Жердин климаты өзгөрүүдөбү, жана да бул жараян Кыргызстанга таасир кылуудабы?

20:10, 25 Сентября 2018

Адам баласынын ишмердүүлүгүнүн “күчөшү” Жердин климатына эч кандай таасир этпейт деген пикир акыркы кезде көп айтыла турган болду.Таксисттер, чала-сабат “эксперттер”, ашкана чечендери жана үй баатырлары: интернеттен окудук, окумуштуулар айтып жатышат, глобалдык жылуулануу деген нерсе жок деп кесе айтышууда.

Каалаган малыматты интернеттен табуунун жеңилдиги кээде терс жагынан чыгат. Биз өзүбүздү бардыгын билген чилистен адам катары сезе баштайбыз. Билбегенибиз болсо, аны Google дан бат эле таба коёбуз. Ошол эле кезде тапкан маалыматыбыздын чындыкка жакындыгын, маалымат булагынын ишенимдүү же ишенимдүү эместигин текшергенди биз билбейбиз. Чындыкка жакындыгынан сырткары абройлуу маалымат булагы деген нерсе бар. Жерде болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөр, процесстер тууралуу чоң илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, аларга таянып тыянактарын чыгарган кадыр-барктуу окумуштуулар гана сөз кылса туура болот эле. Башка учурда – бул жөн гана өзүнө көңүл бурдуруунун амалы.

Ал эмес Бишкекте беш жылдан бери жай өтө ысык болуп, ысык желдердин, аябаган катуу шамалдардын болуп жатканы, ал эми жаңылыктарда кайсы бир өлкөдөгү же тайфун, же суу ташкыны тууралуу материалдардын көп болгону адамдардын көбүндө дагы деле эч шек жаратпагандай. Ошондуктан ушул темага байланыштуу акыркы маалыматтар менен тааныштырсамбы деген ой жаралды.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун докладындагы маалыматтар боюнча, абадагы көмүркычкылынын (СО2) деңгээли 403 миллиондук үлүштөн ашып, акыркы 10 жылдагы орток көрсөткүчтөн 50%га көбөйгөн. Акыркы 800 миң жылда бул көрсөткүч 280 миллиондук үлүштөн төмөн болгону белгиленет. Башкача айтканда үстүбүздө “күнөскана” укмуш тездикте курулуп жатат. Аны биз өзүбүз куруп жатабыз. Жалпы бардыгыбыз. Заводдор асманды ыштап жатышат, токойлор кыйылып жатат, автоунаалар абаны булгашууда, адамдардын күнүмдүк жашоосундагы айрым нерселер, аэрозолдорду жана пластиктерди колдонгондугу да өз “салымын” кошууда. Мунун бардыгы эмнеге алып келиши мүмкүн? Акыркы иликтөөлөдүн жыйынтыгы кандай?

Алардын эң акыркысы – былтыр Лоренцо Альфиери (Европа комиссиясы – Бириктирилген изилдөө борбору, Италия) жана Ричард Беттс (Эксетер жана Мет Офис Университети, Улуубритания) жарыялаган эмгек болушу мүмкүн. Окумуштуулар континентибиздин европа бөлүгүндөгү абалды изилдешкен. Анткени бул аймакта узак мөөнөттөн бери өтө бай гидрологиялык маалыматтар чогултулуп, топтолгон. Алардын жыйынтыгын эки сөз менен айта турган болсок – жылуулануу башталды, суу ташкындарынын тобокелдиги өсүүдө. Ричард Беттс прессага төмөнкүлөрдү айтты: “Биз колдонгон эсептөөлөрдүн үч ыкмасы тең бир жыйынтыкты берди – жердеги абанын жалпы температурасы болгону 1,5 градус Цельсияга көтөрүлө турган болсо Батыш жана Борбордук Европада суу ташкынадырынын тобокелдиги өсөт”. “Биз ар башка 11 климаттык сценарийди, 11 гидрологиялык моделди, суу каптоонун 3 моделин жана таасир этүүнүн 2 моделин колдондук. Алардын бардыгы көптөгөн европа өлкөлөрүндө суу ташкындарынын болушунун тобокелдиги кескин өсө турганын көрсөттү”.

Европа бизден алыспы? Макул. Жакында Lancet деген абройлуу журналда жарыяланган масштабдуу башка иликтөөнүн авторлору биздин аймакка көбүрөөк жакындашкан, алар Евразия, Африка жана Америкада болуп жаткан процесстерди байкоого алышыптыр. Иштин маңызына кайрыла турган болсок, аба ырайынын экстремалдык көрүнүштөрүнүн санын жана алардын адамдарга таасирин иликтешкен. Аларга катуу шамалдар, аномалдуу жаандар, кургакчылык, абаныны катуу ысышы жана кескин түрдө күтүүсүз муздашы кирет. Иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча, 2010-жылдан 2016-жылга чейин мындай опурталдуу көрүнүштөрдүн саны 46%га өскөн, ал эми акыркы эки жылда бул сан дагы бир топ өсө түшкөн. Демек, жаратылыш катаклизмдери чынында эле акыркы убакта көбүрөөк боло баштаган. Муну танууга болбой калды.

“Мунун баары бардык өлкөлөрдүн экономикасына таасирин тийгизүүдө, чоң чыгым алып келүүдө, анын өлчөмү жылына ондогон миллиард долларларды түзөт. Ошол эле кезде адамдардын ден соолугуна да залакасын тийгизип, ар түрдүү вирустук, инфекциялык оорулардын күчөшүнө алып келүүдө”, - деп айтылат иликтөөдө. Бул эмгектин үстүндө университеттер, Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму кирген 24 илимий топ иштеген.

Ал эми орус окумуштуулары бул тууралуу кандай ойдо болду экен? Физика-математика илимдеринин докторлугуна талапкер, Орус илимдер академиясынын Океанология институтунун улук илимий кызматкери жана Гренобль университетинин (Франция) профессору Ольга Золинанын пикиринде, аба ырайынын экстремалдуу көрүнүштөрү бат-баттан боло башташы – дүйнөдө орун алган климаттык өзгөрүүнүн натыйжасы.

“Учурда климат өзгөрүп жатат, анан да, муну тана албай калдык, бардык аймактарда абанын температурасы өсө баштады, - деп такай айтып келет ал журналисттерге. – Климаттык тутум тең салмактыктан чыкканда – буга адам баласынын ишмердүүлүгүнүн таасири чоң экени азыр так аныкталды – бул тутумдун бардык бөлүктөрү туруксуз абалга келет”.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун атмосфераны жана айлана чөйрөнү изилдөө боюнча программасынын жетекчиси Деон Тернбланштын пикиринде, парник газдарынын, өзгөчө көмүркычкылынын атмосферага чыгуусу токтомоюнча глобалдык жылуулануу да токтобойт. Окумуштууну бул сөздөрүн ондогон абройлуу ЖМКлар жазып чыгышкан.

“Бул азыркы замандагы эң оручудуу маселелердин бири, биз анын кесепеттерин сезе баштадык”, - деген Тернбланш.

Демек эч нерсе болбогондой түр кылганыбыздан бул маселелер өзүнөн өзү эле чечилип калбайт. Учурда чынында эле бардыгыбызга тиешеси бар глобалдуу маселени байкап жатабыз. Бул тууралуу география илимдеринин доктору, Москва Мамлекеттик университеттин профессору Александр Кислов жакшы айткан: “Климаттык өзгөрүүнүн эң башкы натыйжасы - дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшү болушу мүмкүн. Анын коркунучтуу жагы, биринчиден, суунун капташы, бул жараян жүрүп жатат, ал тууралуу сыналгыдан көрүп жатабыз, интернеттен окуп жатабыз. Экинчи коркунуч, ал эми байкала баштады, - жердин көп аймактарында кургакчылык күчөй баштады. Булар эмнеге алып келиши мүмкүн? Суу ташкындарына, кургакчылыкка, ачкачылыкка, оорулардын көбөйүшүнө. Адамзат бул маселени чечүү жолдорун таппаса ушулардын бардыгы бизди келечекте күтүп турат”.

Ошондуктан бул тема дагы деле актуалдуулугун жогото элек. Адамзат жана да ар бир адам үчүн бул туңгуюктан чыгуу жолу кайда экенин “Жаңы жүздөр” гезитинин кийинки сандарында сөз кылмакчыбыз.

Даярдаган Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине