңгээлинин төмөндөшү деген эмне? Бул жөн гана статистикалык маалымат эмес. Анын артында адамдардын тагдыры жатат. Алдын-алуу иштери жүргүзүлгөндүктөн бирөө кылмыш кылууга барбады, эркиндикте калды, тагдыры сынган жок. Ал эми канча адам кылмышкерлердин курмандыгы болбой калды? Алдын алуу иштери – ишибиздин маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.

- Башкача айтканда, сиздин пикириңиз боюнча – милиционер тарбиялоочу да болушу керек?

- Ананчы. Жана да ар бир участкалык милиционердин бул багыттагы кесипкөйлүгүн арттырып туруш керек.

- Көз карандысыз эксперттердин билдирүүсүндө, үй-бүлөлүк зомбулуктун 10% гана укук коргоо органдарына жана медиктерге белгилүү болот экен. Бул чынбы?

- Ош шаарына байланыштуу – эми андай эмес. Биз алдын алуу иштерин ургалдуу жүргүзүп, коргоо ордерлерин берип турабыз, мыйзамдын аткарылышына көз салабыз. Кошуналардын билдирүүлөрүнө көңүл бөлүп, бардык арыздарды кабыл алганга аракет кылабыз. Мен өзүм муну катуу тескеп турам. Андан сырткары, биз үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор үчүн кризистик борборлор менен тыгыз иштешебиз.

- Үй-бүлөлүк зомбулуктар чын эле көп болобу, же ЖМКлар анын масштабын көбүртүп ийиштиби?

- Тилекке каршы, көп болот. Бир гана “Ак жүрөк” деген кризистик борборго айына 100гө жакын аял кайрылат, алардын 60% - үй-бүлөдө зомбулукка дуушар болгондор. А мындай борбор Ошто жалгыз эмес. Бүл жалпы өлкө үчүн чоң маселе болуп эсептелет. Анын себептери калктын жашоосунун канааттандырарлык эместигинде, маданиятынын төмөндүгүндө жатат. Биз бул маселеге өзгөчө көңүл бурганга аракет кылабыз.

Билдирме: Эки жыл аралыгында Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук кылынган 9 миң учур катталган. Бул маалыматтарды генпрокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбеков берди. Өткөн жылы 197 ала качуу фактысы катталган. Мурда милиция хроникасындагы сандар бир кыйла азыраак болот эле. Бирок да прокуратуранын пикиринде, анын себеби кылмыштуулуктун өсүшүндө эмес. “Катталган арыздардын санынын өсүшү жарандар укук коргоо ограндарына көбүрөөк кайрыла баштаганына байланыштуу”, - дейт Дүйшөнбеков.

- Сиз аял болгонуңуз үчүн көбү сизге кайрылышат болушу керек?

- Ооба. Үй-бүлөлүк зомбулуктан негизинен аялдар жабыр тартат, ошону үчүн алар аял милиционерге көбүрөк ишенишет. Маселенин орчундуулугу эмнеде, көп учурда таяк жеген аялдар төшөктө жатып, жакшы болуп калышкандан кийин, өзүлөрү кайра аны сабаган күйөөлөрүнө кайтып жатышпайбы. Бир чети, алар каякка бара алышат, анан да коомдук пикир аларды колдобойт. Себептери көп. Айрымдары болсо аларды сабаган адамдарды да жаап-жашырышат... Мындайда аялды аял гана жакшы түшүнүп, маселени чечкенге жардам бере алат...

- Арызды алба деп көндүрүүгө туура келген учурлар болдубу?

- Көп жолу. Мына жакында эле бир да соо жери калбаган аялды көпкө чейин көндүрүүгө туура келди – эч жерде иштебеген күйөөсү кызганып, кызыл-ала кылып сабачу. Бул үй-бүлөнү күйөөсүнүн ата-энелери багышчу. Ошону үчүн күйөөсү каалаганымды кыла алам деген пикирде болчу. Бирок биз аялды көндүрүп, ишти аягына чейин чыгарганга жетиштик. Сотко чейин жеткирдик.

Билдирме: «Кыргыз Республикасындагы 20-49 жаштагы аялдардын болжолдуу 13%ы (айыл жергесинде бул сан 14,6%ды түзөт) турмушка 18 жашка жете элегинде чыгышкан. Жашы жете элек турмушка чыккан кыздардын боюнда бар кезде ден-соолуктары начарлап кетет, айрымдары жубайы тараптан эмоционалдык жана психологиялык зомбулукка дуушар болушат», - деп айтылат ЮНИСЕФдин жыл сайын даярдалуучу отчетунда.

- Ушуга окшош иштердин канчасы сотко чейин жетет?

- Көбүрөөк болсо жакшы болмок. Бирок зомбулук көргөн аялдар көп учурда психологиялык кысымга чыдабай кетип, арыздарын алып салып жатышпайбы. Биз мунун үстүндө иш алып барып жатабыз. Мен өзүм зомбулук кылган адам сөзсүз өз жазасын алышына аракет кылам.

- Ал эми балдарга карата зомбулук боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн негизги маселе эмнеде?

- Ушундай окуяларды үй-бүлөдө жаап-жашырганга аракет кылышат. Бул биздин карманган салтыбыздын кемчилиги. Бирок биз бу боюнча иш алып барып жатабыз, алдын алуу иштерибиздин басымдуу бөлүгү ушуга арналган. Дагы бир маселе мигранттардын балдарына байланыштуу, алар ата-энесинин көзөмөлүсүз калышат, көп учурда алардын расмий комкорчусу да жок. Ата-энеси калтырып кеткен чоң ата-чоң энелеринде, алыскы туугандарында балага камкорчулук тууралуу расмий кагаздарды көп учурда болбойт. Кээде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк да табылбайт.

Билдирме: Эксперттердин маалыматы боюнча, балдардын 73% үй-бүлөдө жана 83,5% мектепте ар түрдүү зомбулуктарга дуушар болушат. Мугалимдердин жана курдаштарынын коркутуусу Кыргызстандагы балдардын мектепке барбоосунун негизги себептеринин бири болуп эсептелет. Мектептеги зомбулук жана рэкет өлкөдөгү жаштардын арасындагы зомбулуктун өсүшүнүн негизги себептеринин бири болуп, мектеп окуучуларынын арасында өз жанын кыюуларга алып келүүдө. Балдарга карата жыныстык зомбулуктардын катталган учурларынын санынын өсүшү тыкыр чараларды көрүүнү талап кылат. Жыныстык зомбулукка байланыштуу маселелерди жаап-жашырып, ачыкка чыгарбоо, жыныстык зомбулуктун курмандыгы болгон балдарды аныктоо жана аларды коргоо боюнча жеткиликтүү эмес механизмдер, укук коргоо органдарынын аракетсиздиги, же кылмышка көмөктөшүүсү, түзмө түз арыздануу жана зомбулукка дуушар болгон балдарды коргоо механизмдеринин, ушундай балдарга психосоциалдык жардам көрсөтүүнүн жоктугу балдарды коргоо укугунан ажыратат.

- Ушундай иште аял болуу оор эмеспи?

- Эгерде үй-бүлөм менен кесиптештерим мени колдобосо, мага оор болмок. Бирок алардын жардамын көргөндө – бардыгы жеңилдей түшөт.

- Эркек кесиптештериңер жардам беришеби?

- Бизде эң сонун мамилелер... Алар бардык жактан колдоо көрсөтүүгө аракет кылышат. Ал эмес тиричилик маселелеринде да, жумуштагы жардамдарын айтпай эле коёюн. Мен алардын жардамына терең ыраазымын.

- Сиз милицияга кандайча келип калдынар?

- Мен кичинемен бери эле шаарымда, өлкөмдө тартип болуп, мыйзамдар аткарылып турушун каалайт элем. Айланама көз чаптырып, бардыгы мыйзамды урматташса экен дечүмүн. Мектепте окуган жылдарым оор мезгилге туура келди, эмнелерди гана көргөн жокмун, баарыбыз аларды көрдүк го. Алгач журфакка тапшырдым, журналист болуп шаарым коопсуз болушуна жардам бере аламын деген ойдо болчумун, бирок кийинчирээк мен жасабасам, анда ким жасайт деген ойго келдим. Юрфакты бүтүргөндөн кийин милицияга орноштум.

- Кыргыз милициясына эл аралык уюмдар жардам беришүүдөбү?

- Жардам берип жатышат. Мисалы, мен азыр КРдеги Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык Офисинин аял-милиционерлер менен иштешүү боюнча долбооруна катышып жатам. Долбоордун аталышы “Насаатчылык”. Биздин семинарларга өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан аял-милиционерлер катышат. Тренерлер эл менен иш алып баруудан башка дагы көп нерселерге үйрөтүшөт. Мисалы, өз алдынча билим алуунун, кесиптик деңгээлди жогорулатуунун, каръераны өстүрүүнүн жолдорун. Семинарларда алган билимдерибиз менен биз анан кесиптештерибиз менен бөлүшөбүз. Менин эки шакиртим мени менен бир бөлүмдө иштешет, ошондуктан насаатчылыктын жыйынтыгына күн сайын күбө болом десем болот. Бул өтө пайдалуу.

- Бул күндөрү Ош шаарынын тургундары участкалык милиционерлерге кандай мамиле кылышат?

- Ар кандай. Кээ бирлери жамандашат, бирок көбү ишибиз оор экенин, байлыгыбыздын жоктугун, маянабыз аз экенин түшүнүшөт. Участкалык милиционер мыйзам жана тартип үчүн, элдин коопсуздугу үчүн күйүп-бышаарын көргөн бардык адам башкача мамиле кыла башташат. Эл менен тыгыз иштеш керек. Мени участкамда элдин бардыгы жакшы билет. Ишиңди жеткиликтүү эмес, чала жасаганың – бизде өлүмгө тете.

- Милицияга элдин ишеними кайтып келээрине ишенесизби?

- Ананчы. Мен милиционердин кесиби кадыр-барктуу болооруна ишенем. Ушуга жетиш үчүн күн сайын иштеп келем.

Маектешкен Светлана Бегунова

Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине