ЖЭБсиз: кызуу кандуулукка алдырбай сүйлөшүү

08:45, 12 Февраля

Борбор калаадагы “жылуулук коллапсы” аяктаганына бир жумадан ашык убакыт болуп калды, Бишкек ЖЭБинде 26-январда эмне болгонун, ким ага күнөөлүү экенин жана бул кырсыктын кесепети кандай болгонун тактоого мезгил жетти окшойт.

Авария кантип болгонун саатына чейин тактабасак ал кездеги абалга талдоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Улуттук энергохолдинг журналисттерге керектүү маалыматтарды берди, аларды кырсыктын “күндөлүгү” деп да койсок болот.

Өзгөчө окуянын хроникасы

Кырсык 26-январда башталды. Бул күнү ЖЭБде №№ 4, 10, 11, 12, 14, 15, 16, 17, 18, 19 казандары жана №№ 4, 5, 8, 9, 11 турбоагрегаттары жана № 4 блогу иштеп жаткан болчу. Жылуулук борборунун жалпы жүктөмү 341 МВт эле. Калган казандар техниалык талаптар боюнча резервде болчу, ал эми 22- жана 24-казандар рекреациялык иштерге байланыштуу токтотулган эле. Башкача айтканда, оңдоодо болушчу. 

Авария кечинде, саат 18де болду. Ага чейин, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине карабай, бардыгы штаттык тартипте иштеп жаткан. Анда кечки саат алтыда эмне болду экен?

Кечинде эски, жаңыртыла элек блокто (ушул нерсеге өзгөчө көңүл бургула) эки казан иштен чыккан. Бул жердеги агрегаттардын басымдуу бөлүгү 1962-жылы курулган болчу. Болгон окуянын техникалык түшүндүрмөсү төмөнкүдөй: “Азыктандыруучу суунун деаэраторлорунда жана химиялык жол менен туздан арылтылган суунун деаэраторлорунда суу авариялык төмөн деңгээлге чейин түшүп кеткен. Деараторлордо азыктандыруучу суунун деңгээли түшүп кеткенине байланыштуу азыктандыруучу электронасостор иштен чыгып жатты”. Баарыбызга түшүнүктүү тилге которсок, казандарды муздатыш үчүн керек болгон суу токтоп калган.

Көп ЖМКлар “начал жылууланган түтүктөр жарылып кеткен” деп жазышкан. Бул техникалык жактан алганда – такыр мүмкүн эмес нерсе. Аны түшүнүш үчүн атайын билимдүү болуунун деле кажети жок: кыш жакындаганда ЖЭБдин кызматкерлери одеялаларды көтөрүп алып, түтүктөрдү чүмкөп, ал эми жазда аларды кайра алып чуркап жүргөндөрүн элестетүү кыйын. Чындыгында, авариянын себеби азыркыга чейин аныктала элек, курамы чоң комиссия иликтөө жүргүзүүдө, анын жыйынтыктары прессага да, аткаминерлерге да айтыла элек. Бирок да авариянын себептерине макалабызда өзүнчө токтолобуз.

Андан кийин №№ 10, 11, 14, 16, 19 казанагрегаттары токтоп калган. Химиялык түрдө туздан арытылган суу менен буунун сарпталышынын тең салмактуулугун сакташ үчүн №№ 15 жана 18 казандары менен № 9 турбинаны өчүргөнгө ЖЭБдин кызматкерлери мажбур болгон. Эгер ал өз убагында, ыкчам жасалбаса, казандар жарылып кетмек. Анда ЖЭБ эмки жылытуучу сезонго чейин токтоп калмак.

Түнү тармактагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түштү, ал эми электр бөлүгүндөгү кубаттуулук 293 МВттан 154 МВтка чейин төмөндөгөн. №№ 4, 12, 17 казанагрегаттар жана №№ 4, 5, 8, 11 турбоагрегаттар гана иштеп жатты. Мындайча алганда дээрлик жалгыз жаңыланган блок гана борбор калааны жылуулук менен камсыздап, электроэнергияны өндүрүп жатты. Бул убакта жаңы блокто 134 МВТ электроэнергия, ал эми эски блокто – 20 МВт өндүрүлүп жатты.

Оңдоо иштери кызуу жүрүп жатты, ЖЭБдин бүт кызматкерлери жумушка чыкты, ал эмес пенсияга кеткен инженерлер менен кошо “запастагылардын” бардыгы чакыртылды. Кечки сегиз жарымдарда казанды муздаткан суунун деңгээли бир аз калыбына келтирилгенде №11 казанды кайра иштетүү чечими чыгарылат. Бир сааттан кийин ал өзү жалгыз 20 МВт өндүрө баштайт. Түн жарымына жакындап калганда №17 казанды жана №8 турбоагрегатты өчүрүүгө туура келди, болбосо алар жарылып кетүү коркунучу алдында эле. Түнкү бирде цехтин температурасы сырткы абанын температурасынан айырмаланбай калды. Ушуга байланыштуу жаңы коркунуч жаралды – приборлордун импульстук түтүктөру тоңо баштады. ЖЭБдин кызматкерлери ызгаар суукта аларды колунда бар нерселер менен, кээде колу менен да, жылытканга аракет кылып жатышты. Болбосо резервде турган жана өчүрүлгөн казандарды кайра иштетүүгө керек технологиялык өткөрмө түтүктөрдө авария болмок.  

Эртең менен №№ 4, 11, 12 казанагрегаттары менен №№ 4, 5, 11 турбоагрегаттары иштеп жатты. ЖЭБден келген суунун температурасы 40 менен 50 градустун ортосунда эле, өзгөчө батыш бутакка кошулган үйлөрдө абал начар болду. Оңдоо иштери жүрүп жатты, бирок 6:30да муздатуучу суунун басымы түшүп кетип, дагы бир канча казандар өчүрүлдү.

Белгилей кетиш керек, ушул убакта ЖЭБдин кызматкерлери жанын тобокелге салып иштеп жатышты. Биринчиден, техникалык коопсуздуктун бардык эрежелерин сактаган күндө да иштеп жаткан агрегаттарда авариялык оңдоо иштерин жүргүзүү эң опурталдуу болуп эсептелет. Экинчиден, бул күндөрү теориялык жактан алганда казандар жарылып кетиши толук ыктымал эле. ЖЭБ – бул татаал инженердик тутум, эгер бир бөлүгү иштен чыкса, башкалары да иштен чыгышы мүмкүн. Ал кезде жардырууну болтурбоонун, ЖЭБди аман сактап калуунун эң коопсуз жолу аны толугу менен өчүрүү эле. Башкача айтканда, технологиялык жактан алганда бул жылытуу сезонун ушуну менен токтотуу эле. Бүтүрүү эле. Бирок эч ким ага барбады. 

Кийин бизге айтып беришкендей, ушул мүмкүнчүлүк тууралуу айтылганда, аны колдогондор чыкпады. Миң адамдын өмүрүнүн коопсуздугу жана жарылуу тобокелдигин алып таштоо үчүн бүт шаарды жылуулуксуз калтырууга эч ким баргысы келбеди, катардагы техниктер да, инженерлер да, бардыгы.

28-январда күндүзгү саат бирге жакын жүктөмдү акырындан көтөрө башташты. Саат бирлерде экинчи авария болду – агрегаттардын биринде экрандык түтүк жырылып кетти. Ушул эле убакта 23-казандагы экинчи баскычтын суу экономайзеринде тоңуп калган жерлери табылды. Колдо болгондун баары иштеп жаткан жабдууларду сактап, коммуникацияларды тоңдурбаш үчүн жумшалды.

Андан ары, энергетиктер берген текстти сөзмө-сөз келтирбеиз: 14.00дөн 16.00гө чейин жыртыктары табылган сайын №№ 23 жана 24 казандар бошотулуп, кайрадан толтурулуп жатты. 17.48де №7 турбогенератор тармакка кошулду. 21.10до №18 казандагы өткөрмө түтүктөрдүн бардык жыртыктары жамалып, аны кайрадан суу менен толтура башташты”.

29-январь эң авралдык тартипте өттү, күбөлөрдүн айтымында, бул күн эң коркунучтуу күндөрдүн бири болду, анткени жүктөм өскөн эле. Бул авариялык өчүрүүлөрдүн айынан айрым жабдыктардын иштен чыкканына байланыштуу болчу: “29-январдын 00.00үнө №№ 4, 10, 11, 12, 13, 14, 16 казанагрегаттары менен №№ 4, 5, 8, 11 турбоагрегаттары иштеп жаткан. Станциялык жүктөм – 255 МВт. Тармактагы суунун температурасы – 51-61 градус. 1.30да №7 турбогенератордун электрдик тээгиндеги маселе жаралды. 3.00дө №23 казанда барабанынан авариялык агызуунун тоңуп калгандыгы жана дренажынын айрылгандыгы байкалган. 5.00дөн 18.30га чейин №23 казан бошотулуп, кайра толтурулуп, имульстук линияларындагы тешиктер жамалды. 21.30да казанды кайра иштетишти. 21.40та жаңы №3 блокту жага башташты. 22.30да авариялык кырдаал жаралгандыктан №23 казан кайра өчүрүлдү”.

№23 казан дагы эки жолу иштен чыкты. Ал түнү авария акыры жоюлганы баарына маалым болду, болгондо да ЖЭБдин ишин токтотпой туруп. 30-январда кечинде ЖЭБ штаттык тартипте иштей баштады, бирок аврал бүгүнкү күнгө чейин уланууда. 

Шаар калыбына дагы эле келелек. Айрым үйлөрдөгү жылытуу тутуму катуу сууктагы аз басымга чыдабай, алар да авариялык абалга келишкен. Айрым үйлөрдө Турак жай ээлеринин товариществосунун жетекчилери эмне кылып жаткандарын жакшы билбей туруп, ушундай кылсак батырак ысыйбы деген үмүттө жылытуу системасынан сууну бир аз төгүп коюшкан. Жыйынтыгында бул үйлөрдөгү тутум тоңуп калган. Ушундай үйлөрдө оңдоо иштери дагы да жүрүп жатат.

ЖЭБ кызматкерлеринин баатырдыгы – эч кандай кош тырмакчасыз – бул күндөрдөгү катуу суукта Кыргызстандын борбор калаасын энергетикалык кризистен сактап калды десек болот. Мынтип айтканыбыз көп кишилерге жакпашы мүмкүн. Адистерге караганда жакшы билебиз деген ишеним бар эмеспи. Бүгүнкү күндөгү “тренд” – өкмөттү күнөөлөө. Күнөлөгөнгө себеп жок болсо да.

... жарыксыз да...

Мындайда, борбор калаада электр энергиясын колдонуу бир канча эсе өскөнү түшүнүктүү. Бул күндөрү биз абсолюттук максимумду көрсөтө алдык. Ал 28-январдын кеч маалына туура келди. Бул убакта колдонулган кубаттык 3193 МВтка жетти. 1050 МВт өлчөмүндөгү негизги өсүштү Бишкек камсыздады. Мурдагы рекорд 2014-жылы байкалган, анда бул көрсөткүч 3139 МВт болгон. 

ЖЭБ бул күндөрү авариялык тартипте иштегенине карабай, электр энергиясы колдонуучуларга керектүү көлөмдө жеткирилип турду. Башкача айтканда кубаттуулуктун жетишпестиги өз убагында жабылган. Сөзсүз, ашыкча жүктөмдүн айынан электр тармактарында авариялар көп болуп жатты.

“Ашыкча жүктөмдүн айынан кабелдик линия иштен чыккан”, - деди журналисттерге “Түндүкэлектро” ААКтын басма сөз катчысы Гуля Мураталиева.

Жылытуучу приборлорду көп санда иштетпөө өтүнүчү менен энергетиктер бишкектиктерге кайрылганда, чоң ызы-чуу чыкты эле. Бул өзгөгөчө коомдук тармактарда байкалды, айрымдар караңгыда сүрөткө түшүү флешмобун да уюштуруп ийишти. Шаардыктарды бир жагынан түшүнсө болот. Жылуулуксуз калып көрүшкөн эмес, бактыбызга. Жылуурак кийинип, авариянын жоюлушун күтүү алар үчүн мазактоодой сезилди. Бирок айрым учурда “мен эч нерсе билбейм, мамлекет мага милдеттүү, мен салык төлөп жатам” деген принципти кармануу, бардыгыбызды сызга отургузуп коюшу мүмкүн да.

Кээ бир даректер боюнча “Түндүкэлектро” ААКтын кызматкерлери бир нече жолудан барып жатышты. Башкача айтканда, ашыкча жүктөмдүн айынан эки-үч саат жарыксыз калгандар, жарык берилээри менен бардык жылуулук берүүчү приборлорду кайрадан жанталашып иштете башташкан. Бир нече мүнөттөн кийин кайра жарыксыз калышкан. Үй да бат муздай баштаган, анткени көп үйлөрдө суу жылуулук тутумга электр насостун жардамы менен берилет. Мына ушинтип, энергетиктердин айтымында, беш-алты жолудан болуп жатты . Бул кээде акылга сыйбаган нерсеге чейин жеткен, өзүнө да зыян алып келген мамлекетке керектөөчүлүк мамиленин тынчсыздандырган көрүнүштөрдүн бири.

Эң кейиштүүсү, менимче – бул калп чакыруулар. Мындай учурлар да катталды. “Түндүкэлектро”нун, “Бишкекжылуутармагы”нын, “Бишкексууканал”дын оңдоо бригадалары акылы жок “тамашөкөйлөрдү” кубантып барып жатышты. Ошол эле кезде чыныгы маселелер боюнча жүздөгөн чакыруулар кезекте турат эле, электриктер болсо бул күндөрү тыным билбей сутка бою иштеп жатышты. Тилекке каршы, кылмыш иштери козголгон жок. Мэриянын өкүлдөрү айтышкандай: “Башка бирөөлөргө тез арада жардам көрсөтүү керек болуп жатса, айрымдар ушинтип тамаша куруп жатышты”.

Ким күнөөлүү?

Бул суроого жооп табыш үчүн дагы бир нече жума керек. Азырынча иликтөөнүн  жыйынтыктары жок, ал эми айтылып жаткан нерселер – бул, негизинен, божомолдор жана чайкоочулук. Божомолдосо болот дечи, бирок ал жыйынтыксыз болот. Премьер Сапар Исаков билдиргендей, күнөөлүүлөр катуу жазаланат. ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу Башкы прокуратура “Шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Күч органдары билдиргендей, Өнөр жай мамкомитетинин, Улуттук энергохолдингдин, “Электр станциялардын”, Бишкек ЖЭБдин жана да башка мамлекеттик органдардын аткаминерлери жоопкерчиликке тартылат.

Кырсыктын себебин аныктоо боюнча ведомствалар арылык чоң комиссия түзүлдү. Анын курамына энергетиктер, айрым аткаминерлер жана депутаттар кирди. Ал биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жетекчилигин алдында иш алып барат. Мындай буйрукту премьер-министр Сапар Исаков чыгарган. Ушул эле буйрук менен авариянын себебин бир айда аныктоо зарылдыгы белгиленген. Өз кезегинде Аскарбек Шадиевдин тапшырмасы боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция  9-февралга чейин мүмкүн болгон себептерди талдапы чыгышы керек болчу. Учурда жылытуу сезонун үзгүлтүккө учуратпай аякташ үчүн биринчи кезекте жасала турган иштердин тизмеги түзүлдү.

2018-жылдын 2-февралында Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБдин жетекчилигинен алынды. Жылуулук борборунун директору болуп Андрей Воропаев дайындалды, ал 2013-жылдан 2017-жылга чейин ушул эле кызматта болгон. Анын энерготармакта ишштегенин стажы 29 жылды түзөт. Раззаков атындагы КТУнун Жылуулук электр станциалар факультетин аяктаган. Эмгек жолун Бишкек ЖЭБинде станоктордун оператору болуп баштаган, кийин слесарь болуш иштеген. Бардык тепкичтерди басып өткөн, дээрлик ар-бир участкадагы тутумдарды жакшы билет. Ал өз кезинде турбина жабдыктарынын текшергичи, инженер, улук инспектор жана башкы инженер болуп иштеген.

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев кызмат ордунан кетүү арызын жазган, бирок аны премьер Сапар Исаков кабыл албады, Комиссиянын ишинин жыйынтыгына жараша чечим чыгарарын айтты. Сапар Исаков баштаган министрлер кабинетин кетирүү тууралуу депутаттардын демилгеси таш капты. Эмне себептен аны кетириш керектигин табышпады. Башкы жылуулук борборун оңдоо иштери Исаков өкмөт башчы болгонго чейин бүтүрүлгөн эле.

Прессада баарынан көп талкууга алынган жагдай - ТВЕА кытай компаниясынын 386 млн АКШ долларына ЖЭБди жаңылаганы болду. Адамдардын көбү Жылуулук борборун жаңылаганы өкмөт дээрлик 400 млн доллар коротту, а жыйынтыгында катуу суукта Бишкек жылуулуксуз калды деген тыянак чыгарышкан.

Ушу боюнча тактай турган нерсе бар. Так ушул жаңылануу өз учурунда ЖАСАЛБАСА борбор калаанын тургундары жылуулук сезону аяктагыча жылуулуксуз да, ысык суусуз да калмак.

Отун-энергетика комплекси жана жер-байлыктарын колдонуу боюнча парламенттик комитеттин Бишкек ЖЭБинде өткөн жыйынында, анын жетекчиси Кожобек Рыспаев энергетиктерге өз убагында жасалган иштер үчүн ыраазычылыгын билдирди. Сөзсүз, жаңылануу боюнча отчетту бардык тараптар, анын ичинде парламенттик комиссия да, дагы бир жолу тыкыр текшерип чыгышат. Жаңылануунун каржылык жана техникалык деталдары боюнча “Электр станциялары” ААКтын генералдык дирекциясы отчет берет, контрактка так ушул компания кол койгон болчу. Мындай тапшырма берилди.

Так ушул жаңы агрегаттар аварияны жойгонго, катуу сууктарда батирлерде жана мекемелерде 10-15 градус болсо да “жылуулук” кармап турганга мүмкүчүлүк берди. Эгер жаңы агрегаттар иштен чыккан болсо, бизди чоң апаат күтмөк. 

Биринчиден, борбордогу ЖЭБ такыр токтоп калмак. Балким жарылуу, талкалануу менен да коштолмок, андай болушу толук мүмкүн эле. Экинчиден, жазга чейин абалды оңдоого эч мүмкүн болбойт эле. Үчүнчүдөн, толугу менен электрожылуулатууга өтүү энергетикалык кризисти жаратмак. Ал өлкөбүздүн түндүгүн толугу менен камтымак. Бөлмөдө 15 градус жылуу болгон батирди жылытуу менен 30 градус суукка каршы туруунун ортосунда чоң айырмачылык бар. Башкача айтканда, так ушул жаңылануу болгону үчүн ЖЭБде авария болду деген – чекилик. Фактылар баары тескерисинче болгонун көрсөтүп жатат.   

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, теракт же диверсия божомолдору да каралып жатат. Бир чети буга ишенүү оор, бирок так ушул эле убакта биздикине окшош авариялар Казакстанда, Беларуста жана Орусиянын айрым шаарларында болгон. Санкт-Петербурга ал эмес үч ЖЭБ токтоп калган, болгондо да окшош сценарий боюнча. Адистер азырынча бул фактылардын мүмкүн байланышын өз ара гана талкуулап жатышат, алар бири-бири менен байланышта болгондугу тууралуу далилдер жок. Бирок бул божомолду да комиссия караштырат, иликтейт. Анын жыйынтыктары менен окурмандарыбызды сөзсүз тааныштырабыз.

Даярдаган Светлана Бегунова

Сүрөттөр Sputnik.kg 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине