Айгүл жөнүндө уламыш

09:55, 7 Мая

Баткен областындагы Айгүл-Таш тоосунун тескей капталына жол анчалык деле алыс эмес. Баткендин өзүнөн эсептегенде – ашып кетсе 20 километр. Бир капталы короолонгон, кире беришинде – касса, 20 сом төлөп коюп каалашынча кыдырып жүрө бер. Тапталган жол, аны бойлото отургучтар орнотулган, ал эми тоодогу кароо аянтчасына чейин тепкичтер аркылуу көтөрүлөсүң. Инфраструктура! Ар-кайсы жерде жаткан таштандыларды эске албаганда, туристтик мүмкүнчүлүгүбүз үчүн сыймыктанып да кетесиң.

Бул жерден окуучуларды, сейилдеп жүргөн жаштарды, эс алып жаткан үй-бүлөлөрдү кезиктирсең болот. Бирок жылына бир жолу апрелде ай тутулгандан кийин бул жакка агылган адамдардын саны кескин өсүп кетет. Көлөкөдө, күндүн тик нурларынан уялып жашынгансып, Кыргызстандагы эң атактуу эндемик – Айгүл гүлдөй баштайт.

Мындай кооздуктагы гүл өтө сейрек кездешет. Өзгөчө тоолуу аймактарда. Таштардын арасында ачык-жашыл түстөгү жалбырактар менен курчалган жалын түсүндөгү чоң коңгуроолордун топтому бажырайып, адамды суктантып турушат. Гүлдүн илимий аталышы эудардо жыбыры (ор. рябчик эдуардо), латынча аталышы – Fritillaria eduardii Regel.

Айгүлгө окшош тоо гүлдөрү Афганистан менен Тажикстандын айрым аймактарында да өсөт. Ушуга окшош “коңгуроолор” башка аймактарда да бар, мисалы, Молдавияда аны “пасхалдык” гүл деп аташат. Бирок алардын бардыгы чоңдугу, кооздугу жана да түсү менен Баткенде өскөн Ай гүлүнө эч тең келе алышпайт. Бул гүл түн ортосунда, ай толгондо гана ачылат деген ишеним бар. Кызгылтым түстөгү гүлдүн ачылып жатканын көргөн адам – жолдуу болот дешет, өзгөчө сүйүүдө жана үй-бүлөлүк турмушта. Жергиликтүү калк бул ырым-жырымга ишенишет, ошону үчүн апрелде тоодогу “күзөт” – бул кадыресе көрүнүш. Айгүл гектардан ашпаган жерде гана өсүп, эки жумадай гана гүлдөйт. Айгүл-Таштан башка жерде өспөйт, канчалык аракет кылышпады эч бир жакшы жыйынтык болбоду. Айгүл башка жерде өсүп кеткен бир гана учур катталган. Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кызыл-Жар айылынын тургуну Урудкан Маматисаева гүлдү өстүрө алган. Баткенде Айгүл-Ташта болгонунда кайсы бир акмактар гүлдү тамыры менен казып, бирөөсүн түшүрүп алышыптыр, мына ошол тамырдан ал гүлдү өстүрүп алган. Кошуналары Урудкан-эжени адамдар арасында сейрек кездешкен өтө боорукер жан экенин, өмүр бою гүлдөр менен алектенгенин айтышат. Болот ушундай адамдар – чырпыкты сайып койсо гүлдөп, өсүп кетет. Урудкан-эженин бооркерлиги сүрөтүнөн да жакшы байкалып турат.

Эмне үчүн гүл башка жерде өспөйт – окумуштуулар аны азырынча билишпейт. Айгүл бир жерге берилгендиги менен өзгөчөлөнүп турат. Бул тууралуу укмуш да, кайгылуу да уламыш бар, ага аргасыз ишенип кетесиң.

“Байыркы заманда бул жерде бир бай жашаптыр, анын Айгүл деген чырайлуу, сулуу кызы болуптур. Анын сүйлөшкөн жигити Козу-Улан баатыр болгон экен. Жаштар бир-бирин берилип сүйүп, алардын бир-бирине мамилеси ушунчалык таза болгондуктан, аларды көргөн эл өзүнчө эле кубанып, аларга ак-тилектерин айтып турушчу экен. Кызын жакшы көргөн Айгүлдүн атасы да алардын баш кошушуна макул болуп, батасын бериптир, - дешет жомокчулар.

- Жаштардын үйлөнүү тоюн эми мына өткөрөлү деп жатышканда, караламан калкты кайгы басат. Душмандар кирип келет, Козу-Улан жигиттерин чогултуп алып баскынчылардын астын тосуп чыгат. Көп өтпөй жоонун мизи кайтарылат, бирок аламан согушта Козу-Улан каза болот.

Жигиттер Козу-Уландын жүрөгүн Айгүлгө алып келип беришет. Айгүл болсо сүйүктүүсүнүн жүрөгүн алып, бийик тоого чыгып, аскадан боюн таштайт. Бир нече күн өткөн соң Айгүлдүн каны тамган жерлерде укмуш кооз гүлдөр өсүп чыгат. Ал эми Айгүл боюн таштаган аска ушундан кийин Айгүл-Таш деп аталып калат”.

Гүл сабынын бийиктиги бир метрге чейин жетет. Бирок бул жерде көп жылдан бери жашагандар бийиктиги адамдын боюндай болгон, ал эми гүлдөрү кумгандай болгон Айгүлдү көргөндөрүн айтышат. Гүл жети жылдан кийин гана гүлдөйт. Ошондуктан бул эндемикке өзгөчө этият мамиле кылуу керек.

Аскалуу тоонун маңдайында Козу-Улан деген тоо бар. Уламышка ишенсек, ал жакта баатырдын жүрөгү көмүлгөн, ага кайрат сурап зыярат кылышат. Айланадагы бардык бактардын бутактарынан байланган ак чүпүрөктөрдү көрсө болот. Ал эми Айгүл гүлүнүн ичинде дайыма бир тамчы шүүдүрүм болот, аны жергиликтүү эл “Айгүлдүн жашы” деп коюшат. Эгер аны аягы суюк күйөөсүнө берсе, ал дароо кечирим сурап, үй-бүлөсүнө кайтып келет дешет жергиликтүү бүбүлөр. Алардын айтканы чын болуп чыгышы мүмкүн – анткени бул аймак ажырашуулардын саны боюнча репсубликабызда акыркы орунда турат. Бирок да, мунун бардыгы бул жердеги табияттын таасирине байланыштуу болушу ыктымал – ал ушунчалык салабаттуу, патриархалдуу, адамга шыктануу берип тургандай сезилет.

Биз атактуу эндемик гүлдөп бүтөйүн деп калганда барып калдык, ошондуктан жалындай кызыл гүлдөрдү көрүш үчүн дээрлик тоонун чокусуна чыгууга туура келди. Туристтик топ Айгүл-Таштын чокусуна байкабастан кайсы бир гүлдү басып албайлы, же аскадан кулап кетпейли деп этият басып, жай көтөрүлүп баратты. Жолдон жергиликтүү Карабул айыл мектебинин окуучуларынан турган “экологиялык күзөтчүлөрдү” кезиктирдик.

Окуучулар эч ким гүлдү үзбөсүн деп катуу көзөмөлдөп байкап турушат. Жетинчи класстын балдары камчыны кыйын колдонушаарынан күмөн санабай эле койсо болот. Ат үстүндө да жакшы отурушат. “Негизгиси, мас бирөө гүлдөрдү үзүп албасын. Соо адамдар бул гүлдөр – жалпыбыздын байлыгыбыз экенин жакшы билишет” – деп чоң кишидей сүйлөдү Идрис уулу Алтынбек. Жаш экологдор жергиликтүү милиция менен тыгыз иштешет. Эгер тартипти бузган адам машина менен келген болсо – эч жакка качып кутула албайт. Балдар керектүү маалыматтарды милиционерлерге берип коюшат.

Гүл ич ооруларды айыктыра алат деген ишеним бар, жана да ал 1978-жылы эле Кызыл китепке киргизилгени менен анын кооздугуна суктанып бул гүлдү үзүп, өзү менен алып кеткиси келгендер да кезигет. Илгери гүлдү каалаган адам келип каалашчына үзүп кетээр эле, эми болсо жергиликтүү калк гүлдү өз коргоосуна алган. Жергиликтүү фермер так тоонун этегинде жайгашкан огородунда өстүрүлүп жаткан кооз гүлдөрдү көрсөттү. Анын чоң атасы Айгүлдү өстүрүп, көбөйтүп көрсөмбү деген, гүл жакшы кабыл алып, өсө баштаган, бүгүн алар кожоюнун да, конокторду да кубантып турат!

Акыркы жылдары Айгүл-Ташка келгендердин саны кескин өстү. Жергиликтүү эл бир чети кубанса, бир чети катуу чоочулайт. Анткени туристтер айлана-чөйрөнү булгап, арак ичип, кээде гүлдөрдү үзүп да коюп жатышат. Мамлекеттик же донорлук уюмдар инфраструктураны өнүктүргөнгө, тартипти сактаганга, жаратылыш коругун коргогонго жардам беришсе жакшы болот эле дешет. Кызыгы, учурда Азия чөлкөмүндөгү эң сейрек гүлгө байланыштуу бир дагы ири долбоор байкалбайт. Аймактын болсо туристтик мүмкүнчүлүктөрү өтө кенен.

Аягында бизди ойлонто турган маалыматтар. Сырдуу Айгүл гүлү дагы деле жоголуп кетүү коркунучу алдында турат, экологдордун тилектери кап болуп, гүл жакшы көбөйбөй жатат. Мамлекет жана донорлор тараптан олуттуу жардам болгон күндө гана Кыргызстандагы эң сейрек ажайып көрүнүштөрдүн бирин сактап калса болот.

Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине