Караколдун татарлары. Дайрадагы үй

13:51, 5 Ноября 2014

Орто Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы  биринчи татарлар Петр 1 дин убагында пайда болушкан. Айрым булактар боюнча, татарларды христиандыкка өткөрүү боюнча ишти баштаган орусия бийлигинен жашырынышкан мусулман дин өкүлдөрү келишкен. Мына ошолор, азыркы тил менен айтканда, кыргыздарды исламга каратуу боюнча активдүү иш жүргүзүшкөн.

Тарыхы

Ал эми XIX кылымдын экинчи жарымында татарлар, активдүү  демилгелүү калк катары, Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн көчүп келе башташты. Ошол кезде алардын көчүп келип, жайгашуусунун башкы максаты - Чыгыш менен Батыштын ортосундагы соода байланышын өнүктүрүү жана активдештирүү болгон. 

Рашид Насибулин, «Татулык» коомдук фондунун төрагасы мындай дейт: «Бейтааныш жерге жалпы көчүп келип отурукташуудан мурда, падыша бийлиги бул жакка Поволжиедан татар көпөстөрүн жиберишкен. Алардын бири августта келип, мындай кат жазган:  «Мен көлдүн жээгинде жатам (Ысык-Көл),  жанындагы  талаада буудай бышып турат, ал эми тоодо кар жатат».  Казанда бул катты алышып, ишенишкен жок, жада калса, бул чабарман акылынан адашкан жокпу деп, коркуп да кетишти. Көрсө,  Кыргызстан –абдан берекелүү, сонун жер экен да. Ошондо, андан да демилгелүү татарлар бул жерге өз үй-бүлөсү жана оокаттары менен келе башташкан».

Кыргызстанга келген биринчи мигранттардын катарына көпөстөр, тажрыйбалуу соода  ишкерлери, татарлардын диний жана элдик агартуучулары киришкен. Көпөстөрдүн көпчүлүгү бир гана товар алып келүүгө умтулбастан, кыргыз калкы менен товар алмашууну кеңейтүүгө да умтулган.

Мисалга алсак, бай кыргыздардын аялдары менен кыздары аларга аталары жана күйөөлөрү чоң шаарлардан  алып келип бергендирине эле ыраазы болушкан. Ал эми татар көпөстөрү өздөрү товарларын алып алышып, алыскы жайлоолорго барышкан жана түрдүү кездемелерди жана жасалгаларды сунуш кылышкан.

Татарлардын аркасынан бир гана товар алмашуу эмес, жаңы идеяларды алмашуу  башталды. Анткени, Каракол өзүнүн жайгашкан жери менен абдан даңкталган,  ал соода-сатык кылганга абдан ыңгайлуу, улуу Жибек жолунун боюнда, балык кармаганга ыңгайлуу жана тоо боорунда  мергенчилик кылууга ар кандай илбээсиндерге бай көк деңиздин жана бийик тоолордун ортосунда жайгашкан, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жерге бир гана соодагерлер менен ишкерлери кызыкпастан,  дыйкандары да абдан кызыгышкан. Татарлардын аркасы менен бул жерде базар жана күркө соодасы өнүгө баштаган.

1877-жылы Караколдо көпөс Каримов тери заводун курат. Ушул учурдан баштап Каракол соода капиталы, дүкөндөр, соода күркөлөрү менен  сатып алуучулардын соода-сатык борбору болуп калат. 1906 –жылы  102 көпөстөрдүн үй-бүлөсүнүн  78 ин татарлар түзгөн.

Билимдүү жана абдан сабаттуу петербург татары Мухаммади Ибрагимов  XIX жүз жылдыктын  70-жылдарынын башында Каракол шаарына котормочу болуп жиберилет, ал Пржевальсктин  коштоочусу болгон. Мезгилдин өтүшү менен ал ишкер болуп чыга келет, көпөс  Фатих Сулайманов менен бирге Караколдогу биринчи Соода үйүн ачат. Экөө тең 1-кезектеги соодагерлер болуп чыгышат. Алардын демилгеси менен Жаргылчак айылында жыгач кыйуучу завод ачылат, Ысык-Көл аркылуу жүк ташуучу баржалар менен калак менен айдоочу чоң кайыктардан турган анча чоң эмес флот түзүлөт. 

1840 –жылы Казан муфтияты тарабынан  Верный шаарына  Мухтурулла Баширов жөнөтүлөт.  Жапжаш кезинде эле ал кайра Ысык-Көлгө сапар алат да, ошол жерден өзүнүн ишмердүүлүгүн кызуу жүргүзө баштайт, Ысык-Көлдүн тегерегиндеги айылдарды кыдырып, элге намаз окуганды жана исламдын негиздерин үйрөтө баштайт. Караколдогу биринчи мечит 1850-жылы курулган. Ал эми 1878-жылы Мухтарулланын  жетекчилиги алдында Караколдо элдик  каражаттарга чоң татар мечитинин курулушу башталат жана 1887-жылы аяктайт. Мечитте кызмат татар тилинде жүргүзүлөт. 

 Камиль-аканын үй-бүлөсү

75-жашар Камил Гизатулиндин  үйү Каракол дарыясынын укмуштуудай кооз жээгинде жайгашкан. Ал аны өткөн кылымдын 80-жылдарында кагаз оромдорунун ортосундагы түтүктөрдөн  салган. Үйдүн жалпы баасы болгон 3 миң сомду түзгөн.

Камиль-ака  өзүнүн мончосу, спорт залы, бакчасы бар эки кабат үйүн сыймыктануу меен көргөздү жана буларды айтып берди: «Менин чоң атам  Ахматжан Гизатулин Орто Азияга падышанын буйругу менен келген экен. Атам 1900-жылы Верныйда төрөлгөн, ал эми 1910-жылы үй бүлө  Караколго көчүп келет. Чоң атам Караколдогу биринчи китепкананы ачкан. Атам сабаттуулукка үйрөнүп, мектепте сабак берет. Ал эми апам өз үй бүлөсү менен ачарчылык жылдарында көчүп келиптир».

Камиль-аканын атасы апийим кабыл алуучу  «Лектротрестте» жетекчи болуп иштептир. Ошол мезгилде Ысык-Көл областында дарылык максатта  тегиз апийим гүлүн айдашкан.  Камиль-аканын өзү,  өзүнүн ата-бабасындай эле өмүр бою соода тармагында иштеди. Азыр, пенсионер болгон кезде да, аарычылык менен алектенет. 

Анын жубайы, Роза Зайнуллаевна да, Ысык-Көлдүн кызы.  «Совет мезгилинде өзүнүн укум-тукумун изилдеп үйрөнүүгө жол берилген эмес, ошондуктан, Татарстанда менин туугандарым калдыбы, билбейм. Согушка чейин атабыз даярдоочу болуп иштечү. Биз Тамгада, Түптө, Покровкада жашаганбыз, андан кийин Караколдо отурукташтык. Атам согуштан жарадар болуп, кайтып келди, жеңиштен үч жыл өткөндөн кийин каза болду. Апам алты баласы менен жалгыз калды. Эң кичинекей сиңдим атам өлгөндөн кийин бир айдан кийин төрөлдү. Бирок, апам баарыбызды багып чоңойтуп, татыктуу билим берди», - деп эскерет аялы. 

 Камиль-ака менен  Роза эже – чыныгы советтик тарбия алган адамдар болгонуна карабастан, алардын ата-энеси татарлардын каада салтын өтө урматтап, кармап келишет. Падышалык мезгилден берки татарлар,эреже катары, этникалык топтор болуп, бири-бирине жакын жайгашкан. Ошондуктан, көптөгөн кыргыз шаарларында Татар көчөлөрү бар. 

Тукумдары

Гизатулиндердин үй-бүлөсүндө алты бала – үч уулу жана үч кызы бар. Бирок, бул татар үй бүлөсү эмес, чыныгы ар улуттуу үй бүлө – күйөө балдары-кыргыз жана уйгур, келиндери – орус, татар жана уйгур. Улуу небереси жакында эле нарындык кыргыз кызды алды.

Короодо эки небереси ойноп жүрөт – Амир жана Тимур. А л эми үй-бүлөдө бардыгы болуп, 12 небере бар. Гизатулиндердин бардык балдары Кыргызстанда жашап, иштешет. Бирок, миграциялык жүрүмдөр  татарларды да четте калтырган жок. 

Рашид Насибулин,  «Татулык» коомдук фондугунун төрагасы мындай дейт: «Бүгүн татар жаштары Россияга кетип жатышат. Бардыгынын жогорку билим туурасында диплому бар, бирок жумуш жок болгондуктан, бул жердин айлыгы аларды ыраазы кылбаганы үчүн кетип жатышат. Татарлар – эмгекчил калк. Биз жакшы иштегибиз келет, жакшы акча таап, жакшы жашагыбыз келет. Ал эми бюджеттик жумушта буга жете албайсың. Татарлардын этникалык тобу мындан ары кантип өнүгүп, жашаарын убакыт көргөзөт. Бирок, калгандар, алар Ысык-Көлдө 1100 адам, эми эч жакка кетпей калышты болушу керек. Агым азайды, анын үстүнө бизде төрөлүү да жакшы».

«Караколдо үч жыл мурун үчүнчү күчтөр улут аралык жаңжал чыгарууга аракет кылышты, бирок биздин үй бүлөлөрүбүз ар улуттуу. Ошондуктан, жаңжал чыккан жок», - дейт Камиль-ака.

Кыргызстанда бүгүнкү күнү  50 миңге жакын  татарлар менен башкырлар жашайт. 7-8 жыл мурда Кыргызстандын бардык областтарында өздөрүнүн эң чоң майрамы - Сабантуй» майрамын жакшы өткөрө башташты. Тарыхый мекени менен Татарлардын бүткүл дүйнөлүк конгресси аркылуу байланышып турушат, алар кыргыз татарларын абдан активдүү колдошот. Алардын колдоосу алдындагы майрамга белгилүү артисттер келишет, татарстандан адабияттарды алып келишет. Жаштарга Казан университетинде окууга квота алышат.

«Биз, бардык эле кыргызстандыктар сыяктуу, өнүккөн, тынч Кыргызстан тууралуу кыялданабыз. Бардык улуттар бул жерде жакшы жашап, өнүксө дейбиз. Биздин балдарыбыз жакшы билим алып, иштесе дейбиз. Башкысы, мамлекетибиз бардыгына бирдей кам көрүп, бирдей мамиле кылса болду», - дейт Камиль-ака.

Лейла Саралаева,  Абылай Саралаевдин сүрөтү 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине