Караколдун Дунгандары. Бир үй-бүлөнүн тарыхы

17:43, 18 Октября 2014

Караколдон 5 км алыстыкта, алыскы 1877-жылы Кытайдан көчүп келген дунгандар тарабынан уюшулган чакан, Ырдык деген айыл жайгашкан. Буддалык имарат түрүндө курулган мечетти жана үйлөрдүн алдындагы аянтчалардын гүлгө оронгонун эске албаганда ал кадимки эле кыргыздын алыскы айылдарынын бири.

Википедиянын айтканына таянсак: Дунгандар Кытайдын түндүк-батыш тарабында, Цин империясына каршы көтөрүлүштө утулуп калгандан кийин, 1880-жылы Орус империясынын аймагына көчүп келишкен хуэйцзу тукумунан болушат.

Александр Кадырбаев — Тарых илимдеринин Доктору, Орусия Академиясынын Чыгыш таануу Институтунун илимий кызматкери дунгандардын келип чыгышы тууралуу мындайча жазат: «Дунгандар менен хуэйлердин арасында азыр да айтылып жүргөн уламыштардын биринде: алар Тан доорунда Кытайда жашаган арабдардын кытай аялдарына үйлөнгөндүн натыйжасында пайда болгондугу айтылат».

Түпкү тамырлары

Анвар Наншанло, Ысык-Көл областынын дунгандар бирикмесинин төрагасынын айтымында: «Ысык-Көл областы 19-кылымдын аягында Орус империясынын катарына кирген жана падышалык бийлик биздин Кытайдан көчүп келген аталарыбызга жашоо үчүн эки жерди сунуштаган: биринчиси Караколдо, Аксуу районундагы капчыгайдын батышыраак жагында жана экинчиси ошол эле капчыгайдын чыгышыраак жагында. 1000 кишиден турган ата-тегибиз,  ушул жерде калууну туура көрүп, Орус императорунун кызынын урматына жайгашкан кыштакты Мариновка деп атап алышкан. Айтмакчы, Чүй областындагы Александровка айылы, императордун өзүнүн атынан коюлган. Совет бийлги келгенден кийин, айылды дунган тилиндеги «экинчи капчыгай» деген сөзгө үндөш келгендей кылып Ырдык деп атап калышкан.

Ошондон бери дунгандардын саны өтө деле көбөйгөн жок. Бүгүнкү күнү бул жерде 2500 кишидей жашайт. Дунгандардын көпчүлүгү Бишкекке жана Чүй бооруна көчүп кетишкен. Аттары кытай жазуусу (иероглиф) менен жана тукумдун аты менен жазылгандыктан азыркы дунган улутундагы жарандардын Кытайдагы тамырлары менен байланыш жоголуп кеткен. Ал эми жергиликтүүлөрдүн аты-жөнү орусташып кеткен. Анын үстүнө өткөн кылымдын 30-жылдары Кытай менен болгон бардык байланыгтар жашырылып жана атайы унуткарылчы, албетте, эгер ушундай нерсени унутууга мүмкүн болсо. Жок эле дегенде, ата-энелер маалыматты балдарынан жашырып койчу. Ал сталиндик репрессиянын коркунучтуу жылдары болчу. Андан кийин убактарда деле ал тууралуу айтуу болбой турган. Ошондуктан, тарыхий мекени болгон Кытайда азыркыларга туугандарын табуу дээрдик мүмкүн эмес.

Ата-теги Кытайдын ар түрдүү аймактарында жашагандыктан, Чүй областынын Токмок шаарында, Милянфанда, Александровкада жана Ысык-Көлдө жайгашкандар бири-биринен айрымаланып турат. Ысык-Көлдөгүлөр Нинсян, александровкалыктар-Гансу, ал эми токмоктуктар- Шанси провинцияларында жашашкан. Демек, алар Кытайда жашап калганда жолугупай калышаары да толук мүмүкүн болчу. Анткени, Кытайдагы дунгандардын этникалык топтору 10 миллионго чукулдап, менталитети жана тили менен бири-биринен айрымаланат.

Ырдык айылында жашанадардын ата-бабалары  көтөрүлүш чыгарган дунгандардын жетекчиси Юсуф Хазреттин тобунда кызмат өтөшүп, алардын бардыгы дин жана интеллигенция өкүлдөрү болушкан. Ошондон улам Ырдык айылындагы дунгандар арасынан көптөгөн илимий кандиадаттар чыгат дешет ырдыкчылар. Химиктер, медиктер көп. Бирок, негизинен көпчүлүгү дыйкан-фирмерлер. Азыр жергиликтүү дыйкандардын көпчүлүгү өзүнүн балдарын Кытайга, өзгөчө Үрүмчүгө окууга жөнөтүшөт. Өзүнүн эне-тилин жакшы сактап калгандытан, Кытай тилин үйрөнүү да салыштырмалуу жеңилирээк.

Ата

Наншанлонун үй-бүлөсү Ырдык айылында, айыл негизделгенден бери жашашат. Өзүнүн маданиятын, тилин жана каада-салттарын сактап калуусуна ислам дини жардам берген.

Үй-бүлөнүн аксаклы Абдулла Наншанло – 84 жашта. Андан  4 уул жана бир кыздан турган тукум тараган. Ал Ырдык айылынын ардактуу тургуну. Анын атасы Паншар Ысык-Көл  жерлерин өздөштүрүү башатында туруп, биринчи болуп бул жерде дарбыз, пияз, редиска, өрүк жана карагат тиккен.  Урук өндүрүү жаатындагы эмгеги үчүн колхозго жашылча үстүрүүчүлөрдүн бригадири катары кабыл алынган.

Абдулла Наншанлонун балалыгы коллективдештирүүнүн алгачкы жылдарына, ал эми жаштыгы Улуу Ата Мекендик согушка туш келген. Аскердик кызматын Кытайдын чек-арасында өтөп, чек-ара бузуучуну куралсыздандыргандыгы үчүн сыйлакка да татыган. Андан ары туулган айлындагы эмгек жылдар. 35 жашында Наншанлолордун улуусу алыска жүк ташуучу машине айдап иштечү. Ал убактагы кең Союздун түндүгүнө айыл-чарба продукцияларын ташычу. Союз урагандан кийин пенсияга чыгып, өз акчасына башка демилгечилер менен бирдикте өз колу менен мечит тургузууга киришкен.

Маалымат: Хуэй- ханифит масхабыгдагы суннит багытындагы дунган мусулмандары. Алардын жүз жылдар бою, ошону менен бирге жакынкы учурдагы (1949-1979 ж.ж) кытайлар менен аралашып кетүү аракеттери ишке ашкан жок. Алардын мусулман коомчулугунун  Кытайда жана Советтер Союзунда бекем сакталышынын себебинин бири ислам диний баалуулуктарга терең ишенүүсү, анткени ислам хуэйдин этнос, эл  болуп түптөлүшүнө негиз болгон.

Бүгүн Ырдык айылындагы мечит- жергиликтүү кооз имараттардын бири. Ал будда курулуштары түрүндө тургузулуп, айланасы бейиштин төрүндөй жасалгаланган.

Абдулла Наншанло жана күйөөсүнөн 10 жаш кичүү болгон анын келинчеги Хунисанын убактылары камкор баларынын жана неберелернин курчоосунда өтөт. Алар жаңыдан евро оңдоо иштери жүргүзүлгөн үйлөрүндө, кичүү баласынын колунда турушат. Күн сайын улуу балары келишип, кабар алышып, кеңеш сурап, келип-кетип турушат.

Абдулла Наншанло саясатка жана бардык башка баш айлантмаларга да көз чаптырып турат. Маселен кыргыз бийлигиндеги коррупция. Абдулла ата дайыма: «Кыргыз бийлигинин министрлеринин жана  саясатчыларынын бардыгында акча бар. Эгерде, алар пара албастан, патриоттук аңөсезим менен 1-2 эле жыл иштегенде өлкө гүлдөп кетмек»,- деп айтат.

Анан дагы аксаклга азыркы айдоочулардын машине айдагандары жакпайт. 35 жылдык тажрыйбасы бар айдоочу катары азыркы айдоочулардын жол эредсин бузгандыгын көргөндө абдан нааразы болот. «Машине айдаганда башкаларга да ыңгайлуу болгудай кылып айлаш керек»,- дейт ал. Өзүнүн балдарын жана неберелерин чынчыл, сөзгө турган жана эч качан иштен качпоого тарбиялап келген.

Уулдары

Наншанлонун үй-бүлөсүндө бардык балдары жогорку билимдүү. Мына ушундай жетишкендиктин  жыйынтыгы.

Бары таң эртеден кечке чейин тынбай эмгектенишет, ошол үчүн ушундай татыктуу жашашат. Бирок, кээде улуттук карама-каршылктар капалантат.

«Биздин бир тууганыбыз жогорку окуу жайда окутуучу болуп иштейт. Анын кыргыз кесиптеши бир жолу келип: «Ме, оку!» деп кыргыча гезитти берет. Бир тууганыбыз качкын Президент Бакиев тууралуу бир кичинекей макаладан ал таза кыргыз эмес, дунган аралаш болгондуктан элди аттыргандыгы жөнүндө окуган. Бир тууганым түшүнбөстөн кесиптешин карайт. Берки болсо: «Окудуңбу? Көңүл бөлбө. Жиндилер толтура!»- дегенин айтып берди Абдулланын балдарынын бири.

Жада калса ушундай күлкүлүү учурда да алыстоо байкалып турат жана акыркы мезгилдерде ал күчөп гана барат.

«Эгерде маданияттын жалпы деңгээли көтөрүлсө, улутчулдук маселеси да курчубайт, -дейт балдардын дагы бири Шерба. - Менде көп кыргыз досторум бар, бирок акыркы учурда алардын мага болгон маилеси өзгөрүп кетти. Кандайдыр бир ишенбөөчүлүк байкалгансыйт. Бул абдан өкүнүчтүү. Мурда алар бизге урмат менен маиле кылчу. Бирок, азыркы билимдүү жаштардын интернационалдуулугу кубантат».

Абдулла Наншанлонун балдары канчалык жакшы окубасын, иштебесин бийлик структураларын кирүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин айтышат. «Биздикилерди дароо эле башкы этабында жаратпай салышат», -дейт алар.

«Биз, дунгандар, саясатка кийилигишпейбиз. Бизге жумуш гана керек. Бийлик бизди шайлоолор же майрамдар башталганда улуттук кийимдерибизди кийип, тамак даярдоо учурунда гана эстейт. Биз ага кнүп деле калдык», -деп белгилешет эркектер.

Фермер Шерба Наншанлонун иш күнү 18 саатка созулат. Ал өзүнүн картөшкө, редис, чөп айдалган жерин иштетет. Ошону менен жан багат.

Каада-салттар

Ырдык айлында сугат маселесинен улам кичи тирешүүлөр болуп турат, бирок чоң улуттар аралык кагышуулар эч качан болгон эмес.Жергиликтүү калк бири-бири менен аралшып калган, азыркы муундагы дунгандар кыргыздарга үйлөнүп же күйөөгө оңой эле чыгышат.

Жергиликтүү кыргыздар дунган кошуналары үчүн эртеэ менен тойлорду уюштурушат (дунган салты боюнча), анан кечинде кыргызча. Же тескерисинче дунгандар салтанаттарын дунганча анан кыргызча өткөрүп турат.
«Дунгандарда тойлор таңкы 6-7 де башталып, түшкү саат 12ге чейин уланат.  Мунун бардыгы талаада, чарбада иштин көптүгү менен түшүндүрүлөт. Бизде эртең мененки саат 8ге кечигип келсең, келбей эле кой, той бүтүп калды деп тамашалап коюшат», -дейт Анвар Наншанло.

Сөзссүз түрдө: 24, 36 же 48 түрлүү жуп  сандагы тамактарды жасашат. Үйлөнөөр жигит кыздын үйүнө куда түшүүгө келгенде, болчок кайнэне 100 жакын ар түрлүү тамактарды жасайт.

«Бизде тамак жасоо салты жок, салттар Кытайдан сакталып, кыргыз тамагы менен толукталган. Бүгүнкү күнү дунган ашканасы кытайдыкынан эттин көптүгү менен айрымаланып, аймактагы, балким дүйнөдөгү  эң даамдуу тамак деп эсептелет», - дейт Анвар жайкы жана кышкы ашкананы көрсөтүп. Эки ашкана тең чоң, кенен бөлмөдө жайгашкан, бул жер ыңгайлаштырылып, ар кандай сандагы элдерди тойгузууга жасалган. Жада калса очок, казандар да ошондой жасалган. Кичирээк очок- үйөбүлө үчүн гана. Чоңураагы жакын туугандар келгенде колдонгонго. Андан чоңу- чоң тойго, ага бир койду бүтүн бышырганга ылайыктуу.

Барынан эң чоң таң калтырганы жертөлө. Анда жай бою эасалагн эмгектин үзүрү- миңге чукул банка кайнатылган жер-жемиштер, туздалган жащылчалар, шире жана башка ашказан кубанычтары сакталган. Бул кыштын суук күндөрүнө арналган үй-бүлөнүн интеллектуалдык жана материалдык менчиги. Бул көп жылдар бою башка өлкөдө жашап кетүү, тукумду сактап калуу, кийинки жазга чеин жан багууга жана кайрадан кышында жайдын керемети менен ырахаттануу үчүн ишке киришүүгө зыярат. Өзүнүн кайталангыс даамы бар жашоонун философиясы деп да койсо болот.

Заманбап дунгандар, ата-бабалары сыяктуу эле каада-салттарын бекем кармашат. Балдарын дароо үч тилге үйрөтүшөт- дунганча, кыргызча жана орусчага.  Бирок, балдарын мурдагыдай өздөрүнүн гана улутуна гана үйлөндүрүүгө улутунушпайт. Албетте, бул учур керектүү, бирок ата-энелер жаштардын каалоосуна каршы чыгышпайт. Ошондуктан Ырдык айылында көптөгөн аралаш үйөбүлөлөр пайда болууда.

Каркол жергеси 40 тан ашуун этностор жашагандыгына байланыштуу каада-салттарга бай. Кийинки сандарда да биз бул кереметтүү жерди байырлаган элдердин каада-салттары тууралуу баяндамаларыбыз менен тааныштырабыз.

Лейла Саралаева, Фото: Абылай Саралаевдики

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине