Ризван чоң эне жана 157 укум-тукуму

07:44, 29 Октября 2014

 

Бул таң калычтуу үй бүлө бир нече мамлекетте жашайт: Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда. Бирок, анын ар бир мүчөсү өзүнүн туулган  жерин – Каракол шаарынан 15 км алыстыкта жайгашкан Тегизчил айылын унутушпайт. Мына ушул жер – Ризван Айсарованын чоң үй-бүлөсүнүн туулган жери.

Тамыры

Уйгурлар, Кыргызстан менен Казакстандын аймагында алгач Кытайдагы уйгурлардын көтөрүлүшүн басышкандан кийин, 18601880-жылдарда жайгаша башташкан. Ризван Айсарованын чоң аталары алардын катарында эле. Бирок, 70 -жылдан кийин уйгур качкындары кайрадан жан сактоого туура келди. Сталиндик репрессиядан корккон Ризван Айсарованын үй-бүлөсү – атасы, апасы жана төрт бир тууганы Пржевальскидеги жашап жаткан үйүн таштап качууга мажбур болушкан. 1932-жыл эле.  Ризван  чоң эненин төрөлгөнүнө болгону 2 жума болгон. Кытай чек арасын  мыйзамсыз кесип өтүү керек болчу, бирок ымыркай Ризван тынбай ыйлап жаткандыктан,  бүт үй-бүлөнү билдирип коймок. Ошондо атасы ал үчүн оңой эмес чечимди кабыл алды. Максат- баланы таштардын арасына калтырып коюп, акырын чек арадан өтүп, тоо боору менен кетип калуу керек эле. Кычыраган кыш болгондуктан, баланын энеси анын жанынан кетип кала албай турду. 

Апасы 10 кадам ары барып, кайра чуркап келет да, наристени кучактап, өпкүлөйт... Күйөөсү шаштырып, жиндене баштайт, калган балдары да күтүп жатышты. Апасы, бүт үй- бүлөсүнүн тагдыры өзүнөн көз каранды экендигин билип турду, бирок кете алган жок. Бир маалда бала ыйлабай токтоп калды, бактылуу эне чүрпөсүн көкүрөгүн кысып, үй-бүлө андан ары сапарын улады.

 Бул окуяны ушул чоң үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү билет. Ошондо, 83 жыл мурда был наристени кычыраган кышында, арылдаган шамалдын алдында таштарга таштап кетишкенде, анда шайыр бир уруу жок болмок...

Аталган көп сандуу  үй-бүлөнүн болочок атасы, Исмаил Аскаровдун туугандары да жайгашып алган казактардын Баян-Казак айынан  качууга туура келген, алар да ошол эле себеп менен,сталиндик репрессиядан коркуп качышкан. Эки үй-бүлө Синьцзяндагы Монгол-Куре айылында жайгашат. Исмаил 10 жашта болуп, өзүнүн болочок келинчегин өзү багып чоңойтот. Ал эми 14 жашында ала качып кетет. Жаштар ата-энесинин каарынан качып бир жыл жүрүшөт, анткени Ризвандын ата-энеси ага бай күйөө таап жатышкан. Тунгуч баласын көтөрүп, бир жылдан кийин кайтып келишкенде гана, эки үй-бүлө элдешкен.

Кайрадан качуу

Ризван менен Аскар бирин-бири сүйүп жашашкан, бул сүйүүнүн жемиштерин жылына алышчу. Улуу жети баласы Кытайда төрөлгөн. Чынында, бешөө гана тирүү калды. Аскар сабаттуу болгон, ал жергиликтүү бийлик органдарында иштеп, Кыргызстандан келген качкындарды мыйзамдуу жайгаштырган. Бирок, 60-жылдарда Кытайда репрессия башталды, кечээ эле мыйзамдуу жасалган иш үчүн, бүгүн камакка алынып калууга мүмкүн эле. Бир жолу түнкүсүн Аскарга, кытай бийлиги аны камаганы жатканын билдиришти. Аскар эки сааттын ичинде үй-бүлөсүн даярдап, карыган энесин алып, кайрадан кытай-совет чек арасын кесе качты. Бул жолу үй-бүлө кичинекей Тегизчил айылында жайгашты.

Атасы көп өтпөй эки бөлмө ылайдан үй салып, жашай башташты. Кытайдан келген качкындарга жумуш табуу абдан кыйынга турду,  атасы күндүз темир уста, түнкүсүн от жагып, иштеп жүрдү.

Балалык.

Жаңы жерде дагы 7 бала төрөлдү. Балдар тез көнүп кетишти, советтик мектепте алар жада калса мыкты жетишкендиктерге жетишип, пионер болушту. Бүгүн бул балдар чоң эжекелер менен байкелер, өздөрүнүн бала кезин жана кылган тентектиктерин күлкү салып, эстеп отурушат. Баарынан жакшы көргөн оюну – согуш болчу. Атасы арабага салып, дарбыздарды алып келет. Бышкан жемишти балдар сындырып, ортосун жешет да, бош кабыгын баштарына кийип алышат, мына- каскасы даяр. Колуна тийген таяк – автомат. Ошентип, күнү бою көчөдө чуркап, ойноп жүрүшчү.

«Үйдүн улуураактарына кыйын эле болду, деп эсине салат  Зелимхан, улуу кызы. – Биз өзүбүз кичинекейбиз, ага карабай кичүүлөрдү багабыз, кир жууп, камыр жуурабыз».

Үй бүлөнүн атасы  болгон күчүн аябай, аялынын жашоосун жеңилдетүүгө аракет кылаар эле.  

«Бир жолу айылдын дүкөнүнө газ плитасын, диван, кир жууган машина жана шифоньер алып келишти. Атам акча чогултуп, ушунун баарын сатып алды. Андан кийин айылдыктар, биздин үй  дүкөндүн баарын сатып кетишти деп, тамашалап жүрүштү,- деп күлөт  кыздарынын бири Нурхан.- Бирок, апам биздин коопсуздугубуз үчүн абдан коркуп, газды колдонуудан таптакыр баш тартты. Аны кошунага берүүгө туура келди. Анан, кир жууган машинага жуугандан да баш тартты, анткени бизди ток урат деп коркту окшойт. Ошентип, кир жууган машинадан да айрылдык, ал дайыма колго кир жуучу».

Ал эми 70-жылдары Кытайдан качып келген качкындардын жаңы толкуну каптады, Исмаиловдордун үй-бүлөсү өзүнүн 12 баласына кошуп,  ата-энеси өлүп калган 15 жетимди колуна алышты.

Кантип жашашты? Өтө оор болду, кээде эптеп эле күн көрүшчү. Ошого карабай Ризван апа баатыр эне болчу, ал башка аялдар менен тең катар иштеп, саанчы да, бала бакчада ашпозчу да болду, жада калса апийим кырганга да барчу. Ошол кезде Ысык-Көл областында медициналык максаттарга апийим айдашчу.

 Өзүнүн да, бакма балдары да абдан ынтымактуу чоңоюшту. Бардыгына бирдей тарбия  беришип, эмгекти сүйүүгө, улууларды сыйлоого үйрөтүштү.

«Атамдын эки сөзү бар эле: «Кулча иштеп, ханча жаша» жана экинчиси: «Эгер аарынын чакканына чыдасаң, анда бал аласың». Ал бизди ушуга тарбиялады. Ал минтип айтчу: «жашоодо ар кандай болот. Жумушуңдан айрылышың мүмкүн, үйүң,ден соолугуң жок болушу мүмкүн,бирок эч качан уурдаба. Эгер кыйналып баратсаң, андан көрө кайыр сура,- деп, улуу уулу Абдукерим атасынын айткандарын эске салды.

Бүгүнкү күн

Журналисттер менен жолугушканы Кыргызстан менен Казакстандын ар кайсы бурчунан Ризван менен Аскар Исмаиловдордун 60 түтүн тукуму келди.  Эгер бардык неберелерин, чөбөрөлөрүн жана кыбыраларын эсептегенде 157 адам болот.

Биз чыгыш даамдарына  толгон узун столго отурдук. Ардактуу төрдө Ризван апа отурат. Анын карып калган балдары анын жанында өздөрүн бала сезишет,  тамашалашып, күлүп отурушат. Ал эми неберелер менен чөбөрөлөр таптакыр эле чурулдап жатышты. Бардык майрамдар менен салтанаттар ушинтип өтөт.  Анан калса, бул жерде ар улуттун өкүлдөрү. Балдар менен неберелер аралаш никеден төрөлүшкөн, орус, кыргыз, казак, уйгур тилдеринде сүйлөшөт.

«Качандыр бир кезде биз айылдагы эң кедей үй-бүлө болчубуз, азыр болсо, күжүрмөн эмгектин аркасынан  биз баарынан байбыз. Байлыгыбыз – биз өзүбүз. Арабызда мугалимдер да,дарыгерлер да, дыйкандар да, ашпозчулар да, соодагерлер да, шоопурлар да,электриктер да, эсепчилер да бар. Баарыбыз тирүүбүз, денибиз сак жана өзүбүздүн көп сандаган бир туугандарыбызды абдан жакшы көрөбүз. Кайгыда да, кубанычта да биз чогуубуз»,- дейт небереси  Гузаль.

Тамактангандан кийин чоңдор да, балдар да көңүлдүү уйгур ырларына бийлеп башташты.  

Биз Исмаиловдордун меймандос үйүнөн жылуу сезим менен кеттик, анткени чыныгы сүйүүнүн, мээримдин кучагында калдык, бул ар биринин көзүнөн чачырап, ар биринин жан дүйнөсүндө кайнап турду. 

Лейла Саралаева, Абылай Саралаевдин сүрөттөрү 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине