Абдулла II деген ким жана Оштун тарыхы тууралуу биз эмне билебиз?

09:20, 14 Января

Тилекке каршы, Ошто оригиналдуу тарыхый эстеликтер күндөн күнгө азаюйуда, ал эми биздин учурга чейин сакталып калгандар активдүү өзгөрүп, өзүнүн алшгачкы келбетин жоготту. Өткөн кылымдын 60-жылдары болгон массалык динге каршы багытталган кампаниянын кесепетинен маданий баалуулукка ээ болгон көптөгөн кооз мечиттер менен медреселер талкаланган, ошол эле убактарда урпактары аркылуу Индияны дүйнө жүзүнө даңктаган  белгилүү Бабурдун  сыйынуу үйү бузулган. Бүгүнкү күндө аман калган маданий эстеликтер саналуу гана. Алардын арасында Сулайман тоонун алдында жайгашкан Абдулла-хандын мечиттер рабаты жана жазмаланган шыптары менен белгилүү Мухаммед Юсуф Байкожо оглу бар. Биз бизге чейин сакталып жеткен маданий байлыктарды жасалгаланышына жол бербей, аларды алгачкы абалында сактап калууга аракет кылышыбыз керек.

Бүгүнкү күндө Фергана өрөөнүндө Абдулла-хан II мезгилинде курулган  эки гана архитектуралык эстеликтер сакталып калган. Бул Сулайман тоонун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Абдулла-хандын мечети менен Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан Навгилем айылындагы медресе.

Версиялардын бирине караганда, Абдулла-хандын мечити ага чейин жүз жыл мурун курулган «Жауза» мечитинин урандыларынын ордунда курулган. Бул мечит Захир-ад-дин Мухаммеддин белгилүү трактатында эскерилет, анын чөбүрөсү шах Жахан Аграга Тадж-Махалды куруп, өзүнүн атын өлбөс кылган.

Ал эми Абдулла-хан II ким болгон, Оштогу мечитке кимдин аты ыйгарылды эле?  Абдулла Букар хандыгын жүздөгөн жылдар бою башкарган Шейбаниддердин династиясынын көрүнүктүү мүчөсү болгон. Бул династияны шах Бахт-Мухаммед негиздеген, ал эми Шейбани аттуу ысым анын акындык каймана аты болгон. Келечектеги хан Абдулла 1543-жылы Африкент жергесинде жарыкка келген, азыр бул аймак Өзбекстандын Самарканд облусу. 49 жашында атасынын өлүмүнөн кийин Букар хандыгынын башына турган. Бир нече жылдын ичинде ал көптөгөн аймактарды, алардын ичинде Тоолук Бадахашты, Хорсанды, Кашкарды, Түрксан дана Ошту өзүнө баш ийдтре алган. Абдулла-хан II медреселердин, мечиттердин, караван-сарайлардын, жада калса суу сактагычтардын курулушуна чоң көңүл бурган. Дал анын бийликте турган убагында Букарада турган белгилүү бет-маңдай салынган Кош ансамбли курулган. Алардын бирине хандын апасы Модаринин, ал эми экинчисине хандын өзүнүн ысымы берилген.

Эмне үчүн мечит рабат деп аталып калган?

Эмне үчүн мечит рабат деп аталып калган? Тарыхчылардын айтымында, байыркы кездерде кең Букар хандыгынын четинде жайгашкан мечиттер чептердин жана караван-сарайлардын дагы ролун аткаргандыктан, аларга «рабат» деген ат дагы берилчү. Араб тилинен которгондо, бул сөз «чеп же бир нерсенин бекемделген жери» деп которулат. Андан тышкары, Борбордук Азияда бул сөз менен орто кылымдардагы цитадель, шахристан жана рабаттан турган  шаарлардын четтери дагы аталчу.

Абдулла-хандын мурунку үлгүсүндөгү мечитинде ыйык сандагы эшиктер бар болчу, алардын бешөөсү чыгышка карай чыгып, экөө батышка – Сулайман тоого карай чыкчу. Мечиттин курулушунда ал кездерде Борбордук Азияда абдан белгилүү болгон генчтин аралашмасы бар жалпак кыштар колдонулган. Генч деп ал убактарда 70 пайызга чейин гипс жана чоподон турган, күйгүзүлгөн атайын курулуш материалын айтышчу. Аталган материал түштүк жергесинде жакынкы убактарга чейин белгилүү болуп келген, бирок аны гипс сыяктуу болгон пластик жасалгалары сүртүп чыккан.

Сулайман тоо акиташка бай экенин жана анын этегинде илгери алабастр табылгандыгын көпчүлүк билбесе керек. Дал ошондон улам совет доорунда азыр Абдулла-хандын мечити турган көчө Алабастровая деп аталчу.

Архитекторлор менен археологдор эстеликтерди кантип сактап калгысы келгендиги жөнүндө

Тилекке каршы, мечиттин алгачкы келбетинин көп нерсеси сакталбай калган. 70-80-жылдыры археологдор тарабынан жүргүзүлгөн активдүү реставрациялык иштердин жүрүшүндө михрабдын үстүндө жана эмерек коюлуучу жасалганын эки жагында гуашь боёгу менен боёлгон араб тилиндеги жазуулар табылган. Бирок эмнегедир окумуштуулар бизге ал жазуулардын чечмелерин калтырган эмес. Ошол эле жылдары  ленинграддык окумуштуу, көптөгөн жылдар бою Оштун тарыхын изилдеген Юрий Заднепровский менен Елена Дружининанын жетекчилиги алдындагы археологиялык топ мечиттин арткы короосунда байыркы курулуштардын калдыктарын табышкан. Окумуштуулар түштүк жана батыш тарапта эки айван жана башка курулуштарды таба алышкан, алардын ичинде уникалдуу турак-жай комплекси менен мончо дагы болгон. Бүгүнкү күндө бул аймак темир тор менен тегеректелген жана акырындап чөп менен капталууда.

Мечиттин бийиктиги бир топ узун болгон – дээрлик 12 метр! Бул тууралуу 1963-жылы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген архитектору Владимир Нусов тарабынан өткөрүлгөн мечиттин алгачкы архитектуралык өлчөнүшүнөн кийин белгилүү болгон, андан кийин мечитти реставрациялоо тууралуу долбоор иштелип чыккан. Ошол эле жылы мечит Оштун аймак таануу музейине өткөрүлүп берип, өз алдынча тарыхый курулуш катары эсептелбей калган. Нусов мечитти архитектура эстелиги катары сакталып калышына болгон күч аракетин жумшаган, бирок, ошол кезде күч алган динге каршы жүргөн кампаниянын айынан алар ишке ашкан эмес.

Абдулла-хандын мечитин эмне себептен жардырып жиберишкен?

Кыска мөөнөттүү «революциялык желпинүүдөн» кийин мечит жергиликтүү жумушчуларга жатакана катары берилген. Согуш жылдарды анда жүн иштетүүчү цех орун алган. 1943-жылы согуштун так ортосунда мечит убактылуу дин кызматкерлерине кайтарылган. Чындыгында, совет доорунда ал мечитте эмнелер гана жайгашкан эмес. Блогер Rus_Turk эскерет: «Сулайман тоосунун биринчи аскасындагы мечит бир гана себептен улам жардырылбай калган- ал эч жерге көчүрүүгө болбогон Ош пединститутунун астрофизика кафедрасы жайгашкан орун болчу, ал эми качан аны көчүрүүгө орун табылганда, аны жардырууга каалоо келбей калган. Ал мечитте кафедрадан тышкары дагы эмне деген нерселер жайгашкан эле. Мисалы, качанкы бир кездерде ал менин мектебиме таандык болчу, мен ал жерде бир нече ай билим алгам. Андан соң ал жерге мечит статусу кайтарылганга чейин, аймак таануу музейи жайгашкан. Менин үйүм шаардын чок ортосунда, Сулайман тоонун биринчи аскасында жайгашкан эле. Ал эми шаардын четиндеги төртүнчү асканы динге каршы кампанаиянын алкагында эмес, элдик чарбанын муктаждыктары, жергиликтүү цемент заводун куруу үчүн жардырып жатышкан. Акиташтын башка булагын, албетте, таба алышкан эмес».

Ошентип 1990-жылы гана, мечит экинчи ирет шаардын мусулмандар бирикмесине кайтарылган.

Оштогу Ак мечитти ким курган?

Бул архитектуралык эстеликти Оштун тарыхын өмүрүндө жок дегенде бир жолу окуган адамдардын көпчүлүгү жакшы  тааныйт, анткени XIX кылымда курулган бул сапаттуу  литография шаардын тарыхы жөнүндө даярдалган материалдарда абдан көп колдонулат. Бул Ак мечит Абдурахман аптабачинин мечити деген ат менен белгилүү.

Абдурахман аптабачи (мынтип феодалдык Кокондо хан тамакка отураарда колуна суу куюп берген адамдарды айтышчу) Кокон хандыгынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал 1852-жылы атасы миңбашчы Мусулманкулдун башын алган Кудаяр хандын уулу Насриддин ханды тактыдан түшүрүү боюнча кыймылды жетектеген. 1876-жылы Кокон хандыгы Россия империясынын карамагына өткөндөн кийин, Абдурахман аптабачи орус бийлигине өз эрки менен багынып берген. Түркстандын генерал-губернатору Кауфман аны адегенде Оренбургга жөнөтүп жиберген, бирок кийин кайрадан аны Түркстан аймагынан алысыраак Екатеринославль шаарына жөнөткөн. Азыркы күндө бул шаар Украинанын Днепр шаары деп аталат, ал эми бираз убакыт мурун советтик Днепропетровск шаары деп аталчу. Абдурахман аптабачиге Ферганадагы мүлкүнөн түшүп турган 3 миң рубль өлчөмүндөгү пенсия жыл сайын төлөнүп турган. 1881-жылдын январында бийлик андан дыкат көзөмөлдү алган. Учурдан пайдаланып, Абдурахман аптабачи хандык бийлик өкүлдөрүнөн Меккеге ажылыкка барып келүүгө уруксат сураган, бирок жооп келгенче эле көз жумган, ал кайсы жерде көмүлгөнү белгисиз.

Ак мечиттин келбетин бизге чейин жеткирген алгачкы литография француз этнографы Мари де Уйфалье-Бурдондун 1880-жылы жылы чыккан «Парижден Самаркандга чейин» атуу китебине чыккан. Ага ылайык, Ак мечит Ак-Буурадан алыс эмес жерде жайгашканын биле алабыз.

Оштун тарыхын мезгилдин көшөгөсү менен жабылып калган барактарын ачыш үчүн биз тарыхый эстеликтердин масштабдуу изилдөөлөрүн жүргүзүшүбүз керек. Дагы көптөгөн кызыктуу жана күтүлбөгөн нерселерди билебиз деп ишенебиз.

Алмаз Исманов 

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине