Кооптуу чек ара тилкеси: кыргызстандыкты ким атты?

15:56, 12 Апреля 2018

Вячеслав Оселедконун иллюстративдик фотосүрөтү. Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту

КР Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына (МКК) караштуу чек ара аскерлеринин жетекчисинин орун басары Руслан Мирзаев 9-апрелде Жалал-Абад областынын Аксы районунун Мамай айылында кырсык болгон жерде болуп келишти. 7-апрелде өзбек чегарачысы КР жараны Фархад Мырзакуловго карай ок атып, аны өлтүрүп алган. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери “Чегарачылардын наряды куралды өзгөчө учурларда гана колдунушу зарыл, ошондуктан адамдар чегарачылардын көз алдында чек араны атайылап эмес бузуп жатса куралды колдонууга катуу тыюу салынат” дешти.

КР Омбудсмен институтунун кызматкерлери 8-апрелде кырсык болгон жерде болуп келишти. Жалал-Абад областындагы Чек ара кызматынын жетекчиси Таалай Кожошевге таянып, укук коргоочулар окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Каза болгон 34 жаштагы Фархад Мырзакулов 7-апрелде 07:30да үйүнө кайтып келаткан. Үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу апасы Дилорам Бакиеванын Өзбекстандын аймагында жашаган бир тууган эжесиникине конокко барган болчу.

Көңүл бура турган нерсе: бул аймакта эки өлкөнүн шарттуу чек арасы болуп айылдын көчөсү аркылуу өткөн кадимки эле арык эсептелет. Мындай “чек ара линиялары” түштүктө бир топ. Шарттуу чек ара линиялары арыктар, огороддор, бактар, сарайлар адамдар жашаган үйлөр аркылуу өткөн учурлар кездешет.

Фархад үйүнө кайтып келаткан, жөн эле арыкты аттап коюп. Бул убакта өзбек чегарачылары аны кубалап жетип келишти. Алардын бирөөсү эми Кыргызстандын аймагында ага карата ок атып, катуу жарадар болгон адамды Өзбекстандын аймагына сүйрөп алып чыгууга аракет кылган. Ок кыргызстандыктын башына тийиптир. Фархаддын эжеси анын денесин сүйрөп бараткандарын көрүп элди жардамга чакыра баштаган. Эки кыргызстандык жардамга чуркап келишет. Коңшу өлкөнүн чегарачылары курал менен коркутуп, кийлигишпей туруусун айтышат. Бирок күбөлөрдүн саны улам өсүп жаткандарын көрүп, Фархаддын денесин таштап качып кетишкен. Фархадды сактап калууга мүмкүн болбоду, ал жергиликтүү ооруканада аркы дүйнөгө кете берди.

Бул кырсык болоору менен КР Чек ара кызматы ыкчам кабар таратып, анда КР жараны Мырзакуловго каршы ок Кыргызстандын аймагында атылганын билдирди.

Окуя болгон жерде кыргыз чегарачылары 2 гильзаны жана бир окту табышкан. Бул кырсык боюнча Аксы районунун ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин ачты.

Өз кезегинде өзбек тарап болгон окуяны өз өңүтүнөн айтып берди. Өзбек МККнын чек ара кызматынын басма-сөз кызматы таркаткан маалыматы боюнча, окуя Наманган областындагы Янгикурган районунун Мамай айылында болгон. Алардын маалыматына ишенсек “Өзбекстандын чегарачылары чек араны бузган Кыргызстандын жаранын кармоо боюнча чараларды көрүүгө аргасыз болушкан, анткени ал токто деген буйрукту укпай, асманга атылган эскертүү ок атууга көңүл бурбай коңшу өлкөнүн аймагына кире качкан”.

Ал эми так ушул чек ара тилкесинде жашаган кыргызстандыктар мынтип жазышууда. “Баймак расмий өткөрү пункту Кербенден 55 км аралыкта жайгашкан. Кербенден беш-жети чакырым алыстыкта жайгашкан өзбектердин коңшу Мамай, Нанай айылдарына жана Кербенден 10 км алыстыктагы Хазретишах айылына барыш үчүн Баймакка чейин бир саат жана ошончо эле убакыт Өзбекстандын аймагы аркылуу жүрүүгө туура келет. Бул акылга сыйбаган нерсе. Ал эми Мамай айылы – бул таптакыр эле абсурд. Маңдайыңдагы кошунаң Өзбекстандын аймагында жашайт. Жол бир, арыкты аттарың менен башка өлкөнүн аймагында болуп каласың. Кошуналар, туугандар жылдап бир-бирине конокко баралышпайт. Аларды туурасы үч-төрт метр болгон айыл жолу жана кабактары бүркөлгөн чегарачылар бөлүп турат. Кээде огороддору да коңшулаш болот. Мамайда жашаш өтө татаал. Андан арырак Өзбектердин Устукан деген айылы бар. Уулу Заркент деген айылда турган кишини билем. Мына ошол уулу атасы менен жолугушуш үчүн мурда жүз чакырым алыстыктагы Кадамжайга (Баткен областы. – Ред. кыст.) барат эле. А үйлөрү болсо маңдай-тескей жайгашкан. Бирок бир-бирине өтүүгө болбойт. Качан бул маселе чечилет? Чек араны өтүү маселесин батыраак чечип берсеңер болот эле”, - деп жазды кырсыктан кийин өз блогунда Кербек шаарынын тургуну Адылжан Шамшиев.

В. Оселедконун сүрөтү: Бир нече метр алыстыкта жашаган туугандарына конокко барыш үчүн Кыргызстандын айрым жарандары эки жүз чакырымдай жол жүрүүгө аргасыз болушат.

Ушуга окшош окуя коңшу Ала-Бука районунда 27-январда болду. Кечки саат бештерде Өзбекстандын эки чегарачысы Ажек деген жерде Кыргызстандын аймагына өтүп келип, эч нерсени түшүндүрбөстөн кыргызстандык Үсөнбаевдин сол бутуна атып, аны Өзбекстандын аймагына сүйрөп алып өтүп кетишкен.

Бир нече күн өткөндөн кийин гана 31-январда КР жараны үйүнө кайта алды. Ага чейин аны Өзбекстанда Наманган областынын Чуст райондук ооруканасында дарылап жатышты. Кыргыз дарыгерлеринин айтымында, Үсөнбаевге дагы үчтөн ашык операция жасаш керек болот жана да ал узак мөөнөт дарыланышы абзел, анткени ага жанган ок сол жанбашынын сөөгүн барчылап салган.

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Үсөнбаев азыркыга чейин өзбек тараптан да, жергиликтүү бийлик тараптан да эч бир компенсациялык төлөм алалек экенин билдирди. Ошол эле кезде тийиштүү катты омбудсмен институту КР Президентинин администрациясына, КР Өкмөтүнүн аппаратына жана КР Башкы прокуратурасына февралдын башында эле жөнөткөн болчу. Омбудсмен Оторбаев чек ара тилкесиндеги бул эки окуя анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

КР Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кубатбек Жээнбаев журналисттерге берген интервьюсунда 2010-жылы эки өлкөнүн чек ара кызматтары кол койгон протоколго ылайык, эгер чегарачынын өмүрүнө коркунуч жок болсо алар куралды колдонбошу керек экенин айтты.

Бул окуя боюнча биргелешкен иш тобу түзүлдү, анын курамына Жалал-Абад областындагы КР Чек ара кызматынын, Өзбекстандын Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгынын Чыгыш багыты боюнча өкүлдөрү жана ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын, укук коргоо органдарынын, прокуратуранын жана чек арага жакын жайгашкан аймактардын каттоо (кадастр) кызматтарынын жетекчилери кирди.

Бул чек арадагы кырсык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшырып баратканда болуп жатат. Акыркы көп жылдардын ичинде биринчи жолу эки өлкөнүн чегарачылары топтолуп калган маселелерди чече башташты.

Эки тарап апрелдин аягында эки өлкөнүн чегарачыларынын кеңейтилген жыйынын өткөрүү тууралуу сүйлөшүштү. Ал жыйында ушуга окшош окуялар да талкууланмакчы. 9-апрелде Заркентте өткөн жолугушуунун жыйынтыгы боюнча чек ара кызматтарынын жетекчилери: “айрым протоколдук чечимдер толугу менен аткарылбай жатат, акыркы убакта кыргыз-өзбек мамилелери жаңы деңгээлге чыкканын эске алуу менен аларды кайра карап чыгуу зарыл”, - деген тыянакка келишти.

Бул ырайымсыз жана себепсиз адам өлтүрүү үчүн өзбек чек арачылары жоопкерчиликке тартылабы? Ага азырынча жооп жок. Качан ушуга окшош кырсыктар токтойт? Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт, анын 324 чакырымы азырынча так аныктала элек. Ушул тактала элек чек ара линияларынын көбү көп адам жашаган калктуу конуштар аркылуу өтөт.

Фергана өрөөнүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш жерлерде жайгашкан калктуу конуштардын укуктук статусу так аныктала элек болгондуктан мындай кырсыктар такай болуп турат. Так ушундай жерде дубалды кургандыгы үчүн 3-апрелде Баткен областынын Үч-Дөбө айылында Тажикстан менен Кыргызстандын жарандары бир-бирине таш ыргытышкан. Жалын чыгып кете электе бул маселелерди тез арада чечиш керек. Ага жетишип калышыбыз зарыл.

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине