Үзөңгү Куш синдрому же делимитация көпкө күттүрбөйт

14:34, 20 Декабря 2014

Чек арага жакын аймактардан улам чыккан чырлардын көбү мамлекетик чек ара чийиндеринин так эместигинен улам болуп жатат.  Кебетеси, Тажикстан менен  Өзбекстандын чегиндеги делимитациянын аяктоосун күтүү жакында болбойт окшойт. Анын себеби – Үзөңгү Кууш синдрому,  анда курч сындардын алдында калгысы келбей, кабыл алынган чечим үчүн эч ким өзүнө жоопкерчилик алгысы келбей жатат.

Мындай диагнозду «Кыргызстан өз чек араларын коргоого жөндөмдүүбү?» тегерек столунда  чек араларды делимитациялоо жана  демаркациялоо маселелер боюнча эксперт, көп убакыттан бери өкмөттүк комиссияны жетектеп келе жаткан  Саламат Аламанов койду. Ал, чек араны делимитациялоону бир гана жол менен  аяктаса болот деп эсептейт – өлкө жетекчилерин саясий эрки аркылуу компромисстик чечимдерге келүү менен.

- Чек аралардан чыккан көйгөйлүү маселелердин көбү делимитация  жана  демаркация иш-чараларынын бүтпөгөндүгүнө байланыштуу. Бул чек ара кызматтарынын, башка мамлекеттик органдардын чек арага жакын жана чек арадагы өз ара мамилелериндеги көптөгөн юридикалык-укуктуктук эл аралык аракеттерге мүмкүндүк бербейт.

Өз кезегинде, чек ара маселелери боюнча өкмөт аппаратынын атайын өкүлү  Курбанбай Искандеров, Өзбекстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араларында делимитация качана аяктаарын эч ким билбей тургандыгын белгилеп өттү. Бүгүнкү күнү Өзбекстан менен чек аранын 1378 километринен 1054 кми жана Тажикстан менен  970 км дан 519 км  бекитилди. Маселе, мамлекеттердин ар кайсы документтерге таянганында болуп жатат.

- Кошуналар 1927-жылдагы улуттук-аймактык бөлүү материалдарына басы коюп жатышат, а биз болсо 1955-1959-жылдардагы паритеттик комиссиянын чечимдерине. Азыркы убакытка чейин биз иштей  турган,  эки тараптуу документ тактала элек.  Азыр бул укуктук негиздерди талкуулоо жүрүп жатат. Жакында биздин делегация Орусия Федерациясына аттанат, алар бизди аскердик архиивдерди кароого уруксат беришти, анда чек арага тийиштүү да кагаздар бар.  Жаңы документтер бизге жардам берет деп ишенип жатабыз.

Бирок,  Саламат Аламанов бул үмүттөргө көп ишенген жок. Анткени архивге бир эле жолу барышкан  жок, бардык документтер изилденип бүткөн.

- Буга окшогон документтер өтө татаал. Аларды ар кандай  түшүндүрсө болот. Анан, тараптардын ар бири туура болуп чыгат. Ошондуктан, кытай менен мамиледе бир консенсуска келишкен – бул документтерди түшүндүрүүлөрдү токтотуп, компромисстик чийинди табышкан. Бүгүн эч ким мындай чечимди кабыл алгысы келбегенин мен «Үзөңгү Кууш» синдрому деп атайм. Чиновниктер, кандай гана чечим кабыл алынбасын, коомдун терс реакциясынан коркуп, аларды кабыл алуудан коркушат , - дейт ал. - Сүйлөшүү процесси «талкаланды». Тигил да, бул да тарап сүйлөшүү жүргүзбөй, ультиматум коюп жатышат. Бирок, аныктоо процесси маселени чечмейинче,  бир чечимге келүү кыйын. Тараптар бири-бирине жол берглери келген жок, жана муну  мекенчилдик чокусу деп эсептеп жатышат. Бирок, чек араларды аныктап баштоо патриоттуулук болмок беле?

Ал, анын ою боюнча, маселени чечүүгө жардам бере ала турган бир катар сунуштарды айтты. Анын пикиринде, делимитация боюнча комиссиялар тараптардын тең укуктуу кеңеш берүү, өз ара сыйлашуу жана өз ара жол берүү приницптерин кармоонун негизинде конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү калыптандырууга жол таба алышмак. Өз ара тил табышуу механизми иштелип чыкмайын, маселе чечилбейт.  Андан сырткары, тынчтыкта жашоо үчүн шарт түзүү жана карама каршылыктарды чечүү үчүн чек аранын өтүшү маселесин талкуулоо учурунда чарба маселелерин, жолдорду курууну көпүрөлөрдү, суу жана жерди колдонуу маселелерин да талкуулоо керек.  О.э. мамлекеттик чек аранын өтүү чийининин бир нече вариантын иштеп чыгуу зарыл, анда жерлердин аянты жана сапаты боюнча тең салмак эске алынышы керек. Варианттуу ыкма абдан маанилүү – ушуну менен консенсус тапса болот. Үчүнчүдөн, 1955, 1958, 1959, 1963-жылдардагы паритеттик комиссиялардын чечимдерине таянуу менен, анклавдардын чек арасын делимитациялоону жүргүзүү керек.  Алар, чек араны аныктоонун эң жакшы жолу – факты жүзүндө жер пайдалануу боюнча деген корутундуга келишти.  Акырында, анклавдар туурасындагы  макулдашууну иштеп чыгып, кабыл алуу керек, анда  жарандык калктын жана ар кандай мүнөздөгү жүктөрдүн кесип өтүүнүн жеңилдетилген маселелери кирет.

Жылдын башынан бери биздин мамлекеттин чектеринде 40 ка жакын чыр-чатак болуп өттү. Алардын ичинен, кыргыз-тажик аймагында – 32; кыргыз –өзбек аймагында – 5; кыргыз –казак аймагында – эки, Кытай менен чек арада – бир. 2013-жылга салыштырмалуу, чырлардын жалпы саны өсө түштү. Бирок, Өзбекстан менен чек арадагы чырлардын санынын үч эсеге кыскаргандыгы байкалды жана Тажикстан менен чек арада дээрлик эки эсеге өстү,  - мындай маалыматтарды  төраганын биринчи орун басары, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын начальниги Искендер Мамбеталиев билдирди. - Кыргызстан өз чек араларын коргой алат, бирок муну үчүн бир катар шарттарды сактоо керек. Негизинен, жеке курамдын санынын көбөйүшү, мамлекеттик чек араны коргоо техникалык каражаттары жана чек ара инфраструктурасын кармоого каражаттын жетишээрлик өлчөмдө бөлүнүшү.   

Ал, укуктук маселелери аныктала элек мамлекеттик чек аранын аймактарындагы кырдаал бир жактуу эмес экенин белгиледи. н Ал жакта активдүү чарба ишмердүүлүгү  жүргүзүлүп жатат,  жылуу, суу колдонуу жана жерди пайдалануу маселелери мезгили менен курчуп турат. Мамлекеттик чек арадагы талаштар жазгы-жайкы мезгилде курчуйт, кышында тынчып калат.

Тегерек столдо баңги трафиги жана тероорчулук менен  делимитация жана демаркация процесстеринин аяктабагандыгынын өз ара байланышы белгиленди. Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы  ГСКН бөлүмүнүн начальниги,  БУУнун баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча Эл аралык комитетенин эксперти  Тимур Исаковдун сөзү боюнча,  биздин мамлекетке 90%  баңги заттары сырттан кирет.  Афганистанда акыркы үч жылда апийим гүлүн айдоону үч эсеге көбөйтүштү. Баңги  заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдар бул маселени чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатышат.

- БУУ бр катар сунуштарды иштеп чыкты, анын негизинде Кыргызстан кырдаал оңолбосо да, турукташтырылышы  үчүн  аракеттерди көрүп жатат. БКМК (ГСКН) бардык чараларды көрүп жатат. Биз коргонуунун  «экинчи чийининде» -БКМК (ГСКН) бөлүмдөр тармагы  иштеп жатат. Бирок, чек араны кынтыксыз кылууга канчалык аракет кылба,  идеалга жетүү мүмкүн эмес.  Калкта  баңгиге каршы иммунитет иштелип чыгышы керек, б.а. зыяндуу затты колдонууну жана деңгээлин кыскартуу, - деп жыйынтыктады ал.

Ал эми  УКМК расмий өкүлү Рахат  Сулаймановдун сөзү боюнча, Кыргызстанда бир жылдын ичинде 500 дөн ашык оперативдик-профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү. Бишкекте жана Ошто террорчулук актыларды жасоого аракет кылган жети террор тобу кармалды, диверсиялык иштерди жасоого ниеттенип жаткан, эл аралык террор уюмдарынын 36 мүчөсү азыр УКМК ТИЗОдо отурушат. 

- Эч ким террорчулуктан камсыздандырылган эмес, анткени, чек аранын айрым аймактары аныктала элек. Глобалдаштыруу шартында террорчулук көрүнүштөрдүн изине түшүү кыйын болуп жатат, бирок бул багытта иштеп жатабыз, - деди ал.

Чек аралардагы көйгөйлөр .. пайдалуу болушу мүмкүн. Аларды пайда менен колдоно алса. Саясатчы  Марс  Сариевдин пикири боюнча, азыр ушундай болуп жатат. Ал, кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болгон учурда, өзбек ММКларында эксперттер, эл аралык чыңалган мамилелерге карабай, тажик тарап боюнча терс комментарийлерди бербегендигин белгилеп өттү. 

- Кыргыз-тажик жана  кыргыз-өзбек чек ара аймактарындагы жаңжалдар Кыргызстанды душман кылууга мүмкүндүк берет, жана өлкө чийиндеги топтордун түзүлүшүнө шарт түзөт, - де белгилеп  кетти – Чек ара маселелеринде чоң ролду геосаясий учур ойноп кетет. Өзбекстан Камбар-Ата ГЭСинин курулушунан чочулап жатат, анткени Орусия менен Кыргызстанга суу жагынан көз каранды болуп калат. Ошондуктан, өлкө ичиндеги элдин  биригүүүсүнө алып келген жаңжалдар күчөп жатат.

Тегерек столдун корутундусу чеке жылытпайт.  Биз кошуналар менен мамлекеттик чек ара чийинин аныктамайынча, аны жабык турат деп ишенүүгө эрте. Биздин жетекчлер саясий эрк көргөзүп, кайсы бир жерден жол бошотуп, чегинип береби же «Үзөңгү  Кууш» синдрому тунук акылды жеңип кетеби?

Мария Орлова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине