Тыйынга да татыбаган балдар эмгеги

10:12, 7 Декабря 2018

Сүрөттө: Балдарды кирпич койгонго алып жатат. Жумушсуздуктун айынан каалоочулар табылса керек!

 Жегенге нан табууга чоңдор менен бирдей иштеген Кыргызстандын азыркы мууну өлкөнүн мыйзамдары түздөгөнгө алы келбеген  тармакка кирип кеткен.

Кедейликтин жапкысы

Өлкөдөгү туруксуздук, акыркы жылдардагы окуялар жана каржы-экономикалык кырдаалдын айынан калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгү жакырчылыкта жашаган үй бүлөлөргө айланды.

Улуттук статистикалык комитетинин үрөйгө учураткан статистикасына караганда, 2016-жылы өлкөдө дээрлик 1,5 миллион адам жакырчылыкта жашаган, алардын көбүнчөсү – айыл жергесинде тургандар болгон. 2017-жылы болсо аталган көрсөткүч 1 миллион 601 миң адамга жеткен. Ал эми өлкөбүздүн борбор калаасында болсо былтыр кедейликтин көрсөткүчү мурункуку жылга салышырмалуу 6,1%га көбөйгөн, муну менен жакырчылыкта жашаган адамдардын саны 47 миң жаранды түзгөн, алардын дээрлик бардыгы баш калаанын жаңы конуштарынын тургундары.

«Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата кабыл алынган улуттук өнүктүрүү стратегиясында «Эмгек рыногу динамикалуу,  экономиканын суроо-талаптарына адаптацияланганга ийкемдүү болуп, өлкөдөгү демографиялык абалды эске алышы керек» деп жазылганы менен чынында жашоодогу абал анчалык жакшы эмес. «7.4.- «Күтүлгөн прогоноздор» бөлүмүндө «Ар бир үй бүлөнүн айлык маянасы 450 долларды түзүп, 2023-жылы үй бүлө турак жайлуу болууга мүмкүнчүлүк алып, жакындарынын ден-соолугун камсыздап, балдарына билим берүүсү керек» деген создор бодурайып жазылгын.

Бирок бул нерсени ишке ашыруу өтө татаал болот, анткени жакырчылыктын алдында жаш муундун көпчүлүгү турат. Анын үстүнө алардын жумушка орношуусунда жана татыктуу жашоо менен камсыздоо тармагында көптөгөн юридикалык көйгөйлөр дагы бар.

Алар кандай көйгөйлөр?

Сүрөттө: 

Тандоо чектелген: же мектептее билим алуу, же иштеп колуңдан ириң алуу.

Сүрөттөлүп жаткан абалдын маңызын түшүнүү үчүн өлкөбүздөгү жарандардын көпчүлүгү агрардык, мал жана ферма чарбалары басымдык кылган айылдарда жашаганынан баштайлы. Ал жерде жардамчылардын ролу абдан маанилүү. Ден соолугуна залака тийгизген, өнүгүүсүн жайлаткан, ошондой эле билим алуусуна тоскоолдук кылган жумуштарда иштөө - ал жерде жакшы көрүнүш болуп саналат. Буга ошондой эле балдардын ата-энесине үйүндө же үй бүлөлүк бизнесте жардам берүүсү,  мектептен кийинки убакытта же каникул мезгилинде өз чыгымдары үчүн өз алдынча акча табуусу дагы кирет. Негизинен бул балага пайдалуу, анткени ал кийин келечекте керектүү тажрыйбаны топтоп, жакындарынын каржылык абалын жакшыртууга жардам берип жатпайбы.

Бирок көйгөй – көпчүлүктүн чыныгы оор, психологиялык, физикалык, социалдык жана моралдык жактан залакасын тийгизген, өмүрүно коркунуч келтирген иш менен алектенгенинде болуп жатпайбы!

Андан сырткары, ишмердүүлүктүн мындай түрү аларды толук кандуу билим алуудан кур калтырып жатпайбы, алар окууну убактысынан эрте бүтүрүүгө, же аны жумуш менен бирге алып жүрүүгө аргасыз болууда.

Ошондуктан бир жагынан өз эрки менен жардам берүү деген кубулушка так чек коюп, экинчи жагынан жакыр үй бүлөсүн багууга же өзүнүн тиричилиги үчүн кандай болсо дагы акча табуу абзелдигин жоюу керек, анткени бул терс көрүнүштөр кийин бул адамдардын коомдун толук кандуу мүчө боло албасыгына алып келет.

Сүрөттө: Арсен 12 жашынан бери иштеп жүргөн ЖЭБдин күлү төгүлүүчү жердин жанында жайгашкан үйүнүн короосунда башын жууп жатат. Анын балдарын кандай келечек күтөт? 

Генофондго коркунуч

Эл аралык саясатта бул көрүнүш «балдардын эмгеги» деген термин менен аталат. Адистердин айтымында, бул феномен жаш кыргызстандыктардын акыл-эстүүлүгүнүн, руханий жана адеп-ахлагынын өнүгүшүнө терс таасир тийгизет. Натыйжасында адам ресурстарынын өнүгүүсү, өлкөнүн жалпы социалдык-экономикалык абалы, мамлекеттин коопсуздугу, жада калса коомдун бар болуусу коркунуч алдына түшөт.

Көйгөй балдар эмгегинин көп формасы бар болгонунда, жада калса ал легалдык формада да болот, бирок чынында бир катар чектөөлөр менен. Мисалы, 1989-жылы БУУ тарабынан кабыл алынган баланын укугу жөнүндө конвенцияда (ага Кыргызстан дагы мүчө) баланын жумушка алынуусуна уруксат берген талаптар, жаш курагы, жумуштун узактыгы, ага карата санкциялар жана жана аталган талаптын аткарылуусун камсыздаган милдеттер дагы жазылган.

Ошондуктан Кыргызстандагы иштеп жаткан балдардын канчалык талапка ылайык экени, жана алар мыйзамдуу же аталган БЭНФ- балдар эмгегинин эң начар формасына тиешелүү эмес экендигин аныктоо үчүн өтө дыкат текшерүү жүргүзүү керек.

Тилекке каршы, Кыргызстанда дал ушул БЭНФ күч алган. Бул көйгөй балдардын эксплуатациялоонун масштабдуулугунда жана алардын негизги укуктарынын бузулганы менен айрымаланат. Ал кайсы укуктар - толук кандуу балалыкка, жашы жете элек болгондуктан өзгөчө коргоого, физикалык жана психикалык зомбулуктан коргонууга, мазактоого же кыянат мамиледен, кам коруу жана орой мамиледен коргоо жана билим алуу укугу. Мисалы, жарандык активисттер чогулткан маалыматка ишенсек, мектепке 120 миң бала барбай калат.

Криминалдын алдында кызмат өтөгөн балдар

Балдар эмгегинин өсүүсүн кайсы факторлор камсыздайт? Бул арзан акы, жумушка алып жаткан адам менен жалданып жаткан адамдын ортосундагы мамилени тууралаган механизмдин жоктугу жана жалдап жаткан кишинин мыйзам тарабынан эч кандай жоопкерчиликке тартылбагандыгы.

Кыргызстандын next мууну негизинен төрт багыт боюнча колдонулат: элдик чарба, өндүрүш, ар түрдүү физикалык жумуштар жана үйгө кызмат көрсөтүү. Мисалы, айыл чарба балдарды көпчүлүктө суугатка, жер чабууга жана түшүм жыйноого мажбурлайт. Үй кызматкеринин категориясы дагы бар: алар үй жыйнап, кир жууп, тамак жасап, бакчада иштешет. Көбүнчө учурда ата-энелер балдарын айылдын оор түйшүктөрүнөн арылтуу үчүн шаардагы туугандарынын карамагына өткөрүп беришет.

Балдар эмгегин пайдаланышы бизнес-челночулуктун пайда болуусу менен жогорулады.  Жашы жетелектер арасында ар кандай жумуштардын, жүктөгүчтөрдүн, реализаторлордун, тамак ташгычтардын,таштанды чогулткучтардын кызматтары өтө көп пайдаланып баштады. Ошондой эле алар оңдоп-түзөө устаканаларда, киоскдордо, наавайканаларда жана кафелерде дагы иштешет.

Эң коркунучтуусу - балдардын мыйзамсыз эксплуатациялануусу, алардын ичинде кайыр суроо, адам сатуу, балдар проституциясы жана балдардын пороно-тасмаларга тартылышы, алардын баңги өткөрүүдө колдонулушу, экстремисттик материалдарды жайылтуусу жана ташталган шахталар менен зыяндуу заттар сакталган жерлерде иштөөсү.

Сүрөттө: Миңдеген балдар тамак табуу үчүн өз балалыгын талкалоого мажбур...

 Жаш курак назик, ал эми эмгек катаал

Биздин мамлекет БЭНФ менен күрөшкөн мамлекеттердин артынан жол улап келе жаткандай эле көрүнөт, бирок тилекке каршы бул жерде жасалган иштердин ордуна айтылган сөздөр гана бар...

Мисалы, 1973-жылы ДЭУнун конвенциясынын негизинде  (БУУнун системасындагы Дүйнөлүк эмгек уюму) №138- балдарды жумушка алуудагы минималдык жаш курак жөнүндө кабыл алынган, аны Кыргызстан 1992-жылы ратификациялап, ал эми 2003-жылы болсо ошол эле ДЭУнун №182- БЭНФди жоюу боюнча конвенцияга кошулган. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлунда кабыл алынган  №314 -токтомуна ылайык, “18 жашка чейинки жарандарды ден соолугуна зыян келтирүүчү коркунуч кесепетинен жумушка алынбоосу тууралуу эмгек түрлөрүнүн тизмеси” бекитилген.

Ага карабастан, биздин өкмөттүн токтому № 138 Конвенцияга туура келбейт, анда “жумушка алынып жаткан баланын минималдуу жаш курагы анын мектепти аяктаган жашынан кем болбошу керек, же, эң аз дегенде 15 жаштан кичүү болбоосу зарыл” деп жазылган. Ооба, Конвенция онүгүү деңгээли төмөн мамлекеттерге жумушка алуудагы минималдык жаш куракты 14 жаштан баштаса болот деген уруксат берген, бирок, ал мамлекет өз кезегинде “балдар эмгегин жоюуга эффективдүү иш аракеттерди жасап, минималдык жаш куракты акырындык менен көтөрүү жөнүндө” милдеттерди мойнуна алат. Бирок Кыргызстанда азыр бул саясатты ишке ашыруу үчүн эффективдүү иш чаралар жүрүп жатабы?

Сүрөттө: Эл аралык эмгек уюму алгачкы ирет Дүйнөлүк балдардын эмгеги менен күрөшүү күнүн өткөрдү. Максаты – аталган көйгөйдү чечүүгө жарандардын көңүлүн буруу. Жыл сайын миллиондогон адамдар бул көйгөйдү 2030-жылга чейин чечүү үчүн күчтөрүн бириктиришет. Бул жылдын темасы - “Жаңы муундун коопсуздугу жана саламаттыгы”

 Саясий эрктин жоктугунун ачуу кесепети

Биринчи караганда, сөз болуп жаткан тармакта абдан көп иш аракеттер жүргүзүлгөнсүйт. Мисалы,1999-жылы “жашы жете электердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Андан кийин “Мамлекеттик жаштар саясаты” жөнүндө, “Билим берүү” жөнүндө, “Мамлекеттик пособиялар” жөнүндө, “Үй бүлөлүк кодекс” жана башка мыйзамдык актыларга кол коюлган. Ошондой эле 2005-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан “ Аялдарга жана жашы 18ге толо элек кызматкерлерге оор жүк көтөрүүдө жана ташууда чектөөчү нормалар” жөнүндө мыйзамы бекитилген. Бирок бул ченемдердин бузулуп жатканы айдан ачык, анткени көпчүлүк балдар экономиканын формалдык эмес тармагында иштейт, ал жерде болсо эч кандай көзөмөл жана жоопкерчилик жок!

Андан сырткары 2006-жылдын сентябрь айында “Кыргыз Республикасында 2008-2011-жылдары БЭНФди жоюу боюнча иш-аракеттерин жүргүзүүчү атайын шериктештердин программасы” кабыл алынган. 2012-жылы болсо Балдар жөнүндө жаңы кодекс кабыл алынган. Ага ылайык, “менчик формасына карабастан балдар эмгектин өтө начар түрлөрүн камтыган ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, кооперативдерде, фермердик жана дыйкан чарбаларында эксплуатациялаганга тыюу салынган.

Бирок, маселе али өтө курч турат. Бийлик аны формалдык түрдө мойнуна алса дагы, аны чечүү үчүн эч кандай саясий иш-аракеттерди жасабай жатат, ошондуктан көрүнүктүү жыйынтык жок.

Сүрөттө: Каракол ОИИБне караштуу Жашы жете электер иши боюнча инспекциясынын балдар эмгегин жоюу максатында базарларда жүргүзгөн рейди.

 Конкреттүү кадамдар керек!

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын окутуучусу Гүлнара Сатыбекова  көп жылдан бери балдар эмгегин жоюу маселеси менен иш алып барып келет. Анын ою боюнча, кырдаалды оңдоо үчүн бир катар чаралар көрүлүшү керек. Алар төмөнкүлөр:

1.   ДЭУнун эң оптималдуу стандарттарына туура келген, эки ирет кароону талап кылбаган, так юридикалык своддорду иштеп чыгуу керек.

2.   Маселени балдардын эмгегин толугу менен жоюуга багытталган мыйзам шарттарын жакшырта турган бирдиктүү улуттук стратегиянын алкагында иш алып баруу керек.

3.   Жашы жете элек жумушчуларды окууга кайтарууну караган механизмдерди оңдоо керек, ага алыскы айылдардагы жана региондродогу балдар билим алып, аны менен бирге өз укуктарын биле турган жумушчу мектептерди ачуу керек.

4.   Тилекке каршы, балдар эмгеги өлкөнүн экономикасына салым кошкон факторго айланганын мойнубузга алышыбыз керек. Бирок көпчүлүк бул нерсе демократиялык өлкөдө акылга сыйбаган нерсе экенин түшүнөтта! Ошондуктан эң башкы максат - өлкөдө балдардын эмгегин көзөмөлдөөчү жана бүт жоопкерчиликти өзүнө алган борборлошкон аппарат түзүү керек.

5.   Кыргызстанда балдар акыйкатчысынын институтун негиздөө керек. Бул йгарым укуктар менен бөлүнгөн орган жөн гана балдар эмгегинин көйгөйүн чечпестен, көптөгөн гуманитардык, маданий жана медиа функцияларын аткарып, коомду дагы БЭНФди жоюуга чакырат эле. Андан сырткары бул көз карандысыз орган өкмөткө дагы мыйзам долбоорлорду киргизип, Кыргызстанды балдар эмгегин эксплуатацияланган өлкөнүн атынан арылтмак, анткени бул көрөш баланын эң башкы укугу - бактылуу балалык үчүн болуп жатпайбы!

Азиз Карашев

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине