Мигранттын сөөгүн алып келүү канча турат?

11:27, 16 Февраля 2018

Учурда чет жерде каза болгон эмгек мигранттын сөөгүн мекенине алып келиш үчүн мамлекет мыйзам боюнча 30 миң сомго чейин акча-каражат бөлөт. Бирок бул акчаны алыш өзүнчө эле бир азап. Биринчиден, эмгек мигранты экенин тастыкташ керек. Экинчиден, Мамлекеттик миграциялык кызматка шартка байланыштуу 16га чейин документтерди тапшырыш керек. Бюрократиялык талаптардын бардыгын аткарганга бардыгынын эле чыдамы жете бербейт. Ошондуктан көбү жакындарынын сөөгүн үйгө кайтып келатакан машиналар менен жөнөтүшөт.

КР Миграциялык кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев билдиргендей, учурда алар мамлекеттик компенсациянын өлчөмүн 50 миң сомго көтөрүүнүн жана талап кылынган документтердин санын экиге чейин кыскартуунун үстүндө иштеп жатышат. Эгер өкмөт башчы миграциялык кызматтын сунушун колдой турган болсо, миграцияда жакындарын жоготконго үй-бүлөлөргө мамлекет тараптан олуттуу жардам бериле баштайт.

Мурдараак Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин өкүлдөру ЖМК аркылуу чет жерде ажал тапкандардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө 25 миңден 250 миң рублга чейин каражат кетээрин айтып чыгышкан. Орус рублу менен кыргыз сомунун курстары дээрлик бирдей болгондуктан, сом менен алганда да болжолдуу ушундай сандар болот.

Акыркы жылдары кыргызстандыктар акча тапканы көбүрөк Якутияга менен Сахалинге, кээ бирлери Курилдерге да кете башташты. Ал жактан сөөктү алып келиш үчүн 150-200 миң сом керек. 2016-жылы АКШда жашаган кыргызстандыктар Сан-Францискодо кырсыктан каза болгон Алмазбек Таировдун сөөгүн Кыргызстанга алып келиш үчүн 25 миң доллар акча издеп жаткандарын коомдук тармактарда билдиришкен эле. Штаттардагы кыргыздар өзүлөрү 10 миң доллар чогултушкан. Ошол эле күндөрү коомдук тармактарда Чикагодо каза болгон дагы башка кыргызстандык үчүн, ал эми өткөн жылы АКШда кокустан ок жанып каза болгон дагы бир мекендешибизге да акча чогултуу жарыяланган болчу. Мындайда, бюджеттин аздыгына жараша, мамлекет 4 миң доллардан ашык жардам бере албайт.

2016-жылы чет жерде каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткириш үчүн КР Мамлекеттик миграция кызматы жалпы жонунан 900 миң сомдун айланасында компенсациялык төлөм жүргүзгөн.

Парламентте маалымат берип жатып КР Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Айдаралиев төрт негизги маселени белгилеген: “Биринчиден, кыргызстандыктарды “кара тизмекке” киргизүү себептерин кайра карап чыгыш керек. Кээде биздин жарандарды бул тизмекке жолду туура эмес жерден кесип өткөнү үчүн гана киргизип коюшууда. Экинчиден, белгилүү мөөнөткө гана түзүлгөн келишим, ал мөөнөт аяктаары менен жарабай калат. Мындайда ар-бир жаранга жаңы келишимди түзгөнгө 15 күн берилет. Бул мөөнөттү 30 күнгө чейин узартууну сунуштайт элек. Үчүнчүдөн, эмгек мигранттарыбызды жана алардын үй-бүлөлөрүн медициналык камсыздандыруу менен камсыздашыбыз зарыл. Төртүнчүдөн, каттоо жараянын жеңилдетишибиз керек”.

2015-жылы Мамлекеттик миграция кызматы бир катар коомдук уюмдар менен биргеликте жүргүзгөн иликтөө чет жерде жүргөн бир миллион, ал эмес эки миллион кыргызстандыктар тууралуу туруктуу мифти жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк түздү.

Адистердин эсептөөсүндө, өлкөбүздүн сыртында 650-750 миң кыргызстандык эмгектенип келүүдө. Алардын жарымы 18-29 жаштагылар. Салт боюнча баарынан көп Орусияга кетишет, 2015-жылы бул өлкөдөгү кыргыз эмгек мигранттарынын саны 540 миң адамды түзгөн, бул, мурдагы жылдарга салыштырмалуу 30 миңге аздык кылат. Казакстанда 113 миң кыргыз жарандары эмгектенип келет, Корея Рспубликасында 15 миң, Түркияда 14 миң жана Евро Шериктештик, Жакынкы Чыгыш, Араб булуңундагы өлкөлөрдө жана АКШда 30 миң адам.

2016-жылы мекенине 171 кыргызстандыктын сөөгү жеткирилген, 2015-жылы – 314. Тактоого оор болгон ар-түрдүү маалыматтарга ишенсек, жыл сайын Кыргызстанга 300гө чейин кыргызстандыктардын сөөгү жеткирилип турат. Бул расмий маалыматтардан кескин айырмаланып турушу мүмкүн, анткени Кыргызстандын ЕАЭБке киришине байланыштуу биздин жарандарга ар-түрдүү жеңилдиктер каралган күндө да бардык эле миранттар Орусияда расмий каттоодон өтө алышпайт. Ошондуктан да, каза болгондордун жакындарына сөөктү жеткирүү маселесинен сырткары, аны чек арадан алып өткөнгө мүмкүнчүлүк алыш үчүн сөөктү легалдаштыруу маселесин да чечүүгө туура келет.

“Мамлекет тараптан ушундай жардамды алууга боло тургандыгын биз өтө эле кеч билип калдык. Тууганыбыздын сөөгүн Иркутскиден Ошко өзүбүз алып келдик. Машина менен алып келдик. Сөөктү алып келатканыбызды билген шопурлардын көбү макул болбогондуктан, алар менен сүйлөшүп, көндүрүүгө туура келип жатты. Чек-арадан өтүп жатканда кыйналдык. Эч нерсе, эмес, ашыгыраак акча карматканыбызда, бизди өткөрүп жиберишти”, - дейт Ноокат районунун тургуну Абдулазиз.

Сөөктөрдү негизинен “Манас”, “Ош” аэропорттору жана “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу алып киришет.

2011-жылы бекитилген “Эмгектенип жүрүп чет жерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоо боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо жана аны төлөп берүү тартиби тууралуу” нускамадагы эрежелерге ылайык, мамлекеттик компенсациялар төмөнкү учурларда берилет: жөнөтүлүүчү жерден жеткирилүүчү жерге чейинки бардык транспорттук чыгымдар; сактоо, жүктөө жана түшүрүү чыгымдары документтер менен 100% тастыкталса. Бардык төлөмдөр сом менен накталай эмес түрдө жүргүзүлөт, чет элдик валюталар болсо КР Улуттук банкынын курсу менен которулат.

Компенсацияны алууга арызды Жумушка орноштуруу борборуна КР жаранынын каза болгонуна алты ай болгуча тапшыруу керек. Ушундай учурлардагы стандарттык документтерден сырткары эмгек мигранты иштеген акыркы жерден билдирме алыш керек, эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, каза болгон адам эмгек мигранты болгонун тастыктаган каалаган документ жарайт, ал, мисалы, кыргыз диаспораларынын коомдук уюмдары берген документ болушу мүмкүн. Эгер кайсы бир башка суроолор жаралбаса, компенсация 15 күндүн ичинде берилет.

Каза болгондун эмгек миграцияда болгондугу юридикалык түрдө тастыкталганда гана компенсация алса болот. Тилекке каршы, бөтөн жерде, чет элде каза болгон студенттер менен туристерге бул токтомдун нормалары иштебейт.

Былтыр, КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет жерде Кыргызстандын 238 жараны каза болгон, алардын 216сы Орусия Федерациясында, калгандары алыскы чет мамлекеттерде. Оор абалга дуушар болгон мекендештерге мамлекет жардам көрсөткөнү аракет кылып келет, бирок бюджеттин аздыгы, КР Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүктөрүнүн жана түз авиа каттамдардын жоктугу кедергесин тийгизүүдө.

Алмаз Исманов

Иллюстративдик сүрөт интернеттен алынды

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине