Эмгек мигранттарынын балдары - социалдык жетимдер

10:10, 16 Февраля

Эмгек миграциясынын негизги кемчилиги - кароосуз калган балдар. 2020-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин үймө-үй жүргүзгөн тешерүүсүнүн натыйжасында ата-энелери эмгек миграциясында жүргөн 85459 бала аныкталган.

Ата-энесинин мээримин көрбөй чоңойгон мигранттардын балдары өмүр бою психологиялык жаракат алышат. Бул балдар Кыргызстандын келечектеги жарандары. Аларды кандай тагдыр күтүп турат?

Такай күтүүдө чоңойгон балдар

"Инсан Лейлек" коомдук фондунун башчысы Гүлнара Дербишева Баткен облусундагы эмгек мигранттарынын балдары үчүн билим берүү борборун уюштурган.

«Мигранттардын балдары жөнүндө сөз болгондо, алар көп муундуу үй-бүлөлөрдө калган, билими жок балдар экендигин, чоң ата, чоң энелери балдарын карай албай, өзүлөрү кызмат кыла албай тургандыгын түшүнүшүбүз керек. Буга ылайык, мигранттардын балдары өздөрү менен өзү  калышат, үй жумуштарына тартылышат, окууга таптакыр кызыгышпайт жана мектепти такай калтырышат. Көбүнчө өспүрүм курагында алардын психологиялык көйгөйлөрү көп болуп, мыйзам менен карама-каршылыктар башталат. Аларды карап отурсак, аларда баарлашуу көндүмдөрү жок болот ”, - дейт Гүлнара Дербишева.

16 жаштагы Азамат (аты өзгөртүлдү) жана анын 17 жаштагы эжесин 10 жыл мурун бһапасы балдар үйүнө калтырып кетен. Ал үй алуу үчүн акча табууга Түркияга эмгек миграциясына кетип, бирок кайтып келген эмес. Азамат жана анын эжеси чоңоюшту, бирок дагы деле болсо энесин күтүп жатышат.

«Алгач үйдө апам менен жашадык, атабыз жок болчу. Апам бизди камсыздай алган жок. Андан кийин мэриядан комиссия келип, кандай шартта жашап жатканыбызды карап, бизди интернатка берүүнү чечишти. Мен 6 жашта, ал эми эжем 7 жашта болчу. Апам Түркияга кетти. Ал акча тапса эле кайра келип, үй сатып алууга аракет кылам деп убада берген. Андан бери 10 жыл өттү,” - дейт Азамат.

“Балдар укугун коргоочулар лигасынын” башчысы Назгүл Турдубекова эмгек мигранттарынын балдарынын укуктары бузулган учурларга байма-бай кезигип турат. Ал байкоолорунун негизинде тыянак жасаган: «Эмгек миграциясынын терс кесепеттери биринчи кезекте жакырчылыкта жашаган аялдарга тиешелүү. Биз миграцияда жүргөн, кайтып келген, балдарын туугандары таштап кеткен аялдар менен иштешебиз, алардын өнүгүүсүндө чоң көйгөйлөр болгон. Аялдар өзүлөрү, эгерде алар миграцияга чейин жакырчылыкта жашашкан болсо, анда дагы миграцияда көп акча таппайт.

Алар жөн гана жан багуунун айласын табуу үчүн квалификациялуу эмес жумуштарды аткарышат жана аз эмгек акы алышат. Мындан улам, миграцияда алар байышпайт, көп акча алышпайт. Мындан тышкары, көптөгөн карыздары топтолуп калат. Алар өлкөгө бир топ карыздары менен кайтып келишкенде, ага кошумча, андан да оор көйгөйгө туш болушат: бул жерде, өз мекенинде, ден-соолугу жана билим алуу жагынан көйгөйлөрү бар ташталган балдар күтүп турган болот ».

Азаматтын апасы анда-санда гана Түркиядан чалып турат. Пандемия учурунда кошумча кыйынчылыктар пайда болду, анткени жумуш жок болуп, кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Азамат энеси жок көп жыл өткөргөндүгүнө карабастан, жакынын актап: “Ал үчүн оңой эмес. Ал кандайдыр бир жол менен аракет кылып жатат. Ал чындыгында эле бизге жардам берип, биздин келечегибиз үчүн акча тапкысы келет деп ишенем. Мен жөн гана ишенип, анын кайтып келерин күтүүм гана калат. Эгерде кайтып келбесе, ал өз абийиринде, биз өзүбүз көтөрүлөбүз."-деп айтат.

Ата-энеси тирүүсүндө жетим калгандар

Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө балдардын 3%  гана томолой жетим экендиги эч кимге жашыруун эмес. Калган 97% социалдык жетимдер. Башкача айтканда, бир же эки  ата-энеси тең бар, бирок кандайдыр бир себептерден улам балдарды тарбиялоо жана багуу менен алектенбеген ата-энелердин балдары. Эмгек мигранттарынын балдары дагы ушул категорияга кирет.

Назгүл Турдубекованын айтымында, стигматизациялоонун кереги жок,  эмгек мигранттарынын баардык балдары тең кризистик абалда эмес деп эсептейт.

«Бардыгы үй-бүлөнүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Эмгек миграциясына кеткен аялдардын көпчүлүгү жакырчылыктан улам кеткендиктен, анын туугандарынын басымдуу бөлүгү дагы бай жашагандардан эмес болот. Эгерде алар балдарын үй-бүлөсүнө туугандарына жайгаштыра алышпаса, анда аларды коомдук же жеке менчик интернат тибиндеги мекемелерге жайгаштырууга аракет кылышат. Кызыктуу байкоо: COVID-19 пандемиясы учурунда балдар массалык түрдө балдар үйлөрүнөн алынды. Мисалы, пандемияга чейин орто эсеп менен 10 миңге жакын бала интернаттарда жашаган болсо, карантин башталганда 1400 бала калган.

Башкача айтканда, 8600 баланын туугандары, ата-энелери коркуп, балдарына тынчсызданып, аларды алып кетишкен. Эреже боюнча, бул балдарда кандайдыр бир байланышкан чөйрө бар. Биздин мамлекетте 1400 гана бала толук жетим же ата-энесинин көзөмөлүсүз калган », - дейт Турдубекова.

Кыргызстанда балдар үйлөрүндө чоңойгон эмгек мигранттарынын балдары томолой жетим балдар ээ болгон социалдык пакетке ээ эмес.

“Ата-энеси балдар үйүнө таштап кеткен эмгек мигранттарынын балдары балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн таасирдүү пайызын түзөт. Алар социалдык жетимдер категориясына киргизилген, башкача айтканда, ата-энеси тирүү калган жетимдер. Биздин көйгөйүбүз, мыйзамда 90 пайыздан ашкан социалдык жетимдердин укуктары каралган эмес. Мисалы, бала балдар үйүнөн чыгарылат, эгерде ал жетим болсо, анда медициналык мекемеде ага акысыз кызмат көрсөтүүгө милдеттүү, ал акысыз билим алууга укуктуу, ал тургай жөлөк пул алат.

Ал эми 7-8 жылдан бери балдар үйүндө жүргөн социалдык жетим болгон бүтүрүүчү жетим статусуна ээ эмес. Ага ылайык, эч кандай жеңилдиктер жок. Башкача айтканда, биздин социалдык жетим балдар бардык укуктарынан чектелген ”, - дейт “ Биздин үн ” коомдук фондунун башчысы Айнура Ормонова. Анын фонду көптөгөн жылдардан бери балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө чоң жашоожо адаптация алууда жардам берип келет.

Азамат балдар үйүндө жашоо оңой болгон жок, көп нерселер жетишпегендигин айтат.

«Балдар үйүндө кайгылуу жана оор болгонуна карабастан, интернатка барганыма өкүнбөйм. Менин оюмча, мен апамдын жанында калсам, жашоом кыйын болмок. Тамак-ашка жана кийим-кечеге акча жетишсиз болчу ”, - деп Азамат мойнуна алат.

Эмгек мигранттарынын сынган балдары

Эмгек мигранттарынын көпчүлүгү балдарын туугандарына таштап кетишет. Бирок бул учурда дагы, балдар зордук-зомбулуктан, ал тургай өлүмдөн корголбойт.

«Эмгек мигранттарынын балдары зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, ал тургай, чоңдор тарабынан ымыркайлар өлүмгө дуушар болгон учурлар көп кездешет. Эң коркунучтуусу, бул кылмыштарды баланын туугандары жасайт. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында үрөй учурган окуялар болуп, ымыркай жана эки жашар кыз каза болду. Бул өзгөчө резонанс жараткан адам өлтүрүүлөр энелер жаш балдарын туугандарына таштап кеткен үй-бүлөлөрдө болуп, алар өздөрү эмгек миграциясында болушкан.

Жана биз тактай баштаганда, бир баланын энеси өзү толугу менен жетим болуп, баласын өгөй энесине таштап кеткен экен. Дагы бир учурда, ымыркайды жеңесине таштап кетишкен », - дейт Назгүл Турдубекова.

Адистердин айтымында, бир кезде ата-энеси чоңойгондо таштап кеткен эмгек мигранттарынын балдары балдарын туугандарына таштап кетишет.

«Алар ата-энелердин функциясын толук билишпейт. Алар өздөрү ташталган балдар. Көбүнчө эмгек мигранттарынын чоңойгон балдары турмуштук оор кырдаалда калышат, алардын никеси катталбайт же балдар никесиз төрөлүшөт. Нике катталбагандыктан, аталар тарабынан эч кандай таануу жок, тиешелүүлүгүнө жараша аларга материалдык жардам төлөнгөн эмес жана башка дагы жардам көрсөтүлбөй калат ”, - дейт Назгүл Турдубекова.

Баткен облусунда "Мырзайым" балдарга билим берүү борбору ачылып, анда эмгек мигранттарынын балдары менен мугалимдер жана адистер иштешет.

Билим берүү борборунун жетекчиси Гүлнара Дербишева мындай дейт: “Бул борбор ачылганда, биз, албетте, мигранттардын балдары үчүн жакшы сүйлөө үчүн практикалык көндүмдөр боюнча кошумча сабактар ​​керек деп ойлогонбуз. Бизде балдар ата-энелери менен баарлашуу, китеп окуу, Интернетти чукубоо үчүн бизде орус тили курсу дагы бар.

Башында бул борбор балдарды бир-эки саатка алып келүү үчүн  күндүзгү мекеме катары иштелип чыккан. Бирок биз балдарды кабыл ала баштаганда, эки жаштан беш жашка чейинки бөбөктөр көп болчу. Башкача айтканда, бул күндүзгү борбор эртең мененки сегизде балдарды алып келип, кечинде беште алып кете турган мекемеге айланды. Биз тамак уюштурдук, толук кандуу окутуу программасын түздүк. Кыйынчылыктар пайда болду, анткени балдарга арналган программаны ойлонуш үчүн Билим берүү министрлигинен уруксат алуу керектелет.

Балдардын муктаждыктары жөнөкөй эле: жакшы окуганды, жакшы сүйлөгөндү, өз оюн туура айта алганды, кырдаалды критикалык көз караш менен карап, ата-энесин түшүнүп, кечире билүүнү үйрөнүү. Себеби көптөгөн балдардын билиминде гана эмес, тарбиясында да кемчиликтери бар. Көпчүлүк балдар ата-энеси тарабынан ташталып  кеткендиктен, алар нааразы болуп таарынычта жүрүшөт, ал эми чоң энелери менен чоң аталары алардын муктаждыктарын уга алышпайт. "

Тилекке каршы, эмгек мигранттарынын балдары көп учурда ата-энелеринин тагдырын кайталашат. Алар эмгек миграциясына кетип, жаш балдарын туугандарына таштап, же өздөрү чоңойгон балдар үйүнө таштап кетишет.

Азамат ата-энесинин тагдырын кайталагысы келбейт.

«Адегенде мен билим алгым келет, кесипке ээ болгум келет. Андан кийин иштейм. Балким, жумуш менен кандай болоруна байкап, чет жакка  кетем. Бизди таштап кеткен атамдай кылбоого аракет кылам. Мен апамдай болуп балдарымды балдар үйүнө таштагым келбейт. Мен ушунун бардыгын башымдан өткөрдүм жана балдарымдын башынан өткөрүшүн каалабайм. Бутка туруп, андан кийин гана үй-бүлөлүү жана балалуу болом ”, - деп жыйынтыктайт Азамат.

Даярдаган Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2021
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине