Жакшы, жаман мигранттар: уламыштарды жокко чыгарабыз

09:37, 24 Декабря 2018

Россиянын ИИМнин миграция боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, Россияда жүргөн чет мамлекеттик жарандарынын 8,6 миллиону КМШ өлкөлөрүнөн чыккандар, алардын ичинен 40% Борбор Азиянын тургундары түзөт. Орусиялыктар ошондой эле ал жердеги кыргызстандыктарды дагы эсептеп чыккан:  Россияда жүргөн мекендештерибиздин саны 879 миң адамды түзгөн, алар биз Бишкекте отуруп алып ойлогондой, Россияда миллиондоп жүрбөйт экен. Бирок кандай болгондо да, миграциянын тегерегинде стереотиптер жана спекуляциялар абдан көп. Эксперттердин тыянактарына ылайык, мындай коркунучту баалабай коюу болбойт, анткени глобалдык тармак аркылуу тираждалып жаткан стереотиптер жергиликтүү жана шаардык масштабдагы чыр-чатактарды козгошу ыктымал. «Жаңы Жүздөргө» берген маегинде Орус социалдык жана агартуу долбоорлорун колдоо жана өнүктүрүү фондунун эксперттери Борис Панин менен Андрей Якимов мигранттардын тегерегиндеги эң атактуу стереотиптерди жокко чыгарууга аракет жасашты, аталган стереотиптер Санк-Петербургдун  мисалында жүргүзүлдү, анын ичинде ал жердеги кыргызстандык мигранттарга да тиешелүү.

Стереотип №1. Мыйзамсыз мигранттар көп

Бул эң кеңири тараган стереотип болуп саналат, ал Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар ушунчалык көп болгондуктан, алардын так санын эч ким билбейт деген ойдо негизделген. Расмий маалыматка караганда, чет элдик жумушчулардын көпчүлүгү – Орусияга визасыз режим аркылуу кирген КМШ өлкөлөрүнүн жарандары, тагыраак айтканда, алардын кирүүгө уруксат берген штампы жана миграциялык картасы бар.

Эрежелерге ылайык, алар миграциялык каттого туруп, ишке орношууга уруксат берген документтерди алуу үчүн кезекке турат. Баардык чет элдик жарандар тууралуу маалымат  Мигранттарды каттого алуучу борбордук базага киргизилет. Эгерде жарандын Орусияда жүрүүгө уруксат берген жаңыланган маалыматтары жок болсо, ага РФтин аймагына кирүүгө 3 жылдан 5 жылга чейин тыюу салынышы мүмкүн. Ошондуктан кээ бир медиа булактарынын жана саясатчылардын Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн миллиондогон мигранттар бар деген маалыматынын негизи жок. Мигранттардын мыйзамсыз абалынын себеби мыйзамды айланып өтүү аркылуу трафик уюштурган ортомчуларда экенин түшүнүү зарыл.

Стереотип №2. Мигранттардын арасында кылмышкерлер көп

Россия Федерациясынын Башкы Прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2017-жылы 2 миллиондон ашуун кылмыш катталган, алардын ичинде чет элдик жарандардын катышуусу менен болгон 41 047 кылмыш катталган, башкача айтканда, бул жалпы катталган кылмыштардын 2 пайызынан аз. 2016-жылга салыштырмалуу, мигранттар тарабынан жасалган кылмыш иштердин саны 6,6% азайган.

Анын үстүнө мигранттар арасындагы кылмыштуулук алардын кээ бир категорияларынын начар социалдык-экономикалык абалына байланышкан спецификага ээ экенин түшүнүү керек. Санкт-Петербургдун Прокуратурасынын маалыматына караганда, мигранттар тарабынан жасалган кылмыш иштеринин 31% - бул дүкөндөрдөн жана гипермаркетткрден тамак азык-түлүктөрүн жана кийим-кечектерди уурдоо фактылары, дагы 32% - мигранттардын туура эмес, жалган документтерин көрсөтүү фактылары.

Москва, Санкт-Петербург жана Москва областы биригип РФте узак мөөнөт жүргөн мигранттардын 50% кабыл алат. Жада калса аталган региондордо криминалдык статистиканын көз карашы боюнча, мигранттар жергиликтүү калкка караганда криминалга аз аралашат.

Муну менен, Россиянын фактикалык калкынын 7% түзгөн мигранттар жалпы кылмыштардын 2% кылгын, алардын 2/3 бөлүгү- жеңил деңгээлдеги кылмыштар. Көбүрөөк тынчсызданууну чет элдиктерге карата жасалган кылмыштар туудурат: 2017-жылы Россияда  мындай 15 миң кылмыш катталган.

Стереотип №3. Мигранттар аз иштеп, бюджетке чыгаша алып келет

2017-жылы Россияда 1,68 миллион патент берилген, бардыгы өлкөдө 4 миллиондон кем эмес жаран эмгектенет, алардын ичинен 98% КМШ өлкөлөрүнүн жарандары түзөт.

Эксперттердин айтымында, мигранттарды жалкоо деп айтууга болбойт: Санкт-Петербургдун эмгек комитетинин буйрутмасы боюнча жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, 2014-жылдын башында чет элдик жумушчунун иш жумасы 58 сааттка созулган, ал эми 2016-жылдын аягында  мигранттын орточо айлык маянасы 30 миң рубльды түзгөн: муну менен, ортоңку жумушчу мигрант ортоңку петербугдуктан бир жарым эсе аз айлык алып, андан бир нече эсе көп иштеген.

Чет элдик жумушчулардын салыктык төлөмдөрүнөн эле орус региондоруна олуттуу киреше түшөт. 2017-жылы ал 42 миллиард рублды түзгөн! Өзгөчө көп кирешени мигранттар Москвага- 15 жана Санкт-Петербургга- 7 миллиард рубль алып келишкен. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында орус региондору мигранттардан  44,5 миллиард рубль аванстык салык төлөмдөрүн алышкан.

Стереотип №4. Мигранттар көп төрөп, жергиликтүү калкты сүртүүдө

Россия Федерациясынын сырткы мигранттарынын 85% КМШ жана Евразия экономикалык биримдигинин жарандары түзөт. Баардык постсоветтик өлкөлөрдө төрөлүү деңгээли  өтө төмөндөөдө: мисалы, Өзбекстанда, бүгүнкү күндө орточо эсеп менен бир аялга 1,98 бала туура келет, Кыргызстанда – бир аялга 2,5 бала, Тажикстанда – бир аялга орточо менен эсептегенде 3 бала, ал эми Орусияда бир аялга 1,67 бала туура келет.

Изилдөөлөргө таянсак, жаңы орунга көчүп келген мигранттардын арасында төрөлүү төмөндөп, анын көрсөткөчү жергиликтүү калктын көрсөткүчү менен теңелүүгө талпынганын көрүүгө болот. Андыктан, Россиянын туруктуу калкынын мигранттар менен түртүлүп чыгышы орто дагы, узак дагы мөөнөттө жана эң фантастикалык перспективада да мүмүкүн эмес: эгерде Россияга жада калса Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын калкы толугу менен көчүп барса,  алар биригип Россиянын калкынын 25 % гана түзөт.

Стереотип №5. Мигранттардын өлкөгө кереги жок

Тилекке каршы, Россия үчүн калктын азайышы мүнөздүү. Андыктан көп өлчөмдөгү мигранттарды тартуу терең демографиядык кризистен чыгуунун маанилүү шарты болуп эсептелет. Бул тууралуу Россия Федерациясынын 2025-жылга чейинки мамлекеттик миграциялык саясатынын Концепциясында айтылган.

Дагы, 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу, өлкөгө чет жактан келген мигранттардын саны азайып, ал эми тескеринче кеткенднрдин саны көбөйгөн. 2010-жылдын бери алгачкы жолу миграциялык келиш калктын табийный азайышын компенсациялай алган эмес, андыктан калктын саны 12 миң адамга кыскарган. Эксперттердин баамында, Орусиянын ишке жарактуу калкынын саны  азайышы, 2030-жылы 11 миллиондон аз адамды түзүшү мүмкүн болот!

Стереотип №6. Мигранттар коркунучтуу ооруларды жайылтат

Бул туруктуу стереотипти Санкт-Петербургдун мисалында эң мыкты жоюуга болот. Жумушчу мигранттардын көпчүлүгү эмгектик патенттин негизинде иштейт жана аталган документти тапшырганда медициналык изилдөөдөн өтөт. Медициналык текшерүүлөн ошондой эле такай жана убактылуу жашоого уруксат алган чет элдик мигранттар дагы өтөт.

Шаардык саламаттык сактоо комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылы медициналык текшерүүлөн 38 миң чет элдик жаран жана жарандыгы жок жактар өткөн. Алардын 559да гана айланадагылар үчүн коркунуч туудурган оорулар табылган: ВИЧ инфекциясы – 235 адамжа, туберкулез – 193 адамда, жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялар – 131 адамда табылган.

Стереотип №7. Мигранттардын балдары мектептерди жана бала бакчаларды толтурушту

Санкт-Петербургдун билим берүү мекемелеринде 13 миң чет элдик жарандардын балдары билим алышат, ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде – 2 миңге жакын бала тарбияланат. Проценттик салыштырууда бул көрсөткүч жалпы мектеп окуучуларынын 0,8 пайызын, ал эми мектепке чейинки балдардын ичинен 3 пайызды түзөт.

Эксперттердин айтуусу боюнча, аталган стереотиптин жайылуусуна айтылуу «көрүнүктүү азчылыктардын» эффекти таасирин тийгизет - мегаполистердин жашоочулары айланасындагы келбети жана улуту менен айрымаланган адамдарды байкап турушат. Бирок билим берүү системасына кирбеген мигранттардын балдарынын саны белгисиз. Москва менен Санкт-Петербургда эксперттердин баамында чет элдик жарандардын балдарынын 10-30 пайызы билим берүү мекемелерине барбайт.

Алмаз Исманов

Сүрөттөр Sputnik жана Абылай Саралаев

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине