Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта

10:41, 2 Июля

30-июнда «Хьюман райтс вотч» эл аралык уюму Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамына тыюу салып, аталган мыйзамды өлкөнүн адам укуктарын сактоо милдетин бузат деп табууга чакырды. ЕККУнун ММК эркиндиги маселелери боюнча төрагасы Харлем Дезир дагы аталган мыйзам долоордун кабыл алынышы Кыргызстандагы эркин ой билдирүүгө укугуна чектөө салат деген тынчсыздануусун билдирди.

25-июнда кыргыз активисттери «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы митинг өткөрүшкөн. Ал эми ошол эле күндүн түнүндө аталган мыйзам долбоору добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алынган.

Мыйзам долбоорго каршы добуш берген он эл өкүлүнүн бири Дастан Бекеш митингдин катышуучуларына: «Эртең сиз бир нерсе деп айта турган болсоңуз, ал жалган деп табылышы мүмкүн. Бул мыйзам ошонусу менен кооптуу. Ал эми бийликтин гана айткандыгы чындык болуп табылат. Болду, андан кийин Маданият министрлигине каалаган коррупционер келип, эмнени чын, эмнени калп деп табууну чечип калат. Бул мыйзам ошонусу менен кооптуу»,-деп билдирген.

Мыйзамдын демилгечиси, депутат Гүлшат Асылбаева аталган мыйзам Интернетти фейктерден жана жалган маалыматтардан тазалайт деп ишендирет.

Гүлшат Асылбаева: «Мыйзам долбоорунда сөз эркиндигине тыюу сала турган ченемдер жок. Кадыр-баркты коргоого укук бар. Эч кандай экономикалык кесепеттер жок»,-деп айткан.

Бирок мыйзам долбоорунда мыйзам кантип аткарыла тургандыгы, кандай маалыматтар фейк болуп санала тургандыгы, ал жалган экендигин же эместигин ким аныктай тургандыгы жазылган эмес.

Медиасерепчи Бегаим Үсенова билдирет: «Аргументтеринин бири катары депутат Асылбаева аталган мыйзам эч кандай жоопкерчилик карабай тургандыгын айтты. Мыйзам жалган, чындыкка дал келбеген маалыматтан коргоо үчүн кабыл алынып жатып ага эч кандай жоопкерчилик каралбагандыгын айтуу-бул күлкүлүү.  Аны менен бирге, мыйзам долбоорунун 10- бөлүгүнүн 1 -беренесинде аталган мыйзамды бузууга мыйзам чыгаруу тарабынан каралган жоопкерчилик каралган деп жазылып турат. Бирок ал эмне деген жоопкерчилик жана ал кайсы укуктук ченемдик актыда жазылгандыгы түшүнүксүз. Бул ушундай түшүнүксүз жазылганды көргөндө жарандар өз иштеринин артынан кандай кесепеттер боло тургандыгын көрө алышпайт».

Үсенованын айтымында, аталган мыйзам Конституцияда жазылган талаптарга дал келбейт.

«Каалаган учурда өзүң билгендей мыйзам жазып коюу оңой эмес. Мыйзам так жана түшүнүктүү жазылышы керек, аны окуган кезде жарандар эгерде аны буза турган болсо кандай жаза алаарын билиши керек. Иштей албаган, жакшы ойлонуштурулбаган мыйзамдардын көйгөйү бизде нигилизмдин өнүгүүсүнө алып келип, укуктук маданият төмөндөп жатат. Кантип аткаруу керек экендигин билбеген мыйзамды кантип аткарабыз? Башка жагынан мындай түшүнүксүз ченемдердин болгондугу кийин чечимдер дагы өзү билемдик менен, тандоо түрүндө, саясий көз карашта кабыл алына тургандыгынан кабар берет. Бул цензура»,-деп жыйынтыктайт Үсенова.

Медиасерепчилер, журналисттер жана блогерлер бир ай бою депутаттарга аталган мыйзам сөз эркиндигине залакасын тийгизе тургандыгын жана аны аткаруу дээрлик мүмкүн эместигин түшүндүрүп келишкен.

Блогер Болот Ибрагимов өзүнүн You Tube социалдык тармагындагы баракчасына эл өкүлдөрүнө кайрылуу жайгаштырган: «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алып жатып сиздер эмнени ойлонгонуңуздарды билбейм, бирок өз оюум менен бөлүшүнүү чечтим. Сиздер, депутаттар Интернет мейкиндигинде сиздерди шылдыңдаган учурлардан башка эч кандай популярдуулукка ээ эмессиз. Эгерде Интернетте Жогорку Кеңеш тууралуу акыркы кезде жазылган маалыматтарды карай турган болсок, көпчүлүк учурда бирөөсү шаардын аталышын айта албай койгондугу, дагы башкасы дагы бир нерсени айта албай койгондугу же жөн гана сын жазылган. Албетте, аталган посттордун алдына эл ачууланып, өз оюун жазат, анткени элдин кыжыры келүүдө, өлкөдө учурдагы кырдаал кандай экендигин көрүп жатасыздар. Менин оюмча, маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Интернеттеги абалына түздөн-түз тийешеси бар. Мен Жогорку Кеңештин отурумуна келип, өз оюм менен кененирээк бөлүшүп, мага акрыкы учурда келип жаткан суранычтар, мага көрсөтүлүп жаткан басым, түшүп жаткан коркутуулар жөнүндө айтып бере алам.  Айтайын дегеним, Интернет-бул тээ ары жакта жүргөн нерсе эмес, ал биздин арабызда жана сиз убакыт менен тең жүрүшүңүздөр керек. Тилекке каршы, сиздин азыр жасап жаткан иштериңиз сиз эмне кылып жатканыңарды билбей жатканыңардан кабар берет.  Сиз эмне менен күрөш жүргүзүп жатканыңарды түшүнүү үчүн сиздин көп жазылуучуларыңар жок, сиз маалымат технологиялар тармагынын адистери эмессиңер».

Мыйзам долбооруна добуш берүү жана аны жылдыруу орой мыйзам бузуулар менен коштолгон.

Саясий таануучу Шерадил Бактыгулов айтат: «Биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренеси бузулууда, анда Жогорку Кеңеш мындай мыйзамдарды аларга каржылоо табылгандан соң гана кабыл ала тургандыгы жазылган.  Андай тыянак чыккан жок. Бул тууралуу депутаттар дагы айтып жатышат. Ал жерде кошумча чыгымдар болбойт деген күмөндүү билдирүү болгон. Андай болбойт. Эгерде мындай мыйзам долбоору кабыл алынса, ал аткарууга берилет, ал эми ал жерде жада калса аткаруучу аныкталган эмес.  Бул мамлекеттик кызматкерлеге кошумча күч келет дегенди билдирет. Ал жерде кызматтык инструкциялар, милдеттер деген бар, эгерде адамдар аткарууга жетишпесе, фейктерди аныктоо үчүн кошумча адамдарды жалдап, жаңы жабдыктарды алуу керек. Кайсы маалымат чындык, кайсы бурмаланып жаткандыгын аныктоо үчүн адамдарга каражат төлөп берүү керек болот.  Факт жүзүндө цензура пайда болуп жаткандыгын көрүп жатабыз, жана бул каражаттарды, бюджеттин чыгымдарын талап кылат».

Бактыгуловдун айтымында, эгерде Президент же төрага мыйзам долбоорго кол коюп, ал күчүнө кирсе, аталган мыйзамды Конституцияга туура келбейт деген билдирүү менен сотко кайрылууга болот.

«Биринчиден, мыйзам жараяндардын бузулушу менен кабыл алынган, экинчиден, бизде укуктук-ченемдик актылар менен аныкталган мыйзам чыгаруу техникасы бузулган. Жана бул мыйзам жарандардын конституциялык укуктарын чектей тургандыгын биз түшүнүп жатабыз. Андай болсо депутаттарды биз, жарандык коом катары көзөмөлдөй тургандай кылып,  императивдик мандатынан, депутаттык кол тийбестигинен ажыратып,  депутаттарды кайра чакырып алуу институтун киргизүү керек. Аны эмне үчүн кылуу керек? Биздин Конституцияда жазылган- бийликтин жалгыз булагы- бул эл. Депутаттар биринчи кезекте элдин эркин билдириши керек, алар болсо тескеринче өз ыйгарым-укутарын аша чаап, кызматтык абалы менен колдонуп биздин Конституция менен бекилген укуктарыбызга кол салышууда»,-деп билдирет Бактыгулов.

29-июнда дагы бир митинг өтүп, анда эл Президенттен  бул эл кызыкчылыгына залакасын тийгизе турган мыйзамга кол койбоосун талап кылды.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну "Жаны жуздор" жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.  

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине