Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борборуна айланат

11:49, 9 Января

Дээрлик бүтүндөй бир жылга Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жарыяланды. Бул чечимди 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында чогулган ТҮРКСОЙ уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн маданият министрлери кабыл алышты. Мындай маанилүү саамалыктын алкагында өтүүчү иш-чаралар Нооруз майрамынын убагында башталат, бул тууралуу берген маегинде Оштун калаа башчысы Таалайбек Сарыбашев билдирди. Кыргызстан үчүн бул өз өзгөчөлүгүн көрсөтүп, көптөгөн жаңы иш-чараларды өткөрүүгө абдан чоң мүмкүнчүлүк.

Өнөрпоздордун көчөсү пайда болобу?

Албетте, бул саамалык шаардын тарыхына түздөн-түз тиешеси бар, бул көптөн бери унутта калган долбоорлорду жандандырууга болгон жакшы мүмкүнчүлүк. Ошондой долбоорлордун бири болуп  Абдулла-хандын мечит рабатынын жанына өнөрпоздордун кварталын куруу боюнча долбоор саналат. Анын тарыхы тээ 80-жылдардан бери созулуп келет. Дал ошол кезде Сулайман тоонун этегине өнөрпоздордун оригиналдуу кварталын куруу тууралуу идея пайда болгон. Бирок ал кезден бери көп нерселер деле өзгөргөн жок. Жалгыз өзгөргөн нерсе – мурунку Алабастровая көчөсүнүн аты 2009-жылы Өнөрпоздор көчөсүнө алмашты. Балким, бул долбоор эми ишке ашууга жакындайт, анын үстүнө «Кыргызреставрациянын» илимий-изилдөө бюросу тарабынан аталган көчөнү жандандыруу боюнча долбоор иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги Ошту чындап түрк дүйнөсүнүн маданий борборуна айландыруу боюнча ойлонот деп ишенебиз. Анткени Оштун тарыхында изилдене элек, популяризацияга муктаж нерселер али көп.

Шейбаниддер династиясынын аз изилденген эстеликтери

Абдулла-хандын мечит рабаты (ал тууралуу биз бир нече жолу жазганбыз) Кыргызстандагы Шейбаниддер династиясынын мезгилине таандык жалгыз тарыхый эстелик экенин көпчүлүк билбейт. Бул мечит 16-кылымда, дагы бир башка мечиттин ордуна курулган, ал тууралуу Индостан жарым аралында моголдордун империясынын башатын негиздеген, атактуу Бабур жазган эле. Бир нече доорду башынан өткөргөн бул мечиттин тарыхы абдан уникалдуу, ал эми ал жайгашкан көчөдө мечиттер менен медреселер көп болгондуктан, илгери аны «шейхтердин көчөсү» деп атап коюшкан.

Тилекке каршы, Оштогу көптөгөн архитектура жана тарыхый эстеликтер өткөн кылымдын 60-жылдарында жүргөн динге каршы багытталган кампаниянын кесепетинен талкаланган. Аларды кайра жаратуу ишке ашпаган маселе, бирок кээ бир өлкөлөрдө кубаттуу мамлекеттик жана демөөрчүлүк жардамдын арты менен күлгө айланган бүтүндөй кварталдарды кайра калыбына келтирген учурлар болгон. Биз болсо жоголгон билимди жөн гана изилдеп, популяризациялай алабыз. Мисалы, Белгилүү кокондук аскер башчы Абдурахман-аптабачи тарабынан курулган Ак мечиттин же Алымбек-датканын мавзолейин жана башка ушул сыяктуу тарыхый мурастардын тарыхын изилдөө боюнча боюнча долбоорлорду жүргүзүүгө болот.

Оштун тарыхындагы «Орус доору» же «памиль чай» деген эмне?

Оштун тарыхында шаарда кыштан курулган имараттар пайда боло баштаган кез, же «орус  доору» жакшы изилдене элек. Буга чейин шаарда курулуш иштеринде чопо же генчтин аралашмасы бар атайын плиталар гана колдонулчу. Бул мезгилде, 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында шаарда алгачкы «Москва» мейманканасы менен азыркы күндө Токтогул атын алып жүргөн парк пайда болгон.

Ошондой эле ошол кездин мурасы катары «памиль чай» сөзү сакталып калган. Мынтип ошто кара чайды айтышат, ал түрк тилинде дал «кара чай» деп которулат. Баардыгы биринчи жана экинчи гильдиядагы 26 орус соодагеринен башталган, алардын 20-сы Ошто жашаган. Алардын ичинен эң белгилүүсү Филатовдор менен Тузовдор болушкан. 20-кылымдын башында Филатов аттуу соодагер бүткүл базарды чай, шекер жана татымалдар менен камсыздаган. Анын эң таанымал товары болуп «Филатовдордун фамилдик чайы» маркасы менен сатылган индия кара чайы болгон. Жергиликтлүү жашоочулар бул аталышты толугу менен айта албай, жөн гана «памиль чай» деп коюшкан. Филатовдор көптөн бери жок, жада калса мамлекеттин аты эки жолу өзгөргөн, ал эми Оштун жашоочулары сапаттуу кара чайды алигиче эле «памиль чай» деп айтыр келишет. Бул окуя Оштун ак сакалдары арасында абдан белгилүү, ал эми ал эмне үчүн туристтер үчүн жакшы буклет болуп бербесин?

Ошондой эле Кыргызстандагы алгачкы жана Борбордук Азиядагы экинчи кесиптик театр дал ошол Ошто негизделген. Бул тууралуу дагы биздин гезит жазган. Ал театрдын негизделишинин башатында белгилүү имамдар менен Алымбек-датканын жазмакеринин балдары турган. Изилдей турган кызыктуу окуялар абдан көп, аларды жөн гана билип, плопуляризациялоо керек.

Оштун элементардык туристтик картасы жок! Ал эми мейманканада таратылып жаткандардын пайдасы деле жок, анткени аларда маалымат аз жана алар шаардын борборун гана камтыйт. Ошондой эле шаардагы багыттоочторду бирдиктүү формада жана стилде кылып өзгөртсөк болмок. Шаарда туристтер анын туристтик объекттери, мейманканалары жана эс алуучу жайлары  тууралуу маалымат ала тургандай, сувенирлерди сатып ала алгандай  киоскилер жок. Ошондой эле шаарды борбордогу караокелерден, бал муздак сатуучу түйүндөрдөн, ижарага оюнчук унаа берүүчү жана башка ушул сыяктуу түйүндөрдөн бошотуу керек. Шаардын көркүн бузган жарнамалык  илгичтерден арылуу керек. Шаар бийлиги бул багытта конкреттүү кадамдарды кыла баштаганы абдан жакшы.

Эски базарды жандандыруу керек

Оштогу атактуу эски базар 2010-жылдагы окуяларда абдан чоң запкы жеген. Аны толугу менен калыбына келтирүү үчүн эч кандай маанилуу иштер жасалган эмес. Бүгүнкү күндө активдүү соода Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги тилкеде гана жүрүүдө, ал эми жемиштер, таттуулар, татымалдар, күрүч жана бакча жемиштери жана башка нерселер сатылган базардын эски бөлүгү күндөн күнгө ээнсиреп баратат.

Ошко канча жыл болсо, бул базарга дагы ошончо жыл. Ал шаардын Сулайман тоосу менен эски мечиттериндей эле калориттүү жайы болчу. Ал шаардын жана анын бай тарыхынын бир бөлүгү. Ошондуктан мэр Сарыбашевдин туристтик квартал аркылуу эски базарды жандандыруу боюнча демилгесин колдоо керек!

«Бул бир күндүк жумуш эмес, аны ишке ашыруу үчүн пландоо жана талыкпас эмгек керек. Көп кылымдуу тарыхы бар борбордук базардын аймагында өлкөнүн этникалык, маданий жана  тарыхый ар түрдүүлүгүн көрсөтө алган атайын туристтик квартал курууну пландап жатабыз. Өзгөчө көңүлдү соода катарларынын, дүкөндөрдүн, жана коомдук тамактануучу жайлардын реконструкциясына бурабыз. Алар улуттук стилге ылайкташып, орнаменттер менен жасалгаланат. Эски базарда өнөрпоздор үчүн керектүү шарттарды түзүп беришибиз керек. Жолдор менен тротуарларды дагы табийгый материалдарды колдонуп улуттук стилде жасалгалашыбыз керек,» - деп белгиледи Оштун мэри Сарыбашев.

Түрк шаарларынын эл аралык бренди

Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун айтымында, «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу масштабдуу долбоор түрк дүйнөсүнүн шаарларынын өз алдынча жогорку даражадагы брендине айланды.

Бул долбоор алгачкы жолу 2010-жылы башталган, анда Астана «түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп аталган. Долбоор 2010-жылы ТҮРКСОЙдун катышуучу өлкөлөрүнүн маданият министрлери тарабынан демилгеленген. Казакстандын борбор калаасынан кийин бул наамды түрк Эскишехири, Татарстандын борбор калаасы Казан, түркмөнстандык Мерв,  азербайжандык Шеки, казакстандык Түркестан менен Түркиянын Кастамону шаарлары алган. Мунусунда кыргыз делегациясы тарабынан сунушталган Оштун талапкерлигин баардык катышуучулар бир добуш менен колдоп беришти. Биздин өлкөдөн Ош шаары мынчалык чоң даражадагы сыйга жеткен биринчи шаар. Мисалы, 1993-жылы Алматы шаарында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия менен Түркмөнстандын маданият министрлери тарабынан негизделген бул уюмдун версиясы боюнча казак жана түрк шаарлары эки жолкудан «түрк дүйнөсүнүн борбору» болуп тандалган. Уюмду Казакстандын мурунку маданият министри Дюсен Касеинов жетектейт, ал эми Кыргызстандын расмий өкүлү - белгилүү драматург жана журналист Кожогелди Кулуев. Оштун түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп дайындалышынын алкагында өтүүчү иш чаралар кызыктуу, пайдалуу жана мөмөлүү болот деп ишенебиз.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине