Пандемия учурунда жумушка орношуу

15:15, 4 Марта

Көпчүлүк эмгек мигранттары Кыргызстанда жүргөндө башка өлкөдөн жумуш издөөгө аракет кылышат жана көпчүлүк учурда алдамчыларга туш болушат. Чет өлкөгө келип, алардын көйгөйлөрү жана кыйынчылыктары менен жалгыз калышат.

"Жээкте түнөп, мечитте тамактанган"

Мекендештерибиз Инсан Бакиров жана анын агасы Түркияга жумушка орношууну чечишкен. Инсан - фотограф, ал эми анын бир тууган агасы - мейманкананын кызматкери болуп кирип, ошол эле учурда өлкөнү көрүп, тил үйрөнүүнү каалашкан.

«Досум мага Алина аттуу кыз менен байланышып, ал аркылуу Түркияга жумушка орношууну сунуштаган. Анын жумуш издөө кызматы үчүн биз 500-600 доллардан төлөшүбүз керек болчу. Иним экөөбүз  Алина менен жолугуп, макулдашып, акча таап, бардыгын алдын ала төлөп бердик. Ал бизге ар кандай күндөргө билет алып калып,  иним менден бир жума мурун учуп кетти. Түркияда аны бир киши тосуп алып, алгач аны үйүнө жайгаштырган, бардыгы жакшы болгон. Үч күн өткөн соң аны жумуш жок деп, жөн эле көчөгө чыгарып салышкан», - деп эскерет Инсан.

Инсан менен анын бир тууганынын көйгөйү - жумушка орноштуруу боюнча расмий агенттик аркылуу эмес, ал тургай лицензиясы жок компаниянын өкүлү болгон тааныш эмес кыз  аркылуу жумуш табышкандыгында болгон. Кыргызстанда 70тен ашуун жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери бар, алар кыргызстандыктарды жумушка орноштурууга түздөн-түз катышат.

Аскарбек уулу Шерболот, МЖОА ассоциациясынын башчысы: “Биз ар дайым жарандарыбызды жумушка орноштуруу боюнча мыйзамдуу органдарга кайрылууну сунуштайбыз, анткени көптөгөн мекендештерибиз өз алдынча же буга уруксаты жок тааныш эмес жеке же юридикалык жактар ​​аркылуу кетүүгө аракет кылышат. Буга байланыштуу алар чоң көйгөйлөргө, анын ичинде кулчулукка сатылып кетүүгө туш болушат ”.

Агасы эмне болгонун айтып бергенден кийин, Инсан кыймылдай баштаган: «Мен бул кызды издеп көрдүм, ага чалдым, ал телефонду албай жатты, мен аны издеп бардым. Убакыт өтө берди, агам чоочун өлкөдө көчөдө калды, мен ага жок дегенде ачка калбасын деп  акча жөнөтүп турдум. Анын Рамазан айында баргандыгы биз үчүн бакыт болду. Акчасы түгөнгөндө, демөөрчүлөрдүн эсебинен мечиттерде бекер тамактанган. Анан мага көчөдө, деңиз жээгинде түнөп жаткандыгын айтты. Ошентип, 10 күн азап көрдүк. Албетте, мен Түркияга учкан жокмун. Ушул убакытка чейин аны издедим, акыры таптым. Мен андан агамды кайтарып берүүсүн талап кылдым, бирок алмен келишимди бузганымды айтып, мен учам деп  кыйын болуп баштады. Ар кандай шылтоолорду айтты, мен полицияга арыз жазууга мажбур болдум. Андан кийин гана анын туугандары келип, биз короткон акчаны төлөп беришти. Ошондой эле Түркияда туугандарыбыздын болгондугу жакшы болду, алар менин инимди тосуп алышып, баш калкалоо таап берип, анан ал өзү бизге учуп кетти ».

Эмгек келишимдерин түзүңүз!

Кубандык Акматбеков, КР Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматыны н маалыматтык-консультациялык борборунун жетекчиси  биздин жарандар Түркия, Россия, Европага жумушка орношуп жатканда мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурган агенттиктер аркылуу кетүү керектигин түшүндүрүү Тышкы иштер министрлигинин, тактап айтканда Мамлекеттик миграция кызматынын милдети деп айтат. биздин жарандарга жөнөп жатканда жөнөп кетет деп түшүндүрөт.

«Жумушка орношуу үчүн кетип жатканда, биз, башка нерселер менен катар, биздин жарандар ушул мамлекетте экендигин билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушубуз үчүн, ар кандай кырдаалдарда же тобокелчиликтерде биз аларга жардам бере алышыбыз үчүн, эмгек келишимдерин түзгөнү жакшы. Жарандарыбызды уруксаты бар жумуш менен камсыз кылуу боюнча жеке агенттиктерибиздин ЖЖОА кызматтарын колдонушу үчүн, биз аларга көбүрөөк маалымат беришибиз керек. Мисалы, мен социалдык тармактардан, сыналгыдан  кээ бир өлкөлөрдө жумушка орноштуруу тууралуу  жарнамаларды көрдүп калам. Бул жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине кайрылаардан мурун, ал адамдардын,  агенттиктердин лицензиясы, иштөөгө уруксаты бар экендигин билишиңиз керек. Ушундай шартта гана алар өзүлөрүнүн туура иштегенине толук ишенсе болот. Негизинен, мисалы, лицензиянын номери көрсөтүлбөгөн мындай жарнама бар экендигин көрөбүз. Бул милдеттүү пункт болушу керек. "

Ошондой эле Аскарбек уулу Шерболот мындай деп түшүндүрөт: “Учурда биздин мамлекетте эч кандай уруксаты жок, өтө чоң эмгек акыларын жана кымбат эмгек шарттарын убада кылып, жумушка орноштурууну сунуштаган агенттиктери бар. Балким, алар аркылуу бир нече адам ийгиликтүү жумушка орношушкандыр, бирок көпчүлүк учурда аларга ишенген биздин жарандар талаада калышат. Пандемия учурунда, ар бир өлкө, ар бир кабыл алуучу өлкө, былтыркы Ковид менен байланышкан тобокелчиликтерди эске алып, былтыркы жылдагыдай кырдаал кайталанбашын ж-нг- салуу үчүн бардык керектүү документтерди даярдоодо, жана биз иш берүүчү өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Мисалы, виза борборунда, акы төлөнүүчү каражаттарга байланышкан көйгөй келип чыккан. Эгерде быйыл дагы ушул эле кырдаал кайталанса, чек аралар жабык болсо, чыгымдарды иш берүүчү көтөрөт деп макулдашуудабыз. 100 пайыз жумуш менен камсыз болбошу мүмкүн деп ишенебиз, бирок биз мигранттарыбыздын жок дегенде 50 пайызын жумушка орноштура алабыз ”.

Ушул кырдаалдан кийин Инсан Бакиров жумушка орноштуруу боюнча расмий агенттик аркылуу жумуш таап, Түркияга кеткен.

«Мен баардык эмгек мигранттарына алгач эмгек келишимин түзүп, иштөө шарттарын жакшылап билип алыңыз, келишим түзгөндөн кийин гана акча бериш керек деп кеңеш берем. Биздин катабыз - акчаны алдын-ала бергенибизде болгон, нын айынан биз чоочун шарттарга баш ийүүгө муктаж болгонбуз. Ошондуктан, алгач келишимге кол коюп, андан кийин акчасын берүүнү кеңеш берем », - дейт Инсан.

«Бул кырдаал пандемияга чейин болгондугу абдан жакшы болгон, анткени карантин башталса, анда, биринчиден, мен иниме тамак-аш үчүн акча жөнөтө албай калмакмын, экинчиден, ал өз мекенине кайтып келе албай калмак, үчүнчүдөн, ким билет, балким ал ооруп калмак. Бул "жумуш" көп жоготуусуз аяктаганы биз үчүн чоң бакыт ", - деп жыйынтыктайт Инсан.

Эмгек мигранттары жана COVID-19

COVID-19 пандемиясы эмгек миграциясына байланыштуу чоң көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды.

Көп жылдан бери эмгек миграциясы жаатында эмгектенип келе жаткан "Инсан Лейлек" коомдук фондунун директору Гүлнара Дербишева эмгек мигранттары туш болгон төмөнкүдөй кыйынчылыктарды белгилейт: “Биздин мигранттардын көпчүлүгү эмгек келишими жок эле иштеп келишкен. Бул чоң балээ. Мигранттар эмгек мамилелерин мыйзамдаштырышы үчүн биз эмгек укуктарын коргоо жөнүндө такай айтып келебиз. Бул же эмгек келишими, же ошондой эле жарандык эмгек келишими болушу мүмкүн. Бул, мисалы, кандайдыр бир ири ишканаларда иштешсе, жамааттык келишимдер болушу мүмкүн. Дагы бир балээ, анткени адатта биздин эмгек мигранттары түздөн-түз жумуш берүүчүлөрдү билишпейт. Мигранттар менен түз жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда дагы 5-6 ортомчу бар. Бул дагы көйгөй. Ал тургай, жумуш берүүчү өзү деле билбейт, мисалы, ал кайсы мигранттарды жалдаган аутсорсинг компаниясы аркылуу келип, алар менен эмгек келишимин түзгөн. Мигранттар  "ким менен болушум керек?"деп кыйналууда - анткени алардын бир эмес, беш-алты жумуш берүүчүсү бар. Ошондуктан, биринчиден, эмгек келишими жок келгендер автоматтык түрдө жумушсуз калышты. "

Пандемияга байланыштуу эмгек мигранттарыбызга жумушка орношуу кыйын болуп калды.

Мамлекеттик кызматкер Кубандык Акматбеков төмөнкүдөй цифраларды келтирет: “Эгерде жыл сайын биздин жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери сегиз миңге жакын адамды ар кайсы өлкөлөргө жөнөтүшсө, анда пандемия учурунда, алардын берген отчетторуна ылайык, болжол менен 300-400 адам жумуш менен камсыз болгон. Статистикалык маалыматтарга ылайык, эмгек миграциясында 600 миңден ашуун жарандарыбыз бар экендигин билебиз. Бирок он миңге жакын жарандарыбыз гана жеке агенттиктердин кызматынан пайдаланышат. Ал эми калгандарынын бардыгы өз алдынча кетишет».

Пандемия учурунда башка өлкөлөрдө калган эмгек мигранттарына канча жолу жардам бердиңиз?

Аскарбек уулу Шерболот мындай деп жооп берет: “Биздин жеке агенттик биздин эмгек мигранттары жана жумуш берүүчүлөр менен көп байланышат. Алардын чыгымдарын жарым-жартылай төлөдүк, алар көчөдө калышкан жок. Алардын жумуш берүүчүсү турак-жай, тамак-аш менен камсыз кылып, аба каттамдары ачылганда аларды мекенине алып келишкен. Карантинди бир нече ай күтүп, айрымдары кайрадан жумушун улантышты.

Ошентип, ЖЖОА жергиликтүү эмгек мигранты менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы көпүрө болуп саналат. Расмий агенттиктер аркылуу жумушка орношуу жөнөкөй эле эмес, коопсуз да болуп саналат.

“Жеке жумушка орноштуруу агенттиктери биздин жарандардын коопсуз эмгек миграциясына көмөктөшөт, аларды жеке агенттиктер өзүлөрү жана миграция кызматы көзөмөлдөшөт. Эң чоң көйгөй - биздин мигранттардын көпчүлүгү 90- жана 2000-жылдары Россия Федерациясына кетип, ошол жерде пандемия учурунда калып, көпчүлүгү документтер, турак-жай жана тамак-аш көйгөйлөрүнө туш болушкан. Акыркы беш жылда жумушка орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин саны жигердүү көбөйүп жатат, бул мыйзамдуу түрдө, башкача айтканда, эмгек келишимдерин түзүү жана бардык уруксат документтерин ачуу аркылуу, биздин жарандарды чет өлкөдө туруктуу жашоосу, тамак-ашы, шарттары менен камсыздайт. бардык социалдык салымдардын, эмгек шарттарынын жана албетте аба каттамдары менен камсыздайт - деп сөзүн жыйынтыктайт Аскарбек уулу Шерболот.

Миграция боюнча адистер лицензиясы бар компаниялар аркылуу жумуш издөөнү катуу сунушташат. Бул эмгек мигранттарынын убактысын, акчасын жана ден-соолугун үнөмдөйт.

Басылманы Лейла Саралаева даярдаган

 
© Новые лица, 2014–2021
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине