Миграциянын жүзү: орусиялыктар биз тууралуу кандай ойдо?

12:35, 28 Сентября 2018

Бул окуя Москваны да, Кыргызстанды да дуу эттирди, кыргыз эмгек мигранты тууралуу дагы бир жолу терс пикир жаралды. Бир кыз туулган күнүн достору жана туугандары менен москванын “Аура” деген түнкү клубунда белгилеп жаткан эле. Ага кызуу балдар тийише башташат. Кыздын бир тууганы ага болушкандыктан мас балдар чогулуп келип жаш баланы сабап, анын мобилдик телефонун жана үн аппаратын тартып алышат. Кордолгон жана кемсинтилген бала автоунаасына отуруп бул жерден кеткиси келет, бирок беркилер анын жолун торошот. Жакалашып-тартышып жатып бала кокустан газды басып алып, жолун торогон балдарды сүзүп алат. Бул тууралуу ал сурак учурунда моюнга алып айтып берген.

Жыйынтыгында, чыр-чатак чыгарган балдардын бири ошол жерде каза болуп, төртөө оор абалда ооруканага жеткирилет, ал эми рулда отурган бала камакка алынат. Бул кайгылуу окуянын катышуучуларынын бардыгы – кыргызстандыктар болуп чыкты. Биздикилер кайрадан эле көптөгөн макалалар менен сюжеттердин каармандары болуп калды. Москвадагы “Аура” клубунун жанындагыдай окуялар орусиялыктар арасында мигранттар тууралуу терс пикирди гана жаратат. Бул жерде сөз мигрант тууралуу балып жатабы, же орусиялык паспорту бар Кыргызстандык тууралуубу аларга баары бир дегендей.

Бул трагедия Москвада мэрди шайлап жаткан тынчтык күнү болду. Ошондуктан жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардыгы бул окуяны чагылдырып жатып калышты. “Кыргызстандык адамдарды сүздү”, “Мигранттар Москвада адамдарды сүзүп жатышат” деген сыяктуу аталыштагы жаңылыктарды окуса болот эле. Тилекке каршы, мындай билдирүүлөр антимигранттык маанайды күчөтүп, орусиялык коомдогу айрым саясатчылардын полпулисттик билдирүүлөрүнө жана шовинисттик макалалардын чырагына май тамызат. Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан, рублдун курсунун төмөдөшүнөн, Украинанын чыгышындагы согуштан, Сириядагы узакка созулган конфликтке катышуудан, пенсияга чыгуу курактын узартылышынан жана орусия президентинин рейтингинин төмөндөшүнөн улам саясий жана экономикалык кризисти баштарынан кечирип жаткан учурда мындай билдирүүлөрдү орус медиясы асмандан түшкөн белектей кабыл алып, аны бардык жагынан чагылдыра башташат.

Эң кызыгы, бул окуяга катышкандарда орусия жарандыгы бар экендиги эч кимди кызыктырбады. Аларды кызыктырган башкы нерсе – алар каяктан келишкени болду. Орусиянын милициясы жана катардагы эли орусиялык паспорту болсо да Борбордук Азиядан келгендерди мигранттар, чоочун адамдар катары кабылдашат. Мигранттардын тиешеси бар криминалдык жаңылыктар жакшы “сатылат”. Москвадагы кыргыз элчилигинде “жарандыгына көңүл бурбастан айрым жалпыга маалымдоо каражаттары терс билдирүү пайда болоору менен “Кыргызстандан келген” деген терминди колдоно башташат, муну менен алар Кыргызстандын имиджине чоң залака тийгизип келишет” деп билдиришти. Бул окуя былтыр Москвада биздин мекендештерге тиешеси бар жана терс реакцияны жараткан төртүнчү окуя болуп калды.

Аз-маз болсо да белгилүү болуп калган бийликчил да, оппозициячыл да саясатчылар электоратты өзүнө тартыш үчүн мигранттардын темасын колдонушат. Бул темага байланыштуу өзүнүн көз карашын биринчилерден болуп Орусиянын “башкы оппозиционери” Алексей Навальный билдирди, андан ары аны Жириновскийдин уулу, Орусия Думасынын вице-спикери Игорь Лебедев колдоп кетти.

Эгер кечээ эле москвалыктардын көбү кыргыздар тууралуу эч нерсе билбей турган болушса, бул күндөрү көп тираждуу “Комсомолка” москванын тургундарын “киргиз-танудар” тууралуу бир беткей материалдар менен коркута баштады. Түпкүлүгү кыргызстандык Орусиянын жарандары орусиянын түпкүрүндөгү эч ким жашабай калган айылдардагы үйлөрдү сатып алып жаткандыгы тууралуу этикага каршы келген материалдар орусиялык медиада пайда боло баштады. Буга окшош матриалдарда эли аз Кыргызстан миграциялык чоң коркунуч катары кабылданат. Мурда орусиялык тургундарды Түндүк Кавказдан чыккандар менен коркутушаар эле, андан кийин тажиктер менен коркутушту, эми кыргызстандыктардын кезеги келди окшойт. Болбосо ушуга окшош көп сандагы материалдардын пайда болушун башкча кантип түшүндүрсө болот?

А биздин элчилик эмне дейт? Дипломаттар “коомдук түйүндөрдү колдонуп, элчилик менен кыгызстандыктардын Москвадагы коомдук бирикмелери менен байланышты жөнгө салуу керек” деген чакырык менен гана чектелип коюшту. Элчиликтегилер алардын сайтына жана коомдук тармактардагы баракчаларына көбүрөөк кирип турууну сунушташты, ушинтип кирип коюшса эле кыргызстандыктар өзгөрүп кетчүдөй. Жалпысынан алганда чет өлкөлөрдөгү дипломаттык мекемелерибиздин иш алып баруусуна мекендештерибиз көп нааразы болушат.

КР Мамлекеттик миграция кызматынын жана анын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн укуктарын эчак эле кеңейтиш керек болчу. Маалыматтык саясатты күчөтүүгө көңүл буруш керек, болбосо биз азыркыдай эле түштөн кийин маараган аксак койго окшоп жүрө беребиз.

Орусиянын борбор калаасында учурда кыргызстандыктардын 60ка жакын коомдук уюмдары бар, ал эми коомдук тармактарда, дипломаттардын маалыматы боюнча, жаңылыктар, сүрөттөр жана видео менен бөлүшкөн 70тен ашык ар түрдүү тайпалар бар. Ар түрдүү окуяга байланыштуу жаңылыктар да ал жакка чыгып калат, мисалы, москванын “Аура” клубунун жанындагы окуядан кийин ал жакка жаш балага кол салган учур тартылып калган сырткы видеобайкоонун видеотасмасы жайгаштырыла баштаган.

Мыйзамды урматтаган, Орусияда ийгиликтүү иштеп жаткан же Кыргызстандагы туугандары тууралуу сарсанаа болгон кыргызстандыктар ушуга окшош окуяларга кандай көз карашта болду экен? Мисалы, Улан Кошматов деген жердешибиз дем алыш күндөрү кыргызстандыктар чогулганды жакшы көргөн Москвадагы бардык кафелерди, эс алуучу жайларды кыдырып чыгып, аларды тынч жүрүүгө, ынтымакка чакырыш керек дейт. Анын пикиринде, маселенин бардыгы тарбиянын, көзөмөлдүн жоктугунда, бири бирин урматтабагандыкта. Тарбиянын жоктугун башкалар дагы көп айтышат. Бөтөн өлкөдө нан таап, ишке орношуу тууралуу сөз болуп жатканда бул болбогон эле нерсе сыяктуу көрүнөт! Же дагы башка маселени – жазасыз калам деп ойлоп, мекендештерин интернет аркылуу коркутуп, мазактоонуу алып көрсөк. Башка улуттардын балдары менен жүрбөгүлө деп кыргыз кыздарын коркутуп, аларды маазактаган видеолорду интернетке жайгаштырган “патриоттор” тууралуу окуя эсиңерде болсо керек? Бул жаман адат калбайт экен да, жакында дагы бирөө ырчылыгын жаңыдан баштап келе жаткан кызды коркута баштаган. Жаш бала аны каймана аты боюнча Орусияда эч ким таба албайт деген ойдо болсо керек. Анын сүрөтүнө назар салсак, тарбия көргөн баладай элес калтырат, бирок анын эссиздиги аны орго түрттү.

Ушуга окшош окуялардын бардыгы миграцияга байланыштуу кырдаалга таасирин сөзсүз тийгизбей койбойт. Кыргызстандыктарга тиешеси бар ар бир чатактуу окуядан кийин орус коомчулугу биздин өлкөдөн барган мигранттарга терс пикирде калышат. Учурдагы орусиялык коомдун аң сезиминде мигранттар – чоң коркунуч. Алар бардыгына күнөөлүү. Бул кооптонууну эксперттик пикирлер жана ар түрдүү социологиялык сурамжылоолор бекемдеп турат. Июлда Левада-Борбор жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, орусиялыктардын көбү (30дан 43 пайызга чейин) мекенинде Африкадан, Борбордук Азиядан келгендерди жана цыгандарды көргүсү келбейт. Андан кийин кытайлыктар, украиндер жана чечендер турат. Бирок да, акыркылар башынан эле Орусия жарандары болуп эсептелишет.

Тилекке каршы, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгонубуз эмгек мигранттарыбыздын укутары жүз пайыз корголушуна кепилдик бере албайт. Орусияда мигранттардын укугун коргоп келген орусиялык укуккоргоочу Валентина Чупиктин пикиринде, борборазиялык өлкөлөрдүн, алардын катарында Кыргызстандын да, дипломаттык өкүлчүлүктөрү камакта отурган мекендештери тууралуу так маалыматты билишпейт. “Кыргызстандын элчилиги мен айткан кыргызстандыктар тууралуу гана маалыматты билет! Элчиликтин эсине: июлда 207ден кем эмес Кыргызстандын жараны камалган – июлда бизге так ошончо адам кайрылган болчу. Бирок бул иштин баары алардын катышуусу ЖОК эле чечилген. Өлкөдөн чыгарылгандардын 40%ы – кыргызстандыктар, ошол эле кезде алар жалпы мигранттардын санынын 11%ын гана түзөт, ал эми Өзбекстан жарандарынын өлкөдөн чыгарылгандардын арасындагы үлүшү 31%, ал эми жалпы мигранттардын арасындагы үлүшү – 22%. Бул сандар эмнени айтып жатат – кыргызстандыктарды башкаларага караганда 3 эсе көбүрөк депортация кылышат. Сергиенконун буйругу бар (Москва шаарынын Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси, бирок бул буйрукту Орусиянын бардык аймактарында колдонушат), ал боюнча ПАТЕНТТИ ӨЗ УБАГЫНДА ТӨЛӨГӨН МИГРАНТТАР ӨЛКӨДӨН КУУП ЧЫГАРЫЛБАШЫ КЕРЕК. Ал эми кыргызстандыктарга патенттердин кереги ЖОК, ошондуктан аларды “заматта” өлкөдөн чыгарып коюп жатышат! Андан сырткары, алардын жүрүм-турумдарынын өзгөчөлүгү, социалдык бөтөнчөлүгү башка мигранттарга караганда аларга көбүрөөк көңүл бурдурат”, - дейт эксперт Валентина Чупик.

Акыркы ушуга окшош камакка алууну укуккоргоочу 20-сентябрда каттаган, ал күнү Москвада себебин түшүндүрбөстөн 112 чет элдик жаран кармалган болчу, укуккоргоочунун билдирүүсү боюнча, алардын үчөөндө гана айрым мыйзам бузуулар бар болгон. Кармалгандардын 19у Кыргызстандын жарандары эле.

Орусиядагы кыргыз мигранттары менен иштеген укуккоргоочулардын айтымында, кыргыз дипөкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери кыргызстандыктарга укукоргоочуларга кеңеш же жардам сурап кайрылбагыла, болбосо элчилик силерге жардам бере албай калат деп көп айтышат экен. Баса, акыркы маалыматтар боюнча, Орусиянын миграциялык кызматынын “кара тизмегинде” 70 миңден ашык кыргызстандыктар катталган.

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине