Бишкек ЖЭБи тууралуу жети МИФ

15:28, 26 Февраля 2018

Коомдук тармактарда ЖЭБге байланыштуу кырдаал катуу талкууланууда, бирок, тилекке каршы, анда көп учурда чындыкка жатпаган, мифке жакын маалыматтар колдонулууда. Бул мифтер коомчулукту козутуп, аны тескери жолго салып келет. Биз ЖЭБ тууралуу эң көп айтылып келген жана чындыктын карааны да жок жети мифке токтололу деп чечтик.

№1 Миф. Үч казандын жарылышы

Энергетикада түшүнүгү жок, үйлөрүндө тоңуп отургандар бир-бирине бул маалыматтарды таркатып жатышты – а чынында ЖЭБдеги казандар – бул плиткада турган чайнектер эмес, эгер чынында алар жарыла турган болсо, аны элдин баары көрөт эле, жана да бул бүт жылуулук берүү тармагынын токтоп калышына алып келет болчу. Көп кыйроолорду алып келген, көп адамдардын өмүрүн алган чоң жарылуу болмок!

Бул эч такталбаган, жалган маалыматты чоочулап үйлөрүндө отурган адамдар гана эмес, он чакты блогерлер да, аттуу-баштуу ЖМКлар да жарыялашкан.

№2 Миф. Жаңы моор мурдагысынан кыскараак

Чын-чынына келгенде, жаңы көтөрүлгөн моор мурдагысынан 50 метрге бийигирээк, анын бийиктиги 150 метрди түзөт. Эски моордун бийиктиги болгону 100 м болчу. Мына ушунун өзү эле, ЖЭБге байланыштуу канча жалган маалымат бар экенин көрсөтөт!

№3 Миф. “Кытайлыктар Техникалык-экономикалык негиздемесиз (ТЭН) жаңылашкан, инвестициянын суммасы асмандан алынган”

Чындыгында, мындай эч болбошу мүмкүн, Эсеп палатасы жана да башка көптөгөн текшерүү жүргүзүүчү органдар бар. Смета да, ЖЭБдин бир канча блогун оңдоп-жаңылоого байланыштуу башка документтер да бар, аларды бир нече ирет текшеришкен!

Бишкек ЖЭБин жаңылоонун баасы асмандан алынган эмес, эскерте кетсек аны TBEA кытай компаниясы 386 млн долларга жасаган. Контрактты жылуулукборборунун жана “Электр станциялары” ААКтын адистери иштеп чыккан пландын негизинде атайын ведомствалар аралык комиссия бекиткен. Жаңылоо боюнча иштер 2007-2008-жылдары эле башталган болчу. Контрактка кол коердун алдында ЖЭБдин жана “Электр станцияларынын” адистери алдын ала ТЭН иштеп чыгышкан, анын негизинде жумуш долбоорун даярдашып, ошол учурдагы бааларды жана да эл аралык тажрыйбаны эске алышкан. Гидро- жана жылуулулукстанциялары сыяктуу ири объектилерди курууда бир мегаватт кубаттуулукту ишке киргизүү боюнча эсептөөлөр бар. ЖЭБди жаңылоо баасы ошондой эсептөөлөрдүн орто өлчөмүндө. Борбор калаанын жылуулукстанциясында электр жана жылуулук кубаттуулугу 150 МВттан эки блокту куруш керек болчу. Ошондуктан контрактты талкуулап жатканда ведомствалар аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн колунда техникалык тапшырма да, алдын ала эсептөөлөр да болгон. “Электр станциялары” өкүлүнүн айтымында, келишим EPC-контракт боюнча түзүлгөнү да чоң роль ойнойт. Бул келишим боюнча, долбоорду түзүү, жабдыктарды коюу жана курулушту жүргүзүү иштеринин бардыгы генералдык подрядчикке (жалданма компанияга, котормочудан) жүктөлөт. Ошол эле кезде контракттын суммасы туруктуу, эч өзгөртүлбөйт, башкача айтканда жабдыктардын кымбаттап кетиши, курстук айырмачылык ж.д.б. себептер боюнча жаңылоо иштеринин кымбаттап кетиши тобокелдиги толугу менен компания-подрядчиктин моюнунда.

№4 Миф. “Жабдыктар жаңылоого муктаж эмес болчу”

ЖЭБдеги, деги эле жалпы энергетика тармагындагы жабдыктарды жаңылабай коюуу эртең килтейген тармактын ордуна эч нерсе жарабаган темир ломдун ээси болгонго тете. Электрстанциядагы 25 МВт кубаттуулуктагы биринчи турбоагрегат колдонууга 1961-жылдын сентябрында берилген болчу, 60 жылдын аралыгында техника физикалык жактан да, моралдык жактан да эскирген. Ал эми жаңы жабдык кандай колдонулгандыгы, аны иштетүүдөгү бардык нормалар сакталгандыгы – бул башка кеп?!

№5 Миф. Бишкек ЖЭБин жаңылаган кытай компаниясынын жылуулук электрстанцияларын куруу боюнча тажрыйбасы жок болчу

Бул чындыкка жатпайт. Компания Кытайда бир канча ЖЭБ курган: кубаттуулугу 2х150 МВт 1 ЖЭБ (2010-ж. февралы – 2011-ж. январы), экинчи ЖЭБдин кубаттуулугу 2х350 МВт (2011-ж. июлу –2012-ж. декабры). Учурда TBEA Кытайда кубаттуулугу 2х660 МВт болгон ЖЭБ курууда. Ошондой эле ТВЕА Душанбеде да ЖЭБди курган.

№6 Миф Душанбедеги ЖЭБдин курулушуна байланыштуу: “Тажикстанда китайлыктар ЖЭБди арзаныраак курушту!”

Душанбеде кубаттуулугу 100 МВТ болгон ЖЭБди өз каражатына курган кытай компаниясы (бул кайра эле ТВЕА) Тажикстанда эки алтын кенин иштетүүгө укук алган, бул кендерден кытайлыктар 100 млн доллардан бир канча ашык пайда көрөөрү айдан ачык. Жана да Бишкек ЖЭБинин өлчөмү менен Душанбедеги объектини кубаттуулугун бир-бири менен салыштырууга болбойт, биздики бир нече эсе чоңураак экендиги ачык-айкын байкалып турат.

Электр кубаттуулугу 100 МВт жана жылуулук кубаттуулугу 60 Гкал болгон биринчи кезек 2014-жылы ишке киргизилген, анын наркы 180 млн долларды түзгөн.

- Кубаттуулугу 300 МВт болгон ЖЭБдин экинчи кезеги 2016-жылдын 8-декабрында ишке берилди, анын наркы 349 млн долларды түздү.

- ЖЭБдин I жана II кезегинин жалпы кубаттуулугу – 400 МВт электр кубаттуулугу жана 270 Гкал/саатына жылуулук кубаттуулугу.

- I жана II кезектин жалпы наркы 529 млн АКШ долларын түздү.

(!) Газда иштеген ЖЭБди куруу наркы менен таш көмүрдө иштеген ЖЭБди куруу наркын салыштыруу туура эмес. Газда иштеген ЖЭБдеги продукциянын өздүк наркы таш көмүрдө иштеген ЖЭБдикине караганда кыйла азырак болот. Газда иштеген ЖЭБде түтүндөрдү тазалоо тутумун, таш көмүрдү казанга салуу тутумун, тегирменди, майдалагычты, күлдү чыгаруу тутумун ж.д.б.у.с. куруунун зарылчылыгы жок.

№7 Миф. Кытайлар курулуш ишин аягына чейин чыгарышкан жок же сапатсыз жабдыкты коюшкан!

Бул да жалган! Бардык дүйнөлүк сапаттарга жооп берген жабдыктар коюлган. Кеп алар кайсы шартта жана кантип колдонулганында?!

Буга кошумча, кытай компаниясы өз ишин бүтүрө элек, жазында ЖЭБде ТВЕА жаңы блоктор үчүн өзүнчө химсуутазалагычты курат. Ал тууралуу маселе былтыр жайында чечилген болчу, бул күндөру тийиштүү долбоорлук иштер аяктаган. Мартта ТВЕА мурдагы иштерди улап $386 млн даллардын эсебинде жаңы курулушту бүтүрмөкчү.

P.S.

Сөзсүз, жылуулук сезонун үзгүлтүккө учураткандар жазасын алышы керек, иштеги туура эместиктер аныкталганына жараша алар жазаланат! Эң негизгиси, бир нече адамдын катачылыгынын айынан толугу менен ЖЭБдин жаңылануусунан күмөн саноо туура эмес. Глобалдуу ой жүгүртүп, тыянак чыгарып, ЖЭБдин оңдолуп-жакшыртылышы стратегиялык маанилүү кадам болгонун, азыр болбосо да, кийин өзүнүн жемиштерин бере тургандыгын түшүнүш керек.

Апас Зарипов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине