Кыргыз борборуна 140 жыл же Туулган күнүң менен, Бишкек!

14:56, 3 Мая

Сүрөттө: Шаардык управа

Өткөн базар күнү Кыргызстандын башкы шаары өзүнүн 140 жылдыгын белгиледи. Тарыхтын чен өлчөмүнөн алганда бул өтө эле жаш курак! Бирок бардыгы эмнеден башталгандыгы баарыбызды кызыктырат болушу керек?

Уезддик борбор үчүн эң сонун жер

Бардыгы 1875-жылдын жаз айларынан бери башталат, так ошондо Токмоктогу бардык административдик-бийлик структуралары мурдагы коконд чеби Пишпекке которулган эле. Жети-Суу областынын аскер губернатору Герасим Колпаковский белгилегендей, Пишпек тогуз жолдун тоомунда жайгашкан эле, Верныйдан (Алматы), Караколдон, Нарындан жана Ташкенттен келген жолдор ушул жерден биригишет болчу, Ошондой эле кытайдын Кашкарынан, Сырдарыя жана Фергана чөлкөмдөрүнөн келген кербен жолдору да ушул жерден өтөт эле. Башкача айтканда, уезддик борбор үчүн мындан артык жерди табуу мүмкүн эмес болчу!

Ошол эле жылы генплан түзүлүп, ага ылайык биринчи кварталдар жана гүл бакчалар пландаштырыла баштайт. Ал эми Колпаковскийдин аты бир көчөгө берилет, кийин, совет доорунда, ал академик, геолог Карпинскийдине атына которулат...

Мына ушинтип алыстагы кичинекей шаар акырындан экономикалык жана маданий жактан өнүгө баштайт, 140 жылдан кийин Борбор Азиядагы башка эч бир шаарга окшобогон мегаполиске айланып, геосаясий жана стратегиялык маанисин жылдан жылга бекемдеп келет.

Панарлары сынган көчөлөр

Бирок башында, сөзсүз, кыйынчылыктар көп болду. “Шаарда 6 панар бар, бирок алардын айнектери жок... Базарда кир баткак, терезелери кичинекей сокур-чалыш мазанка-кепелер, шаардын айланасы – чиркейге толтура саздак жер, кайда караба мастарды гана көрөсүң... – деп жазат досторуна Ока боюндагы жерден келген пишпектин жаңы тургуну. – Өзгөчө түнү бул жерде катуу зеригесиң. Көңүл ачаарлык жарыбаган нерсе да жок. Ар-бири өз кепесинде камалып, тултуюп отурушат... Сыртка чыксаң, шаарда капкараңгы. Иттөрдүн үргөнү гана угулат, алар болсо бул жакта эбегейсиз көп жана да эң жаалдуу келишет. Жаман куса болосуң!

Ал кезде, айтпаса да түшүнүктүү, суу түтүктөрү жок болчу, ичкенге сууну арыктан алышат эле. Базар азыркы Цирк турган жерде Верненский жана Кузнечный көчөлөрүнүн ортосунда (Үсөнбаев - Ибраимов) болчу. Будкалардан, жайма текчелерден жашылча-жемиштерди, жаңгактар менен мейиздерди, көк өсүмдүктөр менен тарууларды сатышат эле. Базардын чок ортосунда дүңү менен соода кылгандар үчүн чоң тараза тураар эле. Андан арыраак эт саткан жана Орусиядан алынып келген курулуш жыгачтары турган жер. Бирок да колунда барлар гана жыгачтан жана кыштан үй салдырышчу, калгандары – самандан.

Шаарда туруктуу жашагандар мещандар деп аталчу. Алардан сырткары шаарда кызматтан бошонгон аскер кишилер, казактар, кол өнөрчүлөр, дыйкандар турушат эле. Пишпектин жанында тамеки, пахта, күн карама, кендирди өстүрүп, жибек өндүрүрүп, бал челектерди кармашып, мануфактура жана галантерея, айыл чарба продукциясы жана импорттолгон керосин менен соода кылышчу.

Канча чөп “жейт” велосипед?

Кантип көңүл ачышчу? Белгилүү историограф Владимир Галицкий аныктагандай, “ааламдашуунун” таасиринен Пишпекке жер кыдырып жүргөн факирлер, дарчылар келе башташат, ал эмес “автоматтык экипаждар” да, ал кезде ушинтип... велосипеддерди аташчу, пайда боло башташат, шаарда ал кезде болгону эки велосипед бар болчу! Бир жолу шаардын четинде жергииктүү калк айрыларын көтөрүп алып велосипед тепкендин аркасынан кубалашып, кууп жетишкенде “Бул жаныбар канча чөп жейт?” деп сурашыптыр деген аңыз-кептер айтылаар эле.

Шаардык чарбанын башында Пишпек башкармалыгы турчу. Ал кездеги муниципальщиктер ар-башкача башкарышаар эле. Мисалы, алардын бири, мещандардын старостасы Иван Сапожников, 1891-жылы кылмыш кылып кармалган. Ал дыйкандардан алык-салык жыйнап, чогултканынын бир бөлүгүн кымтып алган, аны үчүн ал “ачык түрдө өткөн” сотто 5 жыл 10 күнгө кесилген. Чала болот жемкорго!

Бирок алардын эң көрүнүктүүсү Илья Терентьев болгонунан шек жок. Ал өзү Удмуртияда туулуп өскөн, кийин гана Түркестанга келген, жыйынтыгында ал 1895-жылы Пишпектин 12-15 депутаттан, б.а. гласныйлардан турган өзүн өзү башкаруу органынын шайланган биринчи башчысы болду. Ал командасы менен учурда да сакталып турган шаардын негизги сырткы көрүнүшүн белгилеген.

Сүрөттө: Илья Терентьев дээрлик 18 жыл Пишпек чарбасынын башында туруп, шаарды көрктөндүрүү иштерин жетектеген.

Борбор калаа кантип өсүп жатты...

Шаардык староста досу – ботаник Алексей Фетисовдун жардамы менен кийинчирээк Терентьевдин багы деп аталган бакты тигип, ал жерде өзү үчүн верандасы бар 2 кабаттуу дачаны курган. Андай үй курганга анын мүмкүнчүлүгү жетиштүү эле, анткени жашыл бакчасы берген кулмакты (хмель) сатуудан ал жакшы эле киреше көрчү. Анын кулмагын жергиликтүү сыра өндүрүүчүлөр баалашаар эле. Тапкан кирешенин эсебинен Терентьев дагы бир эки кабаттуу ири там сатып алат, оңдолуп түзөлгөн ал үйдү азыр Эски аянттын чыгыш тарабынан көрсө болот.

Баса, кулмагынын сапаты үчүн Илья Федоров үч сыйлык алган. Бишкектеги Тарых музейинде “Париж-1900” Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө биздин жердешке тапшырылган күмүш медаль менен Ардак грамотаны, жана ошондой эле 1896-жылдагы Нижегороддогу жарманкеде жана 1902-жылы өткөн Жети суу областынын жарманкесинде ага тапшырылган сыйлыктарды көрсө болот. Дагы бир медалды ал Кыргызстандын тарыхындагы биринчи каттоону жүргүзгөндүгү үчүн алган: караса, 1897-жылы Пишпектин болгону 6615 тургуну болгон экен. Бул күндөрү бул санга эки нөлдү кошсоң да аздык кылат. Борбор калаабыз кеңейип, өсүп кетти...

Терентьев көчөлөрдү түздөп, 7 палаталуу оорукананы, даарыкананы, бир канча мектеп, гимназияларды ачтырды. Кароосуз калгандарга жардам берип жатты. Көп окуп билимин өстүрөөр эле, шаардагы эң мыкты жеке менчик китепкананын ээси болчу, ошондой эле “Пишпек шаары тууралдуу маалыматтар” деген макаласын жаратат, бул макаланы шаардык аткаминерлер кийин дагы көптөгөн жыл колдонуп жүрүштү.

Сүрөтто: Оорукананын курулушу

Аяз атанын ролунда

Жетекчилигинин биринчи эле жылында староста Пишпекте биринчи коомдук жаңы жылдык балатыны уюштуруп, ага 200дөй жаш балдар менен чоң кишилер катышат. 1896-жаңы жылдын алдында шаардыктар үчүн Островскийдин “Белугиндин үйлөнүүсү” пьесасы жана “Жүрөктөн балээ, акылдан азап” водевили коюлат. Ал эми эки жылдан кийин Александр Пушкиндин жүз жылдыгы чоң шаттык менен белгиленет. Мурда ушуга окшош нерселер эч качан уюштурулган эмес эле!

Илья Федорович принципиалдуу киши эле. Депутаттардын айтканы менен болчу эмес. Бир жолу гласныйлар уезддик белгилүү фельдшердин жетим калган эки баласынын окуусун каржылаганга каршы болушат. Бирок Терентьев болбой көгөрүп туруп алат, губернатор да аны колдоп чыгат. Ушунун жыйынтыгында Михаил Фрунзе (ооба-ооба, так ошол, келечектеги аскер башчы) Верныйдагы гимназияны акча жагынан кыйналбай окуп бүтөт.

1906-жылы Тереньевдин демилгеси менен Пишпекте жыл сайын малчарба жарманкеси өткөрүлө баштайт, кийин ал Жети суудагы ири жарманкелердин бирине айланат.

Бир жылдан соң 12 миң адам жашаган шаарда 40ка жакын көчө болуп, алардын айрымдары ал эмес жарыктандырылып тураар эле... 1907-жылы “Өз ара чакан насыя берүүнүн шаардык коому” ачылат, башкача айтканда – биринчи банк. Ушул эле жылы Пишпекке “гастролдук синематограф” келе баштайт. 1911-жылы “Метеор” жана “Марс” деген киносалондор, ал эми үч жылдан кийин – 400 орунга эсептелген “Эдисон” деген киносалон ачылат (азыр анын ордунда Орус драмтеатры турат).

Сүрөттө: Пишпек станциясынын бекети

Шоубизнес менен алектенгендерден кантип акча чогултулду

Пишпек уездинин борборунда акырындап өз өндүрүштөрү пайда боло баштайт: свеча, самын, карапа, кыш, акиташ жасаган, тери иштеткен, тегирмендер, тактай тилген, май чыгарган, күрүч тазалаган. Ал эмес конфеттерди жасаган фабрика дагы ачылат! Пашков, Енгалычев, Лахно, Акчурин, Колбасин, Ташбаев сыяктуу ишкерлердин ысымдары ал кезде баарына белгилүү болчу.

Сөзсүз, аны менен катар жаңы маселелер да жаралды. Мисалы, шаардык башкармалыктын кагаздарынын биринде мындай деп жазылат: “Шаар көчөлөрүндөгү чуңкурларды жана аңдарды кык менен толтуруп коюп жатышат, андыктан аба-ырайы бузулганда ал көчөлөрдөн өтүү мүмкүн эмес... арыктардын үстүнө балкалардын ордуна узун тактайларды коюп, үстүнө чырпыктарды, андан кийин кыктарды төгүп коюшат”. Жаан жааганда алар эзилип, сасык баткак көчөлөргө толуп кала тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү, ошондуктан 1910-жылы 670 бекем курулган көпүрөгө муктаждык жаралат.

Ага акча-каражаттарды кайда алышты? Ошол кездеги ИИМдин кызыктуу циркуляры бар, ага ылайык “кинематографтардын, биографтартын, скэтинг-рингдердин, театрлардын, цирктердин ээлери шаардын пайдасына эч бир акча беришпейт, ошол эле кезде алар чоң акча кылышат”. Ушул документке таянып Илья Терентьев жана анын командасы бул шоулардын билеттеринен “өзгөчө салык” ала башташат, аларды Пишпектин казынасына жумшашат.

Жаңы башкаруучулардын когортасы

Шаардык башкармалыктагы иштер кадыресе иштерден болчу. Мисалы, №194 токтом “Базардагы даараткананы оңдоо”, №201 токтом “Городовой Голицынге жоготуп алган револьвердин ордуна жаңысын берүү”, №203 токтом “Күчтүү ичимдиктерди ичкенге жана өзү менен алып кеткенге саткан аракканалардын саны тууралуу” деп аталат. Күнүмдүк майда-барат иш!

1913-жылы Терентьев кызматтан кетет: 100 пуд болгон акыркы түшүмүн чогултат, бирок анын кулмагынын эч кимге кереги жок болуп калган – ал кезде сыра өндүрүүгө тыюу салынган болчу. Ал эми 1914-жылдын 14-майында Илья Федорович 66 жашында каза болот.

Андан кийин Пишпекти А. В. Алексеев, А. Д. Калинин, И. Д. Васильев жетектешет.

Көп өтпөй 1917-жылдагы башаламан Февраль революциясы болот. Урап бараткан империянын бардык булуң-бурчундагыдай эле Пишпекте да бийлик алмашуулар, топтошуулар, атышуулар башаталат. Жаны адамдарды талап кылган жаңы доор башталган эле. Алар көп күттүрбөй келишти...

Пишпек – Фрунзе – Бишкек шаарын ар башка жылдары ар-түрдүү адамдар башкарышты, колдорунан келишинче Кыргызстандын башкы шаарынын өнүгүүсүнө, көрктөндүрүлүшүнө салым кылышты.

Сүрөттө: Кайсы бир жылдары борбор калаабыздын түштүк жагы ушундай ээн-эркин болгонуна ишенбей да кетесиң. 1970-жылдардын башы…

Юбилей – болсун!

29-апрелде Бишкекте ар-түрдүү оюн-зооктор жана жарманкелер өттү, салют атылып, көп адам катышкан концерттер болду, трибунадан кооз ураан сөздөр айтылды... Бирок Мэрия эки жыл катары менен – 2012-2013-жылдары – Шаардын күнүн жазында эмес... күзүндө өткөрүп келгенин эстегендер аз болду. Аны жөнөкөй эле түшүндүрүшчү – “аба-ырайы начар болгондуктан” дешээр эле. А чын-чынында, муниципалдык бийликтегилер шаардын ортосундагы элдик майрам учурунда апрелдик окуялар кайталанып кетпейби деп чоочулашаар эле. Мына ушуга байланыштуу алар бардыгы көнүп калган датаны апрелден сентябрдын аягына жылдырышкан болчу.

Эми болсо республикада жана борбор калаада абал тынч, майрамды эч нерсе буза албастыгына, көнүп калаган летопистин хронометражын өзгөртө албастыгына ишеним бар!

Азиз Карашев.

Фото www 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине