Кыргызстандагы жетимдер: жарандыгы жок жактар сымал

14:26, 8 Февраля

2010-2017-жылдары Кыргызстандын Социалдык фондунун кызматкерлери ата-энеси каза болуп калган 14 миң 712 балага 13 млн 151 миң сом өлчөмүндө пенсия төлөп берген. Алардын ичинен 282 бала- томолой жетимдер. Бул тууралуу былтыр маалымат жыйында Кыргыз Ремпубликасынын Башкы прокуратурасынын социалдык тармактагы коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдарды аткарууда көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн прокурору Нуржан Талантбек уулу кабарлаган.

2010-жылы Балдар укуктарын коргоо лигасы балдар үйлөрүнүн бир дагы бүтүрүүчүсү мекемени аяктагандыгы тууралуу документтен сырткары эч кандай төлөм албаарын билдирген. Жарандык уюмдардын изилдөөлөрүнө таянсак,  балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн 66,5 пайызы «эч качан эч кандай төлөмдөрдү алган эмес», ал эми 50,6 пайызы «мамлекеттик пособияларды алуу үчүн эч кандай документ тапшырган эмес». Жылдар өткөн сайын, прокурорлор тарабынан кеңештер айтылса дагы кырдаал өзгөргөн жери жок. Жыл сайын жаңы фактылар пайда болууда.

Кыргызстанда балдар үйүн бүтүргөн канча бала мамлекет тарабынан кепилделген төлөмдөрдү өз эсебине алгандыгын эч ким билбейт. Жада калса жетим балдар жана социалдык жетимдер тууралуу эл аралык жана жарандык уюмдардын маалыматтары ар башка.

Кыргызстандын жетим балдары боюнча бирдиктүү база эми гана түзүлүүдө. Аны интернат түрүндөгү балдар мекемелер системасын реформалап баштаганда гана эске алышты. Тагыраак айтканда, балдар үйлөрү менен интернаттарды жоюуу. Бир жагынан карасаң, идея начар эмес, ар бир бала үй-бүлөдө жашайт. Бирок, көрсө, жакшы ниеттердин артында тозокко карай жол камтылган экен, анткени,  балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын бүтүрүүчүлөрүнүн депозиттик эсептери жок, болгондо да  алар менен колдонгонго паспорттору жок болгон. Өз көз карашын коргогонду билбеген, өмүр бою бирөөгө көз каранды болуп келген балдар укуктарын аткаминерлер алдында коргой алышпайт.

Жөлөкпул табылгыча балдар эшикте калууда

Кыштын ызгаар суугунун келиши менен балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүндө оор көйгөй пайда болот- баасы арзан жылуу жай табуу. Көпчүлүгүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болгондугуна байланыштуу паспорттору да жок. Анын кесепетинен оң акча таап, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө да мүмкүнчүлүк жок.

«Кыжырым кайнайт, ачуум келет, ыйлагым келет. Башкаларга жардам бере албаганыма ачуум келет, ана жардам беребиз, мына жардам беребиз деп кур сөз менен баккан өкмөткө ачуум келет, балдарын таштап кеткен ата-энелерге кыжырым келет. Жыл сайын муздак түшкөндө мага балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү келишет. Алардын арасында кичине балдар да бар... Ачка, кийими жок, оорукчан. Кечээ бүгүн 13 баланын курсагын тойгузуп, кийинттик. Жарым жыл мурун операция болгон бүтүрүүчү муздак жерде ищтейт, ал муздак суу менен бөтөлкө жууйт экен, акчасы бөлмөнүн ижарасына гана жетет экен. Киийми жок дагы бир кыз дагы ачкаа жашайт экен, анын акчасы дагы бөлмөсүнүн ижарасына эле жетет экен. «Балким официант болуп орношуп аласың, жылуу жерде иштейсиң, курсагын да ток болоор?»,- деп сурасам, кебетем жакпагандыгы үчүн алышкан жок деп айтты. Таежеси менен батышпай кеткен бүтүүрүчүнү алып келишти, ал үй-бүлөсүнө кошулгандардын бири экен. Чалышат, жазышат, келишет, ыйлашат. Мен эмне кылаарымды билбей калдым... Көз жашым токтобойт... Тамактанайын деп отурсам бир тиштем өтпөйт. Көз алдымда АЛАР. А менин болсо жардам бергенге дараметим жетпейт. Аларга жардам бериш үчүн, мамлекет тарабынан колдоо болуш үчүн, көңүл буруу үчүн эмне болушу керк??? Эмне???» Мындай билдирүүнү социалдык тармактарда былтыр ноябрда биринчи суук түшкөндө «Биздин үн» жарандык уюмунун жетекчиси Айнура Ормонова калтырган. Анын уюму көп жылдан бери балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын бүтүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү менен алектенип келет.

Анын бул эмоционалдуу кайрылуусу көңүл кош эмес жарандар арасында катуу талкууга алынып, андан соң атка минерлер да ойгонгон. Балдарга түнөк уюштурулуп, жылуу кийимдер берилген. Кээ бир балдарды Айнура өзүнө алган. Ал үчүн балдар али кичине көрүнөт. Кээ бир мамлекеттерде балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү туруктуу жашоочу жайы калгандардын жана криминалдык топтордун мүчөлөрүнүн катарларын толуктабашы үчүн аларга 25 жашка чыгып, өз бутуна турмайынча жашап турчу социалдык коштоо уюштурулат. «Алар алты-жети адам болуп таагыштарынан, жумуштан, досторунан турак жай ижарага алышкат. Балдар үйлөрүнүн көпчүлүк жетекчилери балдарды «үйүрү» менен кесиптик лицейлерге орноштурат, ал жерден балдар жок дегенге жашаганга жер, жегенге тамак менен камсыз болушат, башкача айтканда, балдарда тандоо жок. Ал жерлерде жатакана бар экендигине таянышат... Бул окууга, кийинчерээк иштөөгө болгон каалоого таасир этет»,-дейт Айнура Осмонова.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекованын кийлигишүүсүнөн кийин бүтүрүүчүлөрдүн бир бөлүгү борбор калаадагы мамлекеттик социалдык мейманкаларга жайгаштырылган. Бирок кубануу көпкө созулган эмес эле. Балдар Айнурага чалып, алар керектүү 15 документсиз кабыл алынбаарын айтышкан. Балдар муздакта калбашы үчүн төмөнкү документтерди талап кылышкан: жеке баракча, ходатайство, мүнөздөмө, өмүр баяны, алуучунун паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, билими тууралуу документ, социалдык мейманканадан турак-жай алуу үчүн анкета, окуган жеринен маалым кат, иштеген жеринен маалым кат, медициналык маалым кат (анын ичинде тубдиспансерден плынган),  3х4 сүрөт, психологдун кортундусу менен кеңешмеси (!), социалдык картасы жана келишим. Балдар үйүнүн кечээки бүтүрүүчүсүнүн жада калса паспорту жок болсо, бул документтер кайдан болсун?!

Айнура Ормонова жетим балдар жөнүндө айтып берип жаткан сайын көзүнө жаш айланат. «Балдар чалып, ушул тизме тууралуу айтып беришкенде мен эмне кылаарымды билбей калдым. Документтердин бир бөлүгүн чогултууга жардам бере алам, бирок кээ бирлерин алуу мүмкүн эмес. Эми үмүттүн баары Алтынай Өмүрбековада. Балдардын бири мени менен үйдө калууну жалынып суранды; «Мен сизди апа дейм, айтканыңыздын баарын аткарам, суранам, мени эч кимге бербеңизчи» деди»,-дейт жарандык уюмдун жетекчиси.

Мамлекеттик уюмдар тарабынан социалдык жардам көрсөтүүнүн бюрократташтырылгандыгы тууралуу 6-декабрда өткөн «Социалдык коргоо жана адамдык капиталга инвестициялоо» аталышындагы тегерек столдо Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева дагы белгиледи.

Келе жаткан кышта Кыргыз Республикасында камсызданып, 2021-жылдан тарта мамлекет балдар үйүнүн 120 бүтүрүүчүсүнө турак жай ижарага алып берүүсү тууралуу мыйзамдык ченем киргизүүнү пландоодо. Жарандык уюмдардын маалыматына ылайык, жыл сайын 400 бала балдар үйлөрүн бүтөт. Демилге 12 миллион сомго бааланууда. Бул жардам алгачкы 3 жылда көрсөтүлүп, ал жетим балдарга гана тиешелүү болот, ал эми социалдык жетимдер бул категорияга кирбейт. Бүтүрүүчүлөр менен келишим түзүлүп, аларга сөзсүз коюлуучу милдет катары иштеген же окуган жеринин болушу талап кылынат.

«Сүйүнчү» жана башка социалдык төлөмдөрдү киргизүү канчалык кыйын болгонун эске алуу менен, аталган демилге канчалык реалдуу экендигин айтуу кыйын. Бул кайрадан эле талаага чачкан акча сымал. Бул акчага балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын бүтүрүүчүлөрүнө чындап пайда алып келе турган социалдык турак жай куруу жакшы болмок.

2018-жылдын декабрь айында Ош шаарынын мэриясына ошол эле шаардын прокуратурасы тарабынан эки мыйзам бузууну жок кылууга эскертүү берилген. Прокурордук текшерүүнүн натыйжасында 2010-жылы салынган эки муниципалдык турак жайдын бири дагы Турак жай кодекси менен «Балдар жөнүндө» кодексинин талаптарына карабастан жетим балдарга берилген эмес. 2010-2016-жылдары «Алтын уя» жана «Боорукердик» балдар үй-интернаттарынан 8 бала чыккан. Мындай фактылар башка региондордо дагы бар.

Кыргызстанда канча жетим бала бар?

Так сан жок. Балдар үйлөрүндөгү жана интераттарындагы балдардын саны тууралуу маалыматтар айрымаланат. Эмгек жана социалдык өгүктүрүү министрлигинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда 63 мамлекеттик, 60 жеке жана 12 интернат түрүндөгү диний окуу жайы бар, аларда 8,8 миң бала тарбияланып, анын ичиндегилерден 6 пайызын гана томолой жетимдер түзөт.

Кыргыз Ремпубликасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылы балдар үйлөрүндө жана интернаттарында, ошондой эле ата-энесинин каароосуз калган 2 миң бала болгон. Ошол эле жылдын жыйынтыгы боюнча 292 миң социалдык жактан корголбогон, алардын ичинен эки миңге жакыны ата-энесиз калган жана 711 томолой жетим бала аныкталган. Башка үй-бүлөлөрдүн кароосундагы 13,9 миң бала, алардын ичинен 5,3 миңи томолой жетим, 8,2 миңи опека менен кароодо жана 5,7 миң асыралып алынган бала эсептелген.

Баланын укуктарын коргоо лигасы балдардын башка санын угузган. Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылга карата 13 миң бала балдар үйлөрүндө тарбияланууда, алардын 4 пайызы гана жетим.

Сырдуу депозиттик эсептер

2018-жылкы прокурордук текшерүүгө ылайык, жабыркаган 14 миң жетим баланын каза болгон ата-энелеринин 20 млн сом өлчөмүндөгү пенсиондук чогулган каражатары 1 636 жетим балага гана берилген. Башкача айтканда, көйгөй чечилмек турсун, жаңы фактылар жана кырдаалдар менен курчуп жатат. Ошол эле жылдын октябрь айында КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги «2018-жылдын чыгымдар сметасына социалдык төлөмдөрдөн түшкөн каражаттарды башка максаттарга колдонуу максатында оңдоо киргизүү максаты» менен Каржы министрлигине кат жөндөгөн, ага кызматтык унааларды алуу да кирген. Аида Касымалиеванын депутаттык сурагына жооп катары жиберилген Башкы прокуратуранын жообунда «КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, «корголгон макалалар – бул чыгымдардын экономикалык классификациясындагы, каржылоого биринчи кезекте сунушталган жана кыскартууга жатпаган, айлык акы, социалдык камсыздоо боюнча пособиялар, калкка социалдык жардам катары берилчү пособиялар, стипендияларды камтыган макалалар экендигин унутуп коюшкан окшойт» деп айтылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, өлкөдө 130 миңден ашуун жетим бала бар, бул статистикага ата-энесинин бири бар балдар дагы кирген. Алардын ичинен багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пособиясы 113 миң 944 балага берилет, андан сырткары 16 миң бала ай сайын социалдык төлөмдөрдү алып турат. Бул расмий статистика, бирок анын артында башка кырдаал жатат, анткени жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына караганда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарындагы менчиктиги формасына карабаган 14 балдар мекемесиндеги изилдөөгө катышкан 600 баланын 74 пайызы социалдык төлөмдөрдү албагандыгын жана алар жөнүндө эч качан укпагандыгын билдирген. Андан дагы анык картинаны өкмөт тарабынан кабыл алынган  балдарды үй-бүлөдөн сырткары жайгаштыруу жөнүндө токтому күчүнө киргенден соң үч жылдан кийин, тагыраак 2015-жылы жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары көрсөттү. Ормонованын байкоосу боюнча, абал эч кандай өзгөргөн эмес.

· «Сосновка» балдар үйүндө 24 бала бар, пособие 23 балага берилет, алардын бирине гана депозиттик эсеп ачылган;

· «Кара-Балта» балдар үйүндө 24 бала бар, пособие 5 балага гана берилип, депозиттик эсеп 5 тарбиялануучуга ачылган;

· Панфилов мектеп-интернатында 241 баладан 236сы гана пособие алат, депозиттик эсеп 5 балада бар;

· Краснореченск атайлашкан мектеп-интернатнда 24 бала пособие албайт, 35 баланын депозиттик эсеби бар, баардыгы 126 бала тарбияланат, бирок алардын баардыгы муктаж үй-бүлөолөрдөн эмес;

· Чүй мектеп-интернатында 125 баланын 110 пособие алат, 15 гана баланын депозиттик эсеби бар;

· «Бактылуу балалык» балдар үйүндө 13 тарбиялануучунун 9 гана пособие алат;

· «Дружная семья» балдар үйүндө 9 баланын ичинен 7сү пособие алат;

· «Каракол» балдар үйүндө 15 баланын 11 пособие алат;

· «Ирада» балдар үйүндө бир балага гана пособие берилет;

· Хадича» балдар үйүндө 30 баланын ичинен 20на пособие берилет;

· «Нурмээайса» үй-бүлө жана балдарга жардам көрсөтүү борборунда болгону 11 бала пособие алат;

· «Фрэнд оф Чилдрен» балдар үйүндө 10 баланын ичинен 3нө пособие берилет;

· «Лотос» балдар үйүндө 12 баланын ичинен 11 пособие алат;

· «Алтын уя» балдар үйүндө пособие 12 баланын 8не берилет.

Муну менен, аталган 660 баланын арасынан 491 бала мыйзамга ылайык берилүүчү пособияларды албайт жана алардын аттарына социалдык төлөмдөр чогула турчу депозиттик эсептер ачылган эмес. 2013-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган «Баланын үй-бүлөдөн сырткары жайгаштыруу» жөнүндө №522-жобосунун 10-пунктунда «Кароого алынган жарандары бар мекемелер аталаган жарандар 18 жашка чыкканга чейин пенсия жана социалдык төлөмдөр түшүп турушу үчүн депозиттик эсептерди ачат. Жеке депозиттик эсептерди ачуу максатында мекемелер банктар менен атайын келишим түзөт. Керек болгон учурда мекемелер пенсия жана социалдык төлөмдөрдү которууга мамлекеттик органдарга мекеме жана банк ортосунда бекитилген келишим, кароодогу жарандын жеке реквизиттери менен кайрылат»,-деп айтылган.

Эмне үчүн мындай болуп жатат? Себептер көп, бирок көпчүлүк учурда, бул толук документтердин, ата-энесинин каза болгондугу тууралуу күбөлүгүнүн же ата-энелик укуктарынан ажыратылгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн жоктугунун айынан. Документтер толук болсо дагы, «энеси» же «атасы» деген жерде чийик турган учурлар дагы аз эмес. Бул жагдай жекелигин тастыктаган документ бере турчу адамдарды туюкка салат. Ата-энесинин бири камакта же психиатриялык ооруканада жаткан, а эми экинчиси каза болгон балдардын жеке маалыматтарын документтештирүүдө дагы оорчулук жаратат.

Белгилеп кетсек, аталган Жобо тууралуу балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары гана эмес, кээ бир парламентарийлер дагы билген эмес. Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жеңилирээк болушу үчүн өкмөткө кандайдыр бир депозиттик эсеп ачууну сунуштаган. Балдардын укутарын коргогон бул Жобонун жана башка мыйзам ченемдери тууралуу эл өкүлдөрү билбей жатса, анда балдар үйүндөгүлөр жөнүндө айтуу не.

«Мен наавайканада иштейм, ошол жерде эле түнөйм. Кызматтык милдеттериме камыр жуурумай жана ун мүшөктөрүн ташуу кирет. Күнүнө 150 сом алам. Башка тааныштарым сыяктуу жаткан жерим үчүн төлөбөгөнүм жакшы. Абадн чарчайм, анткени суткалап иштейм. Паспортум жок, туулгандыгым тууралуу маалымдама бар. Түшүмө башка жашоо көп кирет. Башка турак жай таап, башка жумушка орношуу үчүн акча топтогум келет»,-дейт Мирлан (ысымы каармандын өтүнүчү боюнча өзгөртүлгөн). Мирлан- бир гана өзүнө ишенип, жашоосун нөлдөн баштап жаткан балдар үйлөрүнүн миңдеген бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Ал жарандыгы жок жактай сыяктуу, документтери жоктугунан, милициянын көзүнө көрүнбөш үчүн жашынып жүрүүгө аргасыз, наавайкананын кичине бөлмөсүндө өзүнө эч кандай көңүл бурдурбай жашайт, болбосо чыгарып коюшат. Паспорт кайдан табылмак эле, аны алуу 1919-жылы киргизилген каттоо институтуна байланыштуу болсо! Ал эми катталгың келсе сенин кыймылсыз мүлкүң болушу керек. А сен же паспорту жок, же депозиттик эсеби жок балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү болсоң, ал кайдан болсун?!

Мамлекеттик каттоо кызматында эгерде балдар кайрылса, аларды социалдык органдардын юридикалык даректерине каттоого алса болот деп айтышат. Ал оор жашоо шарттарындагы балдарды каттого алган учур болду беле деген суроого жооп бере алышкан жок.

Эгерде балдар балдар үйүнөн чыгып жатканда алардын кандайдыр бир каражаттары болгондо, мүмкүн, алардын мындай көйгөйлөрү болмок эмес. Ал эми балдардын депозиттик эсептериндеги каражаттарды өзү билемдик менен колдонгон балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын жетекчилери эмне болот деген суроо ачык бойдон калды.

Уландысы бар...

 Алмаз Исманов
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине