Зухра Ташева: «Балдар арасында улут аралык араздашуу жок»

11:47, 6 Июля

Базар-Коргон ИИБинин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын (ЖӨИИ) ага инспектору, милициянын майору Зухра Ташева – өзгөчө адам. Жарым саат маектешкенден кийин карасаң, журналист эмес, ал маекти алып баратканын байкайсың. Эмне дейбиз, кесиптик адаты кармап кетүүдө да.

КРдеги Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык Офисинин аял-милиционерлер менен иштешүү боюнча “Насаатчылык” долбоорунун катышуучусу Зухра Ташева менен алыскы аймактарда жаш кыргызстандыктар менен иштешүү маселелери тууралуу сүйлөштүк.

- Силер жашаган аймак татаал болуп эсептелет, көп улуттагы эл жашайт, балдар арасында сабырдуулук жана достук тууралуу сөз кылуу оорчулукту жаратпайбы?

- Биз балдар арасында улут аралык араздашууну дегеле кезиктире албайбыз. Райондук борборубузда андай маселе жок. Тиричиликтеги болбогон бир маселелер боюнча чатактар чыккан учурлар болот, биз, сөзсүз, кийлигишип, аларды жайгаштырабыз. Бирок биздин райондогу балдардын арасында улут аралык араздашуу жок экенин жоопкерчиликтүү айта алам.

- Мунун сыры эмнеде?

- Биз велосипедди кайра ойлоп чыгарган жокпуз, анын сыры жөпжөнөкөй эле. Биринчиден, жер-жерден келген маалыматтарга көңүл буруп, аяктагы абал менен жакшылап таанышып туруу зарыл. Өз ишиңди жакшы жасашың керек. Экинчиден, балдарды ымалаштырыш керек. Биз такай ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп турабыз. Биздин байкообузда, балдарды жакындатуунун эң жакшы ыкмасы – бул спорт. Мелдешүү орун алган спорттук иш-чаралар балдарды бир-бирине жакындатып, башка этникалык маданиятты түшүнүктүүрөөк кылат. Андан сырткары, тасмаларды көрсөтөбүз, талкууларды уюштурабыз. Чын жүрөктөн, чечилип сүйлөшөбүз. Көрүнүп тургандай, чоң деле сыр жок, бир гана мындай иштерди өткөрдүк деп калп эле отчет бере бербей, чынында уюштуруп туруу зарыл. Ошондо бардыгы жайында болот.

- Балдар арасында кандай укук бузуулар баарынан көп кездешет?

- Биринчи кезекте, бул уурулук. Мобилдик телефондорду уурдашат, таттуу нерселерди, велосипеддерди. Азыр мал уурдагандарда өзүнчө бир мода пайда болду – алар балдарды алдап өзүлөрүнүн кыңыр иштерине тартып жатышат. Муну тамаша үчүн жасап жатабыз деп балдарга 500 сом, кээде миң сом карматып, короодон малды (адатынча, бул эшектер) жетелеп чыгышын суранышат. Балдар, бул тамаша экен деп, эч нерседен шек санабай ойлобогон жерден уурунун шериги болуп калышат.

- Акыркы жылдары балдар арасындагы кылмыштуулук өсүүдөбү же азайып жатабы?

- Биздин райондо ал бир деңгээлде кармалып турат. Кандайдыр бир кескин өзгөрүүлөрдү өзүмдүн участкамда байкаган жокмун.

Маалымдама: Жалпы Кыргызстан боюнча 2017-жылы жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли өскөн. Муну генпрокуратуранын өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча берген отчетунан байкасак болот, ушундай эле көрүнүш Улуттук статистикалык комитеттин отчетторунда да байкалат. Прокуратуранын маалыматтары боюнча, былтыр 1 миң 81 жашы жете элек 878 кылмыш жасаган, ал эми 2016-жылы бул сан болгону 812 болчу. Жасалган кылмыштарды чечмелесек: 14 киши өлтүрүү, 16 уруп-сабоо, 517 уурулук, 88 тоноо, 16 каракчылык жана башка кылмыштар. Ошол эле кезде жашы жете электерге каршы кылмыштын саны да 30%га, же 842ден 1,1 миңге чейин өскөн. Мисалы, өспүрүмдөргө карата 153 сексуалдык маанайдагы кылмыш катталган, бул 2016-жылга салыштырмалуу 39%га көптүк кылат. 2018-жылдагы кылмыштуулук боюнча көрүнүш азырынча өткөн жылдагыдай эле. Квартал сайын берилүүчү маалыматтарда өсүш же азайыш байкалбайт.

- Кайсы балдар эң талуу топко кирет?

- Бул топ азыр так аныкталып калды. ЖӨИИ инспекторлору үчүн эң көп маселе жараткандар – мигранттардын балдары. Аларга ата-энесинин мээрими, сүйүүсү, акыл айтуусу жетишпейт – жыйынтыгында алар жаман жолго түшкөнүнө таңгалбай эле койсок болот. Балдарды туугандарына таштап коюшат, бирок акыркыларга адатынча бул кошумча түйшүктүн кереги деле жок. Карып калган туугандары гана балдарга жакшыраак көңүл бурушу мүмкүн. Ата-энеси беш-алты жылга кетишип, балдарын карып калган чоң ата, чоң энелерине, же тай ата, тай энелерине таштап коюшат, алар болсо саат 10дордо эрте жатып, балдар каалагандарын кылышат. Күндүз деле кары адамдар өспүрүмдөргө тийиштүү деңгээлде көз сала алышпайт. Анан да жаш айырмачылыгы өтө эле чоң болгондуктан, алар бир-бири менен көп учурда тил табыша алышпайт.

Мигранттардын балдарынын арасында өз жанын кыйгандар көп чыгат. Алар эч бир кат таштабай, ата-энелери жашоодо боло турган маселелер менен, чоңоюунун кыйынчылыктары менен жалгыз калтырып кеткен бул дүйнө менен коштошуп кете беришет. Мен ата-энелерин сындоодон алысмын, алар акча табыш үчүн айласыздан алыс жакка кетип жатышат. Бирок да балдарга бирөө мээримин бериши керек да! Сүйүүнү, мээримди көрбөгөн баладан жакшы адамдын чыгышы күмөн.

- Укук бузууларга кимиси көбүрөөк барат, кыздарбы же балдарбы? Кыздар арасында кылмыштуулук катуу өсүүдө деген кептер чыгууда...

- Бизде азарынча эскиче. Балдар алдыда. Кыздар арасында кылмыштуулуктун өсүшү райондук борборубузда байкалбайт. Бул жагынан алганда биз эски салттарга көбүрөөк таянат окшойбуз.

- Сиздин инспекцияда аялдардын саны көппү?

- Мен жалгызмын. Бирок, менин жеке пикиримде, аялдар көбүрөөк болушу керек. Балдар менен иштей келгенде эркектер олдоксондук кылып коюшат. Мен болсо жылуу сөз айтып, балдарды түшүнүүгө аракет кылып алардын ишенимине кире алдым. Менин участкамдагы балдар мени жакшы таанышат, маселелери менен мага кайрылып турушат.

- Алардын маселелери кандай болду экен?

- Бир жолу мага бир кыз келип, аларда бир кызык кошуналары пайда болгонун, үтүрөйгөн сакалчандар аларга көп келээрин айтты. Мен бул маалыматты 10-башкармалыкка жеткирдим, кийин аныкталгандай, ал жакта чынында эле экстремисттер чогулуп турушчу экен. Жоголуп кеткен балдарды алып келген учурлар болот. Же болбосо, бирөө жоголуп кетсе дароо бизге чуркашат, биз издеп, табабыз. Үй-бүлөдөгү же мектептеги маселелерин айтып беришет. Ар бир окуяны дыкат текшерип, териштиргени аракет кылам.

- Алар тууралуу айтып бере аласызбы?

- Жок. Анткени райондо бардыгы бир-бирин жакшы таанышат, билип коюшу мүмкүн. Ар бир ашыкча сөзүң бирөөнө залакасын тийгизет, бул жерде ата замандан калган салттар катуу сакталат. Окурмандардын кызыгуусун жаратаар деп кайсы бир окуяны айтып берсем – ушул окуяга катышкан адамга жамандык кылып алышым ыктымал. Ошону үчүн, мени кечирип койгула, эч нерсе айтып бере албайм.

- Түшүнүктүү. Сиз кесибиңиз боюнча юрист болосузбу?

- Мен биринчи кесибим боюнча мугалиммин. Экинчи кесибим - юрист. Азыр ЖӨИИге алып жатканда мугалимдик билими болушун сурабай калышты, туура эмес кылып жатышат. Менимче, бизде иштегендерде мындай билими сөзсүз болушу керек.

- Балким, мугалимдик тажрыйбаңыз бар болгондуктан сиз насаатчылык боюнча программаларга катышып жаткандырсыз?

- Мен "Насаатчылык" долбооруна катышып калганым үчүн тагдырыма ыраазымын. Мен үчүн эң маанилүүсү – программанын алкагында өткөрүлгөн тренингдерде алган жаңы билим. Жашоодо алгач алиппе, анан гана китеп окуу эмеспи. Топтогон тажрыйбабыз, билимибиз менен жакшылап бөлүшө алышыбыз үчүн биз өзүбүз көп нерсени билишибиз керек. Окутуунун кошумча артыкчылыгы, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда иштеген кесиптештерим, аял-милиционерлер менен таанышып алдым, бул менин дүйнө таанымымды кеңейтти. Ал эмес жөн эле дасторкон үстүндө отуруп маектешкенибизде тажрыйба алмашуу болуп, ар бирибиз иштеген чөлкөмүбүз менен гана чектелбестен, абалга жалпы караганга үйрөндүк. Бул чынында эле бизге пайдалуу болду, биз көп нерсени түшүнүп, айрым маселелерге башкача көз менен карай баштадык, а демек аны чечүү жолдоруна жакындадык. Сөз менен айтканда кадыресе (баналдуу) угулушу мүмкүн – билимибизди, тажрыйбабызды өстүрө алдык. Анан дагы насаатчылыкка да үйрөнүш керек. Менин мугалимдик билимим бар. Бирок бул жерде балдар эмес, чоң киши шакирттер тууралуу сөз болуп жатат, ошондуктан мындай билим жана тажрыйба мен үчүн пайдалуу болду.

Союз заманында насаатчылык жакшы өнүккөн болчу. Жаштарды тажрыйбалуу кызматкерлер ээрчитип жүрүп өстүрөөр эле. Эгер биз бул тажрыйбага кайрыла турган болсок эң сонун болмок. Бул жерде аялдын насаатчы болгону да чоң мааниге ээ. Бул ар бирибиздин аброюбузду бекемдейт, а демек жалпысынан алганда, аялдардын милициядагы ролун өстүрөт.

- Сиздин канча шакиртиңиз бар? Алар менен кантип иштешип жатасыз?

- Мени менен чогуу иштеген эки кесиптешим. Институтта жана академияда каалаган күнүңдө да бардык нерсеге үйрөнө албайсың. Практиктер гана билген жана ар бир аймакка байланыштуу толтура майда-барат нерселер бар. Жалпы, базалык билимди жогорку окуу жайдан деле алса болот, ал эми жаш адис өз ишин мыкты өздөштүрүп кетишин кааласаңар, ага жакшы насаатчыны коюш керек. Насаатчы шакирттерине милиция ишинин структурасын, бейформалдык тармактын иштешин туура түшүндүрүп, өз ишинде кезиктирген кыйынчылыктарга жана алдыдагы мүмкүнчүлүктөргө өзүнүн көз караштары, мамилеси менен тааныштырат. Ушунун баары жаш адиске өтө баалуу болот. Мен өз шакирттеримен, биринчи кезекте, сабаттуу, мыйзамдын чегинде гана иш алып барган адистерден болушун, экинчиден, балдарга, мейли алар кылмыш жасаса да, аяр мамиле кылууларын талап кылам. “Бул бала. Физикалык жана психикалык өсүп жетилиши боюнча ал азырынча өзүнүн кадамдарына толук жоопкерчиликтүү боло албайт. Ал кылмышкер болгондой, же келечекте ал сөзсүз гана кылмышкер болуп чыга тургандай сүйлөбөгүлө”, - деп такай кайталайм. Баланы азыр кайра тарбиялап, туура жолго алып чыкса болот. Ага жардам бериш керек. Шакирттеримди мына ушуга үйрөтөм.

- Өзүңөр жубай жана энесиз, мындай жумушта иштеп өз балдарыңарды тарбиялоо оор эмеспи?

- Кыйын. Жолдошум – мурдагы аскер, кызматынан бошогон, азыр пенсияда. Ал менин нормага салынбаган, аз төлөнгөн, ызы-чуусу көп, кээде коркунучтуу да ишиме түшүнүү менен карайт. Аскердик жашоону билбегендер бизди ишке түшүнө алышпайт. Башка аялдар, кантип бардыгын жайгаштырып жаткандарын билбейм. Менин эки балам бар. Экөө тең милицияда иштегиси келбейт. Кызым Карина: “Эч ка-чан, эч бир шарт-та” деп ачык эле айтты. Анткени мен эрте кетип, кеч келем, балдарым мени катуу сагынышат.

- Эмне үчүн сиз бул кесипти тандап алдыңар эле?

- Эй, аны айтып берсем – күлөсүңөр. Мен формачан адамдарды жактырам. Жана да балдарды дайыма жакшы көрчүмүн. Алар менен иштегим келчү. Мына ошентип жыйынтыгында ушундай айкалышуу болду. Мен ЖӨИИде иштегениме 15 жыл болуп калды. Бул ишке жаштар алгачкы офицердик наамды алыш үчүн келишет. Анан аны алгандан кийин качып кетишет. Биз болсо дагы деле бул жердебиз.

- Аймакта ислам дининин күч алышы ишиңерге таасир этип жатабы?

- Бир жагынан алганда, элдин аракечтикке берилгени азайды. А демек үй-бүлөлүк чатактардын да саны азайды, не дебе, алкоголь – бул эң жаман нерсе, өзгөчө айыл жерде. Башка жагынан, ислам дининде жашоого өзүнүн көз караштары бар. Турмушка эрте чыгуулардын саны өсүүдө – ал өзүнчө эле бир алааматка айланды. Ал эми молдолор болсо бул нерсени кадыресе көрүнүштөй кабылдашып, аны колдоп да келишет. Ошол эле кезде мындай үй-бүлөлөр туруксуз болушат, андагылар бат эле ажырашып кетишет, эмне кылып жаткандарын, кантип аңдабай тургандарын түшүнө албай келем.

- Бизде ЗАГСка барбаган 18 жашка жете электерге нике кыйууга тыюу салынбады беле... Жашы жете электерге нике кыйгандарга катуу жаза каралган да... Эмне, ага карабай мындай нерселер болуп жатабы?

- Ооба, болуп жатат. Анан да ата-энелери аларды жаап-жашырып жатышпайбы. Кыз канча жашта экенин молдо билген эмес, анан да ал келген эмес, биздин балдар кандай каалашса, ошондой жашашат, жана башка дагы ушуга окшош нерселерди айтышып.

- Кандай дейсиз, коомубуздун светтик бөлүгү дин ишкерлери менен тил табышканга аракет кылышы керек го?

- Мен да ошондой ойдомун, бирок анын жыйынтыгы болобу? Дин ишкерлери мыйзамдуу бийлик, мамлекет менен кызматташкысы келбейт. Алардын өзүлөрүнүн идеологиясы бар, эл ага көбүрөөк ыктап, ээрчип кетип жатат. Алар эл бизди колдойт деп ишенишет. Менин пикиримде, жашы жете электерге карата мыйзам бузгандарга жазаны катуулатуу зарыл. Анан да бул мыйзамдар аткарылышы керек.

- Араб кийимин кийип, чүмкөнүп алып мектепке барган кыздар көппү?

- Бир топ десем болот. Бирок бул көбүнесе диний ишенимине эмес, модага байланыштуу болушу керек. Бир кезде кыска юбкага мода болгон эле, эми кимиси коозураак чүмкөнөт деп атаандашып жатышат. Бул мода болгондон кийин, ал бир күнү өтөт. Турмушка эрте чыгуунун, ар түрдүү караңгылык көрүнүштөрдүн кесепеттерин өсүп жаткан муун аңдай баштайт. Ошол эле Эмираттарда, мисалы, бардыгы мыйзамдарды сакташат, мамлекеттин курамын түшүнүү, сый-урмат менен кабылдашат. Менимче, биз дагы бир күнү “жапайы исламдашуудан” чыгып, сабырдуу динчилдикке жетет болушубуз керек.

- Кыз ала качуулар болобу?

- Айыл жерде көп кездешет. Өзгөчө, экинчи тараптын макулдугусуз ала качуулардын саны өсүүдө. Мамлекет бул көрүнүш менен дагы күрөшүшү керек, жасалган кылмыш үчүн жазанын шексиздиги принциби иштеши керек. Анан да мындай үй-бүлөлөр бекем болбойт, аны жакшы билебиз. Жаш кыздар менен балдардын тагдырын бузган бул эмне деген салт?

- Сиз өзүңүз тергөөчү болуу, же башка ишке өтүү тууралуу ойлонбойсузбу?

- Жок. ЖӨИИде калам. Ишимди мен жакшы көрөм, аны эч качан таштай албайт болушум керек.

Маектешкен Светлана Бегунова


Маалымдама: Кыргызстанда БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) жардамы менен милициядагы насаатчылык программасы кайрадан жанданды. Буга АКШнын Мамлекеттик департаментинин баңгизаттын эл аралык жүгүртүүсү менен күрөшүү боюнча бюросунун жана Кыргызстандын Аял-милиционерлердин ассоциациясынын колдоосу себепчи болду. Программа 2016-жылдан бери иштеп келет.

Эл аралык стандарттарга ылайык аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү максатында БУУ БКБ бир катар демилгелерди колдоп келет. Алардын катарына укук коргоо тармагындагы кесиптик мүмкүнчүлүктөргө аялдардын жетүүсүн кеңейтүү, гендердик зомбулукка байланыштуу маселени чечүү боюнча милиция менен калктын ортосундагы социалдык кызматташууну чыңдоо демилгелери кирет.

БУУ БКБнын аял милиционерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда иштеген 200дөн ашык кызматкер аялдар окутуулардан өтүштү. Алар кылмыш-жаза мыйзамчылыгы, кылмыш иштери жана алардын алдын алуу амалдары, анын катарында зомбулук экстремизминин жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча билим алышты. Бул окутуулардан өткөн 30 офицер насаатчы катары тандалып алынды. Алар эң тажрыйбалуу кызматкерлер болуп эсептелишет жана да Аял милиционерлер ассоциациясынын активдүү мүчөлөрүнөн болушат. Окуудан өткөн ар бир аял-милиционерге иштеген жерлеринде атайын буйрук менен жаш кызматкерлерди жана КР ИИМ Академиясынын бүтүрүүчүлөрүн бекитишкен. Стажировка убагында насаатчылар жаштарга кесиптик сырларын айтып беришип, алардын функционалдык милдеттерин туура жана так аткарышына, тартипти сакташына көз салышат, алар менен дайым такай байланышта болуп, ал-жайын сурап, үйлөрүнө барып, жашоо шарттары менен таанышып турушат.

Насаатчылык программасынын алкагында жер-жерлерде, бардык обасттарда жана Бишкек, Ош шаарларында Аял-милиционерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен биргеликте иш-чаралар өткөрүлдү, алар милиция менен калктын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түздү. Бул иш-чаралар учурунда жаңы усулдар сыналды, мисалы жаштар менен квесттер, флеш-мобдор, театр-форумдар аркылуу иштөө жолдору. Жасалган иштер натыйжалуулугун көрсөттү. Программанын алкагында КР ички иштер органдарынын кызматкерлерине жеке баа берүү тартиби тууралуу нускамага толуктоолорду киргизүү маселеси иштелип чыгып, КР ИИМдин Насаатчылык тууралуу нускамасынын долбоору даярдалды.

БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы кылмыш-жаза сот акыйкаты системасында гендердик аспектилерди эске алуу боюнча кадамдарды колдоп келет. БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү гендердик аспектилерди эске алуу менен кыргыз милициясынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, элдин милицияга ишенимин бекемдөө максатында аялдардын милициядагы ордун күчөтүүгө багытталган.

 
© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине