Террористти кантип оңдоо керек?

09:59, 13 Мая

Интернеттеги экстремисттик постко «лайк» баскандыгы үчүн соттолгон 19 жаштагы баланы андан аркы радикалдашуусунан кантип алып калуу керек? Же 24 жаштагы оор эмгек миграциялда жүрүп, Сириядагы чоочун согушка жалданып кеткен «согушкерди» кантип мурунку жашоого алып келүү керек? Идеялык «хизбутчуга» анын идеялары мыйзамдуу эмес экендигин кантип түшүндүрүү керек? Анын үстүнө, алар үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын колдоосу жок, диний көз караштарынан улам психологиялык басымга кабылып, оңдоп-түзөө колониясында жаткан болсо.

Бул суроону дин, адам укуктары жана социалдык маселелер боюнча эксперттердин тобу көтөрүп чыккан. Алар Кыргызстандын 5 облусундагы 10 кылмыш-оңдоо инспекцияларында экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн учетто турган адамдар арасында мониторинг жүргүзгөн.

Жакында БУУнун БжКмКнүн «Кыргыз Республикасынын оңдоп-түзөө системасынын мекемелериндеги зомбулукка болгон радикализацияны профилактикалоо» долбоорунун мониторингинин алкагында берилген кеңешмелердин жыйынтыктарын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Баардыгы 76 соттолгон адам суралган, алардын ичинен 18% айымдар. Орточо жаш курак- 33 жаш. 97% Кыргыз Республикасынын жарандары. 62 % орто билимдүү. 67% - өзбектер. 77%- турмушка чыккан же үйлөнгөндөр. 92% үчүн бул биринчи жолку соттолуу. 71% күнөөсүн мойнуна албайт.

Кармоо шарттары

Диний маселелер боюнча эксперт Индира Асланованын белгилөөсүндө, соттолгондордун эң башкы көйгөйлөрүнүн бири болуп жасалган кылмыш менен ага карата берилген жазанын деңгээлинин дал келбестиги саналат.

«Интернеттеги басылган лайк же «Хизб ут-Тахрирдин» баракчасын сактоо үчүн соттолгондор террористтер кармалган шарттарда отурушат. Бул талдуулуктун жана радикализациянын өсүшүн туудурат. Мындан кийин, чыккандан соң ал идеологиялыктан зомбулуктук экстремизмге өткөн адамга айланып калат. Бул чечүүчү тобокелчиликтин бири»,- деди Асланова.

Соттолгондордун  38% белгилегендей, тергөө иш-чаралары болуп жаткан учурда аларга физикалык жана психологиялык басым көрсөтүлүп, алардын башына баштык кийгизип, ток менен урдурушкандыгын айтышкан. Анын үстүнө, алар бул тууралуу доо-арыз жазып, зомбулукка алынгандыгын билдире аларын билишпейт, билген күндө дагы эч нерсени айтышпайт, анткени укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ишенишпейт.

«Кармоо шарттарына карата, жүргүзүлгөн мониторингге таянсак, баардык камераларда суу менен камсыздоо жана вентиляция бар экендиги аныкталагн. Тазалык кантааттандыраарлык деңгээлде. Санитардык түтүктөр камералардын ичине жайгашкан, бул, абактагы башка жарандардын ою боюнча, аларга ыңгайсыздык тартуулаган»- деп кортунду чыгарган эксперттер.

Соттолгондор күнүнө үч жолу камералардан тамактанышат.  Бирок ашканаларда диний орозонун убагындагы рациондун өзгөчөлүктөрү дайым эске алына бербейт.

Соттолгондордун 16% гана эмгекке болгон укугун ишке ашырат. 41% билим берүү долбоорлорунда катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Көпчүлүгү өздөрүнчө билим алышат.

«Бирок эгерде кеп диний билим алуу тууралуу боло турган болсо, абал өтө оор»,-деп белгилейт эксперт Асланова.

Катышуучулардын 40% диний таабиттери тууралуу айтуудан баш тартышты. 36% «Хизб ут-Тахрирдин» курамында экендигин билдирди.  Андан ары кемиген көрсөткүч боюнча башка азчылыктагы террористтик уюмдары кетет: «Өзбекстан Ислам кыймылы», «Жайшүл Махди», «Ислам мамлекети», «Жабхат ан-Нусра» жана башкалар.

Алардын көпчүлүгү эски Кылмыш кодексинин 299 же жаңы кодекстин 415- «Расалык, улуттук жана диний жаңжал козгоо» беренеси боюнча соттолгон. Экинчи бөлүгү 226 «Терроризм актыларында катышуу» беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылган.

«Көбүрөөк радикалдашкан топтордун өкүлдөрү тууралуу айта турган болсок, алар өздөрүн күнөлүү деп эсептебейт жана «мен кылган нерсемдин баардыгын Шарият мыйзамына ылайык жасадым, капыр бийлиги мени соттогонго укугу жок» деп айтышат. Башкалардын айтымында болсо, алар жасаган кылмышы менен Кыргызстандын мыйзамдарын бузбагандыгын жана аларды эмне үчүн жоопкерчиликке тартышкандыгын түшүнбөй жатышкандыгын айтышат»,- дейт эксперт Асланова.

Мониторингдин жыйынтыгы руханий башкармалыктын профилактикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугунун жетишсиздигин көрсөткөн, анткени башкармалыктын кадыр-баркы жок.  Андыктан кийинки кортунду чыгарылды: мындай топтогу соттолгондорду реабилитациялоону жалгыз гана негизги билимдерден сырткары соттолгон жарандар менен иштегенди билген кесипкөй теологдор жүргүзүүсү зарыл.

Башкы кеңеш- зомбулуктуу жана зомбулуксуз экстремизм үчүн соттолгондорду өзүнчө кармоо шарт, анткени кармоо жерлеринде радикализациялоо боюнча жакшы мектептер орноп калган.  Зомбулуксуз экстремизм үчүн соттолгондор зомбулукка жана терроризмге үйрөнүшкөн, ал эми зомбулуктуу экстремизм үчүн соттолгондор башкаларды, мисалы хизбутчуларды жалдоо боюнча схема түзүүнү үйрөнүшкөн.

Экинчи кеңеш-китепканага кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү.  Албетте, террористти китептер аркылуу гана мыйзамга баш ийген жаран кылууга мүмкүн эмес.  Бул процесс акырындап өтүшү керек. Жана эң биринчи баскыч катары зомбулуктан баш тартуу болушу керек.  Салафиттик туруктуу мүнөздөгү адабият тартууланышы керек, ал үчүн китепкана жакшы ойлонулушу абзел.

Үчүнчү кеңеш- реабилитациялоого көмөктөшө алган сырттагы эксперттеррди, үй-бүлө мүчөлөрүн тартуу. Колониялардын штаттарында социологдордун жана психологдордун санын 50-70 жаранга бирге чейин көбөйтүү керек.

Радикалдашуунун үч деңгээли

Соттолгон жарандардын реабилитациялануусу натыйжалуу болушу үчүн, алардын радикалдашуусунун деңгээлдерин айрымалай билип, алар кылмыш жасап жаткан учурда кайсы мотивдер менен кадам кылгандыгын табуу керек. Диний маселелер боюнча эксперт Нургүл Эсенаманова аларды үч категорияга бөлүштүрөт.

Радикалдашуунун биринчи деңгээли- радикалдашуунун жоктугу.  Бул топко экстемисттик ишмердүүлүктү интернеттен колдогон жарандар кирет. Булар «лайктар» репосттор жана экстремисттер тарабынан колдоого алынган аудио жана видеоматериалдарды сактагандар.

«Интернеттеги «лайктар» үчүн соттолгон 18 жаран биринчи жолу соттолгон.  Бул жаш адамдар, алардын орточо жаш курагы 26 жашты түзөт. Алардын идеологиялануусу жок.  Алардын ичинде интернетке өздөрү дагы түшүнбөгөн диний маазмундагы каттарды жайгаштыргандары бар,»-дейт эксперт.

Эксперттин баамында, бул адамдар тобокелчиликтин зонасында турушат, анткени кармоо жайларында алар идеологияга тартылып, жалданып калышы мүмкүн. Бул категориянын адамдарын реабилитациялоодо жаратмандыкка басым жасап, диний билим берүүдөгү иш-чараларды өткөрүү керек.

Радикалдашуунун экинчи деңгээли- иделогиясы бар экстремисттер, аларга, айта турган болсок, «Хизб ут-Тахрирдин» мүчөлөрү кирет.  Алар зомбулук колдонула турган методдорду колдобойт, бирок өз идеологиясына абдан катуу ишенгендер жана аларды реабилитациялоо оор жана көп убакытты талап кылат.

«Алардын көз караштары туура эмес экендигине кыска убакыттын ичинде ишендтрүү мүмкүн эмес, комплекстүү чаралар керек. Бир жакшы жагы бар: алардын көпчүлүгү жаңы билим  алууга муктаж. Андыктан аларга диний билим алууга мүмкүнчүлүк берүү керек.  Алар үчүн Чубак Жалилов, Абдышүкүр Нарматовдор абдан чоң кадыр-баркка ээ. Бул дагы алар башка иний лидерлерди кабыл алууга даяр экендигин көрсөтүп турат жана, бул нерсени реабилитациялоо иштерин жүргүзүүдө колдонууга болот»,-деп белгиледи Эсенаманова.

Үчүнчү деңгээл-зомбулуктук экстремизм. Бул топко Сириядагы аскердик зоналарда болуп келген жана жалдоо үчүн соттолгон жарандар кирет.

Бул категориядан 13 адам суралган, алардын ичинде бир аял бар жана алардын орточо жаш курагы 24 жашты түзөт. Алардын бешөө Орусияда жана Түркияда эмгек миграциясында жүргөндө социалдык тармактар аркылуу жалданган. Алтоосу өздөрү дагы жалдоо ишмердүүлүгү менен алектенген.  Эксперттердин айтуусунда, баардык жарандардын диний билими өтө төмөн деңгээлде.

«Алардын жарымы жалдаган адамдар тарабынан акча үчүн гана колдонулгандыгын түшүнүшөт. Алар жаштарды радикалдаштыруудан кантип коргоо тууралуу кеңештерди активдүү беришүүдө. Алардын айтуусунда, мамлекет жаштарга көңүл бурушу абзел. Радикалдашуунун негизги себеби- жумушсуздук. Алар интернетке кирүүгө чектөө коюу керек деп эсептешет»,-дейт эксперт.

Жасаган кылмышы үчүн өкүнгөндүгүнө карабастан, бул топ тобокелчилик зонасында турат, анткени алар аскердик иш-аракеттер жүргөн жерлерде болуп келишкен. Алар менен психологдор такай иштөөсү керек.

Колдоонун ордуна социалдык изоляция

«Экстремизм үчүн соттолгондордун социалдык реабилитацияланышы толук мүмкүн,- деп ишенет психолог Ольга Коржова. –Алардын көйгөйлөрүнүн спектору кадимки адамдардыкына эле окшош. Алар жашоодогу оор кырдаалды жеңе албай калган адамдар. Анткени ошол учурда аларда жетиштүү деңгээлдеги колдоосу жок болгон».

Мониторингдин алкагында суралган адамдардын 27% кандайдыр бир узак мөөнөттөгү психологиялык жардамга муктаж эмес. 16% - стресстин туруктуу формасында келе жаткандар. 7%- суицид жөнүндө ойлору бар адамдар. Аларга психологиялык гана эмес, психиатриялык дагы жардам керек. 6%- агрессивдүү алып жүрүү тобокнлчилигинин злнасында жүргөндөр, алар өтө импульсивдүү жана өзүнүн агрессивдүүлүгүнө ээ боло алышпайт. Коопсуздук жактан алар дагы кооптуу.

Өзүнчө топ, 6% га жакын жарандар- булар аскердик зоналарда болуп келгендер. Алар зомбулукту көрүшкөн жана ал нерсе бул адамдардын психикасына таасир калтырган. Алар психологиялык реабилитацияга муктаж, анткени кооп жаратат.

«Көйгөй, экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон адамдар көп көлөмдөгү стигмага туш болгондугунда жатат. Алар менен туугандары, кошуналары, достору баарлашкысы келбейт. Алар мечитке намазга баргысы келбейт. Уялуу, өкүнүү сезимине көп туш болушат. Алар социалдык колдоо ала алышпайт. Коом аларга кайрадан кадимки жашоого кайтып келүүгө жардам берүүнүн ордуна четке кагып келет»,-деп түшүндүрөт психолог.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, өкмөт, омбудсмендин институту, МЖАК, пробация органдары Кыргызстандын диний башкармалыгына бул категориянын жарандарын реабилитациялоо боюнча баардык аспекттерине карата берилүүчү кеңешмелер иштелип чыкты.

Башкы идеялар- радикациялануунун деңгээлине жараша ар бир топко өзүнчө мамиле кылуу керек. Билим берүүнү социалдык лифт катары колдонуу маанилүү. Аларды жумуш менен камсыздоо абзел. Жана чечүүчү аспект болуп үй-бүлө менен иш алып баруу саналат.

«Бул категориянын жарандарын реабилитациялоодо кесипкөй психологдорду жана социологдорду ишке тартып, ошондой эле кыргыз тилдүү методдорду колдонуу зарыл»,- деп белгилешет эксперттер.

БУУнун БжКмКнүн колдоосу

БУУнун бңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программдык кеңсесинин Кыргыз Республикасы боюнча жетекчиси Андрей Селезнев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына натыйжалуу жана конструктивдүү өз ара иш алып баруу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал БУУнун  БжККнын Борбор Азия мамлекеттериндеги бирдиктүү программа боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү жана 2015-2019-жылдардагы региондор аралык потенциалды өстүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Маалымадама:  БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө 2017-2022-жылдардагы терроризм жана экстремизмге каршы ишмердүүлүк жүргүзүүдө көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин пенитенциардык системаны (2016-жылдын апрель айы) жана укук коргоо органдарын реформалоонун алкагындагы (2016-жылдын июль айы) чечимдер.  БУУнун БжКБы БУУнун тынчык куруу фондунун каржылык колдоосунун алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүп келет: изоляцияланган блоктогу өндүрүш цехтерин куруу жана жабдуулоо, 27- мекемедеги сейилдөө короолору жана узак мөөнөттүк жоолугушуулар үчүн бөлмөлөрдү алуу, соттолгондордун классификациялоо жана тобокелчиликтерди баалоо боюнча иштелип чыккан системаны апробациялоо, МЖАКтын бирдиктүү мониторинг борборун жабдуулоо, пробациянын жана колониялардын кызматкерлери үчүн окутуучу курстарынын серияларын камсыздоо.

Даярдаган Аида Тастанова

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине