Улутчулдук кайдан келип чыгат?

17:52, 18 Октября 2014

  «Улутчулдук» деги  кайдан келип чыккан? Мектепти бүтүп, ар кайсы улуттун жана расанын балдары менен жашынбак ойноп жүрүп, анан сары чачтуу,  кара чачту кыздарды өтүгү менен тепкилей баштаса, же  кошунасына таш, темир, курчутулган арматура менен жулунчу болсо, кийин сабаттуу, чоң киши болгондо эмне кылат? Бул адамдардын бардыгы тең  психологиялык жактан оорулуу эмес да. Анан, алардын баары – чет элдик «буюрутмаларды» аткарган жалданма адамдар эмес да. Булардын  баштарында эмне механизм тегеренип жатат, мындай окуялардын артында кандай адамдык сапатка жатпаган алдоо турат?


Теория

Улутчулдук деген эмне болгон жырткыч? Сөздүктөрдөн алып карасак, бул -  «улуттун жогорку баалуулугу туурасында тезис базалык принцип болуп саналган  идеология жана саясат». «Улут — биринчи, мамлекет — экинчи», — улутчулдук принциби. Бирок, бардыгынын эмес.

Улутчулдуктун  да  түрлөрү болот. Жарандык  түрү-бул  адамдын  улутчулдукка болгон көз карашы анын  жарандыгынан көз  каранды  болот. Мамлекеттик улутчулдук  -бул  адамдар  өздөрүнүн айрым  бир  жеке  кызыкчылыктарын  экинчи  орунга коюп,  ал  эми мамлекеттик  күчтү, өнүгүүнү, коопсуздукту биринчи  орунга коюшат. 
«Маданий  улутчулдуктун» мааниси  түшүнүктүү. Коомчулук,  улуттар коомдук маданияттан, тилден,  динден  түзүлөт. 

Улутчулдуктун  эң  коркунучтуусу  бул  этникалык  түрү.  Дал ушул  жерден эң  коркунучтуу тарыхый сюжеттер  пайда болот.  Бирок  алар кантип  пайда  болот. Же  бул  канындабы, жада калса социалдык чыңалуу менен кичинекей провокация же жөн гана тиешелүү ураан чакырган адамдар эле жетиштүүбү?  


Практика

СССР  убагында  жашаган коомчулук, биз баарыбыз үчүн  биринчи  коңгуроо, эт туурагычтардын  биринчи  айлампасы 1988-жылдын  акырында  келди. Азербайджандагы  Сумгаитте армяндык погромдор  айыкпас  жараатка  туш болушкан.  Расмий маалыматтарга караганда  26 адам  курман  болгон. Ал  эми  расмий  эмес  булактарда  курман болгондордун  саны  жүздөн  ашаары, алардын көпчүлүк бөлүгүн  аялдар  жана  балдар  түзөөрү айтылат. Аныгы ушул сандардын арасында болушу мүмкүн.  Орто статистикалык диссертациянын  көлөмүнө  караганда  бул  окуянын  версиялары  көбүрөөк.  Бирок коюлган фактыларды карап көрөбүз.     
   
Өзүнүн  арасындагы  курдаштарын  жамандап  пайда  таппаган , ошол  жылдардагы Азербайжандык коомдук активист  Зардушт  Али-Заде  жергиликтүү алюминий ишканасынын жумушчулары менен жолуккандан кийин,  «бардык күбөлөр, кандайдыр  бир  кызыктай, башкача  кийим кийип,  түшүнүксүз  тилде сүйлөп , көпчүлүктүн көңүлүн  буруп жаткан жергиликтүү  эмес  азербайджандыктардын жүргөнүнө»  күбө болушканын  айткан. Тарыхчылардын  айтымында  бул таң калычтуу  коноктор аталган аймакта  окуя болоордун алдында  пайда  болушкан. Көптөгөн ынтымаксыз жарандар үчүн  кайра куруу  иши  СССРдин  эшигин кенен ачып берди. Жана өзүнүн «бешинчи колоннасынын» колун чечип берди. Кимдир бирөө Сумгаитке  курчутулган  арматура  менен сайдын таштарын  жеткирип турган. Эч нерсени эске салган жокпу? 
Айтканда эмне,  армян менен  азербайжандыктардын мамилеси  башынан  эле  татаал. Сумгаиттен мурун акыркы кагылышуу  кылымдын  башталышында,  20-жылдарда  болгон. Андан  кийин  тынчтык  менен  өз-ара  түшүнүшүүгө  келе  алышкан жок. Тескерисинче, мунун баары өз-ара агрессиянын майда толкундары менен чыңалып турган нейтралитетти эске салып турду. Бирок, турмуштук чатактар менен кылмыштуулук жалпы талкалоолорго  жол берип жатты. Советтик доордун  аягында  Сумгаит коомдук  чыңалгандыктын  жергиликтүү борбору  болуп калды, өнөр жайдык айлануулар  жана  калк көбөйө  баштады. Ал  эми  турак  жай жетпей калган. Бул кыртышта 1987-жылы  аймакта «калк   менен  үзгүлтүксүз  иштөөчү» «бул жердик эмес жарандар» пайда  болду. Кайра  куруудан айласы кеткен  атайын  кызматтар  бул  кырдаалды өткөрүп жиберишти .  
Алматылык  аналитик  Евгений  Пастухов: Сумгаиттен эң биринчи алына турган сабак, мындай  трагедиялар  кайра эч  качан  кайталанбашы  керек. Акыркы  жылдары  СССРдеги  коомдук-саясий  либерализациянын  фонунда Москва  чече алмак турсун,  көйгөйлүү  маселелерди  кызыкдар  болгон  адамдарды куралдандыра электен мурда, актуалдуу болуп жаткан көйгөйлөрдү  белгилей да алышкан эмес.  Советтер  союзу өзүнүн кубаттуу армиясы жана атайын кызматкерлери менен убагында дартын аныктай албай жаткан ооруну жок кылышты. Андан  кийин Карабак болду. Анан дагы 1990-жылы Фергана өрөөнүндө  жарылды. Карабактык жана кыргыз-өзбек урушу борбордук бийликтин солгундашынан улам келип чыкты. Бул жакта да тиги жакта да коомдук кыйынчылыктын орду бар болчу. Ошону менен бирге эле ошол учурда Фергана өрөөнүндө айыл чарба боюнча суроо курч коюлуп турган. 

Жеке менчик ээлеринин баш аламан алмашуусу, иштетилип бүткөн жерлерге жаңы талапкерлер – мунун баары “патриоттор” кан төгүүлөрдү баштаган кыртыштан башталды. Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларды Украиналык журналист     Сергей Слесарев мындай деген: «Бардыгы 1988-жылы эле башталган, ошол кезде  «кайра куруу» СССРдеги ар кошкондорго эшик ачып берген.  Саясатчылардын жеңил колунан тышкы жол көрсөткүчтөрү бар жана тумандуу агрессиялык максаттары менен көп сандаган саясий жаштардын «патриоттук» кыймылдары түзүлдү. Ош боюнча боевиктерди машыктырган тоолордогу лагерлердин түзүлүшү туурасында имиштер жайылды.  Жергиликтүү жана республикалык бийлик мунун баарына көзүн жумду.  Трагедия 1990-жылы, июнда башталды». Курман болгондордун саны, ар кайсы маалыматтар боюнча эки миңден кырк миңге чейин  туруксуз. Бул  жаңжал мурдагы Союздун аймагында  кандуу жана  каардуу болуп саналат.

Мурдагы  Союзду    «этникалык» жаңжалдарды жаратты.

2010-жылы  сценарий   Фергана өрөөнүндө дагы бир жолу кайталанды.   Фергана  агенттиги мындай деп жазат: «Кыргызстандын Түштүгүндөгү кайгылуу окуяларга өз көз карашын   антрополог, Француз Улуттук изилдөө борборунун кызматкери Борис Петрик сунуштайт. Окумуштуунун пикири боюнча, Кыргызстандын өнүгүү логикасынын баары, Акаевдин башкаруу мезгилинен баштап,мамлекетте армиянын да, полициянын да жок болушуна алып келди, жана саясий-мафиялык топтор  таасир этүү тармагын бөлүп, саясий өзгөрүүлөргө теңдешкен. Эл аралык уюмдар жана демократиялык ӨЭУ мамлекеттеги жалпы социалдык келишимдин түзүлүшүнө шарт түздү,жана калктын ар кандай топторунун ортосунда каршылыктарды бекемдешкен жана күчөткөн».

  Романа Вейцелянын макаласынан үзүндү,  ошол кезде ал  КР дагы  IslamSNG.com кабарчысы болгон: « Мүмкүн (дагы бир жолу кайталайм, мүмкүн!), бул жаңжал Россиянын аймагында катышууну күчөтүүгө жол бербөө үчүн тышкы геосаясий оюнчулар тарабынан башталган, бул бир нече жыл  бою ОШ областында өзүнүн аскердик базасын түзүү үчүн аракет кылып келген. Болуп өткөн жаңжалдан кийин бул  идея жокко чыкты. Аны машыктыруу борбору катары түзүүгө аракет кылышты, бирок жыйынтык чыккан жок».

Бул окуяга тартылбаган жана эмоционалдык жактан кызыкдар эмес эксперттердин жана журналисттердин пикирин атайылап келтирдик.  Улутчулдук боюнча бүгүнкү маалыматтык согуш жана Украинадагы окуялардын сценарийин  жана бул окуялардын себептерин көргөзүүнүн жана куурчак ойноткондордун айткандарын келтирүүнүн мааниси да жок, аларды али эч ким унута элек. 
Жыйынтыгы
Фактылар көргөзүп турат:  бар дагы  «этника аралык» кан төгүлүү кызыкдар технологдордун катышуусу жок, алардын тынымсыз жана узакка созулган эмгегисиз башталбайт болчу.  Бардык согуштар – мамлекеттик коопсуздуктун алсызданышынын жыйынтыгы. Башка убакта «тыңчылыкка жиберилген казактардын» ишмердүүлүгүнө жол берилмек эмес. Азыр биз байкап турган алааматтар үчүн социалдык чыңалуу менен кылмыштуулук жетишсиз, жана коркконум, алдыда дагы улана берет окшойт. Жаңжалды  технологиялык жактан ысытуу керек, аны күчөтүп, каржылап, «аскердик топторду» — куралдандырып,  провокаторлорду – даярдоо керек.  Бул оркестрдин баардыгын бирөө башкарып турат, болбосо жалпы мушташ менен бир-эки сынган айнектен ары иш өтмөк эмес. Элдер бири-бирин анчалык жек көрүү сезими менен өлтүргүлөрү келишпейт. Трагедиялык жыйынтыкка , анын натыйжасында – ар дайым! -  болуп келген деградация менен  сепарацияга,  так, узакка даярдалган диверсиялык  операция алып келет. Суроо, болгону экөө. Биз, бир өлкөдө жашаган бир туугандар, өзүбүздүн эле көйгөйлөрүбүзгө ойноп, биздин жашообузду жок кылганы келгендерди үйүбүздөн кантип кууп чыгабыз?  Жана баарыбыз чогулгандан башка, кандайдыр бир жол менен, биздин ЖАЛПЫ мамлекеттүүлүгүүбүздү  жанана мамлекеттик коопсуздугубузду бекемдөө менен  жеңип чыга алабызбы? 

Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине