Александровка: Сары-Өзөн Чүйдөгү дунгандардын аралчасы 1-бөлүк

19:35, 30 Апреля

2018-жылды Кыргызстандын президенти Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганын, баарыбыз билебиз. Ал эми ар-бир аймак, биринчи кезекте, калктуу конуштары жана аларда жашаган ардактуу адамдары, өлкөбүздөгү көп улуттардын өкүлдөрү менен айырмаланып турат.

Алардын арасында өзгөчөлөнүп бөлүнүп тургандардын бири – дунган улутундагылар жашаган атактуу Александровка айылы.

Бул күндөрү саны 70 миңдей дунгандардын диаспорасы бүт республиканын аймактарында жашап келет. Жергиликтүү калкка сиңишип кеткен бир бөлүгү КРдин түштүгүндө жашаса, калгандары – Каракол, Бишкек, Токмок, Кант, Шопоков шаарларында жана Ырдык, Хунчи, Милянфан, Искра, Дружба, Кең-Булуң, Ивановка айлдарында жана дагы бир катар конуштарда турушат.

Бирок дунгандардын эң көп тобу Чүйдөгү Александровка айылында жашайт болушу керек – бул айылдагы 17 миң калктын басымдуу бөлүгүн дунгандар түзөт.

Бул айыл кандайча пайда болду экен? О-о, анын тарыхы узун, аны айтып бериш үчүн биз бир жарым кылым артка, тынчы жок тарыхка кайрылышыбыз керек болот.

Анда баштадык…

Козголоңдордун жана зомбулуктун доору

XIX кылымдын экинчи жарымы. Кытай империясынын аймагында башаламандык өкүм сүрөт. Цин империясынын бийлиги мусулман дининдеги кыргыз, уйгур- таранчы, салар жана дагы башка элдерди катуу кысымга алууда. Репрессия дөңгөлөгүнүн алдында хуэйцзулар дагы – азыркы дунганндардын этноними – калды. Алар Улуу Кытай сепилинин ар жагында соода кылышкан жана ал жакка өзүлөрү менен исламды алып барышкан афган, араб, түрк, иран көпөстөрүнүн тукумдары болуп эсептелет эле.

Жыйынтыгында зулумдукка чыдабаган сунниттер курал көтөрүп, каршылык көрсөтө башташты. Башында Шэньси, андан кийин Ганьсу, Нинься аймактарындагы дунгандар көтөрүлүп, бара-бара козголоң Синьцзянды толугу менен, ал эмес Цинхайды (Тибеттеги аймак) каптады. Бирок козголоң көтөргөн аймактарды бир-бирден баскан сайын козголоңчулар жашаган жерлерин, жыйнаган малын, топтогон мүлкүн таштап, Кытайдын батыш чек араларына жыла башташат.

Кытайлардын жазалоо отряддарын канкор генерал Цзо Цзунтан баштайт эле. Ал мыкаачылыгы жана таш боордугы менен манжурлардан да ашып түшүп, жолунда кезиккен бардык мусулмандарды кырып жатты.

Сүрөттө: Мусулмандарга геноцид кылган канкор кытай генералы Цзо Цзунтан, (1875-жылдагы сүрөт).

Бир нече жылдан кийин бул генерал көздөгөнүнө жетти – козголоң басылып, Цин режими бүткүл Чыгыш Түркестандын аймагында өкүм сүрө баштады.

Мусулмандардын улуттук-боштондук кыймылы тууралуу атактуу орус окумуштуусу Николай Пржевальский мындай деп жазат (“Монголдор жана Тангуттардын өлкөсү”, I том., Санкт-Петербург, 1875-ж.): “Бизге аксакалдар буларды айтып беришти, кытайлар курал менен элди кыргандан чарчаганда, аял-эркектерди жана балдардын бардыгын чогултуп алышып, байкуштарды тоолорго алып барышып, бийик зоо-аскалардан ыргыта башташкан. Ошондо, 10 минден кем эмес адам кырылган дешет. Мусулманчылыктан баш тартып, жаңы динге, буддизмге өткөн козголоңчуларды гана аман калтырышкан”.

Сүрөттө: Кытайда козголоң көтөргөн мусулмандардын артынан түшүү.

Өлүмдүү тоотпогондор

Тилекке каршы, күч тең эмес эле, куугунтуктан качкандар Мухаммед Аюбдун (кытай ысымы Бай Яньху) жетекчилиги астында ызгардуу кыш күндөрү Тянь-Шандын коркунучтуу ашуулары аркылуу Орто Азияга өтө башташат, алар ошол кездеги Орус империясынан калканыч издөөнү туура көрүшөт. Ачка, чарчап-чаалыккан элдин ашуулардан өтүү аракети оор кайгылуу болду, алардын көбү колундагы балдары менен аска-зоолордо тоңуп өлүп, көчкүлөрдүн алдында калышты.

Нарын чек ара отрядына келген качкындардын абалын көргөндөр мынтип жазышкан: “Келгендердин көбү кол, буттарын үшүтүп алышкан эле; башкалардын денесиндеги жаңы тырыктардын жанында бүтөлө элек, ириңдеген жараттарды көрсө болот эле... Келегендердин жүзүнөн үмүт үзгөндөрүн, корккондорун байкалып жатты: эли аз чакан Нарын чебинин көчөлөрүндө миңдеген адамдарын жан кейиткен ыйларына толо түштү...”.

Ошентип, 1877-жылы кыргыз жери үй-жайсыз калган дунгандардын биринчи толкунун кабыл алды, андан кийин дагы бир нече жолу ушуга окшош адамдардын чоң тобу келди.

Кызыгы, өз күчүнө ишенип чиренген фанат генерал Цзо Цзунтан Жети суу областынын ошол кездеги аскер губернатору Герасим Колпаковскийге кадимки эле ультиматум жөнөтөт, Бай Яньхуну жана аны ээрчигендерди 50 күндүн ичинде кайрып берүүнү талап кылат, болбосо өз аскери менен Нарынга кирип келем деп коркутат. Бирок Колпаковский катуу жооп бергенден кийин кытай аскер башчысы өз чегине кайтууга аргасыз болот...


Геноцидден сактап калган

Көп кордукту көргөн дунгандарга жер үлүштөрүн, жөнөкөй мүлк-шаймандарды жана да курулушка керектүү материалдарды бөлүп беришет.

Башында алар катуу жакырлыкта жашашат. Бирок алардын эмгекчилдиги, жер иштетүүнү жашкы билгендери, жаңы мекениндеги бардык кыйынчылыктарды жеңүүнү көздөгөндөрү өз жемишин бере баштайт.

Дунгандардын жаңы жерге көнүшүнө жергиликтүү дыйкандар, кыргыздар жана да башка улуттагылар чоң жардам беришти, ал эми славян улутундагы дарыгерлер аларга медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышты, алардын арасында фельдшер Василий Фрунзе да бар болчу. Ооба-ооба, келечектеги атактуу аскер башчы Михаил Фрунзенин атасы, Кыргызстандын борбору Бишкек болгонго чейин 65 жыл бул атактуу жердешибиздин ысмын алып жүрбөдүбү...

Эске салсак, Александр II (1818 – 1881-жж.) тарыхта чоң реформаларды жасаган мамлекеттик башчы катары сакталып калды. Мисалы, так ал крепосттук укукту жокко чыгарган - Руста 212 жыл өкүм сүргөн кулчулук формасы жагынан алганда АКШда 246 жыл бою негрлерге зулумдук көрсөтүүгө окшоп кетет. Ушундан кийин аны Куткаруучу деп аташкан, кулчулуктан бошогондор империянын аткаминерлеринин дем берүүсү менен жаны жерлерге ээлик кылыш үчүн толкун сымал Орто Азияга жөнөштү.

Сүрөттө: Александр II падышалык кылган доордо Орус имеприясына кошулган Түркестандын жерлери, алардын катарында Пишпек жана ага жакын жердеги дунгандар отурукташкан Александровка да бар.

Романовдор сулалесинин чечкиндүү өкүлү 26 жыл тактыда отурду. Чейрек кылымдын аралыгында Орусияга Түркестандын гбасымдуу бөлүгү гана эмес, Түндүк Кавказ, Ыраакы Чыгыш, Бессарабия дагы кошулган болчу. Бирок анын саясаты бардыгына жага бербеди, ага каршы болгондор да, алар менен катар радикалдар да бир топ болчу. Ошондуктан Александр IIге алты жолу кол салуу болгон: үч жолу ага карай ок чыгаршыкан жана ушунча жолу аны жардырганга аракет кылышкан. Жыйынтыгында акыркы теракт учурунда 1881-жылдын мартында аны “тозок машинасы” менен аны өлтүрүшкөн, “Элдин эрки” деген жашыруун топтун өкүлү бомбаны бут алдына ыргытканга жетишкен.

“Кулак укпаган жана кан дүркүрөткөн коркунчтуу окуя болду: элди куткарган орус падышасы бузукулар шайкасынын курмандыгы болду...!, - деп жазылган эле Москва шаардык думанын шашылыш жыйынынын токтомунда.

Улуу Жибек жолунда
Жолоочунун күткөнү:
Ач болгондо дунганда
Токтой калып түштөнүү.

Убакыт өтүп жатты. Саны да, чарбалары да акырындан өсүп жаткан дунгандар жергиликтүү коомго аралаша башташты.

1897-жылдагы стат маалыматтарга ылайык, Жети Суу чөлкөмүндө 15 миң 276 дунган жашаган. 1907-жылы алардын саны 18 миңден ашкан: алардын 190у соодагерлер сословиесиндегилер, 3545и мещандар болгон. Калган 14286 киши – айыл тургундары болуп эсептелген.

Алар соодагерчиликти, жер иштетүүнү мыкты билишкен, алар иштеткен талаалар калгандарга үлгү болчу, ал эми дунгандар ашпозчулук кылган харчевняларга ал эмес чет элдиктер да кирип тамактанышаар эле. “Орусиянын азиядагы жерлеринде саякаттап жүрүп дунгандар жасаган тамактардан даамдуурагын башка эч жерден кезиктире албадым”, - деп жазган эле 1897-жылы Жети-Суу аймагында болгон Париж географиялык коомунун мүчөсү Поль Лаббе.

Дунгандарда май бышып чыгаруучу күптөр – юфон, күрүч тазалагычтар – пянфон, патока чыгарган ишканалар – тонфон, уксус жасагандар – цуфон, крахмал өндүргөндөр – фынфон болгон, ошондой эле алар камыштан жасаган тарларга – шибаздарга суроо-талап чоң болчу.

Алар чэху деп аталган сезондук кирекечтик менен да алектенишчү, артелге бириккендер топтошуп алып өзүлөрү өндүргөн айыл чарба продукциясын Пишпектен, Токмоктон жана Александровкадан Аулие-Атага (азыркы Тараз), Верныйга (азыркы Алматы), Жаркентке (мурдагы Панфилов), Ташкентке, ошондой эле Синьцзянга ташып барышчу. Ал жактан болсо мануфактураны, дагы башка дефицит нерселерди алып келишээр эле. Баса, КР менен КЭРдин чек аралары ачылаары менен ХХ кылымдын 90-жылдарынан баштап, кытай тилин түшүнгөн дунган энтузиасттары кайрдан чэху менен алектене башташты (азыр аны челноктук бизнес деп аташат), алар СУАРдан кеңири керектелүүчү товарларды алып келип, кыргыз рыногун да, өз чөнтөктөрүн да толтуруп жатышты. Бул иш менен алектенгендердин арасында александровкалыктар да аз эмес болчу.

Сүрөттө: Александровкалык Дау Суахуновдун «Отдалённые судьбы» деген романы.

Агартуунун жана тарбия берүүнүн фактору

Ошол эле кезде жергиликтүү дунгандардын оор сыноолорго толтура 140 жылдык тарыхы азыркы убакытка чейин талдоонун жана түшүнүп билүүнүн предмети болуп келет. Буга далил катары 2017-жылы сентябрда Александовка айлында өткөн жергиликтүү акын жана журналист Дау Суахуновдун “Отдалённые судьбу” деген романынын бет ачаарын айтсак болот. Бул китепте дунгандардын көтөрүлүшү, акыйкат үчүн айыгыш кармашуулары, аман калгандардын тагдырлары изилденген. Дау Харкиевич бул романдын үстүндө төрт жыл эмгектенген, китептин өзөгүн реалдуу окуялар, конкреттүү персонаждардын баштарынан өткөргөндөрү түзөт.

Александровалык КРдин эмгек сиңирген мугалими Самир Шелосанов белгилегендей, романда “бардыгы ушунчалык ишенимдүү болгондуктан, дунган уруктарынын жана үй-бүлөлөрүнүн оор тагдырларын окуп алып алып, катуу кейип, кайгырасың. “Отдалённые судьбы” китеби – көптөн күткөн китеп, ал дунган жаштарын агартууда жана тарбиялоодо жакшы фактор болуп берээрине ишенем”.

Бул айылдан көптөгөн өз элинин чыныгы, жан дүйнөсү бай патриоттору чыкты. Мисалы, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Мухаме Имазов, же көп кырдуу инсан Шисыр Исхар – филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, КР УИАнын Дунгантаануу жана китаистика борборунун башкы илимий кызматкери.

Шисыр Москвадагы М.Горький атындагы Адабий институтту бүтүргөн. Кийин жаш акын ССРСтин Жазуучулар союзунун мүчөсү Алмазбек Атамбаев менен таанышат. Диаспоранын иштерине активдүү катыша баштайт, бир канча ырлар жыйнактарын чыгарып, биздин республикадагы, Казакстандагы, Өзбекстандагы, Кытайдагы хуэйцзулардын көптөгөн фольклорун топтогон.

Чоң көлөмдөгү моногорафиялардан сырткары Орусияда жана Норвегияда дагы жарык көргөн 80 илимий макалалардын автору. Ага кошумча дунган тилин жана адабиятын өнүктүрүү боюнча бир канча окуу китептерин даярдаган. Исхар Сувазович ошондой эле жаш кадрларды даярдоого өз салымын кошуп келет, ал бир катар аспиранттардын жана илимий даражага жеткиси келгендердин илимий жетекчиси.

Тилдин шириндигин жана байлыгын көрсөткөн...

Александровкадан чыккан атактуу адамдар тууралуу сөз кылганда Кыргыз Республикасынын эл акыны Ясыр Шивазаны (1906 - 1988) көз жаздымда калтыруу эч мүмкүн эмес.

Сүрөттө: Акын Ясыр Шиваза жакын адамдары менен Фрунзенин борборунда.

2018-жылдын май айында дунган жазуусун жана орфографиясын түзүүчүлөрдүн бири, көптөгөн окуу китептердин жана дунган тилинде басмадан чыккан биринчи китептин – “Таңкы жылдыз” ыр жыйнагынын авторунун 112 жылдыгы белгиленет. Ясыр Жумазович кыргызча да, орусча да жазган, классиктерди которгон. Мурдагы аскер корреспондент Кыргыз ССРдин Жазуучулар союзунун катчысы жана “Литературная газетанын” биздин аймактагы кабарчысы болгон.

Акындын атын алып жүргөн Александровкадагы мектептин жанындагы Я.Шивазанын бюстуна гүл коюп жатып, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бахадыр Сулейманов: “Ал биздин гана өлкөдө эмес, чет жерлерде да белгилүү болгон. Ал өз поэзиясы менен дунган тилинин шириндигин жана байлыгын көрсөтө алды”, - деди. Бул жерде акындын музейи да жайгашкан, жакында ал дагы бир топ жаңы экспонаттар менен толукталды.

P.S. Уландысы бар

Азиз Карашев

Фото WWW

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине