Бермет Букашева: «Эгер бакыт – жан дүйнөнүн кызуу эмгеги болсо, анда мен бактылуумун»

09:59, 24 Сентября 2014

  «Жаңы жүздөр» гезити бир кезде элдин баарына белгилүү  «Лица» газетасынын  уландысы катары чыга баштады. Окурмандар аны дагы эле унутуша элек.  Анда  Бермет Букашеванын жетекчилиги алдында  эксклюзивдүү  интервьюлар жана   журналисттик чынчыл иликтөөлөр жарык көрө турган. Акыркы жылдарда баарыбызга бул газета, анын өзгөчө стили жетишпей  жаткан. Ошондуктан,  «Жаңы Жүздөрдө»  биз  «Лица Бермет Букашева менен» аттуу рубрика ачтык. Мында – Берметтин  саясатчылар жана башка кызыктуу адамдар менен болгон маектери,  биздин мамлекеттеги жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан кызыктуу, актуалдуу окуяларга болгон анын журналисттик иликтөөсү жана талдоолору, окуяларга саякаты,  о.э. акыркы жылдарда өзү жашап жаткан Америкадан алынган байкоолору чагылдырылат. 

Кийинки номерден баштап гезит беттеринен анын «Мира» аттуу саясий романын жарыялоону пландаштырып жатабыз. Бул роман эмне туурасында, башкы каармандардын прототиптери кимдер жана бул романды жазуу идеясы кайдан жаралды, автору Бермет Букашева менен болгон бүгүнкү маегибизде.

- Бермет, эмне үчүн Бакиевдердин башкаруу убагындагы саясий окуялар туурасында китеп жазууну чечтиңиз? 

- Мени ар дайым, өлкөбүздө эки революция болуп өттү, ага байланыштуу элибиз эмнени гана башынан өткөргөн жок, бирок ошол окуялардын бири дагы адабиятта, кинемотографияда чагылдырылган жок деген ой кыйнап жүрчү. Ошондуктан, саясий баяндамачы катарында иликтеп жүргөн окуялардын, процесстердин жок дегенде бир бөлүгүн  жазып, элиме тартуулайын дедим. Бул жерде менин бир гана журналист эмес, адистигим боюнча тарыхчы экендигим да чоң роль ойноду. Натыйжада, окурмандар үчүн көнүмүш эмес, документалистика менен адабияттын, болгон окуялар менен ойдон чыгаруулардын аралашмасы пайда болду.

- Окурмандарды сиздин каармандарыңыздын прототиптери көбүрөөк кызыктырат: кимиси – ким? 

- Ооба, чындыгында бардыгы прототиптерин издеп жатышат, окшоштуруп жатып жадашты. А мен,окурмандарды китептеги окуяларды окуп, ырахат алууну сунуштаар элем, азыркы саясатчыларды арасынан издебей.  Башкы каармандар – өз алдынча инсандар, алардын мүнөздөрү, ойлору, кылган иштери ойдон чыгарылган. Бул  Роза Отунбаева эмес,  Медет Садыркулов же Өмүрбек Текебаев эмес...  Мен азыркы саясатчылардын жеке жашоосун жазып чыкмак эмесмин, алардын ойлору, ички дүйнөсүн сүрөттөй албайм, анткени биз башка адам туурасында баарын биле албайбыз: чоочун жан – караңгы токой.

- Менин түшүнгөнүмө караганда, каармандардын образы – жалпыланган окшойт?

- Албетте, жалпыланган, анткени бардык саясатчыларды камтысаң, анда  китептин көлөмү батыра албайт.  Менин милдетим, окуянын өзүн, тарыхый чындыкты  чагылдыруу болду. Анткени, биздин баарыбыз билген  бир чындык бар. Б.а. тышкы иштер министри болуп жүрүп, аягында Убактылуу Өкмөттүн башчысы, андан кийин Президент болгон бир аял бар. Бул факт, мен муну сюжеттин негизи катары алдым.  Бирок, менин каарманым Мира Камилова Кыргызстанда эмес, Чынгызстанда жашайт.  Өлкөнүн өзгөртүлгөн аталышы каармандардын өзгөргөндүгүн баса  белгилейт.  Миранын жаш курагы башка, мүнөзү башка, кебетеси башка, ал жакта сүйүү окуялары  бар – аны менен экинчи каарман мурдагы премьер министр Султан Рабин экөөнүн ортосунда.  Мира президенттин башкы Секретариаты болгондугу,  бул кызмат, Роза Отунбаева анда эч качан иштеген эмес – каармандардын ойдон чыгарылгандыгын айтып турат. Анткени, жаңылыктардын чеке-белин гана билген окурман дагы Секретариаттын башчысы Оксана Малеваная болгондугун билет.

- Анын айрым бир ниеттери туурасындагы маалыматтарды  Малеванаянын өзүнөн алганбы деген да ой келип кетти мага.

- Жок. Мен образдын жалпыланганы туурасында айтканымда, мен турмушта болгон интервьюларды, каармандардын мүнөздөрүн жана ойлорун айтканым жок. Мен айтып кеттим го, китепте да ушинтип жазылган, алар ойдон чыгарылган. Бирок, саясий  фактылар - ойдон чыгарылган жок.   Садыркуловду Ак үйдөгү жогорку кызматтан отставкага кетирип, ал оппозицияга кеткенде, Ак үйгө  Малеваннаяны, аны менен абдан жакын мамиледе жүргөн аялды кызматка алышат.  Кызык, бирок факт, бул да китепте чагылдырылган.  Саясатчылардын  ортосундагы сүйүү, алардын ар кайсы лагерлерде болуп калгандыгы – мунун бардыгы болгон, мунун бардыгы турмуш.  Президенттин уулу- Максим Бакиев  башка жогорку кызматтагы айым – БШКнын башчысы Клара Кабилованы элдин алдында сөккөндүгү да факт. Ошондон кийин ал өз каалосу боюнча жумушунан бошоп кеткен.  Бул да Миранын тарыхына кирди.

- Ооба... Миранын атынан да көпчүлүк Жангарачева туурасында айтып жатабы деп ойлошту...

- Мен анын атын алдым, тышкы келбети да келишимдүү, кызыктуу айым- азыр да ошондой болсо керек, мен аны көптөн бери көрө элекмин – менин каарманым сыяктуу болсо керек дагы эле.

-Миранын образында дагы бирөө барбы?

- Майып болуп калган Сыргак Абдылдаевге операциядан кийин Швецияга кетүүгө жардам берген Чолпон Жакупованын жашоосундагы фактылар бар.  Эльмира Ибраимованын да айрым мүнөздөрү бар. Анткени ал – мурдагы курман болгон премьер министр Султан  Ибраимовдун кызы. Ал эми Мира Камилованын чоң атасы – 30-жылдарда репрессияга дуушар болгон чыгаан саясатчы.  Анын үстүнө, Ибраимова Камилова сыяктуу эле,  бийликтин  «Ак-Жол» партиясына жакшы ниеттер менен барса керек деп ойлойм. 

- Анан алар Садыркулов менен дос болушкан.

- Туптуура. Жакын достор,  Камилованы Султан Рабин президент кылгысы келгендей эле,  Медет Чоканович да  Ибрагимованы президент кылгысы келген. 

- Рабин – ал да жалпыланма каарманбы? Ал туурасында айтсаңыз.

- Ал дагы. Бирок, Рабин көбүн эсе   Медет  Садыркуловго окшошураак, бирок ал президентин админстрация башчысы эмес, мурдагы  премьер-министр. Бакиев убагында биздеги премьер, биринчи революциядан кийин аны менен альянста президенттик шайлоого барган. Эл  «Бакиев-Кулов» тандеми үчүн добуш берген. Андан кийин Куловду  премьерликтен түртүп салышты, ал оппозициялык Фронт түзүп, Бакиевдин отставкасын тылып кылып чыкты. Андан кийин ушул эле  тагдыр   Атамбаевге буюрду,  ал жарандык согуштун алдын алам деп,  оппозициядан премьерге барды. Бакиевдердин үй бүлөсү аны да түртүштү,   Алмаз Шаршенович болсо кийинки шайлоодо  Бакиевдин негизги атаандашына айланды. Ошентип,   Кулов да, Садыркулов да,  Атамбаев да бир убакта  Бакиев менен иштешкен, андан кийин аны президенттиктен түшүрүү үчүн колунан келген аракетин аяшкан жок.  Бул тарыхый чындык Султан Рабиндин образында жалпыланды.  Рабин  Атамбаев сыяктуу бириккен оппозициядан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлөт.  Рабин  Садыркулов сыяктуу  акыйкат эмес шайлоодо өз салымын кошкон, ал кийин көзүн тазалашкан тутумдун бир бөлүгү болчу.  Ал Бакиевди жок кылам деп сөз берет, анын  Казакстанда жардам берчү  таасирдүү достору бар.   Рабинге  Садыркуловго алып келишкендей эле, коркунучтуу тартуу беришет: кесилген манжалар менен кулактар...

- Ооба да, бирок эмне үчүн машинадан Рабинди эмес,  мурдагы төрага Умар  Баевди өрттөшөт? Сиз   «Өмүрбек Текебаевди» жок кылганыңыз көпчүлүктүн тынчын алды.

-  Умар Баевдин образында дагы эле тарыхый фактылар чагылдырылган:  Бакиев убагында, анын башкаруусунун башында көп сандаган ачык жана чыгаан депутаттар менен активдүү парламент иш баштаган, алар Жогорку Кеңеште коркпостон чыгып сөз сүйлөшүп, көп сандаган митингдерди уюштурушкан – бул көп жагынан төраганын оппозициядагы көзүр Текебаев болгону менен шартталат. Ал социалисттик партиянын лидери болчу.  Аны депутаттык корпусту кайра түзүүнүн жардамы менен кызматынан түшүрүштү. Бирок, менин үчүнчү каарманым Умар Баевдин бардык эле жактары Текебаев менен дал келбейт.  Мисалы, Баев  Москвага барып, Россиянын президентинин колдоосун табат – булардын бири да Өмүрбек Чиркешевичте болгон эмес. Мен эмне үчүн Садыркуловдун өлүмүн Рабин эмес, Баев аркылуу бергим келди?  Анткени  бул кылмышта Бакиевдердин бардык мыкаачылыгы, алар ишке ашырышкан саясий киши өлтүрүүлөрдүн бардыгы чагылдырылган сыяктуу.  Принципте,  Текебаевди да алар саясий жана моралдык жактан жок кылгылары келген.  Башында, матрешка менен карматышты, андан кийин башка компромат таппай калганда жана жеке өзүн жок кылууга батына албаганда, интернетке ыплас видеолорду таратуу менен аны элден алыстаткылары келишти. Менин оюмча, ал жашоосунда абдан олуттуу сыноого туш болду – саясий өлүм алдында турду -  эми бул  туңгуюктан кайра суурулуп чыга алабы, анын өзүнөн көз каранды. 

- Китептин уландысы да болобу?  Жазылгысы эле келип тургандай.

- Ооба, мен уландысын жазам буюрса.Сюжеттерин азыр айтып берүүгө даяр эмесмин, бирок бул китептегидей эле экинчи революция убагында болуп өткөн  документалдык материалга, фактыларга  таянам.

- Кызыктыргыдай экен. Айтмакчы,  Алмаз Шаршенович сиздин китебиңизди окуду бекен?

- Окуптур,мага өзү айтты.

- Жолуктуңарбы?

- Ооба, ал мени чакырыптыр, анын резиденциясында дээрлик бир саат сүйлөштүк. Биз беш жылдан бери жолуга элек болчубуз. Мен абдан ыраазымын, сүйлөшүү убагында ал мени менен ачык, чынчыл болду, президент эмес, жөнөкөй адамдай,дос катары сүйлөштү. 

- Кызмат сунуштаган жокпу?

- Жок, кызмат сунуштаган жок, медаль да такпады. Ваза белек кылды (күлөт).

- А сиз ага белек бердиңизби?

- Ооба. Бирок, парага жатпайт (күлөт).   Америкадан ала келген кичинекей сувенир. Президент  Теодор  Рузвельттин белгилүү  сөзү менен чөп кат: «Speak softly and carry a big stick: you will go far». – «Жумшак сүйлөп, чоң таяк кармап ал  – ошондо алыска барасың». Бул саясатчылар үчүн маанилүү фразалардын бири. Айтмакчы, анын столунан англис тилинин сөздүгүн көрдүм. Бүттү. Менден башканы сураба, мен экөөбүздүн маегибиздин мазмунун айтпайм.  Болгону айтайын дегеним, мен мурда кандай болсом, дагы эле ошондой көз карандысыз бойдон калам, өз баамда, өзүмдүн талкууларымда, өз таразалоомдо өзүмдүн сын пикирим менен, жана саясатчылардын кимиси менен сүйлөшпөйүн, ушуну баамдап жатышкандыгын көрөм.  Менин президентке бир гана өтүнүчүм болду, мэрге шаардын борборундагы  жолдорду оңдоону катуураак талап кылыңыз  дедим.

- Сиз  Кыргызстандан 2009-жылы жазында кеттиңиз, ошондо кыргыз саясаты сизди тажатканын айттыңыз эле. Ошол эле убакта, өз китебиңизде жашоонун ошол мезгилине кайрылып келипсиз. Эмнеге?

- Баары өз огунда айланат. Өтө өсүп кеттим. Мен баары бир мекенимден ажырай алган жокмун, о.э. саясаттан да айрыла алган жокмун. Кебетеси, мунун баары меники окшойт. Ар бири өз ишин кылышы керек. Мындай сөз бар: «Эгер жаза албасаң – жазбай эле койгонуң жакшы». Эгер жазбай кое албасаң, анда жаз. Мен да ошондой. Саясат туурасында жазбай кое албайм.  Бирок чынын айтсам, дагы эле тажадым.  Мен четтен жөн гана карап тура албайм. Мен үчүн саясат – Достоевский айткандай, - өз мекениме болгон сүйүү болуп кала берет. 

- Сиз кандай ойлойсуз, ушул жылдары кыргыздын саясий элитасы, анын күрөшүү принциптери өзгөрүптүрбү?

- Өзгөрүптүр. Романтикалык мезгил бүттү. Негизинен,  прагматика, акча, соодалашуу гана калды. Азыр биздин саясатта көп тышкы, эл аралык контекст бар. Бул да, 2005-2010-жылдардагы мезгил чагылдырылганына карабай, менин китебимде сүрөттөлгөн. Бирок, азыр тышкы фактор андан да көп. Качандыр бир кезде биз өзүбүз менен өзүбүз быкылдай берчүбүз. Россияга да, Америкага да керегибиз жок болчу.  Бирок, башкысы бул эмес. Эл азыр эч кимге ишенбейт. Эч кандай кадыр барк деген жок. Бардыгын жер менен топуракка таптап бүтүштү.   Буга жараша, күрөшүү принциптери да өзгөрдү. Мурда биз митингдерге уятыбыз менен, бүт жүрөгүбүз менен барчубуз. Азыр андай экенинен шегим бар. Бирок,     Кыргызстандын жарандарын айтуу кыйын.  Ким билет?  Мына азыр Россия үчүн, жери үчүн  жөн гана кыргызстандыктар эмес, кыргыздар жанын берүүгө даяр сыяктуу сезилет мага. Антейин десең,  америкалыктар, украиндер да активдүү.

- Айтмакчы, азыр сиз жашап жаткан Американын саясатына кандай көз караштасыз?

- Сын көз менен карайм, мунун баары фейсбукта чагылдырылган, менин китебимде да кош стандарттар туурасындагы чындык көргөзүлгөн.  Бирок, менин сын пикирим – чоочун адамдын эмес, АКШнын жашоочусунун пикири. Азыр болуп жаткандардан жан дүйнөм ооруйт. Ананчы, бул жерде, Кыргызстанда болгондордон биз кыйналган жок белек? Өлкөңө болгон сүйүүдөн улам кыйналасың. Мекенибизге болгон сүйүүдөн улам биз бийликтин аракеттерин сындап, алардын кылмыштарын ачтык, ушундайбы? Биздин батыштагы активисттерибиз Америкада жашап алып, аны сындап жатканына катуу нааразы.  Мен аларга мындай дедим: мени өлкөдөн чыгаруу түйшүгүн Американын бийлигине калтыргыла дедим. Эгер алардын логикасына караса, эгер алар  Кыргызстанда жашашса, алар бийликти сындабашы керек экен. Келгиле, анда  Кыргызстанды сүйсөк, коррупция туурасында ооз ачпай эле коелу  – ушундай экен да? Анда алардын мактанган америкалык демократиясы кана, эгер ал мамлекетти сындаганга болбосо?... Ушундай, мен Американы ушунчалык жакшы көрүп калганымдан, анда болуп жаткан нерсенин бардыгын жүрөгүмө жакын кабыл алам.  Мен анын бир кезде негиздөөчү аталар куруп кеткен  улуу держава бойдон калышын каалайм.  Ушул жылдардын ичинде мен анын тарыхын жакшы эле билип калдым, жана дагы эле изилдөөнүн үсүтүндөмүн. Мен Америка туурасында китеп жазып жатам. Бирок мен Россияны –менин өлкөм СССРди түзгөн өлкөнү да сүйөм.  Өзүң төрөлүп, чоңойгон жериңди кантип сүйбөй кое аласың.  Бул маңкурт болуу дегендик. Биз көз карандысыз Кыргызстанда төрөлүп, өскөн жокпуз да, СССРде төрөлдүк.  Бул жаман өлкө болсо дагы: ата эне менен мекениңди тандай албайсың, алар кандай болсо да аларга чыккынчылык кыла албайсың...  Анын үстүнө  СССР жаман эмес болчу. Бардык мамлекеттердин караңгы мезгилдери бар. Бул улуу  держава, адамзатты фашизмден сактап калган. Бизге, брежнев мезгилинин балдарына бактылуу балалыкты берген.   Айтмакчы, китептин башындагы Томас  Джефферсондун сөзүн байкадыңбы?   Россия туурасында бир айтканы бар. «Мен Россияны дүйнөнүн бардык мамлекеттерине караганда  бизге дос мамилесин сактап калган мамлекет бойдон калаарына ишенем,  анын кызматтары бизге келечекте да керек, ошондуктан баарынан мурда анын көңүлүн карашыбыз керекМындай сезимдер бүт улутта болсо дейм». Ал эми Джефферсон – негизги фигура, АКШнын негиздөөчүсү.

- Окурмандарга ал жактагы жашооңуз туурасында айтып берсеңиз. Эмне иш кыласыз, кайда жашайсыз?

- 2009-жылы ал жакка келгенимде, Огайо штатында 1,5 жыл жашадым. Эми, үч жылдан бери   Нью-Йоркто 8 жашар уулум менен турам.  Бруклинде кичинекей батирде жашайм. Брайтон-бич орус районунда кайрымдуулук фондунда иштейм, ал жакта орус тилдүүлөр үчүн англис тил курсу бар,  мен биринчи деңгээлдеги англис тилинен сабак берем. Мен көбүнчө өз чыгармачылыгым, өз изилдөөлөрүм  менен алектенем.  Тарыхчы катары мага АКШнын тарыхын изилдеген кызыктуу, мен ар кайсы музейлерге барып, тарыхый жерлерди кыдырам. Өткөн жылы таң калаарлык «road-trip» жасадым, америкалыктар автомобилдеги саякатты ушинтип аташат. Достор менен биз Американын батыш бөлүгүн чыгыш жээктен  баштап кыдырып келдик,  17 штаттын борборлорунун Капитолийлеринде болдук. 

- Сиз бактылуусузбу?

- Кайсы түшүнүктү бакыт деп алганга жараша. Мага бул аныктама жагат, кимге таандык экени эсимде жок: «Бакыт – бул жан дүйнөңдүн кызуу эмгеги». Эгер ушундай болсо, анда бактылуумун 

- Бир аз убакыт мурда биз Кыргызстандын көз карандысыздык күнүн белгиледик. Бул майрамды кандай сезим менен кабыл аласыз жана кыргызстандыктарга эмне каалайсыз?

- Мен алардын баштаган ишин улантышсын деп кааламакмын. Бул келгенимде, элдин жетиштүү жашап баштаганын байкадым, мурда мындай эмес болчу, алар өкмөттөн нан сурап отурушпайт, өздөрү кыймылдашат  экен.  Көбү чыгаан ишкер болушуптур. Мыкты ресторандарды, дүкөндөрдү, салондорду ачышыптыр, үйлөрдү куруп жатышыптыр, үйлөрүн евро кылып оңдошуп, фильм тартып, таптакыр болбой калса көйнөктөрдү тигишип, аларды сатышат экен.  Албетте. Баары эле мындай кыйын эмес, бирок ошентсе да. Машиналардын саны боюнча бир кишиге канчоо туура келет, кебетеси планета боюнча биринчи окшойбуз.   Демек, алга жылып баштаппыз.   Мен баарына гүлдөп өчсүүнү, чыдамкайлыкты жана тынчтык каалайм. 

Маектешкен Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине